М А З М У Н У

№ п/п

Токтом №

Токтом датасы

Кыска мазмуну

1.

№7-1

15.10.2021

Т.Зулпуев атындагы айыл аймагындагы Баарын айылынын тургуну Т.Беккелдиевдин арызын кароо жөнүндө

2.

№7-2

15.10.2021

Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн бюджетине сатуудан түшкөн акча каражатын кароо жөнүндө

3.

№7-3

15.10.2021

Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн атайын элдик салымдан түшкөн акча каражатын кароо жөнүндө

4.

№7-4

15.10.2021

Айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2021-жылга каралган бюджетине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө

5.

№7-5

15.10.2021

Т.Зулпуев атындагы айыл аймагынын Б.Атишев атындагы орто мектебинин ички жылытуу системасын капиталдык оңдоого бөлүнүүчү 365,0 миң сом акча каражатын кароо жөнүндө

6.

№7-6

15.10.2021

Т.Зулпуев атындагы айыл аймагындагы айылдарына бөлүнүүчү электр мамычаларына болгон акча каражатын кароо жөнүндө

7.

№7-7

15.10.2021

Алмалык айылынын тургундарынын арызын кароо жөнүндө

 

 

 

 

 

1

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Т. Зулпуев атындагы айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезексиз 7 сессиясы

Т О К Т О М

15.10.2021

№7-1

Атамерек айылы

 

Т.Зулпуев атындагы айыл аймагындагы Баарын айылынын тургуну Т.Беккелдиевдин арызын кароо жөнүндө

 Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Баарын айылынын тургуну Беккелдиев Ташполоттун 14.10.2021-жылдагы турак жай багытына өзгөртүп берүү жөнүндөгү арызын карап, Т.Зулпуев атындагы айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Баарын айылынын тургуну Беккелдиев Ташполоттун арызы канааттандырылсын жана турак жай багытына которуп берүүгө макулдук берилсин.

 

2. Ушул токтомду аткарууга жана жетекчиликке алууну Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы С. Мурзакуловго милдеттендирилсин.

 

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Т.Зулпуев атындагы айылдык кеңешинин Жер, жерге жайгаштыруу, транспорт, курулуш өнөр-жай, экология маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын курамына тапшырылсын.

 

Т. Зулпуев атындагы  төрагасы 

 

Ж. Назаров                    

 

 

Назад

 

 

 

2

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Т. Зулпуев атындагы айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезексиз 7 сессиясы

Т О К Т О М

15.10.2021

№7-2

Атамерек айылы

 

Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн бюджетине сатуудан түшкөн акча каражатын кароо жөнүндө

 Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн бюджетине сатуудан түшкөн акча каражатын кароо жөнүндөгү Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөт башчысынын жана Экономика, бюджет, энергетика, ишмердүүлүк, кайра иштетүү боюнча туруктуу комиссия курамынын сунушун карап, талкуулап, Т.Зулпуев атындагы айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Т.Зулпуев айыл өкмөтүнүн эсебине сатуудан түшкөн 1 310 000 сом акча каражатынан Т.Зулпуев атындагы айыл аймагындагы мектептерге төмөндөгүдөй өлчөмдө акча каражатынан бөлүнүп берилсин. (Тиркеме №1 негизинде)

            Б.Атишев атындагы орто мектебине ички жылытуу системасын капиталдык оңдоого 1 200 000 сом

            М.Нурматов атындагы орто мектебине таза суу алып келүү үчүн керектелүүчү материалдарына 56500 сом

            Калдай орто мектебинин чатырын оңдоого 23500

            С.Зулпуев атындагы "Айбек" орто мектебинин ички жылытуу системасынын бачогун оңдоого 30000 сом

 

2. Мектептердин оңдоо иштерине бөлүнгөн акча каражатын бөлүп берүү жагы Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы С.Мурзакуловго жана айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Абдыраимовага милдеттендирилсин.

 

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Т.Зулпуев атындагы айылдык кеңешинин Экономика, бюджет, энергетика, ишмердүүлүк, кайра иштетүү боюнча туруктуу комиссиясынын курамына тапшырылсын.

Т. Зулпуев атындагы  төрагасы 

 

Ж. Назаров                   

ТИРКЕМЕ №1

 

Назад

 

 

 

3

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Т. Зулпуев атындагы айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезексиз 7 сессиясы

Т О К Т О М

15.10.2021

№7-3

Атамерек айылы

 

Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн атайын элдик салымдан түшкөн акча каражатын кароо жөнүндө

 Т.Зулпуев атындагы айыл аймагындагы Атамерек айылынын тургундарынан атайын түшкөн акча каражатын Б.Атишев атындагы орто мектебинин ички жылытуу системасын капиталдык оңдоого кошумча акча каражатын карап берүү жөнүндөгү Экономика, бюджет, энергетика, ишмердүүлүк, кайра иштетүү боюнча туруктуу комиссия курамынын сунушун карап, талкуулап, Т.Зулпуев атындагы айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Т.Зулпуев атындагы айыл аймагындагы Атамерек айылынын тургундарынан атайын түшкөн 435 800 сом акча каражатын Б.Атишев атындагы орто мектебинин ички жылытуу системасынын капиталдык оңдоого кошуп берүүгө макулдук берилсин.

 

2. Атайын түшкөн акча каражатын которуп берүү жагы Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы С.Мурзакуловго жана айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Абдыраимовага милдеттендирилсин.

 

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Экономика, бюджет, энергетика, ишмердүүлүк, кайра иштетүү боюнча туруктуу комиссиясынын курамына тапшырылсын.

