Кеңеш айылдык  кеңешинин (7-чакырылышы)

                                    кезектеги он биринчи  сессиясынын

 

                                                     ТОКТОМУ № 11-1.

               09.04.2022-жыл.                                                              Куу-майдан айылы.

 

                                  Айыл өкмөтүндөгү  жазгы талаа жумуштарына көрүлгөн

                                  даярдык, көрктөндүрүү жашылдандыруу жана көчөлөрдү

                                  жарыктандыруунун абалы  жөнүндө.

 

Айыл өкмөтүнүн башчынын орун басарынын жана  айылдык кеңештин жер, суу чарба, жана жаратылышты коргоо,  мыйзамдуулукту,  укук  тартибин  сактоо,  жарандардын  укугун  жана  кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш,  таранспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиянын төрагасынын жазгы талаа жумуштарына көрүлгөн даярдык, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу, көчөлөрдү жарыктандыруунун абалы   боюнча берген маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын  «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү»  2021-жылдын  20-октябрындагы № 123- мыйзамынын  3-главасынын  34-беренесинин  2-пунктунун 3-пунктчасына ылайык Кеңеш айыл аймагынын айылдык кеңешинин сессиясы  

                                                      ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Айыл  аймагындагы 2022-жылдын жазгы талаа жумуштарына даярдыктарды көрүү боюнча айыл өкмөт башчысынын жүргүзүп жаткан иштери  канааттандырарлык эмес деп табылсын.
  2. Айыл  аймагындагы 2022-жылдын жазгы талаа жумуштарына даярдыктарды көрүү, калкты азык-түлүк менен камсыздоо коопсуздугун жана жерди натыйжалуу    пайдалануу багытында сугат суунун элге жеткирилиши, ички арыктардын ремонтунун абалы, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу, көчөлөрдү жарыктандыруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерде  көптөгөн кемчиликтер бар экендиги белгиленсин.
  3. Сугат сууну пайдалануу жана арыктардын абалына көңүл буруу боюнча элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, мамлекет тарабынан төмөнкү пайызда кредит катары берилип жаткан минералдык жер семирткичтер жана күйүүчү майлар тууралуу маалыматты элге  жеткирүү  боюнча аткарылып жаткан иштер жетишсиз экендиги белгиленсин жана бул маселе боюнча кечиктирилгис чараларды көрүп, тиешелүү адистерге  тапшырмалар берилсин.
  4. Көрктөндүрүү жана жашылдандыруу, көчөлөрдү жарыктандыруу боюнча иштерди дагы да жандандырып, айыл өкмөттүн бюджетин эле карабастан башка дагы ички, сырткы мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануу менен иш алып барууну уюштуруу колго алынсын.
  5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  жагы айылдык кеңештин жер, суу чарба, жана жаратылышты коргоо,  мыйзамдуулукту,  укук  тартибин  сактоо,  жарандардын  укугун  жана  кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш,  таранспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Нурматов Орозмаматка жүктөлсүн.

 

Кеңеш айылдык   

    кеңешинин төрагасы                                                                       Абдырахманов О.С.

                                                                                    

 

 

 

 

                               Кеңеш айылдык  кеңешинин (7-чакырылышы)

                                    кезектеги он биринчи  сессиясынын

 

                                                     ТОКТОМУ № 11-2.

               09.04.2022-жыл.                                                              Куу-майдан айылы.

 

                   Куу-майдан айылындагы айыл чарбасына ыңгайсыз таштак жерге

                   кичи ишкана куруу үчүн жер участогун “Айыл чарба багытындагы      

                    жерлери” категориясынан “Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын,

                    энергетиканын, коргонуунун жана башка багыттагы жерлер”

                    категориясына  которууга макулдук берүү тууралуу.

 

Куу-майдан айылындагы  айыл чарбасына ыңгайсыз таштуу жайыт болуп эсептелген 0,50 га  жер аянтынан  кичи ишкана курууга жер ажыратып берүү тууралуу  Канымет Мурзашевдин арызын канаттандыруу максатындагы  айыл өкмөтүнүн башчынын сунушун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү»  2021-жылдын  20-октябрындагы № 123- мыйзамынын  3-главасынын  34-беренесинин  1-пунктуна жана Ош облустук жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасынын 2022-жылдын 05-апрелиндеги № 01-8/505-07/96 сандуу катына таянып  Кеңеш айылдык кеңеши

 

                                                    ТОКТОМ  КЫЛАТ:

 

  1. Куу-майдан айылындагы № 164-контурдагы айыл чарбасына ыңгайсыз таштуу жайыт болуп эсептелген 0,50 га  жер аянтынан  бюджетти көтөрүү, ишкердикти колдоо максатында,  кичи ишкана куруу үчүн  “Айыл чарба багытындагы жерлери” категориясынан “Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жана башка багыттагы жерлер” категориясына  которууга   макулдук берилсин.

