М А З М У Н У

№ п/п

Токтом №

Токтом датасы

Кыска мазмуну

1.

21-1

09.09.2019

Ош-Баткен авто жолунун Ак-терек айылындагы участкасынын 1120 метр аралыгына  жарыктандыруу орнотуу тууралуу

2.

21-2

09.09.2019

Шаңкол айылынын тургуну Бакиров Замирбектин арызы тууралуу

 

 

 

 

 

1

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Кенеш айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезексиз 21 сессиясы

Т О К Т О М

Куу-майдан айылы

21-1

09.09.2019

 

Ош-Баткен авто жолунун Ак-терек айылындагы участкасынын 1120 метр аралыгына  жарыктандыруу орнотуу тууралуу

Кеңеш айыл аймагына караштуу Ак-терек айылындагы Ош-Баткен  авто жолунун 1120 метр аралыгына жарыктандыруу коюуу тууралуу. Кыргыз Республикасынын Президентинин "2019-жылды Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылы" жарлыгын аткарууга алуу тууралуу Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын 2019-жылдын  03-сентябрындагы  № 1-10/1413 сандуу каты тууралуу билдирүүсүн угуп жана талкуулап  "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" КРнын мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктунун 1-пунктчасына ылайык Кеңеш айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Кеңеш айыл аймагына караштуу Ак-терек айылындагы Ош-Баткен трассасынын  1 км 120 метр аралыкка жарыктандыруу коюууга айыл өкмөтүнүн бюджетинин тартыштыгы,  көрсөтүлгөн участкада айыл өкмөтүнүн калктуу конушу жайгашпагандыгы жана ошондой эле бул жер айыл өкмөтүнүн балансасында турбагандыктан акча каражатын  кароо жагы мыйзам талаптарына туура келбестиги  эске алынсын.

 

2.         Ош-Баткен автожолу эл аралык маанидеги жол экендигин эске алуу менен Республикалык бюджеттен жана башка тармактардан  каражат табуу  жагы сунушталсын.

 

3.         Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  жагы айылдык кеңештин айыл,суу чарба, жерге жайгаштыруу, экология, жаратылышты коргоо,транспорт, курулуш жана энергетика  боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Нурматов Орозмаматка тапшырылсын.

Кенеш айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

Абдибает уулу М              

 

 

Назад

 

 

 

2

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Кенеш айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезексиз 21 сессиясы

Т О К Т О М

Куу-майдан айылы

21-2

09.09.2019

 

Шаңкол айылынын тургуну Бакиров Замирбектин арызы тууралуу

Кеңеш айыл аймагына караштуу Шаңкол айылынын  тургуну Бакиров Замирбектин Ак-терек айылындагы жолдун боюуна АЗС куруу боюнча алган жеринин токтомуна кошумча тамактануучу жай жана авто ремонттоочу кичи ишкана салууга уруксат сураган кайрылуусун угуп жана талкуулап "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" КРнын мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктунун 1-пунктчасына ылайык Кеңеш айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Кеңеш айыл аймагына караштуу Шаңкол айылынын  тургуну Бакиров Замирбектин Ак-терек айылындагы жолдун боюна  АЗС куруу үчүн  алган жерине  кошумча тамактануучу  жана автоунаа оңдоочу  жайларды  курууга уруксат берилсин.

 

2.         Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  жагы айылдык кеңештин айыл,суу чарба, жерге жайгаштыруу, экология, жаратылышты коргоо,транспорт, курулуш жана энергетика  боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Нурматов Орозмаматка тапшырылсын.

 

Кенеш айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

Абдибает уулу М              

 

 

Назад