М А З М У Н У

№ п/п

Токтом №

Токтом датасы

Кыска мазмуну

1.

№ 25-1

30.12.2019

Кеёеш айыл кеёешинин штаттык    жадыбалын бекит\\ жън\ндъ  

2.

№ 25-2

30.12.2019

Кеёеш айыл ъкмът\н\н 2021-жылга бюджетинин долбоорун, 2022-2023-жылдарга карата болжолун кароо  жана  2020-жылдын бюджетине ъзгърт\\лърд\, толуктоолорду киргиз\\ жън\ндъ.

3.

№ 25-3

30.12.2019

Ъзгъчъ кырдалга карата токтотулган ишканалардын

ижара акысын жылдыруу тууралуу

4.

№ 25-4

30.12.2019

Жайыт комитетине келген техниканын ижара акысын бекитип бер\\ тууралуу.

5.

№ 25-5

30.12.2019

Куу-Майдан айылынын тургуну Паизова Г\лсанамдын арызы тууралуу.

6.

№ 25-6

30.12.2019

Кеёеш айыл аймагынын Арбын айылынын тургуну Аскаров Кутубектин \й\н\н т\нд\к тарабындагы   жер участогун муниципалдык менчикке алуу тууралуу

 

 

 

 

 

1

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Кенеш айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 25 сессиясы

Т О К Т О М

Куу-майдан айылы

№ 25-1

30.12.2019

 

Кеңеш айыл кеңешинин штаттык    жадыбалын бекитүү жөнүндө  

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 4-мартындагы №124 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү  жөнүндө" токтому жана 2020-жылдын 5-февралындагы №64 "Айылдык  кеңештердин акы төлөө негизиндеги кызмат орундарынын тизмесин бекитүү жөнүндө" токтомунун негизинде калкы 6001ден жогору болгон Кеңеш айыл аймагынын Кеңеш айылдык кеңешинде 1 штаттык кызмат орду (Кеңеш айылдык кеңештин жооптуу катчысы) жана анын айлык акылары каралгандыгын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу  иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин 2020-жылдын 28-майындагы №01-25/119-сандуу чыгуу катынын негизинде Кеңеш айылдык кеңешинин  жооптуу катчысынын штаттык жадыбалын  бекитип берүү боюнча Кеңеш айыл кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү  жөнүндө" токтому жана 2020-жылдын 5-февралындагы № 64 "Айылдык  кеңештердин акы төлөө негизиндеги кызмат орундарынын тизмесин бекитүү жөнүндө" токтому жетекчиликке жана аткарууга алынсын.

2.         Кеңеш айыл  кеңешинин  1 (бир) жооптуу  катчысы штаттык бирдиги бекитилсин. (№1  тиркеме тиркелет)

3.         Бекитилген штаттык бирдикке акча каражатын төлөп берүү жагы                 Кеңеш  айыл өкмөтүнүн башчысына жана   ФЭБнүн башчысына  милдеттендирилсин.

4.         Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык  кеңештин экономика,бюджет,соода жана ишкердүүлүктү өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Кудайназаров Нурланга тапшырылсын.

 

Кенеш айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

Абдибает уулу М              

ТИРКЕМЕ №1

 

Назад

 

 

 

 

2

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Кенеш айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 25 сессиясы

Т О К Т О М

Куу-майдан айылы

№ 25-2

30.12.2019

 

Кеңеш айыл өкмөтүнүн 2021-жылга бюджетинин долбоорун, 2022-2023-жылдарга карата болжолун кароо  жана  2020-жылдын бюджетине өзгөртүүлөрдү, толуктоолорду киргизүү жөнүндө.

Кеңеш айыл өкмөтүнүн 2021-жылга бюджетинин долбоорун, 2022-2023-жылдарга карата болжолун кароо  жана 2020-жылдын бюджетине өзгөртүүлөрдү, толуктоолорду киргизүү жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап "КыргызРеспубликасынын  2019-жылга республикалык  бюджети жана 2020-2021 -жылдарга болжолу жөнүндөгү" Мыйзамынын негизинде иштелип чыгылган Долбоор тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилеринин катышуусунда депутаттардын Кеңеш айылдык кеңешинин "Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк"  боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан каралып чыгылган. КыргызРеспубликасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү" № 101-Мыйзамынын 31-статьясынын 2 пунктунун 2-пункчасына жана Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодексиинин  78- жана 115-беренесине  ылайык Кеңеш айыл аймагынын айылдык кеңешинин сессиясы     

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Кеңеш айыл өкмөтүнүн 2021-жылга бюджетинин долбоорун жана  2022-2023-жылдарга карата болжолу жактырылсын жана тиркемеге ылайык бекитилсин .(№ 1-тиркеме тиркелет)

 

2.         Коронавирус илдетине карата киргизилген өзгөчө кырдаалга байланыштуу 2020-жылдын бюджетиндеги кээ бир аткарылбай калган  чыгымдарына өзгөртүүлөр, толуктоолор киргизилсин.(№ 2- 3- тиркеме тиркелет).

 

3.         Эпидемиялык кырдаалга байланыштуу айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен жумшалган акча каражаттарына чыгарылган буйруктары бекитилсин. (№4-тиркеме тиркелет)

 

4.         Токтомдун аткарууга алуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысына жана ФЭБнүн башчысына милдеттендирилсин.

 

5.         Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы депутаттардын Кеңеш айылдык Кенешинин "Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча"  туруктуу  комиссиясынын төрагасы Н.Кудайназаровко тапшырылсын.

