М А З М У Н У

№ п/п

Токтом №

Токтом датасы

Кыска мазмуну

1.

26-1

30.10.2020

Айыл өкмөтүнүн 2020-жылдагы жергиликтүү бюджетинин 9-айлыктын жыйынтыгы боюнча аткарылбай калган кирешелер жана чыгашалар боюнча тактоолор жана толуктоолор тууралуу

2.

26-2

30.10.2020

№ 9-үБДТна берилген  "Мерседес Бенс" үлгүсүндөгү автомобил унаасын айыл өкмөтүнүн балансысына алып, "Баарын" үБДБна тез жардам унаасы катарында өткөрүп берүү тууралуу

3.

26-3

30.10.2020

Куу-Майдан айылынын тургуну И.Төлөнбаевдин арызы тууралуу

4.

26-4

30.10.2020

Куу-Майдан айылынын тургуну  А.Абдивалиевдин арызы тууралуу

5.

26-5

30.10.2020

Байыш жана Шаңкол айылдарындагы  кээ бир  көчөлөрдүн аттарын алмаштыруу  тууралуу

6.

26-6

30.10.2020

"БАМ Компани" ЖЧКна кампа салуу үчүн ижарага

жер участогун таап берүүгө уруксат берүү тууралуу

1

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Кенеш айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 26 сессиясы

Т О К Т О М

Куу-майдан айылы

26-1

30.10.2020

Айыл өкмөтүнүн 2020-жылдагы жергиликтүү бюджетинин 9-айлыктын жыйынтыгы боюнча аткарылбай калган кирешелер жана чыгашалар боюнча тактоолор жана толуктоолор тууралуу

Айыл өкмөтүнүн 2020-жылдагы жергиликтүү бюджетинин 9-айлыктын жыйынтыгы боюнча аткарылбай калган кирешелер жана чыгашалар боюнча тактоолор жана толуктоолор тууралуу  "Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча"  туруктуу  комиссиясынын төрагасы Н.Кудайназаровдун  жана Айыл өкмөттүн ФЭБнүн башчысы  А.Мадраимовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодексиинин 21-главасынын  109-беренесинин 1,4-пунктуна жана 115-беренесинин 4-пункттуна ылайык Кеңеш айыл аймагынын  айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.         Айыл өкмөтүнүн 2020-жылдагы жергиликтүү бюджетин 9 айлык планынын аткарылышы белгиленсин.

2.         Айыл өкмөтүнүн 2020-жылдагы жергиликтүү бюджетинин 9-айлыктын жыйынтыгы боюнча 2019-жылдын 30-декабрындагы № 23-2-токтомуна аткарылбай калган кирешелер жана чыгашалар боюнча тактоолор жана толуктоолор  № 1,2-тиркемелерге ылайык киргизилип, бекитилсин. (тиркеме тиркелет)

3.         Бекитилген тактоолор жана толуктоолорду аткарууга алуу жагы Айыл өкмөтүнүн башчысына жана ФЭБнүн башчысына милдеттендирилсин.

4.         Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык  кеңештин экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүктү өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Кудайназаров Нурланга тапшырылсын.

Кенеш айылдык Кенешинин  төрагасы 

Абдибает уулу М              

ТИРКЕМЕ №1

Назад

2

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Кенеш айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 26 сессиясы

Т О К Т О М

Куу-майдан айылы

26-2

30.10.2020

№ 9-үБДТна берилген  "Мерседес Бенс" үлгүсүндөгү автомобил унаасын айыл өкмөтүнүн балансысына алып, "Баарын" үБДБна тез жардам унаасы катарында өткөрүп берүү тууралуу

Кеңеш айыл өкмөтүнүн башчысынын "№ 9-үБДТна берилген  "Мерседес Бенс" үлгүсүндөгү автомобил унаасын айыл өкмөтүнүн балансысына алып, "Баарын" үБДБна тез жардам унаасы катарында өткөрүп берүү тууралуу"   маселени угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдыча башкаруу жөнүндөгү Мыйзамынын  4-бөлүмүнүн 31-беренесинин  2-пунктунун 5-пунктчасына  ылайык  Кеңеш айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.         Айыл аймагындагы № 9-үБДТна берилген  "Мерседес Бенс" үлгүсүндөгү автомобил унаасы айыл өкмөтүнүн  балансасына алынсын.

2.         Айыл өкмөтү тарабынан комиссия түзүлүп,  "Мерседес Бенс" үлгүсүндөгү автомобил унаасын  баланстык баасы эсептелип,  тиешелүү иш кагаздарын даярдап баланска алып, "Баарын" үБДБна тез жардам унаасы катарында өткөрүп берүү  жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

3.         Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  жагы айылдык кеңештин социалдык, маданий, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана дин иштери  боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Матисаков Абдыкалыкка тапшырылсын.

Кенеш айылдык Кенешинин  төрагасы 

Абдибает уулу М              

Назад

3

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Кенеш айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 26 сессиясы

Т О К Т О М

Куу-майдан айылы

26-3

30.10.2020

Куу-Майдан айылынын тургуну И.Төлөнбаевдин арызы тууралуу

Кеңеш айыл аймагына караштуу Куу-Майдан айылынын  тургуну И.Төлөнбаевдин  сатып алган такта тилчүү цехтин  жеринин токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу сураган кайрылуусун угуп жана талкуулап "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" КРнын мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктунун 1-пунктчасына ылайык Кеңеш айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.         Кеңеш айыл аймагына караштуу Куу-Майдан  айылынын  тургуну И.Төлөнбаевдин  сатып алган такта тилчүү цехтин  жеринин токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу сураган кайрылуусун айыл өкмөтүндө түзүлгөн жер комиссиясына  жерин тактап келүү боюнча тапшырма  берилсин.

