Ысырапкерчиликке жол бербөө
Калк арасындагы мааракелерде, аш-тойлордо, маркумду жерге берүүдө, кичи ажы сапарларына барып келгенден кийинки ашыкча чыгымдарга жана ысырапкерчиликке жол бербөө максатында Ноокат райондук мамлекеттик администрациясында жыйын өткөрүлдү. Жыйынга райондун аймагындагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларынын орун басарлары, айылдык кеңешинин төрагалары, аксакалдар соттору, райондогу имам хатиб жана имамдар, ардагерлер кенешинин төрагалары, аялдар кеңешинин төрайымдары, жаштар комитеттери катышты. Жыйындын катышуучулары азыркы учурда убакытта, сүйлөгөн сөздө, кийген кийимибизде, колдонгон буюмдарда, аш- тойлордо ысырапкерчиликке жол берилип жатканын белгилешип, ысырапкерчилик көп болгон жерде жашоо оорлошуп, береке кете тургандыгын айтышты. Кыргыздын улуттук каада- салттарын интеграциялоо, ысырапкерчиликти кыскартуу боюнча ар бир айылдык кенештердин отурумдарында кароону, аксакалдарыбыз, аялдар кенештери, имамдар жер-жерлерде өздөрүнүн акыл-насааттарын айтып, түшүндүрүү иштерине жакындан көмөк көрсөтүү сунуштары айтылды