Кыргыз Республикасынын Президенти С. Жапаровдун “Инсандын руханий –адеп ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы” жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президенти С. Жапаровдун “Инсандын руханий –адеп ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы” жөнүндөгү №1 Жарлыгын турмушка ашырууда акын -жазуучу жердешибиз Асан Каримовдун жаңы чыккан “Өрүкзар” аттуу китебинин бет ачарын атайын графиктин негизинде, маданият, китепкана кызматкерлеринин жана билим берүү мекемелеринин мугалимдери, жогорку класстын окуучуларынын катышуусунда 8-февраль күнү Ноокат шаарында, 10-февраль күнү Кеңеш айыл аймагында өткөрүлдү. Анда Асан Каримовдун үзөнгүлөш курбулары, жергиликтүү акын-жазуучулар китеп жана автор жөнүндө сөз сүйлөшүп, маданият үйүнүн кызматкерлери обондуу ырларды аткарышып, “Дары-Суу”, Ж.Нышанов атындагы жана “Шаңкол” орто мектептеринин окуучулары автордун лирикаларынан көркөм окушуп, чыгармаларынан сахналык көрүнүштөрдү аткарышты. Иш чарага Ноокат райондук мамлекеттик админи страциясынын социалдык маселелер боюнча сектор башчысы Г.Токторова, Кеңеш айыл өкмөтүнүн башчысы У.Шапиев катышып, белектерди тапшырышты.