 

  1. Айыл чарбасына ыңгайсыз таштуу жайыт болуп эсептелген жердин категориясын трансформациялап берүү боюнча иш-аракеттерди жана кичи ишкананын ордун мыйзамдын чегинде тактап,  жерин өлчөп ажыратып берүү жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  жагы айылдык кеңештин жер, суу чарба, жана жаратылышты коргоо,  мыйзамдуулукту,  укук  тартибин  сактоо,  жарандардын  укугун  жана  кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш,  таранспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Нурматов Орозмаматка жүктөлсүн.

 

 

 

Кеңеш айылдык   

    кеңешинин төрагасы                                                                       Абдырахманов О.С.

 

 

                                                        

                                                                                    

 

 

 

 

                               Кеңеш айылдык  кеңешинин (7-чакырылышы)

                                    кезектеги он биринчи  сессиясынын

 

                                                     ТОКТОМУ № 11-3.

               09.04.2022-жыл.                                                              Куу-майдан айылы.

 

                       Кеңеш айыл аймагынын  Куу-Майдан айылына келип туруктуу жашап

                       жаткан этникалык кыргыз  Урмановдордун үй-бүлөсүнө үй салууга жер

                       ажыратып берүүгө макулдук берүү  тууралуу

 

         Кеңеш айыл аймагынын  Куу-Майдан айылына келип туруктуу жашап жаткан этникалык кыргыз  Урмановдордун үй-бүлөсүнө үй салууга жер ажыратып берүүгө макулдук берүү  тууралуу айыл өкмөт башчысынын   сунуш катын угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын  “Кыргыз Республикасына көчүп келген этникалык кыргыздарга берилүүчү мамлекеттик кепилдиктер жөнүндөгү”  2007-жылдын 26-ноябрындагы  № 175-мыйзамынын  4-бөлүмүнүн  18-беренесинин   ылайык  Кеңеш айылдык кеңеши

 

                                                ТОКТОМ  КЫЛАТ:

 

  1. Кеңеш айыл аймагынын  Куу-Майдан айылына келип туруктуу жашап жаткан этникалык кыргыз  Урмановдордун үй-бүлөсүнө үй салууга жер ажыратып берүүгө макулдук берилсин.

 

  1. Үй курууга ылайыктуу жерди мыйзамдын негизинде таап, ажыратып берүү жагы  айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  жагы айылдык кеңештин жер, суу чарба, жана жаратылышты коргоо,  мыйзамдуулукту,  укук  тартибин  сактоо,  жарандардын  укугун  жана  кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш,  таранспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Нурматов Орозмаматка жүктөлсүн.

 

 

 

Кеңеш айылдык   

    кеңешинин төрагасы                                                                       Абдырахманов О.С.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

                                                                                    

 

 

 

 

                               Кеңеш айылдык  кеңешинин (7-чакырылышы)

                                    кезектеги он биринчи  сессиясынын

 

                                                     ТОКТОМУ № 11-4.

               09.04.2022-жыл.                                                              Куу-майдан айылы.

 

                        Үй-бүлөлүк салтанаттардагы, маркумду узатуу үрп адаттарындагы

                         ашыкча ысырапкерчиликти кыскартуу боюнча кабыл алынган

                         жобону бекитүү тууралуу.

