М А З М У Н У

№ п/п

Токтом №

Токтом датасы

Кыска мазмуну

1.

№ 4-1

07.07.2021

Т.Зулпуев   атындагы   айылдык кеңешинин 2020-жылдын 10-январындагы № 27-3 сандуу токтомун ченемдик укуктук актыларга ылайык келтирүү жөнүндө

2.

№4-2

07.07.2021

Т.Зулпуев айыл атындагы айыл өкмөтүнүн  Маданият   үйүнө  караштуу   калкты   тейлөө  борборунун   айланасын  ижарага берүүгө баш тартуу жөнүндө

3.

№4-3

07.07.2021

Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Маданият үйүнүн калкты тейлоо борборунун жанынан  унаа токтоочу жайды ижарага берүү жөнүндө

4.

№4-4

07.07.2021

Атамерек айылынын тургуну Тиллаева Алмакандын  арызын кароо жөнүндө

5.

№4-5

07.07.2021

Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн сунушу менен "Кыргыз-Ата" мамлекеттик жаратылыш паркынын 67 га жерин калктуу конушун Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн балансына алуу жөнүндө

6.

№4-6

07.07.2021

Бел айыл өкмөтүнүн Кыркол бөлүмүнөн 250 га кайрак жерди кайтарып алуу жөнүндө

 

 

 

 

 

1

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Т. Зулпуев атындагы айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезектеги 4 сессиясы

Т О К Т О М

Атамерек айылы

№ 4-1

07.07.2021

 

Т.Зулпуев   атындагы   айылдык кеңешинин 2020-жылдын 10-январындагы № 27-3 сандуу токтомун ченемдик укуктук актыларга ылайык келтирүү жөнүндө

Ноокат районунун прокуратурасынын 2021-жылдын 21-июлундагы 21-01479 сандуу каршылык билдирүүсүн карап чыгып,  Т.Зулпуев атындагы айылдык кеңешинин 2020-жылдын 10-январындагы № 27-3 сандуу токтомун ченемдик укуктук актыларга ылайык келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" мыйзамынын 31-36-беренелерин жетекчиликке алып, Т.Зулпуев атындагы айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.   Т.Зулпуев атындагы айылдык кеңешинин 2020-жылдын 10-январындагы

 № 27-3 сандуу токтомун ченемдик укуктук актыларга ылайык шайкеш келтирилсин.

2.  Т.Зулпуев атындагы айылдык кеңешинин 2020-жылдын 10-январындагы № 27-3 сандуу токтомун аткарууда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-февралындагы 97 сандуу токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын токойлорунда жыгачтарды өсүп турган жеринде баалап өткөрүүнүн" Эрежесинин 13-п. талабына  ылайык, мамлекеттик токой фондуна кирбеген өсүмдүктөрдү кыюу айлана-чөйрөнү коргоонун аймактык органдары менен макулдашып ишке ашырылсын. Ушул токтомду жогорудагы эрежелерди сактоо менен аткарууну айыл өкмөтүнүн  айыл башчыларына жана жер адисине  милдеттендирилсин.

3.Ушул  токтомду  көзөмөлдөөнү  Жер,  жерге  жайгаштыруу, транспорт, курулуш өнөр-жай, экология маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын курамына жүктөлсүн.

Т. Зулпуев атындагы  төрагасы 

 

Ж.Назаров                    

 

 

Назад

 

 

 

2

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Т. Зулпуев атындагы айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезектеги 4 сессиясы

Т О К Т О М

Атамерек айылы

№4-2

07.07.2021

 

Т.Зулпуев айыл атындагы айыл өкмөтүнүн  Маданият   үйүнө  караштуу   калкты   тейлөө  борборунун   айланасын  ижарага берүүгө баш тартуу жөнүндө

       Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын 2021-жылдын 05-июлундагы № 01-25-581 сандуу чыгыш катынын негизинде Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн Маданият  үйүнө  караштуу   калкты   тейлөө  борборунун   айланасын соода-сатык жүргүзүү үчүн ижарага берүүдө  Ош-Исфана эл аралык маанидеги жол боюнда жүз берип райондун репутациясына доо кетирбоо  максатында, Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 18-беренесин жетекчиликке алып, Т.Зулпуев атындагы айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.  Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн Маданият  үйүнө  караштуу   калкты   тейлөө  борборунун   айланасын соода-сатык жүргүзүү үчүн ижарага берүүдөн баш тартылсын.

 

2. Калкты тейлөө  борборунун   айланасындагы соода-сатык жүргүзбөө жагы Т.Зулпуев  атындагы  айыл  өкмөтүнө  караштуу  Маданият  үйүнүн  директору  Г.Нишанбаевага жүктөлсүн.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Жер, жерге жайгаштыруу, транспорт, курулуш өнөр-жай, экология маселелери  боюнча туруктуу комиссиясынын курамына тапшырылсын.

