М А З М У Н У

№ п/п

Токтом №

Токтом датасы

Кыска мазмуну

1.

18-1

13.03.2019

"Арбын таза суу" ТСКАКБнин Арбын айылындагы таза суу пайдалануучулар үчүн кызмат көрсөтүүнүн тарифин бекитүү тууралуу.

2.

18-2

13.03.2019

  Арбын айылындагы  "Жеткинчек-Кеңеш" балдар бакчасынын эски имаратын муниципалдык менчиктин реестринен чыгаруу тууралуу.

3.

18-3

13.03.2019

АРИС аркылуу алынган техниканын тарифин бекитүү.

4.

18-4

13.03.2019

Арбын айылынын тургуну Алиева Махабаттын  арызын кароо тууралуу

5.

18-5

13.03.2019

Арбын айылынын тургуну Маткеримов Эгемберди Матазовичтин арызын кароо тууралуу.

6.

18-6

13.03.2019

 Зордук-зомбулукка каршы күрөшүү боюнча комитеттин курамын бекитүү тууралуу

 

 

 

 

 

1

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Кенеш айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 18 сессиясы

Т О К Т О М

Куу-майдан айылы

18-1

13.03.2019

 

"Арбын таза суу" ТСКАКБнин Арбын айылындагы таза суу пайдалануучулар үчүн кызмат көрсөтүүнүн тарифин бекитүү тууралуу.

Кеңеш айыл аймагына караштуу Арбын айылындагы таза суу пайдалануучулар үчүн кызмат көрсөтүүнүн тарифин бекитип берүү тууралуу Арбын айылынын тургундарынын жалпы жыйынынын протоколун угуп жана талкуулап   "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" КРнын мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктунун 14-пунктчасына ылайык Кеңеш айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Арбын айылындагы Арбын таза сууну пайдалануу үчүн ар бир кожолукка кызмат көрсөтүүнүн тарифи төмөндөгүдөй болуп бекитилсин.

a.         Суу эсептегичи бар пайдалануучуларга  төлөм 1 м3  22 сом

b.         Көчөдөгү суу курулмаларынан пайдалануучуларга айына төлөм  80 сом

c.         Короого киргизилген суу түтүктөрү бар пайдалануучуларга айына төлөм 200 сом өлчөмүндө .

 

2.         Бекитилген тариф боюнча иш алып баруу жагы "Арбын таза суу" ТСКАКБнин жетекчиси А.Мамажунусовага тапшырылсын.

 

3.         Кеңеш айыл өкмөтү менен   "Арбын таза суу" ТСКАКБ ортосунда келишим түзүлсүн.

 

4.         Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  жагы айылдык кеңештин айыл,суу чарба, жерге жайгаштыруу, экология, жаратылышты коргоо,транспорт, курулуш жана энергетика  боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Нурматов Орозмаматка тапшырылсын.

Кенеш айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

Абдибает уулу М              

 

 

Назад

 

 

 

2

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Кенеш айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 18 сессиясы

Т О К Т О М

Куу-майдан айылы

18-2

13.03.2019

 

  Арбын айылындагы  "Жеткинчек-Кеңеш" балдар бакчасынын эски имаратын муниципалдык менчиктин реестринен чыгаруу тууралуу.

Кеңеш айыл аймагына караштуу Арбын айылындагы "Жеткинчек-Кеңеш" балдар бакчасынын  имараты жер титирөөдөн авариялык абалга келгендиктен эски имаратты бузуп ордуна жаңы имарат салуу үчүн айыл өкмөтүндөгү  муниципалдык менчиктин реестринен чыгаруу тууралуу маселени угуп жана талкуулап   "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" КРнын мыйзамынын 3-главасынын 10-беренесинин 2-пунктуна жана 11-беренесинин 2-пунктуна  таянып Кеңеш айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

 

1.         Арбын айылындагы  "Жеткинчек-Кеңеш" балдар бакчасынын эски имараты жараксыз абалга келгендиктен бузулуп, айыл өкмөтүнүн  мүлккө муниципалдык менчик укугу токтотулсун жана муниципалдык менчиктин реестринен чыгарылсын.

 

2.         Балдар бакчасынан чыгарылган курулуш материалдарын комиссия аркылуу эсептелинип, акт менен  Арбын айылынын айыл башчысы Кадыров Асанга өткөрүлүп берилсин жана комиссиянын чечиминин негизинде керектүү жерлерге иштетилсин.

 

3.         Айнек-терезелери комиссия аркылуу эсептелинип, акт менен Арбын орто мектебине жана эски ФАПка өткөрүлүп берилсин. 

 

4.         Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  жагы айылдык кеңештин социалдык, маданий, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана дин иштери  боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Матисаков Абдыкалыкка тапшырылсын.

 

Кенеш айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

Абдибает уулу М              

 

 

Назад

 

 

3

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Кенеш айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 18 сессиясы

Т О К Т О М

Куу-майдан айылы

18-3

13.03.2019

 

АРИС аркылуу алынган техниканын тарифин бекитүү.

Айыл өкмөтүнүн АРИСтин долбоорлору аркылуу алынган техниканын  андан  ары туруктуу иштеп кетүүсүн камсыз кылуу үчүн жумушчу комиссия тарабынан техниканы иштетүү боюнча  жобонун негизинде иштелип чыгылган тарификациясын    угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдыча башкаруу жөнүндөгү Мыйзамынын  4-бөлүмүнүн 31-беренесинин  2-пунктунун 5-14-пункутчаларына    ылайык   Кеңеш айыл аймагынын  айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

 

1.         Айыл өкмөтүнүн  АРИСтин долбоорлору аркылуу алынган экскватор-бульдозердун комерсиялык максатта кызмат көрсөтүүлөрүнүн тарифи бир саатына 590 сом өлчөмүндө бекитилсин. (тиркеме тиркелет).

