М А З М У Н У

№ п/п

Токтом №

Токтом датасы

Кыска мазмуну

1.

23-1

30.12.2019

Кеңеш айыл аймагынын жайыт комитетинин 2020-жылга карата бюджетин  бекитип берүү жөнүндө

2.

23-2

30.12.2019

"Кеңеш айыл өкмөтүнүн 2018-жылдагы айылдык бюджетинин аткарылышы, 2020-жылга айылдык бюджети жана 2021-2022-жылдарга бюджеттин болжолун бекитүү  жөнүндө"

3.

23-3

30.12.2019

Айыл аймагындагы зоналдык коэффициентин жана жеңилдик алуучулардын салыгынын өлчөмүн бекитүү тууралуу

4.

23-4

30.12.2019

 Айыл өкмөтүнүн штаттык түзүмүн жана штаттык санын  бекитүү тууралуу

5.

23-5

30.12.2019

Кыргыз Республикасынын финансы министрлиги тарабынан өз кирешелерин жогорулатуу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын кызыктыруу максатында бөлүнүп берилген акча каражатын чыгымдоону бекитүү тууралуу

6.

23-6

30.12.2019

Тендер аркылуу 50 миңден жогорку суммадагы аткарылган иштерге мониторинг жүргүзүү жана кабыл алуу боюнча түзүлгөн комиссиянын курамын бекитүү тууралуу.

7.

23-7

30.12.2019

Кеңеш айыл аймагынын айылдык  кеңешинин

иш-планын бекитүү.

 

 

 

 

 

1

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Кенеш айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 23 сессиясы

Т О К Т О М

Куу-майдан айылы

23-1

30.12.2019

 

Кеңеш айыл аймагынын жайыт комитетинин 2020-жылга карата бюджетин  бекитип берүү жөнүндө

Кеңеш айыл аймагынын жайыт комитетинин 2020-жылга карата түзүлгөн бюджетинин киреше жана чыгыша бөлүктөрүн угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын "Жайыттар жөнүндө" мыйзамынын 4-беренесине таянып Кеңеш айыл аймагынын  айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Кеңеш айыл аймагынын жайыт комитетинин 2020-жылга карата түзүлгөн бюджетинин киреше бөлүгү 300,0 миң сомго, чыгаша бөлүгү 300,0 миң сомго бекитилсин.(тиркеме тиркелет).

 

2.         Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы жайыт комитетинин төрагасы  Карыбеков Нурланга жүктөлсүн.

Кенеш айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

Абдибает уулу М              

ТИРКЕМЕ №1

 

Назад

 

 

 

 

2

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Кенеш айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 23 сессиясы

Т О К Т О М

Куу-майдан айылы

23-2

30.12.2019

 

"Кеңеш айыл өкмөтүнүн 2018-жылдагы айылдык бюджетинин аткарылышы, 2020-жылга айылдык бюджети жана 2021-2022-жылдарга бюджеттин болжолун бекитүү  жөнүндө"

Кеңеш айыл өкмөтүнүн 2018-жылга айылдык бюджетинин аткарылышы, 2020-жылга каралган айылдык бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолун бекитүү жөнүндөгү маселени "КыргызРеспубликасынын  2020-жылга республикалык  бюджети жана 2021-2022 -жылдарга болжолу жөнүндөгү" Мыйзамынын негизинде иштелип чыгылган  Долбоор тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилеринин катышуусунда депутаттардын Кеңеш айылдык кеңешинин "Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк"  боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан каралып чыгылган. Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү" № 101-Мыйзамынын 31-статьясынын 2 пунктунун 2-пункчасына жана Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодексиинин  78-беренесине  ылайык Кеңеш айыл аймагынын айылдык кеңешинин сессиясы     

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         2020-жылга Кеңеш айыл өкмөтүнүн айылдык бюджетинин кирешелери жана чыгашалары  17372,3  миң сом өлчөмүндө  бекитилип: 2020-жылга айылдык бюджеттин  кирешелерин түзүүчү булактары жана чыгашалары боюнча багыттар № 1 тиркемеге ылайык аныкталсын.

