Тиркеме 3.7.1. КАИАнын УСТАВЫ

 

Т.Зулпуев айыл аймагы

КАИАнын делегаттарынын Конференциясында/Жалпы чогулушунда

«25» 06.  2021-ж.

1 протоколу менен

БЕКИТИЛДИ

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Ош областынын

Ноокат районунун

Т.Зулпуев айылдык аймагынын

Коомчулуктагы айылдардын инвестициялык ассоциациясынын

У С Т А В Ы

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Коммунизм – 2021-ж.

(калктуу конуштун аталышы)

I. Жалпы жоболор

 

1.     Аймактык коомдук өз алдынча башкаруунун толук аталышы:

-       мамлекеттик тилде: Ош областынын, Ноокат районунун, Т.Зулпуев айылдык аймагынын «Коомчулуктагы айылдардын инвестициялык ассоциациясы»;

-       расмий тилде: «Инвестиционная ассоциация сел сообщества» Т.Зулпуевского айыльного аймака Ноокатского района Ошской области.

2.     Аймактык коомдук өз алдынча башкаруунун кыскартылган аталышы:

-       мамлекеттик тилде: Т.Зулпуев айылдык аймагынын КАИА;

-       расмий тилде: ИАСС Т.Зулпуевского айыльного аймака.

3.     Т.Зулпуев айылдык аймагынын «Коомчулуктагы айылдардын инвестициялык ассоциациясынын» (мындан ары КАИА) юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Ош областы, Ноокат району, Коммунизм айылы

4.     КАИА өз ишмердүүлүгүн Т.Зулпуев айылдык аймагында жүргүзөт.

5.     КАИАнын иштөө мөөнөтү чектелбейт.

6.     КАИАнын иштерин укуктук жөнгө салуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» КР Мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын дагы башка ченемдик укуктук актыларынын, ошондой эле КАИАнын уставынын негизинде жүзөгө ашырылат.

7.     КАИА юридикалык жак катары түзүлбөгөн, коомдук уюм болуп саналат. КАИА өз мүчөлөрүнүн арыздарынын, делегаттардын Конференциясынын протоколунун жана уставынын негизинде айылдык кеӊеште катталат.

 

 

II. КАИАнын максаттары жана иш-милдеттери.

 

8.     КАИАнын түзүлүү максаттары:

- социалдык экономикалык инфраструктураны өнүктүрүүгө коомчулуктарды тартуу;

- кызмат көрсөтүүлөрдү өркүндөтүүгө, ишкердүүлүктү өнүктүрүүгө коомчулуктарды тартуу;

- калктын активдүүлүгүн жогорулатуу жана чечим кабыл алуу процесстерине катышуусун арттыруу.

9.     КАИАнын иш-милдеттери:

-       Жергиликтүү аймактын социалдык-экономикалык инфраструктурасына байланыштуу көйгөйлөрдү аныктайт;

-       Жергиликтүү коомчулук тарабынан аныкталган көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган жергиликтүү жамааттын долбоордук сунуштарын, жылдык жана орто мөөнөттүү өнүгүү пландарын жана жаштардын өнүгүү планын иштеп чыгуу;

-       КАИАтин максаттарына жана милдеттерине жетүү үчүн эл аралык донордук уюмдардын каражаттарын жана инвестицияларды тартуу;

-       Өз мүчөлөрүнүн кызыкчылыктарын мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында коргоо;

-       Айылдык кеӊештин жергиликтүү маселелерди талкуулоосуна катышууга;

-       Делегаттардын Конференциясынын  жана айылдык чогулуштардын чечимдеринин аткарылышын уюштуруу.

10.  Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбеген жана айылдык аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө багытталган ар кандай башка иш-аракеттерди жүргүзө алат.

 

III. КАИАнын укуктары жана жоопкерчилиги.

 

 

11.  Тиешелүү жергиликтүү кеӊеш жана аткаруучу органы, жергиликтүү мамлекеттик администрация, ошондой эле ишканалар, мекемелер, уюмдар, кооперативдер, жамааттар жана башка чарбакер субөекттер менен келишимдик негизде эриш-аркак аракеттенүүгө;

12.  КАИАнын максаттары менен милдеттерин ишке ашыруу үчүн эл аралык донордук уюмдардын каражаттарын жана инвестицияларды тартууга;

13.  КАИА жергиликтүү жана эл аралык мамлекеттик эмес коомдук уюмдарга мγчѳ болуп кире алат жана тγз эл аралык байланыштарды тγзγγгѳ жана тийиштγγ макулдашууларды тγзγγгѳ;

-       КАИА мамлекеттик жана жергиликтγγ башкаруу органдарынын милдеттери боюнча жооп бербейт, ал эми алар КАИАнын милдеттери боюнча жооп бербейт.