2.         Жер комиссиясынын тактаган маалыматына таянып чечим чыгарылары арыз ээсине билдирилсин.

3.         Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  жагы айылдык кеңештин айыл,суу чарба, жерге жайгаштыруу, экология, жаратылышты коргоо,транспорт, курулуш жана энергетика  боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Нурматов Орозмаматка тапшырылсын.

Кенеш айылдык Кенешинин  төрагасы 

Абдибает уулу М              

Назад

4

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Кенеш айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 26 сессиясы

Т О К Т О М

Куу-майдан айылы

26-4

30.10.2020

Куу-Майдан айылынын тургуну  А.Абдивалиевдин арызы тууралуу

Кеңеш айыл аймагына караштуу Куу-Майдан айылынын  тургуну  А.Абдивалиевдин калктуу конуштун ичиндеги жашап жаткан  жерине токтом чыгарып берүү тууралуу сураган кайрылуусун угуп жана талкуулап талкуулап   Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамынын 4-бөлүмүнүн 31-беренесинин 2-пунктунун 16-пунктчасына  таянып  Кеңеш айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.         Кеңеш айыл аймагына караштуу Куу-Майдан айылынын  тургуну  А.Абдивалиевдин жашап жаткан  жери  калктуу конуштун ичинде экендиги эске алынып, арызы канттандырылсын.

2.         Кеңеш айыл аймагына караштуу Куу-Майдан айылынын  тургуну  А.Абдивалиевдин жашап жаткан  жерине мыйзам чегинде токтом чыгарып берүү жагы айыл өкмөтүнө сунушталсын.

3.         А.Абдивалиевдин жашап жаткан    жерин инвентаризациялап, мыйзам чегинде документештирүү жагы айыл өкмөтүнүн жер адиси Ж.Маматалиевке жана юристи М.Осмоновко тапшырылсын.

4.         Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы  Ташполот уулу Б жүктөлсүн.

Кенеш айылдык Кенешинин  төрагасы 

Абдибает уулу М              

Назад

5

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Кенеш айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 26 сессиясы

Т О К Т О М

Куу-майдан айылы

26-5

30.10.2020

Байыш жана Шаңкол айылдарындагы  кээ бир  көчөлөрдүн аттарын алмаштыруу  тууралуу

Байыш жана Шаңкол айылдарындагы айылдарындагы  кээ бир  көчөлөрдүн

 аттарын алмаштыруу  тууралуу жамааттардын жалпы жыйынын чечими тууралуу  айыл башчылар С.Жумабаевдин жана А.Жамгырчыевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап КРнын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү" 2011-жылдын 15-июлундагы  № 101- мыйзамынын  4-главасынын 31-беренесинин  2-пунктунун   9-пункчасына  таянып  Кеңеш айыл аймагынын айылдык кеңешинин сессиясы     

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.         Байыш  айылындагы  "Түлкү-Дөбө" көчөсүнүн атын  эмгек ардагери "Мадраимов Шерали-ата", "Жаштар" көчөсүнүн атын Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагери "Примберди-ата", Шаңкол айылындагы  "Келечек" көчөсүнүн атын  эмгектин ардагери "Уста Урайим-ажы" деп өзгөртүү  тууралуу ошол жердин жамаатынын сунушу жактырылып, бекитилсин.

2.         Байыш  айылындагы  "Түлкү-Дөбө" көчөсүнүн атын  эмгек ардагери "Мадраимов Шерали-ата", "Жаштар" көчөсүнүн атын Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагери "Примберди-ата", Шаңкол айылындагы  "Келечек" көчөсүнүн атын  эмгектин ардагери "Уста Урайим-ажы" деп  2021-жылдан тартып өзгөртүлсүн.

3.         Аталган  көчөлөргө  көчөнүн аттары, үйлөрдүн номерлери  жазылган табличкаларды илүү жана көчөнүн инфрастуктурасын жакшыртуу, жарыктандыруу, көрктөндүрүү боюнча иштерди алып баруу менен көчөгө аты коюлган инсандардын жаркын элесин түбөлүктө сактап, көчөнү үлгүлүү алдыңкы көчө кылып сактоо жагы жакын тууган-уруктарына  милдеттендирилсин..

4.         Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  жагы Байыш айылынын айыл башчысы С.Жумабаевке жана Шаңкол айылынын айыл башчысы А.Жамгырчыевке тапшырылсын.

Кенеш айылдык Кенешинин  төрагасы 

Абдибает уулу М              

Назад

6

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Кенеш айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 26 сессиясы

Т О К Т О М

Куу-майдан айылы

26-6

30.10.2020

"БАМ Компани" ЖЧКна кампа салуу үчүн ижарага

жер участогун таап берүүгө уруксат берүү тууралуу

        Айылдык кеңештин депутаты Нурматов Орозмаматтын  бюджетти көтөрүү максатында "БАМ Компани" ЖЧКна кампа салуу үчүн ижарага жер участогун таап берүүгө уруксат берүү тууралуу сунушун угуп жана талкуулап, КРнын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндөгү" мыйзамынын  3-главасынын   18-беренесинин  15 жана 22-пункттарына жана  4-главасынын 31-беренесинин  5-пунктуна ылайык Кеңеш айыл аймагынын айылдык кеңешинин сессиясы     

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.         Айылдык кеңештин депутаты Нурматов Орозмаматтын  айыл өкмөтүнүн  бюджетин көтөрүү максатында ижарага жер таап берүү тууралуу сунушу канааттандырылсын.

2.         "БАМ Компани" ЖЧКна кампа салуу үчүн ижарага жер участогун таап берүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Ташполот уулу Бексултанга жана  жер маселелери боюнча башкы адиси Ж.Маматалиевке милдеттендирилсин.