М А З М У Н У

№ п/п

Токтом №

Токтом датасы

Кыска мазмуну

1.

№3-1

09.06.2021

_

2.

№3-2

09.06.2021

 "Ак Шумкар Ноокат" ЖУКнун жетекчиси   Т. Ажикулов  арызын кароо

3.

№3-4

09.06.2021

Айылдык кеңештин РЕГЛАМЕНТИН бекитүү тууралуу

4.

№3-5

09.06.2021

Айылдык кеңештин депутаттарынын этикалык кодексин  бекитүү тууралуу

 

 

 

 

 

1

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Кенеш айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезексиз 3 сессиясы

Т О К Т О М

Куу-майдан айылы

№3-1

09.06.2021

 

_

Кеңеш айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы А.Мадраимовдун 2021-жылга бекитилген бюджетке кээ бир  муктаждыктарга байланыштуу өзгөртүү киргизип берүү тууралуу суранычын угуп жана талкуулап КРнын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндөгү" мыйзамынын 4-главасынын 31-беренесинин  2-пунктуна ылайык Кеңеш айыл аймагынын айылдык кеңешинин сессиясы     

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Айыл өкмөтүнүн 2021-жылга бекитилген бюджеттин аппаратка деген бөлүмдөгү 500.000 (беш жүз  миң) сомдон,  билим берүү бөлүмүнө 320.000 (үч жүз жыйырма миң) сом жылдырылып бекитилсин. (тиркеме тиркелет)

 

2.         Токтомду аткарууга алуу жагы айыл өкмөт башчысына жана ФЭБнүн башчысы А.Мадраимовко милдеттендирилсин.

 

3.         Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кеңеш айылдык кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча  туруктуу комиссиянын төрагасы Кубанычбек уулу Мурасбекке милдеттендирилсин.

Кенеш айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

Абдырахманов О.С.            

ТИРКЕМЕ №1

 

Назад

 

 

 

 

2

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Кенеш айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезексиз 3 сессиясы

Т О К Т О М

Куу-майдан айылы

№3-2

09.06.2021

 

 "Ак Шумкар Ноокат" ЖУКнун жетекчиси   Т. Ажикулов  арызын кароо

           Ноокат-Шаңкол каттамы боюнча каттап жаткан автовустардын жүргүнчүлөрдөн алган жол каттам  акысын күйүүчү майдын кымбаттап кеткендигине байланыштуу,  20 сомдон 25 сомго көтөрүп берүү тууралуу суранган "Ак Шумкар Ноокат" ЖУКнун жетекчиси Т.Ажикуловдун  арызын элге салып, элдин пикирин эске алуу менен КРнын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндөгү" мыйзамынын 4-главасынын 31-беренесинин  14-пунктуна ылайык Кеңеш айыл аймагынын айылдык кеңешинин сессиясы     

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Ноокат-Шаңкол каттамы боюнча каттап жаткан автовустардын жүргүнчүлөрдөн жол каттам акысын күйүүчү майдын кымбаттап кеткендигине байланыштуу,  20 сомдон 25 сомго көтөрүп берүү тууралуу суранган арызы боюнча элдин пикири эске алынсын.

 

2.         Шаңкол айылынан Дары-Булак айылына чейинки аралыкта каттаган автобустардын жүргүнчүлөрдөн  алган жол каттам  акысы 25 сом деп  бекитилсин.

 

3.         Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кеңеш айылдык кеңешинин жер, суу чарба, жана жаратылышты коргоо,  мыйзамдуулукту,  укук  тартибин  сактоо,  жарандардын  укугун  жана  кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш,  таранспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Нурматов Орозмаматка милдеттендирилсин.

Кенеш айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

Абдырахманов О.С.            

 

 

Назад

 

 

3

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Кенеш айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезексиз 3 сессиясы

Т О К Т О М

Куу-майдан айылы

№3-4

09.06.2021

 

Айылдык кеңештин РЕГЛАМЕНТИН бекитүү тууралуу

 Айылдык кеңештин типтүү РЕГЛАМЕНТИН угуп жана талкуулап  КРнын 2011-жылдын 15-июлундагы "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү"  № 101-мыйзамынын  4-главасынын 31-беренесинин 2-пунктунун 11-пунктчасына ылайык Кеңеш айыл аймагынын айылдык кеңешинин сессиясы     

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Кеңеш айылдык кеңешинин Регламенти жактырылсын жана бекитилсин.(регламент тиркелет)

 

2.         Регламентти негиз кылып иш алып баруу жагы айылдык кеңештин депутаттарына милдеттендирилсин.

 

3.         Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  Кеңеш айылдык кенешинин Социалдык маселелер, маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо,  жаштар, спорт,  регламент, депутаттык этика жана мандат боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Орозмамат кызы Айганышка милдеттендирилсин.

Кенеш айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

Абдырахманов О.С.            

ТИРКЕМЕ №2

 

Назад

 

 

 

4

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Кенеш айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезексиз 3 сессиясы

Т О К Т О М

Куу-майдан айылы

№3-5

09.06.2021

 

Айылдык кеңештин депутаттарынын этикалык кодексин  бекитүү тууралуу

 Айылдык кеңештин депутаттарынын этикалык кодексин    угуп жана талкуулап  КРнын 2000-жылдын 13-январындагы "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндөгү"  № 3-мыйзамынын  1-главасынын  8-1-беренесине  ылайык Кеңеш айыл аймагынын айылдык кеңешинин сессиясы     

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Кеңеш айылдык кеңешинин депутаттарынын этикалык кодекси  жактырылсын жана бекитилсин.( этикалык кодекси тиркелет)

 

2.         Депутаттык этика кодексинин талаптарын  аткарууга алуу жагы айылдык кеңештин депутаттарына милдеттендирилсин.

 

3.         Бул токтомдун аткарылышын козомолдоо Кеңеш айылдык кенешинин Социалдык маселелер, маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо,  жаштар, спорт,  регламент, депутаттык этика жана мандат боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Орозмамат кызы Айганышка милдеттендирилсин.

Кенеш айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

Абдырахманов О.С.            

ТИРКЕМЕ №3

 

Назад