14.  КАИА өзү кабыл алган чечимдердин мыйзамдуулугу үчүн жоопкерчилик тартат.

 

 

IV. КАИАнын башкаруу органдары.

 

15.  КАИАнын башкаруу органдары:

-       Жогорку орган – делегаттардын Конференциясы;

-       Аткаруучу орган – аткаруу комитети;

-       Көзөмөлдөөчү орган - ревизиондук комиссиясы.

 

V. КАИАнын мүчөлөрү жана алардын укуктары.

 

16.  КАИАнын уставына ылайык, жергиликтүү коомдоштуктун тиешелүү аймагында туруктуу жашаган, КАИА менен өз ара таламдары боюнча байланышкан, бир үй чарбачылыгынын таламын билдирүүчү адам КАИАнын мүчөсү болот;

17.  КАИАнын уставына ылайык, жамаатка мүчө болуу жана андан чыгуу ыктыярдуу болуп саналат;

18.  КАИА мүчөлөрү добуш берүү укугу менен КАИАтин делегаттарынын Конференциясына  катышууга укуктуу;

19.  КАИА мүчөлөрү КАИАтин бардык отурумдарынын жана жыйналыштарынын протоколдору менен таанышууга укуктуу жана КАИАтин бардык жыйналыштарына жана КАИАтин айрым маселелери боюнча коомдук угууларга катышууга, ошондой эле КАИАтин ишмердүүлүгүнө байланыштуу ар кандай маалыматтарды алууга укуктуу;

20.  Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставга ылайык башка милдеттерди аткаруу.

 

VI. КАИАнын делегаттарынын Конференциясы.

 

21.  Делегаттардын Конференциясы (мындан ары Конференция) жылына кеминде бир жолу өткөрүлөт. Конференция КАИАнын аткаруу комитетинин чечими менен дайындалган күнү өткөрүлөт;

22.  Кезексиз Конференция КАИАнын аткаруу комитетинин төрагасы тарабынан же ревизиондук комиссиянын өтүнүчү боюнча же КАИАнын мγчѳлѳрγнγн 25 %нын демилгеси менен чакырылат;

23.  Конференцияны өткөрүү үчүн ар бир айылдан делегаттардын 2/3 катышкан кворумдун болушу талап кылынат. Кворум жок болгон учурда, КАИАнын аткаруу комитетинин төрагасы Конференциянын жаңы датасын жана ордун белгилейт;

24.  Бардык Конференциялар даярдык менен ачык, айкын өткөрүлүшү керек;

25.  Он сегиз жашка толгон жана айылда туруктуу жашаган бардык жарандар Конференцияга жана шайлоого катышууга укуктуу;

26.  КАИАнын аймагында жашабаган, кыймылсыз мүлкү бар жана жергиликтүү бюджетке тийиштүү салыктарды төлөп жаткан Кыргыз Республикасынын жарандары Конференцияга кеӊеш берүү укугу менен (добуш берүү укугу жок) катыша алышат;

27.  КАИАнын аймагына кирген ар бир айылдын жыйынында Конференцияга делегаттар  шайланат, анын ичинен КАИАнын аткаруу комитетине 13 талапкерлер дайындалат;

28.  Биринчи Конференцияны делегаттардын ичинен эң улуу аксакал башкарат. Ал күн тартибинин алгачкы эки маселеси боюнча: 1) кворумдун болушун жана Конференцияга ар бир айылдан кеминде он делегаттын катышуусун аныктайт; 2) Конференциянын төрагасын жана катчысын шайлоону жүргүзөт. Андан ары, Конференция жаңы шайланган төраганын төрагалыгы астында жана андан кийинки бардык Конференциялар улантылат;

29.  Биринчи Конференциянын күн тартибине КАИАнын уставын иштеп чыгуу жана кабыл алуу жана КАИАнын ишмердүүлүгүн жөнгө салуучу башка маселелер кирет;

30.  Чечимдер Конференциянын/Жалпы чогулштун катышуучуларынын жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.