 

     Айыл аймагындагы  Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нуркожоевич Жапаровдун 2022-жылдын 24-февралындагы “Кыргыз Респуликасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө” № 54-Жарлыгы талкууланган жыйында кабыл алынган Жобонун долбоору тууралуу сунушту угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү»  2021-жылдын  20-октябрындагы № 123- мыйзамынын  3-главасынын  34-беренесинин  2-пунктунун 13-пунктчасына  ылайык  Кеңеш айылдык кеңеши

 

                                                   ТОКТОМ  КЫЛАТ:

 

  1. Айыл аймагындагы  Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нуркожоевич Жапаровдун 2022-жылдын 24-февралындагы “Кыргыз Респуликасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө” № 54-Жарлыгы талкууланган жыйында кабыл алынган Жобонун долбоору толуктоолор менен кабыл алынып, бекитилсин.(жобо тиркелет)

 

  1. Токтомду аткарууга алуу  айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  жагы айылдык кеңештин Социалдык маселелер, маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо,  жаштар, спорт,  регламент, депутаттык этика жана мандат  боюнча туруктуу  комиссиясынын төрайымы  Орозмамат кызы Айганышка  тапшырылсын.

 

 

 

 Кеңеш айылдык   

    кеңешинин төрагасы                                                                       Абдырахманов О.С.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

                      Кеңеш айылдык  кеңешинин (7-чакырылышы) кезектеги

                                        11-сессиясынын № 11-4-токтомуна  тиркеме.

                                            

Кеӊеш айыл аймагында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нуркожоевич Жапаровдун 2022-жылдын 24-февралындагы «Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө» 54 Жарлыгы талкууланган жыйында кабыл алынган  Жобо.

                                             Маркумду  узатуу боюнча

  Маркумду  узатууда  ар  бир  айылда  бирдей,  шарыятта көрсөтүлгөндү  гана  аткарууну  колго  алуу  зарыл.  Ал  үчүн  имамдар  ,  шарыят  жолун  билген  илимдүү  адамдар, ар  кимиси  билгенин  кылбай бир  пикирдүү  болуп  элге  жол  көрсөтүп  өздөрү  ошону  көзөмөлдөшү  керек.  Динди  терең  түшүнгөн  аалымдар  ысырапкерчилик  жөнүндө  көп  айтып түшүндүрүү керек. 

-Маркум таслим болгон күнү жандык  союулбай эле эт алып  алыс жууктан келгендер үчүн кошунанын үйүндө бышырылып чай берилсин. Кошуналар 1-2 күн тейлеп, жардам берсин.

-Жакын тууганы болгон аялдардан башка аялдар тажия күнү батаага келбесин.

-Үчтүк, бейшембилик, кырктык кылынбасын.

-Тууган уругу менен бир жумадан кийин белгилеп куран окутуп коюу керек.

-Маркум жан таслим болгон күнү эч кандай жыртыш, чачык, идиш аяк, нан. кант. берилбесин. Жылдыгында тууган уругу менен бир жандык союп куран окутуп койсо болот. Көк кийүү, ак кийүүдө  сарпайлашууга жол берилбесин.

-Ким жардам бергиси келсе акчалай жардам берсин аз болсо да колдон келишинче

-Эгерде кимде ким көзү өткөн атасыбы, энесинеби жакшылык кылам десе ошолордун атынан жол оңдосун, мусапырларга жардам берсин, суу чыгарсын, көпүрө салсын, бала бакча салсын.  Үчүлүк,  экономикасын көтөрүүгө жардам берсин.

-Навайчынын чөнтөгүн толтуруп акчаларды чачпай нан алмай жок болсун. Дасторконго  керектүү гана өлчөмдө нан, кант коюлса жеп батаасын берип гана кетсе

-Ушул иштерге мечит имамдарын толук тартуу керек.

-Кыргызстан муфтияты маркумду узатуу боюнча республика боюнча бирдей жобо иштеп берсе,  имамдар ошону аткарса.

-Имамдар айт намаздарда, жан кудайыларда  элге керектүү сөздөрдү айтып элди ыйманга чакырса. Имамдар билимдүү болуп,  элге  туура  багыт  берсе. 

 

                 Тойлор,   жакшылыктар  боюнча

- Сүннөт той бир күндөн ашпасын, конок берилбесин. Тойду улуттук оюндар менен өткөрүп кыргыздын каада   

    –салтын калыбына келтирүү керек. Сарпайлашууга ыксыз жол берилбесин.

- Бешик той, бешик жасалгасы, бөбөккө, апасына, бир сыйра кийим даярдалса. Тойго баруучулардын саны алты адамдан ашпоо керек. Манеж, бир килем,2 төшөк, оюнчуктар берилсе.