2.         Айылдык бюджеттин чыгаша бөлүгү 2020-жылга түшкөн кирешелердин жана гранттардын чегинде, ошону менен бирге биринчи кезекте корголгон беренелер боюнча (эмгек акы, соц.фондко чегерүү, тамак-аш жана коммуналдык кызматтарга) каржылануусу белгиленсин.

3.         Жыл ичинде киреше булагына өзгөртүүлөр киргизилиши сунушталсын. (№2 тиркеме) 

4.         Кеңеш айыл өкмөтүнүн 2021-2022-жылдарга айылдык бюджетинин болжолунун           

негизги көрсөткүчтөрү № 3,4 тиркемеге ылайык колдоого алынсын.

      Кирешенин болжолу 2021-жылга  17739,3 миң сомго (республикалык бюджеттен                            алынуучу гранттар 8219,7 миң сом менен) жана 2022-жылга 18009,0  мин сомго (республикалык бюджеттен алынуучу гранттар  8251,4  миң  сом менен) белгиленсин.

5. Кеңеш айыл өкмөтүнүн 2021-2022-жылдарга айылдык бюджетинин негизги көрсөткүчтөрүнүн болжолу жактырылсын, аларды ар бир конкреттүү мезгилде кабыл алууда тактоо жүргүзүү жагы белгиленсин.

6.    Атайын каражаттардын кирешесинин сметада бекитилген өлчөмүнөн ашыкча бөлүгү  толугу менен айылдык бюджеттик мекеменин каржылоосуна калаары аныкталсын.

7.  Айылдык бюджеттик мекемелери казыналыктын регионалдык  бөлүмдөрүнөн тышкары, мекеменин кассасы аркылуу атайын каражаттарын чыгымдоого тыюу салынсын.

8. Атайын каражаттар казыналыктан тышкары (бюджеттик мекемелердин кассасы аркылуу) чыгымдалган учурда  Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын 2020-жылга республикалык бюджети 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндөгү" Мыйзамынын  ылайык  бул каражаттын 100 пайыз  республикалык  бюджетке  алынып  коюлары эскертилсин.        

9.  2020-жылдын 1-январына айылдык бюджетти боюнча жүгүртүлүүчү кассалык накталай акча 50,0 мин сом суммасында белгиленсин.

10.  Айыл өкмөтүнүн башчысы  төмөнкүгө укуктуу:

-  Ушул токтомдун   1-беренесинде бекитилген суммалардын чегинде, эгер бул айылдык бюджеттин киреше бөлүгүнөн азайтууга алып келбесе ушул токтомдун тиркемелерине өзгөртүүлөрдү киргизүүгө ;  

 - ченемдик укуктук актылардын өзгөрүүсүнүн негизинде жыл ичинде тактоолорду жүргүзүүгө

-  киреше бөлүгүнөн  белгиленген пландан ашыкча түшкөн  каражаттын эсебинен чыгаша бөлүгүнүн  өлчөмүн көбөйтүү жагын кароо;

11. 2020-жылда айылдык бюджеттин киреше бөлүгүнүн  пландарынан  ашыкча аткарылышынан  түшкөн каражаттарды  бөлүштүрүү  жана  өзгөртүү  киргизүү  айылдык  Кенешке  ыйгарылсын.

13. Жергиликтүү бюджеттик мекеме-ишканалардын финансалык - экономикалык  негиздерин  чындоо, алардын финансылык   мамлекеттик каражаттарды максаттуу, сарамжалдуу пайдалануусун камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн жана финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы  тарабынан көзөмөлгө алынсын.

14.   Ноокат районунун Кеңеш айыл өкмөтүнүн 2018-жылдагы айылдык бюджеттин киреше бөлүгү  17295,7 миң сомго, чыгаша  бөлүгү  16999,9 мин сомго же кирешенин чыгашадан 295,8  мин сомго артыкчылыгы менен  аткарылгандыгы  № 5, 6 тиркемеге ылайык белгиленсин.

