М А З М У Н У

№ п/п

Токтом №

Токтом датасы

Кыска мазмуну

1.

№6-1

17.09.2021

Т.Зулпуев атындагы айыл аймагынын айылдарындагы жаңы конуштарынын көчөлөрүнө ат кою жөнүндө

2.

№6-2

17.09.2021

Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын өзүн-өзү башкаруу ассосоциясынын, жарандар боюнча жылына бир жолу төлөнүүчү взносу жалпы суммасы 23810 сом акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө

3.

№6-3

17.09.2021

Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн Жаман-Адыр бөлүмүндөгү кайрак айдоо айыл чарба багытындагы 267,1 га жер аянтынын максаттуу пайдалануу багытын калктуу конуштардын жерлери категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө

4.

№6-4

17.09.2021

Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн аймагындагы кайрак үлүш жана АЧЖМФ нын (айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фонду) кайрактагы айыл чарба багытындагы жерлерди тактоо үчүн комиссия курамын түзүү жөнүндө

5.

№6-5

17.09.2021

 Камал-Ата айылындагы калктуу конуштагы 0,80 га жер аянтын спорт зал жана бала бакча куруу үчүн муниципиалдык менчикке алуу жөнүндө

6.

№6-6

17.09.2021

Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын бюджетине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө

 

 

 

 

 

1

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Т. Зулпуев атындагы айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезектеги 6 сессиясы

Т О К Т О М

17.09.2021

№6-1

Атамерек айылы

 

Т.Зулпуев атындагы айыл аймагынын айылдарындагы жаңы конуштарынын көчөлөрүнө ат кою жөнүндө

 Т.Зулпуев атындагы айыл аймагынын /ч-Бай, Атамерек, Ак-Чабуу, Камал-Ата жана Чүчүк айылдарындагы жаңы конуштарынын көчөлөрүнө ат кою жөнүндөгү айылдарда өткөрүлгөн жалпы жыйындык протоколдорунун жана арыздарынын негизинде Т.Зулпуев атындагы айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Т.Зулпуев атындагы айыл аймагына караштуу /ч-Бай айылындагы Артылма бөлүмүндөгү көчөгө "Артылма", Атамерек айылынын "Какыр" бөлүмүндөгү көчөгө "Достук-21", Ак-Чабуу айылынын Ак-Талаа бөлүмүндөгү көчөгө "Ак-Талаа", Камал-Ата айылындагы жаңы конушундагы көчөлөргө "Камал-Ата-1" жана "Камал-Ата-2",Чүчүк айылынын Таш-Короо бөлүмүндөгү көчөлөргө "Таш-Короо", "Таш-Короо-1", "Кирпичный", "Ыйман " көчөлөрү болуп аталсын.

 

2.         Ушул токтомдун түп нускамасын кадастр мамлекеттик мекемесине жана Ноокат райондук шааркурулуш жана архитектура боюнча башкармалыгына маалымат иретине жиберилсин.

 

3.         Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү айылдык кеңешинин мыйзамдуулук укук, мандат, диний иштер, миграция, депутаттык этика экология боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

Т. Зулпуев атындагы  төрагасы 

 

Ж. Назаров                   

 

 

Назад

 

 

 

2

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Т. Зулпуев атындагы айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезектеги 6 сессиясы

Т О К Т О М

17.09.2021

№6-2

Атамерек айылы

 

Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын өзүн-өзү башкаруу ассосоциясынын, жарандар боюнча жылына бир жолу төлөнүүчү взносу жалпы суммасы 23810 сом акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө

 Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын өзүн-өзү башкаруу ассосоциясынын, жарандар боюнча жылына бир жолу төлөнүүчү взносу жалпы суммасы 23810 сом акча каражатын бөлүп берүү жөнүндөгү Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн 15.09.2021-ж. сураныч катынын негизинде, Т.Зулпуев атындагы айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын өзүн-өзү башкаруу ассосоциясынын, жарандар боюнча жылына бир жолу төлөнүүчү взносу жалпы суммасы 23810 сом акча каражатын бөлүп берүүгө макулдук берилсин.