Т. Зулпуев атындагы  төрагасы 

 

Ж. Назаров                   

 

 

Назад

 

 

4

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Т. Зулпуев атындагы айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезексиз 7 сессиясы

Т О К Т О М

15.10.2021

№7-4

Атамерек айылы

 

Айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2021-жылга каралган бюджетине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө

Т.Зулпуев атындагы жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыттын инфраструктурасын жакшыртуу максатындагы 2021-жылдын 14-октябрындагы №15 сандуу сураныч катын карап, Кыргыз Республикасынын "Жайыттар жөнүндөгү" мыйзамынын 11-беренесин жетекчиликке алып, Т.Зулпуев атындагы айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Жайыт Пайдануучулар Бирикмесинин бюджетинин эсебине түшө турган 140 000 сом акча каражатын 2021-жылга каралган бюджетине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүгө макулдук берилсин.

 

 

2. Бекитилген акча каражатын туура пайдалануу жагы Жайыт Пайдануучулар Бирикмесинин төрагасы А.Араповго милдеттендирилсин.

 

 

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Экономика, бюджет, энергетика, ишмердүүлүк, кайра иштетүү боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Т. Зулпуев атындагы  төрагасы 

 

Ж. Назаров                   

 

 

Назад

 

 

5

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Т. Зулпуев атындагы айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезексиз 7 сессиясы

Т О К Т О М

15.10.2021

№7-5

Атамерек айылы

 

Т.Зулпуев атындагы айыл аймагынын Б.Атишев атындагы орто мектебинин ички жылытуу системасын капиталдык оңдоого бөлүнүүчү 365,0 миң сом акча каражатын кароо жөнүндө

 Т.Зулпуев атындагы айыл аймагынын Б.Атишев атындагы орто мектебинин ички жылытуу системасын капиталдык оңдоого бөлүнүүчү акча каражатын карап берүү жөнүндөгү Б.Атишев атындагы орто мектебинин директорунун 2021-жылдын 17-ноябрындагы №267 сандуу кайрылуу катын жана Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын 19-ноябрындагы №1873 сандуу сураныч катынын негизинде Экономика, бюджет, энергетика, ишмердүүлүк, кайра иштетүү боюнча туруктуу комиссия курамынын 2021-жылдын 19-ноябрындагы отурумунда каралып, Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү" Мыйзамынын 34-беренесинин 3-пунктуна ылайык, Т.Зулпуев атындагы айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Т.Зулпуев атындагы айыл аймагынын Б.Атишев атындагы орто мектебинин ички жылытуу системасын капиталдык оңдоого бөлүнүүчү 365,0 миң сом акча каражатын 70911-бөлүм балдар бакчасынын 3111-беренесинен 365,0 миң сом 70921-бөлүмү орто мектептин 3111-беренесине өзгөртүүгө макулдук берилсин. ( №1 Тиркемеге ылайык ).

 

2. Мектептин ички жылытуу системасын капиталдык оңдоого бөлүнгөн акча каражатын бөлүп берүү жагы Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы С.Мурзакуловго жана айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Абдыраимовага милдеттендирилсин.

 

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Экономика, бюджет, энергетика, ишмердүүлүк, кайра иштетүү боюнча туруктуу комиссия курамына тапшырылсын.

Т. Зулпуев атындагы  төрагасы 

 

Ж. Назаров                   

ТИРКЕМЕ №2

 

Назад

 

 

 

6

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Т. Зулпуев атындагы айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезексиз 7 сессиясы

Т О К Т О М

15.10.2021

№7-6

Атамерек айылы

 

Т.Зулпуев атындагы айыл аймагындагы айылдарына бөлүнүүчү электр мамычаларына болгон акча каражатын кароо жөнүндө

 Т.Зулпуев атындагы айыл аймагындагы айылдардын инфраструктурасын жакшыртуу максатында "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү" Мыйзамынын 31-беренесин жетекчиликке алып, Т.Зулпуев атындагы айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Т.Зулпуев атындагы айыл аймагынын айылдарына бөлүнүүчү 1 820,0миң сом акча каражатын электр мамычасына айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын бюджетинен үнөмдөлгөн жана кошумча түшкөн акча каражатынын эсебинен жана калган жетпеген акча каражатын 2022-жылдын бекитилген бюджетинин эсебинен ажыратып берүүгө макулдук берилсин .

 

2. Бөлүнгөн электр мамычаларынын акча каражатын толугу менен ажыратып, которуп берүү жагы Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы С.Мурзакуловго жана ФЭБ башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу М.Абдыраимовага милдеттендирилсин.

 

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөсү Экономика, бюджет, энергетика, ишмердүүлүк, кайра иштетүү боюнча туруктуу комиссия курамына тапшырылсын.

Т. Зулпуев атындагы  төрагасы 

 

Ж. Назаров                   

 

 

Назад

 

 

7

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Т. Зулпуев атындагы айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезексиз 7 сессиясы

Т О К Т О М

15.10.2021

№7-7

Атамерек айылы

 

Алмалык айылынын тургундарынын арызын кароо жөнүндө

 Т.Зулпуев атындагы айыл аймагынын Алмалык айылынын тургундарынын жашап жаткан жерлерин Ош шаарынын балансына өткөрүп берүү жөнүндөгү арызын канааттандыруу максатында генералдык планынын долбоорун карап чыгып, Т.Зулпуев атындагы айылдык кенеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Ош шаарынын мериясынын жана Ош шаардык шаар курулушу жана архитектура боюнча башкармалыгынын генералдык планынын долбоорун колдоодон баш тартылсын.

 

2. Токтомдун бир көчүрмөсүн маалымат иретинде Ош шаардык мэриясына жөнөтүлсүн.

 

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенешинин Жер, жерге жайгаштыруу, транспорт, курулуш өнөр-жай, экология маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын курамына тапшырылсын.

Т. Зулпуев атындагы  төрагасы 

 

Ж. Назаров                   

 

 

Назад