15.   Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы депутаттардын Кеңеш айылдык Кенешинин "Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча"  туруктуу  комиссиясынын төрагасы Н.Кудайназаровко тапшырылсын.

Кенеш айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

Абдибает уулу М              

ТИРКЕМЕ №2

 

Назад

 

 

 

3

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Кенеш айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 23 сессиясы

Т О К Т О М

Куу-майдан айылы

23-3

30.12.2019

 

Айыл аймагындагы зоналдык коэффициентин жана жеңилдик алуучулардын салыгынын өлчөмүн бекитүү тууралуу

Айыл өкмөтүнүн кирешелер боюнча башкы адиси А.Кадырбердиевдин Айыл аймагындагы зоналдык коэффициентин жана жеңилдик алуучулардын салыгынын суммасын бекитип берүү тууралуу  сунушун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 339-беренесинин 4-бөлүмүнө жана КРнын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү" 2011-жылдын 15-июлундагы № 101- мыйзамынын  4-главасынын 31-беренесинин  2-пунктунун 4-пунктчасына ылайык Кеңеш айыл аймагынын айылдык кеңешинин сессиясы     

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Кеңеш айыл аймагында зоналдык коэфициент К-1-1,0;   К-2 -1,0;   К-З -1,0   өлчөмүндө бекитилсин.

 

2.         Кеңеш айыл өкмөтү боюнча 2020-жылга карата физикалык тараптардан алынуучу тамарка салыгы 2494 кожолуктун 343,21 га жер аянтынан 3550,18  сом өлчөмүндө жеңилдик берилсин.

 

3.         Таштанды ташып чыгаруу жыйымынын ставкасы 100 сом өлчөмүндө  бекитилсин.

 

 

4.         Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык  кеңештин экономика,бюджет,соода жана ишкердүүлүктү өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Кудайназаров Нурланга тапшырылсын.

 

Кенеш айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

Абдибает уулу М              

 

 

Назад

 

 

4

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Кенеш айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 23 сессиясы

Т О К Т О М

Куу-майдан айылы

23-4

30.12.2019

 

 Айыл өкмөтүнүн штаттык түзүмүн жана штаттык санын  бекитүү тууралуу

Айыл өкмөтүнүн штаттык түзүмүн жана штаттык санын  бекитүү тууралуу маселени угуп жана талкуулап, КРнын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү" 2011-жылдын 15-июлундагы № 101- мыйзамынын  4-главасынын 31-беренесинин  13-пунктуна ылайык Кеңеш айыл аймагынын айылдык кеңешинин сессиясы     

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Айыл өкмөтүнүн 2020-жылга карата штаттык түзүмүнүн саны төмөндөгүдөй болуп бекитилсин:: башчы-1, орун басар-1, жооптуу катчы-1, ФЭБнүн башчысы-1, башкы адис-5, жетектөөчү адис-5, адис-2, айыл башчы-4, ВУС-4, кенже тейлөөчү кызматкер-1 жана техникалык тейлөөчү кызматкер -2  болуп бардыгы 27  штаттык саны бекитилсин.

 

2.         Бекитилген штаттын түзүмүн жана санын сактоо жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

 

3.           Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык  кеңештин экономика,бюджет,соода жана ишкердүүлүктү өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Кудайназаров Нурланга тапшырылсын.