 

VII. КАИАнын делегаттарынын Конференциясынын компетенциясы.

 

31.  Конференциянын компетенциясына төмөндөгүдөй маселелер кирет:

-     КАИАнын уставына жана башка ички документтерге өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү;

-     КАИАнын ишмердүүлүгүнүн артыкчылыктуу багыттарын аныктоо;

-     КАИАнын аткаруучу комитетинин жана ревизиондук комиссиясынын мүчөлөрүн шайлоо жана ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу;

-     КАИАнын долбоорлорун бекитүү;

-     Жылдык отчетту бекитүү;

-     КАИАны өзгөртүп кайра түзүү жана жоюу;

-     КАИАнын уставында жана башка ички документтерде каралган дагы башка маселелер.

 

VIII. КАИАнын аткаруу комитети.

 

32.  Аткаруу комитет КАИАнын учурдагы ишмердүүлүгүн башкарат жана Конференциялардын  ортосундагы аралыкта КАИАнын ишмердүүлүгүн башкарууга жооп берет. Ушул уставга жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Конференциянын компетенциясынан тышкары, аткаруучу орган КАИАнын бардык функцияларын жана милдеттерин аткарат;

33.  Аткаруу комитетинин мүчөлөрү Конференцияда ар бир айылдан келген талапкерлердин  катышуучуларынын арасынан шайланат;

34.  Аткаруу комитетинин мүчөлөрү Конференция тарабынан бир жылдан кийин кайра шайланышы мүмкүн. Аткаруу комитетинин бардык мүчөлөрү өз ыйгарым укуктарын мөөнөтү аяктагандан кийин токтотушат;

35.  Аткаруу комитетинин ыйгарым укуктары:

-       КАИАнын чогулуштарын жана Конференцияларын уюштуруу;

-       Жергиликтүү аймактын социалдык-экономикалык өнүгүү программасын жана жаштарды өнүктүрүү планын иштеп чыгууга катышуу;

-       Айылдык кеңеште аймактын социалдык-экономикалык өнүгүү программасын жана жаштарды өнүктүрүү планын бекитүүгө катышуу;

-       Донорлорго долбоорлорду тандоо жөнүндө маалымат берүү, тандалган инвестициялардын техникалык өнүгүүсү боюнча донорлор менен макулдашуу;

-       Донорлорго сатып алуулардын абалы жөнүндө маалымдоо (тендердик документтерди макулдашуу, конкурстун мөөнөттөрү жана жыйынтыктары);

-       Подрядчиктерге (жеткирүүчүлөргө) көмөк көрсөтүү, алардын ишине мониторинг жүргүзүү жана көзөмөлдөө;

-       Бүткөрүлгөн долбоорлорду эксплуатациялоо жана техникалык тейлөө (ЭТТ) боюнча пландарды түзүү;

-       Социалдык мобилизациялоону жана дараметти жогорулатууну жүргүзүү жана жүргүзүүгө көмөктөшүү;

-       КАИАнын мүчөлөрүнүн, климаттын өзгөрүшү боюнча коомчулуктардын элчилеринин, коомдук кабарчылардын жана жаш бухгалтерлердин дараметин жогорулатууга көмөктөшүү;

-       Социалдык отчеттуулук боюнча иш-чараларды координациялоо;

-       Конференциянын чечимдерин ишке ашыруу.

36.  Аткаруу комитети өзүнүн ишмердүүлүгү боюнча Конференцияга отчет берет;

37.  Аткаруу комитети өзүнүн иш-милдеттерин жүзөгө ашырууда төмөнкүдөй принциптерди карманат: ыктыярдуулук, мүчөлөрдүн тең укуктуулугу, ачыктык, чынчылдык, мыйзамдуулук, айкындуулук, өз алдынча башкаруу жана Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарын сактоо;

38.  Жаңы түзүлгөн аткаруу комитетинин уюштуруу жыйыны Конференциядан кийин өткөрүлөт, аткаруу комитетинин биринчи отурумунда чогулуштун катчысы шайланат жана кийинки отурумдун датасы аныкталат;

39.  Аткаруу комитетинин мүчөлөрүнүн отурумунда Аткаруу комитетинин төрагасы жана анын орун басары шайланат. Аткаруу комитетинин курамы төрагадан, төраганын орун басарынан жана башка мүчөлөрдөн турат;

40.  Аткаруу комитетинин төрагасы бир жылга шайланат. Аткаруу комитетинин мүчөлөрүнүн саны так болушу керек;