Т. Зулпуев атындагы  төрагасы 

 

Ж.Назаров                    

 

 

Назад

 

 

3

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Т. Зулпуев атындагы айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезектеги 4 сессиясы

Т О К Т О М

Атамерек айылы

№4-3

07.07.2021

 

Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Маданият үйүнүн калкты тейлоо борборунун жанынан  унаа токтоочу жайды ижарага берүү жөнүндө

     Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүн аралап өтүүчү Ош-Исфана эл аралык маанидеги жол боюнда жүз берип жаткан унаалардын баш-аламан коюлушу райондун жана айыл өкмөттүн репутациясына доо кетирүүнүн алдын алуу   максатында, Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 18-беренесин жетекчиликке алып, Т.Зулпуев атындагы айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.  Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн Маданият   үйүнө  караштуу   калкты   тейлөө  борборунун жанындагы унаалар токтоочу жайды кеңейтүү жагы  каралып, келишимдин негизинде ижарага берүүгө макулдук берилсин.

 

2. Келишимди түзүү Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы С.Мурзакуловго милдеттендирилсин.

 

3. Унаа токтотуунун акысы Антимонополия тарабынан берген ченеминин негизинде  ар бир унааны акылуу  киргизилсин.

 

4. Аталган жайдын тазалык иреттүүлүгүн көзөмөлдөө жагы Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Маданият үйүнүн директору Г.Нишанбаевага жүктөлсүн.

5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Жер, жерге жайгаштыруу, транспорт, курулуш өнөр-жай, экология маселелери  боюнча туруктуу комиссиясынын курамына тапшырылсын.

Т. Зулпуев атындагы  төрагасы 

 

Ж.Назаров                    

 

 

Назад

 

 

4

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Т. Зулпуев атындагы айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезектеги 4 сессиясы

Т О К Т О М

Атамерек айылы

№4-4

07.07.2021

 

Атамерек айылынын тургуну Тиллаева Алмакандын  арызын кароо жөнүндө

      Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Атамерек айылынын тургуну Тиллаева Алмакандын арызын карап чыгып, Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн ажатканасын ижарга берүүсүн арыз ээсинин негизинде Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 18-беренесин жетекчиликке алып, Т.Зулпуев атындагы айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Т.Зулпуев атындагы Атамерек айылынын тургуну Тиллаева Алмакандын  арызы  канааттандырылсын.

 

2. Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнө караштуу ажаткананы ижарага берүүгө макулдук берилсин.

 

3. Ижарага берүү жагы Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы               С. Мурзакуловго милдеттендирилсин.

4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Жер, жерге  жайгаштыруу, транспорт, курулуш өнөр-жай, экология маселелери  боюнча  туруктуу  комиссиясынын  курамына  тапшырылсын.

Т. Зулпуев атындагы  төрагасы 

 

Ж.Назаров                    

 

 

Назад

 

 

5

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Т. Зулпуев атындагы айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезектеги 4 сессиясы

Т О К Т О М

Атамерек айылы

№4-5

07.07.2021

 

Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн сунушу менен "Кыргыз-Ата" мамлекеттик жаратылыш паркынын 67 га жерин калктуу конушун Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн балансына алуу жөнүндө

    Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын 05-июлундагы №1312 сандуу сураныч катынын негизинде  "Кыргыз-Ата" мамлекеттик жаратылыш паркынын 67 га жерин жана  калктуу конушун Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн балансына алуу максатында, Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 18-беренесин жетекчиликке алып, Т.Зулпуев атындагы айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. "Кыргыз-Ата" мамлекеттик жаратылыш паркынын 67 га жерин калктуу конушун  Т.Зулпуев айыл өкмөтүнүн балансына алууга макулдук берилсин.

 

2. Ушул токтомду аткарууга жана жетекчиликке алуу жагы Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы С. Мурзакуловго милдеттендирилсин.

 

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Т.Зулпуев атындагы айылдык кеңешинин Жер, жерге жайгаштыруу, транспорт, курулуш өнөр-жай, экология маселелери  боюнча туруктуу комиссиясынын курамына тапшырылсын.

 

Т. Зулпуев атындагы  төрагасы 

 

Ж.Назаров                    

 

 

Назад

 

 

6

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Т. Зулпуев атындагы айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезектеги 4 сессиясы

Т О К Т О М

Атамерек айылы

№4-6

07.07.2021

 

Бел айыл өкмөтүнүн Кыркол бөлүмүнөн 250 га кайрак жерди кайтарып алуу жөнүндө

       Бел айыл өкмөтүнүн Кыркол бөлүмүнөн 250га кайрак жерди кайтарып алуу жана Ноокат райондук акимдигинин 1993-жылдын 7- апрелиндеги №117 сандуу токтомунун негизинде, Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 18-беренесин жетекчиликке алып,   Т.Зулпуев атындагы айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Ноокат райондук акимдигинин 1993-жылдын 7- апрелиндеги №117 сандуу токтомунун негизинде, Бел айыл өкмөтүнүн Кыркол бөлүмүнөн 250га кайрак жери тиешелүү органдар менен биргеликте  кайтарып алууга макулдук берилсин.

 

2. Тиешелүү органдар менен биргеликте иш алып баруу айыл өкмөтүнүн жер адиси Н.Эшенкуловго жүктөлсүн.

 

3. Ушул токтомду аткарууга жана жетекчиликке алуу жагы Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы С. Мурзакуловго милдеттендирилсин.

 

4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Т.Зулпуев атындагы айылдык кеңешинин Жер, жерге жайгаштыруу, транспорт, курулуш өнөр-жай, экология маселелери  боюнча туруктуу комиссиясынын курамына тапшырылсын.

 

 

Т. Зулпуев атындагы  төрагасы 

 

Ж.Назаров                    

 

 

Назад