 

Кенеш айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

Абдибает уулу М              

 

 

Назад

 

 

5

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Кенеш айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 23 сессиясы

Т О К Т О М

Куу-майдан айылы

23-5

30.12.2019

 

Кыргыз Республикасынын финансы министрлиги тарабынан өз кирешелерин жогорулатуу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын кызыктыруу максатында бөлүнүп берилген акча каражатын чыгымдоону бекитүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын финансы министрлиги тарабынан өз кирешелерин жогорулатуу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын кызыктыруу максатында бөлүнүп берилген акча каражатын чыгымдоону бекитүү тууралуу айылдык  кеңештин экономика,бюджет,соода жана ишкердүүлүктү өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин  угуп жана талкуулап, КРнын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү" 2011-жылдын 15-июлундагы № 101- мыйзамынын  4-главасынын 31-беренесинин  13-пунктуна ылайык Кеңеш айыл аймагынын айылдык кеңешинин сессиясы     

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Кыргыз Республикасынын финансы министрлиги тарабынан өз кирешелерин жогорулатуу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын кызыктыруу максатында бөлүнүп берилген акча каражатын чыгымдоону бекитүү тууралуу айылдык  кеңештин экономика,бюджет,соода жана ишкердүүлүктү өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын чечими  бекитилсин.

 

2.         Айыл өкмөтүнүн  айылдык  кеңештин экономика,бюджет,соода жана ишкердүүлүктү өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын чечиминин негизинде  чыгарылган буйругунун негизинде иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысына жана ФЭБнүн башчысына милдеттендирилсин.

 

3.           Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык  кеңештин экономика,бюджет,соода жана ишкердүүлүктү өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Кудайназаров Нурланга тапшырылсын.

 

 

 

Кенеш айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

Абдибает уулу М              

 

 

Назад

 

 

6

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Кенеш айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 23 сессиясы

Т О К Т О М

Куу-майдан айылы

23-6

30.12.2019

 

Тендер аркылуу 50 миңден жогорку суммадагы аткарылган иштерге мониторинг жүргүзүү жана кабыл алуу боюнча түзүлгөн комиссиянын курамын бекитүү тууралуу.

Айыл өкмөтүнүн бюджетинен каралган акча каражаттарынын мыйзамдуу жана таза иштелишин көзөмөлдөө максатында КРнын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү" 2011-жылдын 15-июлундагы № 101- мыйзамынын  4-главасынын 31-беренесинин  13-пунктуна ылайык Кеңеш айыл аймагынын айылдык кеңешинин сессиясы   

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Тендер аркылуу 50 миңден жогорку суммадагы аткарылган иштерге мониторинг жүргүзүү жана кабыл алуу боюнча төмөндөгүдөй комиссиянын курамы түзүлсүн:

             Жороев Н, Куу-Майдан айылынын депутаты-комиссиянын төрагасы.

             Мамашарип уулу Д, Байыш айылынын депутаты.

             Анарбаев С, Арбын айылынын депутаты.

             Маматмуса уулу К, Шаңкол айылынын депутаты

             Молдобаев М, Шаңкол айылынын депутаты.

 

2.         Тендерден утуп алган ишкананын аткарган жумушуна мониторинг жүргүзүп кабыл алуу жагы комиссиянын курамына милдеттендирилсин.

 

 

3.           Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык  кеңештин экономика,бюджет,соода жана ишкердүүлүктү өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Кудайназаров Нурланга тапшырылсын.

 

Кенеш айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

Абдибает уулу М              

 

 

Назад

 

 

7

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Кенеш айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 23 сессиясы

Т О К Т О М

Куу-майдан айылы

23-7

30.12.2019

 

Кеңеш айыл аймагынын айылдык  кеңешинин

иш-планын бекитүү.

Кеңеш айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2019-жыл үчүн түзүлгөн иш-планын  талкуулап Айылдык кеңештин   Регламентинин 3-бөлүмүндөгү айылдык  кеңештин ишинин жалпы тартибине ылайык Кеңеш   айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Кеңеш айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2019-жыл үчүн кабыл алган иш-пландары өзгөртүүлөр, толуктоолор менен кошо кабыл алынып, бекитилсин.(иш-план тиркелет)

 

2.         Иш-планда кабыл алынган маселелер  тиешелүү жооптуу адамдар тарабынан өз убагында аткарууга алынсын.

 

3.         Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.

 

 

Кенеш айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

Абдибает уулу М              

ТИРКЕМЕ №3

 

Назад