41.  Аткаруу комитетинин кийинки жыйындары 7 (жети) күн мурун бардык мүчөлөрүн кабардар кылуу менен аткаруу комитетинин төрагасы тарабынан чакырылат. Кезексиз жыйналыштар КАИАнын аткаруу комитетинин кеминде үч мүчөсүнүн жазуу жүзүндөгү талабы боюнча чакырылышы мүмкүн;

42.  Аткаруу комитетинин мүчөлөрүнүн жыйында мүчөлөрдүн 2/3 катышса, компетенттүү деп эсептелет. Аткаруу комитетинин мүчөлөрүнүн кворуму (жетишсиз катышуусу) жок болгон учурда, төрага жыйынды жокко чыгарып, кийинки жыйынды 10 (он) күндөн ашпаган мөөнөткө жылдырышы керек;

43.  Аткаруучу органынын мүчөлөрүнүн чечимдери добуш берүү жолу менен кабыл алынат, б.а. катышкан мүчөлөрдүн көпчүлүк добушу менен. Добуштар тең болуп калган учурда, төрагалык кылуучунун добушу чечүүчү болуп саналат;

44.  Аткаруу комитетинин төрагасынын (төрайымынын) компетенциясына төмөнкүлөр кирет:

-       КАИАнын уставына кол коет;

-       Бардык мамлекеттик, жеке, коомдук уюмдарда жана бирикмелерде КАИАнын атынан өкүлчүлүк кылуу;

-       Аткаруу комитетинин жыйындарын өткөрүү;

-       Конференциянын жана аткаруу комитетинин тапшырмаларын аткаруу;

-       Конференцияда өзүнүн ишмердүүлүгү жөнүндө отчет берет;

-       КАИАнын атынан келишимдерге кол коюу;

-       Аткаруу комитетинин компетенциясына кирген жана ушул Уставга карама-каршы келбеген башка ыйгарым укуктар.

45.  Эгерде КАИАнын аткаруу комитетинин төрагасы (төрайымы) өзүнүн иш-милдеттерин аткара албаса, кайрадан аткаруу комитетинин төрагасы аткаруу комитеттин отурумунда көпчүлүк добуш менен шайланганга чейин төраганын милдеттерин төраганын орун басары аткарат;

46.  Аткаруу комитетинин мүчөсүнун иш мөөнөтү аяктаганга чейин Конференциянын көпчүлүк добушу менен чакырылып алынышы же алмаштырылышы мүмкүн. Бул учурга, анын жарандык милдетине кайдыгерлик кылгандыгы же аткаруу комитетинин мүчөсү катары өз милдеттерин аткарбагандыгы себеп болот. Аткаруу комитетинин жаңы мүчөсүн шайлоо кийинки Конференцияда өткөрүлөт.

 

 

IX. Ревизиондук комиссия.

 

 

47.  Ревизиондук комиссия КАИАнын Конференциясында бир жылдык мѳѳнѳткѳ КАИАнын мγчѳлѳрγнѳн 3 кишиден турган курамда шайланат. Ревизиондук комиссиясы ѳз ишин акысыз тγрдѳ аткарат;

48.  Ревизиондук комиссиясынын мүчөлөрү КАИАнын аткаруу комитетинде кандайдыр бир кызматтарды ээлеген адамдар болбоосу керек;

49.  Ревизиондук комиссиясы башкарууну белгиленген тартипте жүрүшүн көзөмөлдөйт. Жыл аягында ревизиондук комиссиясы отчетун берет жана ал отчет Конференция тарабынан бекитилет;

50.  КАИАнын бардык кызмат адамдары ревизиондук комиссиянын өз милдеттерин аткаруусуна көмөктөшүүгө милдеттүү;

51.  Ревизиондук комиссиянын мүчөлөрүн кайра шайлоо Конференциянын делегаттарынын катышуучуларынын төрттөн биринин талабы боюнча мөөнөтүнөн мурда өткөрүлүшү мүмкүн;

52.  Ревизиондук комиссиянын төрагасы ревизиондук комиссиясынын мүчөлөрү тарабынан анын мүчөлөрүнүн ичинен шайланат.

 

Х. КАИАны жоюу жана реорганизациялоо.

 

53.  КАИА ѳз ишин токтотуу КАИАны реорганизациялоо, же болбосо жоюу жолу менен Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин каралаган тартипте жγргγзγлѳт.

 

 

 

 

Г.К. Токторова АА

КАИАнын аткаруу комитетинин

Төрагасы                                          _______________         /______________________________/

                                                                      (колу)                                      (аты-жөнү)