М А З М У Н У

№ п/п

Токтом №

Токтом датасы

Кыска мазмуну

1.

№5-1

06.08.2021

Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүндө жайгашкан таза суу чыгаруучу скважняларды  "Кыркол"таза суу муниципиалдык ишканасынын балансына өткөрүп берүү жөнүндө

2.

№5-2

06.08.2021

Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Айбек айылынын күнгөй тарабындагы тургундарынын көчөгө Нурматов Кутманбектин атын коюу жөнүндөгү 2021-жылдын 02-августундагы чогулуштук протоколунун чечимин кароо

3.

№5-3

06.08.2021

Т.Зулпуев айыл  Өкмөтүнүн  2021-жылдын 1-январына карата эсептик  счетундагы  калдыкты  3098,8миң  сом  акча  каражатын  бекитүү   жөнүндө

 

 

 

 

 

1

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Т. Зулпуев атындагы айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезексиз 5 сессиясы

Т О К Т О М

Атамерек айылы

№5-1

06.08.2021

 

Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүндө жайгашкан таза суу чыгаруучу скважняларды  "Кыркол"таза суу муниципиалдык ишканасынын балансына өткөрүп берүү жөнүндө

      Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн "Кыркол"таза суу муниципиалдык ишканасынын директору  С.Абдибаитовдун кайрылуусундагы сунушун карап, Т.Зулпуев атындагы айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүндө жайгашкан таза суу чыгаруучу скважняларды "Кыркол" таза суу муниципиалдык ишканасынын балансына өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.

 

2. Ушул токтомду аткарууга жана жетекчиликке алуу жагы Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы С. Мурзакуловго милдеттендирилсин.

 

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Т.Зулпуев атындагы айылдык кеңешинин Жер, жерге жайгаштыруу, транспорт, курулуш өнөр-жай, экология маселелери  боюнча туруктуу комиссиясынын курамына тапшырылсын.

Т. Зулпуев атындагы  төрагасы 

 

Ж.Назаров                     

 

 

Назад

 

 

 

2

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Т. Зулпуев атындагы айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезексиз 5 сессиясы

Т О К Т О М

Атамерек айылы

№5-2

06.08.2021

 

Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Айбек айылынын күнгөй тарабындагы тургундарынын көчөгө Нурматов Кутманбектин атын коюу жөнүндөгү 2021-жылдын 02-августундагы чогулуштук протоколунун чечимин кароо

     Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн  Айбек айылына караштуу күңгөй тарабындагы көчөгө Ноокат райондук салык кызматында башкы салык инспектору болуп үзүрлүү эмгектенген Айбек айылынын тургуну Нурматов Кутманбектин ысымын ыйгаруу жөнүндөгү маселени жана Айбек айылынын күнгөй тарабындагы көчөсүнүн тургундарынын 2021-жылдын 02-августундагы  айыл тургундарынын чогулуштук протоколун карап, Т.Зулпуев атындагы айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Айбек айылындагы күңгөй тарабындагы көчөнүн К.Сатыбалдыевдин үйүнөн А.Матисмановдун үйүнө чейин 2021-жылдын 02-августундагы протоколдук чечиминин негизинде Айбек айылынын тургуну Нурматов Кутманбектин  ысымын ыйгарууга макулдук берилсин.

 

2. Нурматов Кутманбек атындагы көчөнүн тазалыгын иретке келтирүү, көрнөк жарнактарды ирети менен илүү жана дайыма көзөмөлдөп туруу Айбек айылынын айыл башчысы Каримов Кубанычбекке милдеттендирилсин.

 

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө "Мыйзамдуулук, дин, укук,   депутаттык этика, маданий каада салттар жана жаратылышты коргоо  боюнча"  туруктуу комиссиясынын курамына  тапшырылсын.

 

 

Т. Зулпуев атындагы  төрагасы 

 

Ж.Назаров                    

 

 

Назад

 

 

3

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Т. Зулпуев атындагы айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезексиз 5 сессиясы

Т О К Т О М

Атамерек айылы

№5-3

06.08.2021

 

Т.Зулпуев айыл  Өкмөтүнүн  2021-жылдын 1-январына карата эсептик  счетундагы  калдыкты  3098,8миң  сом  акча  каражатын  бекитүү   жөнүндө

     Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын 1-январына  карата айыл өкмөтүнүн эсептик счетунда калган  калдыгы  иштелип  чыккан  Долбоор Т.Зулпуев атындагы айылдык кеңешинин  туруктуу комиссиялардын төрагаларынын 2021-жылдын 4-августундагы отурумунда каралып,  Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндөгү" Мыйзамынын  27-статьясынын    5 пунктуна  ылайык,  Т.Зулпуев атындагы айылдык  кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.  2021-жылга  Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн айылдык бюджетинин кирешелери   жана чыгашалары  3098,8  мин сомго, Анын ичинен   1 132 490 сом акча каражаты "Ви Ва комфорт строй" ЖЧКсына, ал эми калган  1 966 310  сом айыл өкмөтүнүн дебитордук жана кредитордук карыздарына берүү жагы каралсын.

2.  2021-жылга айылдык бюджетине 1-январга калган калдыктын эсебинен чыгашалары боюнча багыттар №-1 тиркемеге ылайык аныкталсын.

Айылдык бюджеттин чыгаша бөлүгүн жыл башындагы бекитилген суммага 2021-жылдын 1-январына эсептик счетунда калган калдыкты кошуп каржылануусун айыл өкмөтүнүн жана Фининсы-экономика бөлүмүнүн башчысына милдеттендирилсин.

 

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Экономика, бюджет, энергетика, ишмердүүлүк, кайра иштетүү боюнча"   туруктуу  комиссиясына тапшырылсын.

 

Т. Зулпуев атындагы  төрагасы 

 

Ж.Назаров                    

ТИРКЕМЕ №1

 

Назад