-Үйлөнүү той. Той бир күндөн ашпасын. Эки кудаанын макулдашуусу менен эки жаштын тиричилигине керек болуучу гана үй эмеректерин  алып берсе(Кир жуугуч, муздаткыч жана башка)

-куда сыйда беш түрдүү  тамактан ашырылбасын

-Батаа той берилбесин.

-Нике күбөлүгү той күнү берилсе.

-Молдо нике күбөлүгүсүз нике кыйбасын.

-Кыздын  үйүндө ЗАГС сыйлоо жок болсун.

- күйө чакырыкта   беш  түрдүү тамактан ашпасын.

-Тойго чакырылгандар  (жалпысы жүздөн ашпаса)

-Тойго кыз, жигит улуттук кийим кийип чыксын.

-Той түнкү саат 11:00 дөн ашпасын.

-Элге той берүүдө ашыкча чыгым кылган бадам, мисте жана башкалар уюм туудуларга коюлгандары жок кылынсын. Себет жок болсун, тууганы жардам бергиси келсе акчалай жардам берсин.

-Нан алынбасын, жалгыз табак жана башкалар жок болсун.

-Тойлор кафе, ресторандарда эмез өз үйүндө өткөрүлсүн.

-жобонун талабын бузгандарга мыйзамдын негизинде жазалоо каралсын.

 

 

                                                                                    

 

 

 

 

                               Кеңеш айылдык  кеңешинин (7-чакырылышы)

                                    кезектеги он биринчи  сессиясынын

 

                                                     ТОКТОМУ № 11-5.

               09.04.2022-жыл.                                                              Куу-майдан айылы.

 

                                   Шаңкол айылындагы  Жаштар көчөсүнө трансформатр

                                   орнотууга макулдук берүү тууралуу.

 

      Шаңкол айылындагы  Жаштар көчөсүндөгү   трансформатр  орнотуу үчүн  макулдук берүүнү суранган  Шаңкол айылынын айыл башчысы А.Мамажунусовдун арызын угуп жана талкуулап  Кыргыз Республикасынын  «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү»  2021-жылдын  20-октябрындагы

 № 123- мыйзамынын  3-главасынын  34-беренесинин  2-пунктунун 1-пунктчасына  ылайык  Кеңеш айылдык кеңеши

 

                                                   ТОКТОМ  КЫЛАТ:

 

  1. Шаңкол айылындагы  Жаштар көчөсүнө  трансформатр  орнотууга  макулдук берилсин.

 

  1. Трансформатр орнотуу үчүн  мыйзамдын чегинде жерин тактап, ажыратып берүү жагы  айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  жагы айылдык кеңештин жер, суу чарба, жана жаратылышты коргоо,  мыйзамдуулукту,  укук  тартибин  сактоо,  жарандардын  укугун  жана  кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш,  таранспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Нурматов Орозмаматка жүктөлсүн.

 

 

 

Кеңеш айылдык   

    кеңешинин төрагасы                                                                       Абдырахманов О.С.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

                                                                                    

 

 

 

 

                               Кеңеш айылдык  кеңешинин (7-чакырылышы)

                                    кезектеги он биринчи  сессиясынын

 

                                                     ТОКТОМУ № 11-6.

               09.04.2022-жыл.                                                              Куу-майдан айылы.

 

                    Кеңеш айыл аймагына райондук маанидеги мамлекеттик символ болгон

                    Флагштокту орнотуу үчүн жер участогун “Айыл чарба багытындагы

                    жерлери” категориясынан “Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын,

                    энергетиканын, коргонуунун жана башка багыттагы жерлер”

                    категориясына  которууга макулдук берүү жөнүндө.

 

        .Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29-январындагы “Инсандын руханий адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” №1- Жарлыгын аткаруу максатында, Кеңеш айыл аймагына райондук маанидеги мамлекеттик символ болгон Флагштокту орнотуу үчүн жер участогун ажыратып берүү жөнүндө Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын 2022-жылдын 06-апрелиндеги сунуш катын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү»  2021-жылдын  20-октябрындагы № 123- мыйзамынын  3-главасынын  34-беренесинин  1-пунктуна ылайык,  Кеңеш айылдык кеңеши

 

                                                 ТОКТОМ  КЫЛАТ:

 

  1. Кеңеш айыл аймагынын Ак-Терек айылындагы №586-контурундагы “Айыл чарба багытындагы жерлери”(жайыт) категориясынан жалпы 0,03 га жер аянтын райондук маанидеги мамлекеттик символ болгон Флагштокту орнотуу үчүн“Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга макулдук берилсин.