 

2.         Экскватор-бульдозерду пайдалануудан келип түшкөн киреше Кеңеш айыл өкмөтүнүн ЖПБнин жайытты башкаруу планындагы бюджетинин киреше бөлүгүнүн булагы болуп эсептелинсин.

 

3.         Экскватор-бульдозерго жумшалуучу чыгымдарды ЖПБ өзүнө алат жана бюджетинен каржылансын.

 

4.         Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык  кеңештин экономика,бюджет,соода жана ишкердүүлүктү өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Кудайназаров Нурланга тапшырылсын.

Кенеш айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

Абдибает уулу М               

ТИРКЕМЕ №1

 

Назад

 

 

 

4

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Кенеш айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 18 сессиясы

Т О К Т О М

Куу-майдан айылы

18-4

13.03.2019

 

Арбын айылынын тургуну Алиева Махабаттын  арызын кароо тууралуу

           Арбын айылынын айыл башчысы Кадыров Асандын ушул айылдын тургуну Алиева Махабаттын  2006-жылы алган тамарка жеринин тизмеси райондук архивден чыкпай калгандыгына байланыштуу, жерине үй салып,   салыктарын убагында төгүп жаткандыгы тууралуу билдирүүсүн угуп жана талкуулап    Кыргыз Республикасынын Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби  жөнүндөгү  Мыйзамынын  2-беренесине  жана 13-беренесиинин 1-пунктунун 3-пунктчасына  таянып   Кеңеш айыл аймагынын  айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Арбын айылынын тургуну Алиева Махабаттын  арызы канаттандырылсын.

 

2.         Алиева Махабаттын  2006-жылы алган тамарка жери өзүнүн менчиги экендиги таанылсын.

 

3.         Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  жагы айылдык кеңештин айыл,суу чарба, жерге жайгаштыруу, экология, жаратылышты коргоо,транспорт, курулуш жана энергетика  боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Нурматов Орозмаматка тапшырылсын.

Кенеш айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

Абдибает уулу М              

 

 

Назад

 

 

5

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Кенеш айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 18 сессиясы

Т О К Т О М

Куу-майдан айылы

18-5

13.03.2019

 

Арбын айылынын тургуну Маткеримов Эгемберди Матазовичтин арызын кароо тууралуу.

Арбын айылынын айыл башчысы Кадыров Асандын ушул айылдын тургуну    Маткеримов Эгемберди Матазовичтин  2006-жылы сел кесепетинен жабыр тарткандыгы үчүн берилген  тамарка жеринин тизмеси райондук архивден чыкпай калган жана  архивдеги тизмеде Жолдошов Жеңиш деген атуул 33-катарда жана 114-катарда эки жолу катталып калгандыктан,   114 катарга Маткеримов Эгембердинин тизмесин киргизүү керектиги тууралуу билдирүүсүн угуп жана   талкуулап  Кыргыз Республикасынын Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби  жөнүндөгү  Мыйзамынын  2-беренесине  жана 13-беренесиинин 1-пунктунун 3-пунктчасына  таянып   Кеңеш айыл аймагынын  айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Арбын айылынын тургуну  Маткеримов Эгемберди Матазовичтин  арызы канаттандырылсын.

 

2.         Архивдеги тизмедеги 114-катардагы Жолдошов Жеңиштин ордуна Маткеримов Эгемберди Матазовичти киргизүү тууралуу маселени жогорку жактарга кайрылып чечип берүү жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

 

3.         Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  жагы айылдык кеңештин айыл,суу чарба, жерге жайгаштыруу, экология, жаратылышты коргоо,транспорт, курулуш жана энергетика  боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Нурматов Орозмаматка тапшырылсын.

Кенеш айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

Абдибает уулу М              

 

 

Назад

 

 

6

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Кенеш айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 18 сессиясы

Т О К Т О М

Куу-майдан айылы

18-6

13.03.2019

 

 Зордук-зомбулукка каршы күрөшүү боюнча комитеттин курамын бекитүү тууралуу

Кеңеш айыл аймагында ыктыярдуу түрдө түзүлгөн  Зордук-зомбулукка каршы күрөшүү боюнча комитеттин курамын бекитүү тууралуу маселени угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын  үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндөгү Мыйзамынын  2-бөлүмүнүн 19,22-беренелерине    ылайык   Кеңеш айыл аймагынын  айылдык кеңеши

 

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Кеңеш айыл аймагында ыктыярдуу түрдө түзүлгөн  Зордук-зомбулукка каршы күрөшүү боюнча комитеттин курамын төмөндөгүдөй болуп бекитилсин.

1.         Исаев Ж.К-айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары, комитеттин төрагасы.

2.         Ысакова Г.Ж.-айыл өкмөтүнүн социалдык маселелер боюнча башкы адис

3.         Мамажунусова А.А.-аялдар кеңешинин төрайымы.

4.         Осмонов К-аксакалдар сотунун төрагасы.

5.         Бегматова Б Дары-суу орто мектебинин

6.         Рыскулов К-ИДЕН

7.         Козу кызы З-айылдык кеңештин депутаты.

8.         Ысаков Н-Куу-майдан айылынын имамы.

9.         Матисаков Абдыкалык- № 9-үБДТнун кызматкери

10.       Шадыбекова А-жооптуу катчы

11.       Мамашарип уулу Д-айылдык кеңештин депутаты, жаштар комитетинин өкүлү.

 

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык , маданий, билим берүү, 

    миграция    жана саламаттыкты сактоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы  

    Матисаков    Абдыкалыкка   тапшырылсын.

 

 

Кенеш айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

Абдибает уулу М              

 

 

Назад