 

2.         Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын өзүн-өзү башкаруу ассосоциясынын, жарандар боюнча жылына бир жолу төлөнүүчү взносун туура пайдалануу жагы айыл өкмөт башчысы С.Мурзакуловго милдеттендирилсин.

 

 

3.         Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Экономика, бюджет, энергетика, ишмердүүлүк, кайра иштетүү боюнча туруктуу комиссия курамына тапшырылсын.

 

 

Т. Зулпуев атындагы  төрагасы 

 

Ж. Назаров                   

 

 

Назад

 

 

3

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Т. Зулпуев атындагы айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезектеги 6 сессиясы

Т О К Т О М

17.09.2021

№6-3

Атамерек айылы

 

Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн Жаман-Адыр бөлүмүндөгү кайрак айдоо айыл чарба багытындагы 267,1 га жер аянтынын максаттуу пайдалануу багытын калктуу конуштардын жерлери категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө

 Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн инфраструктурасын өнүктүрүү, айыл өкмөтүн дотациядан чыгаруу максатында Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн Жаман-Адыр бөлүмүндөгү № 707-728-734-контурда жайгашкан кайрак айдоо айыл чарба багытындагы 267,1 га (эки жүз алтымыш жети гектар, он сотых) жер аянтын максаттуу пайдалануу багытын калктуу конуштардын жерлери категориясына которуу (трансформациялоо) максатында Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 11-12-13 жана 27-беренелерин жетекчиликке алып , Т.Зулпуев атындагы айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн Жаман-Адыр бөлүмүндөгү № 707-728-734-контурда жайгашкан кайрак айдоо айыл чарба багытындагы 267,1 га (эки жүз алтымыш жети гектар, он сотых) жер аянтын максаттуу пайдалануу багытын калктуу конуштардын жерлери категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.

2.         Жогоруда аталган айыл чарба жерлер категориясынын максаттуу пайдалануу багытын калктуу конуштардын жерлери категориясына которуп (трансформациялоону) берүүнү Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.

3.         Ушул токтомду жетекчиликке жана аткарууга алууну Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы С.Мурзакуловго милдеттендирилсин.

4.         Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Т.Зулпуев атындагы айылдык кеңкшинин Жер, жерге жайгаштыруу, транспорт, курулуш өнөр-жай, экология маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын курамына тапшырылсын.

Т. Зулпуев атындагы  төрагасы 

 

Ж. Назаров                   

 

 

Назад

 

 

4

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Т. Зулпуев атындагы айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезектеги 6 сессиясы

Т О К Т О М

17.09.2021

№6-4

Атамерек айылы

 

Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн аймагындагы кайрак үлүш жана АЧЖМФ нын (айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фонду) кайрактагы айыл чарба багытындагы жерлерди тактоо үчүн комиссия курамын түзүү жөнүндө

 Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн аймагындагы кайрак үлүш жана АЧЖМФ нын (айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фонду) кайрактагы айыл чарба багытындагы жерлерди тактоо үчүн айыл өкмөтүнүн кызматкерлери менен биргеликте инвентаризация жасап, жер аянттарын тактоо максатында Т.Зулпуев атындагы айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн аймагындагы кайрак үлүш жана АЧЖМФ нын (айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фонду) кайрактагы айыл чарба багытындагы жерлерге инвентаризация жасоо үчүн мамлекеттик органдардын өкүлү жана айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринен турган комиссия курамына төмөндөгү айылдык кеңештин депутаттары комиссия курамына мүчө болуп бекитилсин.

 

1. Атамерек айылы боюнча: Т.Матанова, А.Нуранов, Ш.Төрөева, З.Манас уулу жана Б.Нурбек уулу.

2. Өсөр айылы боюнча: М.Мамасыдыков, Т.Маканова, Г.Нишанбаева,

А.Төрөжанов.