 

  1. Ажыратылган жер аянтын мыйзам чегинде жерин тактап, которуп берүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  жагы айылдык кеңештин жер, суу чарба, жана жаратылышты коргоо,  мыйзамдуулукту,  укук  тартибин  сактоо,  жарандардын  укугун  жана  кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш,  таранспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Нурматов Орозмаматка жүктөлсүн.

 

 

 

Кеңеш айылдык   

    кеңешинин төрагасы                                                                       Абдырахманов О.С.

 

 

 

                                                     

 

 

 

 

                         

                               Кеңеш айылдык  кеңешинин (7-чакырылышы)

                                    кезексиз он экинчи  сессиясынын

 

                                                     ТОКТОМУ № 12-1.

               22.04.2022-жыл.                                                              Куу-майдан айылы.

 

                             Ноокат райондук прокуратурасынын 2022-жылдын 15-апрелиндеги

                            № 11/451-22 сандуу каршылык билдирүү  катын аткарууга алуу

                             тууралуу.

 

         Ноокат райондук прокуратурасынын 2022-жылдын 15-апрелиндеги  № 11/451-22 сандуу “2021-жылдын 14-декабрындагы Кеңеш айылдык кеңешинин  (7-чакырылышы) кезексиз сегизинчи сессиясында кабыл алынган 8-5 сандуу токтомуна карата каршылык билдирүү  катын угуп  жана талкуулап Кыргыз Республикасынын  “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү  өз алдыча башкаруу жөнүндөгү”  2021-жылдын  20-октябрындагы № 123-мыйзамынын  3-бөлүмүнүн  34-беренесинин  2-пунктунун  8-пунктчасына  таянып  Кеңеш айылдык кеңеши

 

                                                   ТОКТОМ  КЫЛАТ:

 

  1. Ноокат райондук прокуратурасынын 2022-жылдын 15-апрелиндеги  № 11/451-22 сандуу каршылык билдирүү  катында көрсөтүлгөн талап  аткарууга алынсын.

 

  1. “2021-жылдын 14-декабрындагы  Кеңеш айылдык кеңешинин  (7-чакырылышы) кезексиз сегизинчи сессиясында кабыл алынган 8-5 сандуу токтому жокко чыгарылсын.(токтом тиркелет)

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  жагы айылдык кеңештин жер, суу чарба, жана жаратылышты коргоо,  мыйзамдуулукту,  укук  тартибин  сактоо,  жарандардын  укугун  жана  кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш,  таранспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Нурматов Орозмаматка жүктөлсүн.

 

 

 

Кеңеш айылдык   

    кеңешинин төрагасы                                                                       Абдырахманов О.С.

 

 

 

 

 

 

 

 

                                             Кеңеш айылдык  кеңешинин (7-чакырылышы) кезексиз

                                                    12-сессиясынын № 12-1-токтомуна  тиркеме

 

 

                   Кеңеш айылдык  кеңешинин (7-чакырылышы)

                                кезексиз  сегизинчи   сессиясынын

 

                                          ТОКТОМУ № 8-5.

      14.12.2021-жыл.                                                                      Куу-майдан айылы

 

                Айыл аймагындагы борбордук жана ички жолдорду кеңейтүү тууралуу.

 

   Айыл өкмөтүнүн башчысынын    айыл аймагындагы борбордук жана ички жолдорду кеңейтүү тууралуу  койгон маселесин угуп жана талкуулап, КРнын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» 2011-жылдын 15-июлундагы № 101- мыйзамынын  4-главасынын 31-беренесинин  2-пунктунун  1-пунктчасына таянып  Кеңеш айыл аймагынын айылдык кеңешинин сессиясы     

  

                                                   ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Айыл өкмөтүнүн башчысынын    айыл аймагындагы борбордук жана ички жолдорду кеңейтүү тууралуу  койгон маселеси колдоого алынсын.

 

  1. Ар бир депутатка өзүнүн шайлоо округундагы шайлоочуларына жолдорду кеңейтүү боюнча  түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жагы тапшырылсын.

 

  1. Жолдорду кеңейтүү иштерин жүргүзүүдө  кызыл сызыктан чыгып кетип, мыйзамдын талабына каршы чыккандарга  чара  көрүлөрү эскертилсин.

