Акимдин кубогу жөнүндө
Ноокат райондук мамлекеттик администрациясында “Кыргыз Республикасындагы балдарды коргоо жаатындагы мыйзамдуулук, балдарды коргоо системасы жана турмуштук кыйын кырдаалдагы үй-бүлөлөр менен иш алып баруу” аталышындагы райондук семинар өткөрүлдү. Семинарга Ноокат районунун аймагындагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын орун басарлары, социалдык кызматкерлери, социалдык педагогдор, балдар иштери боюнча райондук комиссиянын курамы, райондук социалдык онугуу башкармалыгынын социалдык кызматкерлери катышты. Аталган семинарды райондук мамлекеттик администрациясы уюштуруп, “Калктын аярлуу катмарын коргоо” коомдук фондунун өкүлдөрү тарабынан өткөрүлдү.