3. Калдай айылы боюнча: К.Молдоматова, Д.Абдыразак уулу жана Т.Маматов.

4. Жатан айылы боюнча: Н.Алимжан уулу, А.Каныбек уулу.

5. /ч-Бай айылы боюнча: У.Парпиева, Ж.Курбанбаева, М.Жунус уулу, Б. Эргешов.

6. Кашкалдак айылы боюнча: М.Аматжанов, Ж.Зулпукаров, И.Акматов, З.Кудайбердиев.

7. Чүчүк айылы боюнча: Н.Шамурзаева, А.Бадирова

8. Айбек айылы боюнча: А.Айтматова, М.Бакиров, А.Матисманов.

9. Камал-Ата айылы боюнча: Т. Орунбаева, З.Барнаев.

 

2. Бул токтомду жетекчиликке жана аткарууга алууну Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы С.Мурзакуловго милдеттендирилсин.

 

 3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жер, жерге жайгаштыруу, транспорт, курулуш өнөр-жай, экология маселелери боюнча туруктуу комиссия курамына милдеттендирилсин.

Т. Зулпуев атындагы  төрагасы 

 

Ж. Назаров                   

 

 

Назад

 

 

5

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Т. Зулпуев атындагы айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезектеги 6 сессиясы

Т О К Т О М

17.09.2021

№6-5

Атамерек айылы

 

 Камал-Ата айылындагы калктуу конуштагы 0,80 га жер аянтын спорт зал жана бала бакча куруу үчүн муниципиалдык менчикке алуу жөнүндө

 Т.Зулпуев атындагы айыл атындагы айыл аймагына караштуу Камал-Ата айылындагы мектепке ажыратылган 0,80 га жер аянтын максаттуу пайдалануу үчүн аталган жер аянтын муниципиалдык менчикке алуу максатында Т.Зулпуев атындагы айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Т.Зулпуев атындагы айыл атындагы айыл аймагына караштуу Камал-Ата айылындагы мектепке ажыратылган 0,80 га жер аянтына спорт зал жана бала бакча куруу үчүн, аталган жер аянтын муниципиалдык менчикке алууга макулдук берилсин.

 

2. Ушул токтомду аткарууга жана жетекчиликке алуу жагы Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы С.Мурзакуловго милдеттендирилсин.

 

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Жер, жерге жайгаштыруу, транспорт, курулуш өнөр-жай, экология маселелери боюнча туруктуу комиссия курамына милдеттендирилсин.

 

Т. Зулпуев атындагы  төрагасы 

 

Ж. Назаров                   

 

 

Назад

 

 

6

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Т. Зулпуев атындагы айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезектеги 6 сессиясы

Т О К Т О М

17.09.2021

№6-6

Атамерек айылы

 

Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын бюджетине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө

 Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын бюджетине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодексинин 115-беренесинин 2- жана 4-пунктуна таянып, Т.Зулпуев атындагы айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         2021-жылдын айыл өкмөтүнүн бюджетине 704-башка категорияларга байланыштуу экономикалык маселесинин 2215-башка товарларды жана кызматтарды сатып алуу статьясындагы -450,0миң сомду төмөнкү статьяларга

 

            701 аппараттын 2211 -жол чыгымдарына +50,0 миң сом

            709 орто мектептин 2221 -орто мектептин техникалык оңдоого +400,0 миң сомун которуп берүүгө макулдук берилсин.

 

2.         Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын бюджетине киргизилген өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду максаттуу пайдалануусун камсыз кылуу жагы айыл өкмөт башчысы С.Мурзакуловго жана айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу М.Абдыраимовага милдеттендирилсин.

 

3.         Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөсү Т.Зулпуев атындагы айылдык кеңешинин Экономика, бюджет, энергетика, ишмердүүлүк, кайра иштетүү боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Т. Зулпуев атындагы  төрагасы 

 

Ж. Назаров                   

 

 

Назад