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  жагы айылдык кеңештин  жер, суу чарба, жана жаратылышты коргоо,  мыйзамдуулукту,  укук  тартибин  сактоо,  жарандардын  укугун  жана  кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш,  таранспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Нурматов Орозмаматка тапшырылсын.

 

 

 

 

    Кеңеш айылдык  

    кеңешинин төрагасы                                                                       Абдырахманов О.С.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

                                

 

 

 

 

                         

                               Кеңеш айылдык  кеңешинин (7-чакырылышы)

                                    кезексиз он экинчи  сессиясынын

 

                                                     ТОКТОМУ № 12-2.

               22.04.2022-жыл.                                                              Куу-майдан айылы.

 

                                 Арбын айылындагы эски мечиттин имаратын

                                 энелер мектебине берүүгө макулдук берүү тууралуу

 

        Арбын айылындагы эски мечиттин имаратын “Энелер мектебине”  берүүгө макулдук берүү тууралуу Арбын айылынын аялдар жамаатынын сураныч катын  угуп  жана талкуулап  Кыргыз Республикасынын  “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү  өз алдыча башкаруу жөнүндөгү”  2021-жылдын  20-октябрындагы № 123-мыйзамынын  3-бөлүмүнүн  34-беренесинин  2-пунктунун  5-пунктчасына  таянып  Кеңеш айылдык кеңеши

                                                 ТОКТОМ  КЫЛАТ:

 

  1. Арбын айылындагы бош жаткан эски мечиттин имараты жери менен кошо муниципалдык менчикке алынсын.

 

2.    Бош жаткан эски мечиттин имаратын Арбын айылындагы аялдар жамааты тарабынан уюшулган  “Энелер мектебине” берүүгө макулдук берилсин.

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  жагы айылдык кеңештин  социалдык маселелер, маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо,  жаштар, спорт,  регламент, депутаттык этика жана мандат  боюнча туруктуу  комиссиясынын төрайымы  Орозмамат кызы Айганышка  тапшырылсын.

 

 

 

 Кеңеш айылдык   

    кеңешинин төрагасы                                                                       Абдырахманов О.С.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

                                                     

 

 

 

 

                         

                               Кеңеш айылдык  кеңешинин (7-чакырылышы)

                                    кезексиз он экинчи  сессиясынын

 

                                                     ТОКТОМУ № 12-3.

               22.04.2022-жыл.                                                              Куу-майдан айылы.

 

                    Ош-Исфана жолунун боюндагы иштетилбей жаткан айыл чарбасына

                    жараксыз жерлердин багытын өзгөртүүгө макулдук берүү тууралуу.

 

     Кеңеш айыл аймагынын  Ош-Исфана жолунун боюндагы иштетилбей жаткан айыл чарбасына жараксыз жерлердин багытын өзгөртүүгө макулдук берүү тууралуу айыл өкмөт башчысынын сураныч катын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү»  2021-жылдын  20-октябрындагы № 123- мыйзамынын  3-главасынын  34-беренесинин  1-пунктуна ылайык,  Кеңеш айылдык кеңеши

 

                                                       ТОКТОМ  КЫЛАТ:

 

  1. Кеңеш айыл аймагынын  Ош-Исфана жолунун боюндагы иштетилбей жаткан айыл чарбасына жараксыз жерлердин багытын өзгөртүүгө макулдук берилсин.

 

  1. Мыйзам чегинде жерлерди тактап,  аткарууга алуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  жагы айылдык кеңештин жер, суу чарба, жана жаратылышты коргоо,  мыйзамдуулукту,  укук  тартибин  сактоо,  жарандардын  укугун  жана  кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш,  таранспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Нурматов Орозмаматка жүктөлсүн.

 

 

 

Кеңеш айылдык   

    кеңешинин төрагасы                                                                       Абдырахманов О.С.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

                               Кеңеш айылдык  кеңешинин (7-чакырылышы)

                                    кезексиз он үчүнчү  сессиясынын

 

                                                     ТОКТОМУ № 13-1.

           27.05.2022-жыл.                                                                  Куу-майдан айылы.

 

                       Кеңеш айыл аймагындагы айылдарда жайгашкан ФАПтарды

                                 айыл өкмөтүнүн балансынан чыгаруу тууралуу.