 

Кенеш айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

Абдибает уулу М              

ТИРКЕМЕ №2

 

Назад

 

 

 

3

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Кенеш айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 25 сессиясы

Т О К Т О М

Куу-майдан айылы

№ 25-3

30.12.2019

 

Өзгөчө кырдалга карата токтотулган ишканалардын

ижара акысын жылдыруу тууралуу

Кеңеш айыл аймагындагы иштеп жаткан 2 мончо жана муниципалдык менчиктеги кичи футбол аянтчасы өлкөбүздөгү болуп жаткан өзгөчө кырдаалга карата иштебей токтоп тургандыгына байланыштуу беш айга ижара акысы түшпөй калгандыгын б.а.патент салыгынан 13,0 м.с. ижара акыдан 33,0 м.с. жалпысы 46,0 м.с. бюджет жоготууга учурагандыгын эске алып  КыргызРеспубликасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү" № 101-Мыйзамынын 31-статьясынын 2 пунктунун 2-пункчасына жана Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодексиинин  78- жана 115-беренесине  ылайык Кеңеш айыл аймагынын айылдык кеңешинин сессиясы     

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Кеңеш айыл аймагындагы иштеп жаткан 2 мончо жана муниципалдык менчиктеги кичи футбол аянтчасы өлкөбүздөгү болуп жаткан өзгөчө кырдаалга карата иштебей токтоп тургандыгына байланыштуу беш айга ижара акысы  жылдырылсын.

 

2.         Токтомдун аткарууга алуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысына жана ФЭБнүн башчысына милдеттендирилсин.

 

3.         Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы депутаттардын Кеңеш айылдык Кенешинин "Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча"  туруктуу  комиссиясынын төрагасы Н.Кудайназаровко тапшырылсын.

Кенеш айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

Абдибает уулу М              

 

 

Назад

 

 

4

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Кенеш айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 25 сессиясы

Т О К Т О М

Куу-майдан айылы

№ 25-4

30.12.2019

 

Жайыт комитетине келген техниканын ижара акысын бекитип берүү тууралуу.

Жайыт комитетинин төрагасы Н.Карыбековдун жайыт комитетине келген техниканын ижара акысын бекитип берүү тууралуу өтүнүчүн угуп жана талкуулап КыргызРеспубликасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү" № 101-Мыйзамынын 31-статьясынын 4- пунктунун 5-пунктчасына ылайык Кеңеш айыл аймагынын айылдык кеңешинин сессиясы     

 

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

 

1.         Жайыт комитетине келген техниканын ижара акысы айына   7000 (жети миң)сомго, сегиз айга 56.000 (элүү алты миң) сом болуп бекитилсин.

 

2.         Жайыт комитетинин төрагасы Н.Карыбековго ижарачы менен келишимди түзүү жагы милдеттендирилсин.

 

3.         Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы депутаттардын Кеңеш айылдык Кенешинин "Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча"  туруктуу  комиссиясынын төрагасы Н.Кудайназаровко тапшырылсын.

 

Кенеш айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

Абдибает уулу М              

 

 

Назад

 

 

5

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Кенеш айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 25 сессиясы

Т О К Т О М

Куу-майдан айылы

№ 25-5

30.12.2019

 

Куу-Майдан айылынын тургуну Паизова Гүлсанамдын арызы тууралуу.

Куу-Майдан айылынын тургуну Паизова Гүлсанамдын жашап жаткан үйү кайнатасы Ырысбаев Арапбайдын атында жана жер участогунун максаттык багыты чайхана деп берилгендигин жана ушул жер участогунун багытын тамарка деп өзгөртүп берүү тууралуу жазган арызын карап жана талкуулап, Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 3-бөлүмүнүн  18-беренесинин  1- пунктунун 15-пунктчасына  ылайык   Кеңеш айылдык кеңеши

 

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Куу-Майдан айылынын тургуну Паизова Гүлсанамдын жашап жаткан үйү кайнатасы Ырысбаев Арапбайдын атындагы жер участогунун максаттык багыты тамарка деп өзгөртүлүп берилсин.

 

2.         Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  жагы айылдык кеңештин айыл,суу чарба, жерге жайгаштыруу, экология, жаратылышты коргоо,транспорт, курулуш жана энергетика  боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Нурматов Орозмаматка тапшырылсын.

Кенеш айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

Абдибает уулу М              

 

 

Назад

 

 

6

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Кенеш айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 25 сессиясы

Т О К Т О М

Куу-майдан айылы

№ 25-6

30.12.2019

 

Кеңеш айыл аймагынын Арбын айылынын тургуну Аскаров Кутубектин үйүнүн түндүк тарабындагы   жер участогун муниципалдык менчикке алуу тууралуу

Кеңеш айыл аймагынын Арбын айылынын тургуну Аскаров Кутубектин үйүнүн түндүк тарабындагы   жер участогунда эч кимдин укугу катталбагандыгын эске алып Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамынын  4-бөлүмүнүн  31-беренесинин 2-пунктунун 5-пунктчасына ылайык   Кеңеш айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

 

1.         Кеңеш айыл аймагынын Арбын айылынын тургуну Аскаров Кутубектин үйүнүн түндүк тарабындагы   жер участогу айыл өкмөтүнүн  муниципалдык менчигине  алынсын.

 

2.         Жер участогун тактап,  аянтын өлчөп жана  муниципалдык менчикке алуу боюнча  иш-кагаздарын даярдап, тиешелүү документтерин бүтүрүү жагы жер маселелери боюнча башкы адис Ж.Маматалиевке жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча башкы адис М.Осмоновко жүктөлсүн. 

 

3.         Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы  айылдык кеңештин айыл,суу чарба, жерге жайгаштыруу, экология, жаратылышты коргоо,транспорт, курулуш жана энергетика  боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Нурматов Орозмаматка тапшырылсын.

 

 

Кенеш айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

Абдибает уулу М              

 

 

Назад