М А З М У Н У |
|||
№ п/п |
Токтом № |
Токтом датасы |
Кыска мазмуну |
1. |
№ 5-1 |
06.08.2021 |
Кеңеш айыл аймагынын
айылдык кеңешинин |
2. |
№5-2 |
06.08.2021 |
Айыл өкмөтүнүн
башчысынын алты ай ичинде аткарылган
жумуштар боюнча берген маалыматы тууралуу |
3. |
№5-3 |
06.08.2021 |
Кеңеш айыл өкмөтүнүн
2022-жылга бюджетинин долбоорун, 2023-2024-жылдарга карата болжолун талкуулоо |
4. |
№5-4 |
06.08.2021 |
|
5. |
№5-5 |
06.08.2021 |
Түрткү берүүчү
грантка жөнөтүлгөн долбоолордун өздүк
салымдары үчүн жергиликтүү бюджеттен акча каражатын бөлүп
берүү тууралуу |
6. |
№5-6 |
06.08.2021 |
Ак-чабуу орто
мектебине кичи футболдук аянтча курууга
өздүк салым үчүн акча каражатын бөлүп берүү тууралуу |
|
|
|
|
1 |
||||
|
||||
|
||||
Кенеш айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезектеги 5
сессиясы |
||||
Т О К Т О
М |
||||
Куу-майдан
айылы |
06.08.2021 |
|||
|
Кеңеш айыл аймагынын айылдык
кеңешинин иш-планын бекитүү |
|||
Кеңеш айыл аймагынын айылдык кеңешинин
2021-2022-жыл үчүн түзүлгөн иш-планын талкуулап
Айылдык кеңештин Регламентинин
2-бөлүмүнүн 2.2-пунктунун 2-пункт- часына, 3-бөлүмүндөгү
айылдык кеңештин ишинин жалпы
тартибине ылайык Кеңеш айыл
аймагынын айылдык кеңеши
|
||||
|
ТОКТОМ КЫЛАТ: |
|
||
1. Кеңеш айыл аймагынын айылдык кеңешинин
2021-2022-жыл үчүн кабыл алган иш-пландары өзгөртүүлөр,
толуктоолор менен кошо кабыл алынып, бекитилсин.(иш-план тиркелет) 2. Иш-планда
кабыл алынган маселелер тиешелүү
жооптуу адамдар тарабынан өз убагында аткарууга алынсын. 3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү
өзүмө калтырамын. |
||||
Кенеш айылдык Кенешинин
төрагасы |
|
Абдырахманов О.С. |
||
|
||||
|
||||
2 |
||||
|
||||
|
||||
Кенеш айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезектеги 5
сессиясы |
||||
Т О К Т О
М |
||||
Куу-майдан
айылы |
06.08.2021 |
|||
|
Айыл өкмөтүнүн башчысынын алты ай ичинде аткарылган жумуштар боюнча берген маалыматы
тууралуу |
|||
Айыл өкмөтүнүн
башчысынын алты ай ичинде аткарылган
жумуштар боюнча берген маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз
Республикасынын "Жергиликтүү
өз алдынча башкаруу жөнүндөгү"
2011-жылдын 15-июлундагы № 101-
мыйзамынын 4-главасынын
31-беренесинин 2-пунктунун
6-пунктчасына ылайык Кеңеш айыл аймагынын айылдык кеңешинин
сессиясы |
||||
|
ТОКТОМ КЫЛАТ: |
|
||
1. Айыл өкмөтүнүн
башчысынын алты ай ичинде аткарылган
жумуштар боюнча берген маалыматы
жактырылсын. 2. Айыл
өкмөт башчысынын Памирдик
кыргыздарга жардамга 25.200 (жыйырма беш миң эки жүз) сом, Сарава
мечитинин алдындагы Медересеге мамлекеттик акт алууга 14.500 (он төрт миң беш жүз) сом, кызматтык
машинанын ремонтуна жана күйүүчү майы үчүн
60.000 (алтымыш миң) сом акча каражатын ажыратып берүү
тууралуу сунушу жыл ичинде кошумча түшкөн кирешеден же үнөмдөлгөн
каражаттын эсебинен каржылансын. 3. Көрсөтүлгөн акча каражатын таап,
каржылоого алуу жагы айыл өкмөт башчысына жана ФЭБнүн
башчысына милдеттендирилсин. 4. Айтылган
сын-пикирлер, кетирилген кемчиликтерди
оңдоо боюнча кечиктирилгис чараларды көрүп жана берилген сунуш,
талаптарды аткарууга алып, аткарылган иштер боюнча кийинки сессияда
толук маалыматты берүү жагы айыл өкмөтүнүн
башчысына милдеттендирилсин. 5. Жакшы
иштеген кызматкерлерди, мекеме-уюмдардын жетекчилерин, депутаттарды ж.б. алты
айлыктын, бир жылдыктын жыйынтыгы менен сыйлоо жана кемчиликтерге жол койгондорго тиешелүү чараларды көрүү
жагы эске алынсын. 6. Токтомдун
аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, экономика,
муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы
экономикалык байланыш боюнча туруктуу
комиссиясынын төрагасы Кубанычбек уулу Мурасбекке тапшырылсын. |
||||