 

        Кеңеш айыл аймагындагы  айылдарда жайгашкан ФАПтарды  айыл өкмөтүнүн балансынан чыгаруу тууралуу маселени угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү»  2021-жылдын  20-октябрындагы № 123- мыйзамынын  3-главасынын  34-беренесинин  2-пунктунун 5-пунктчасына  ылайык  Кеңеш айылдык кеңеши

 

                                                   ТОКТОМ  КЫЛАТ:

 

  1. Кеңеш айыл аймагындагы  Дары-Булак айылындагы Дары-Суу ФАПты, Шаңкол айылындагы Шаңкол ФАПты, Арбын айылындагы Арбын ФАПты, Куу-Майдан айылындагы  Кызыл-Аскер ФАПты, Чегеден айылындагы Ак-Чабуу ФАПты жана Ак-терек айылындагы Ак-Терек ФАПты  айыл өкмөтүнүн балансынан чыгарууга макулдук берилсин.

 

  1. Документтештирип   берүү жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык  кеңештин «бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш” боюнча   туруктуу комиссиянын төрагасы Кубанычбек уулу Мурасбекке тапшырылсын.

 

 

 

 

 

 

   Кеңеш айылдык

  кеңешинин төрагасы                                                                           Абдырахманов О.С. 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

                                                              

 

 

 

                               Кеңеш айылдык  кеңешинин (7-чакырылышы)

                                    кезексиз он үчүнчү  сессиясынын

 

                                                     ТОКТОМУ № 13-2.

               27.05.2022-жыл.                                                              Куу-майдан айылы.

 

               Арбын айылынын тургуну Топчубай уулу Мараттын арызы тууралуу.

 

        Арбын айылынын тургуну Топчубай уулу Мараттын жер участогун ажыратып берүү тууралуу суранып жазган арызын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү»  2021-жылдын  20-октябрындагы № 123- мыйзамынын  3-главасынын  34-беренесинин  2-пунктунун 14-пунктчасына  ылайык  Кеңеш айылдык кеңеши

 

                                                   ТОКТОМ  КЫЛАТ:

 

  1. Арбын айылынын тургуну Топчубай уулу Мараттын жер участогун ажыратып берүү тууралуу суранып жазган арызын мыйзам чегинде карап чечип берүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысына, жер адисине жана Арбын айылынын айыл башчысына  милдеттендирилсин.

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын.

 

 

 

 

 

 

   Кеңеш айылдык

  кеңешинин төрагасы                                                                           Абдырахманов О.С. 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

                                                              

 

  

 

                         Кеңеш айылдык  кеңешинин (7-чакырылышы)

                                 кезексиз он үчүнчү  сессиясынын

 

                                                     ТОКТОМУ № 13-3.

               27.05.2022-жыл.                                                              Куу-майдан айылы.

 

                                     Арбын  айылынын тургуну Алишеров Мирзали

                                      Токоновичтин арызы тууралуу.

                                                     

       Арбын  айылынын тургуну  Алишеров Мирзали Токоновичтин жашап жаткан үйү союз мезгилинде тактай тилүүчү  кичи ишкана болуп, кийин  иштебей калганда 1998-жылы бул жерди турак-жай салуу үчүн  көп балалуу Алишеров Мирзалиге сатылган. Азыркы учурда бул жердин багыты комерциялык боюнча өзгөрүлбөй калгандыгына байланыштуу,  1100 чарчы метр жер участогунун  багытын тамарка деп өзгөртүп берүү тууралуу жазган арызын карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын  «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү»  2021-жылдын  20-октябрындагы № 123- мыйзамынын  3-главасынын  34-беренесинин  2-пунктунун 14-пунктчасына, Ноокат райондук шаар-курулушу жана архитектура боюнча башкармалыгынын 2022-жылдын 03-мартындагы № 31/22 сандуу архитектуралык-техникалык корутундусуна  таянып   Кеңеш айылдык кеңеши

 

                                                     ТОКТОМ  КЫЛАТ.

 

1.     Арбын  айылынын тургуну  Алишеров Мирзали Токоновичтин  жашап жаткан үйүнүн 1100 чарчы метр  жер участогунун  максаттык багытын өзгөртүп берүүгө макулдук берилсин.

 

2.      Мыйзамдын негизинде карап, тиешелүү документтерин бүтүрүп  берүү жагы  айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин. 

 

3.     Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  жагы айылдык кеңештин жер, суу чарба, жана жаратылышты коргоо,  мыйзамдуулукту,  укук  тартибин  сактоо,  жарандардын  укугун  жана  кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш,  таранспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Нурматов Орозмаматка жүктөлсүн.

 

 

 

 

Кеңеш айылдык   

    кеңешинин төрагасы                                                                       Абдырахманов О.С.

 

 

 

 

 

 

 

 

                                                              

 

   

 

                         Кеңеш айылдык  кеңешинин (7-чакырылышы)

                                 кезексиз он үчүнчү  сессиясынын

 

                                                     ТОКТОМУ № 13-4.

               27.05.2022-жыл.                                                              Куу-майдан айылы.

 

                               Шаңкол  айылынын  Эргеш-ата жана Жаштар көчөсүндө

                               жашаган атуулдардын  арызы тууралуу.

                                                                            

       Шаңкол  айылынын  Эргеш-ата жана Жаштар көчөсүндө жашаган атуулдардын ичүүчү таза суу  түтүктөрүн орнотууга макулдук берүү тууралуу жазган арызын карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын  «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү»  2021-жылдын  20-октябрындагы № 123- мыйзамынын  3-главасынын  34-беренесинин  2-пунктунун 1-пунктчасына таянып   Кеңеш айылдык кеңеши

 

                                                     ТОКТОМ  КЫЛАТ.

 

1.       Шаңкол  айылынын  Эргеш-ата жана Жаштар көчөлөрүнө ичүүчү таза суу өтүүчү суу түтүктөрүн орнотууга  макулдук берилсин.

 

2.       Тиешелүү документтерин бүтүрүп  берүү жагы  айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин. 

 

3.     Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  жагы айылдык кеңештин жер, суу чарба, жана жаратылышты коргоо,  мыйзамдуулукту,  укук  тартибин  сактоо,  жарандардын  укугун  жана  кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш,  таранспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Нурматов Орозмаматка жүктөлсүн.

 

 

 

 

Кеңеш айылдык   

    кеңешинин төрагасы                                                                       Абдырахманов О.С.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

                                                                               

 

 

 

 

                               Кеңеш айылдык  кеңешинин (7-чакырылышы)

                                    кезексиз он үчүнчү  сессиясынын

 

                                                     ТОКТОМУ № 13-5.

              27.05.2022-жыл.                                                              Куу-майдан айылы.

 

                   Чегеден айылындагы Ак-чабуу орто мектебине кичи футболдук аянтча

                     куруу боюнча  долбоордо көрсөтүлгөн элдин демөөрчүлүк салымын

                               2022-жылдын бюджетинин планына киргизүү тууралуу.

 

Чегеден айылындагы Ак-чабуу орто мектебине кичи футболдук аянтча куруу боюнча долбоор түрткү берүүчү гранттын эсебинен каржылоого жөнөтүлүп, жактырылган. Бул долбоордо көрсөтүлгөн элдин демөөрчүлүк салымы болгон 252847 сом акча каражатын каржылоого алуу үчүн айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын бюджетиндеги атайын каражаттар эсебинин киреше жана чыгаша планына кошумча киргизүү жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап  Кыргыз Республикасынын  «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү»  2021-жылдын  20-октябрындагы

 № 123- мыйзамынын  3-главасынын  34-беренесинин  2-пунктунун 2-пунктчасына  ылайык  Кеңеш айылдык кеңеши

 

                                                   ТОКТОМ  КЫЛАТ:

 

  1. Чегеден айылындагы Ак-чабуу орто мектебине кичи футболдук аянтча куруу боюнча  долбоордо көрсөтүлгөн элдин демөөрчүлүк салымы болгон 252847 сом акча каражатын каржылоого алуу үчүн айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын бюджетиндеги атайын каражаттар эсебинин киреше жана чыгаша планына кошумча киргизилсин.

 

  1.  Акчаны 2022-жылдын планына киргизип жана каржылоого алуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысына жана ФЭБнүн башчысына милдеттендирилсин.

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык  кеңештин «бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш” боюнча   туруктуу комиссиянын төрагасы Кубанычбек уулу Мурасбекке тапшырылсын.

 

 

 

 

 

   Кеңеш айылдык

  кеңешинин төрагасы                                                                            Абдырахманов О.С.