Кенеш айылдык Кенешинин
төрагасы |
|
Абдырахманов О.С. |
||
|
|
|||
|
||||
3 |
||||
|
||||
|
||||
Кенеш айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезектеги 5
сессиясы |
||||
Т О К Т О
М |
||||
Куу-майдан
айылы |
06.08.2021 |
|||
|
Кеңеш айыл өкмөтүнүн 2022-жылга бюджетинин
долбоорун, 2023-2024-жылдарга карата болжолун талкуулоо |
|||
Кеңеш айыл өкмөтүнүн
2022-жылга бюджетинин долбоорун, 2023-2024-жылдарга карата болжолун
талкуулоо жөнүндөгү
маселени угуп жана талкуулап
"Кыргыз Республикасынын
2021-жылга республикалык
бюджети жана 2022-2023 -жылдарга болжолу жөнүндөгү"
Мыйзамынын негизинде иштелип чыгылган Долбоор тиешелүү
мекеме-ишканалардын жетекчилеринин катышуусунда депутаттардын Кеңеш
айылдык кеңешинин " Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл
чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш
боюнча" боюнча туруктуу
комиссиясы тарабынан каралып чыгылган. КыргызРеспубликасынын "Жергиликтүү
өз алдынча башкаруу жөнүндөгү" № 101-Мыйзамынын 31-статьясынын 2 пунктунун
2-пунктчасына жана Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодексиинин 78- жана 115-беренесине ылайык Кеңеш айыл аймагынын
айылдык кеңешинин сессиясы |
||||
|
ТОКТОМ КЫЛАТ: |
|
||
1. Кеңеш айыл өкмөтүнүн
2022-жылга бюджетинин долбоору жана
2023-2024-жылдарга карата болжолу тиркемеге ылайык жактырылсын. (тиркемелер тиркелет) 2. Токтомдун аткарууга алуу жагы айыл өкмөтүнүн
башчысына жана ФЭБнүн башчысына милдеттендирилсин. 3. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк
кылуу жагы бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция,
ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Кубанычбек уулу Мурасбекке тапшырылсын. |
||||
Кенеш айылдык Кенешинин
төрагасы |
|
Абдырахманов О.С. |
||
|
||||
|
||||
4 |
||||
|
||||
|
||||
Кенеш айылдык Кенешинин VII чакырылышынын
кезектеги 5 сессиясы |
||||
Т О К Т О
М |
||||
Куу-майдан
айылы |
06.08.2021 |
|||
|
Арыз-даттануулар,сунуш- кайрылууларды аткарууга
алуу боюнча |
|||
Кеңеш айылдык кеңешине келип түшкөн
арыз-даттануулар,сунуш- кайрылууларды аткарууга алуу боюнча айылдык кеңештин
төрагасы О.С.Абдырахмановдун
билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндөгү Мыйзамынын
2-беренесине жана
13-беренесиинин 1-пунктунун 3-пунктчасына
таянып Кеңеш айыл
аймагынын айылдык кеңеши |
||||
|
ТОКТОМ КЫЛАТ: |
|
||
1. Мамажунусова Айгүлдүн Арбын айылына спорт залга деп бөлүнгөн
акча эки жылдан бери иштетилбей жаткандыгына байланыштуу, аны тротуар салууга иштетсек деген арызы өкмөт
тарабынан комиссия түзүлүп, Арбын айылынын депутаттары
менен чогуу карап чечип берүү
жагы Арбын айылынын айыл башчысы Анарбай уулу Канатбекке жүктөлсүн. 2. Коргонбаев
Анарбайдын Куу-Майдан айылындагы
иштебей токтоп турган мончону заманбап
кылып иштетсем деген арызы боюнча атайын комиссия түзүп карап
чечип берүү жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын. 3. Айыл өкмөтүнүн
соц.кызматкери тарабынан берген эки сунуш кат боюнча: айыл өкмөт өзү
комиссия түзүп,
Нурманбетова Д менен Сатыбалдыева А үйлөрүнө барып,
чындап муктаж болсо карай тургандыгы тууралуу
арыз ээлерине билдирүүсү жана Пробация боюнча акча кароодон өкмөт макулдугун бербегендиги
тууралуу соц.кызматкер Г. Ысаковага жеткирилсин. 4. Токтомдун аткарылышын
көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет, экономика,
муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Кубанычбек уулу Мурасбекке тапшырылсын. |
||||
Кенеш айылдык Кенешинин
төрагасы |
|
Абдырахманов О.С. |
||
|
|
|||
|
||||
5 |
||||
|
||||
|
||||
Кенеш айылдык Кенешинин VII чакырылышынын
кезектеги 5 сессиясы |
||||
Т О К Т О
М |
||||
Куу-майдан
айылы |
06.08.2021 |
|||
|
Түрткү берүүчү
грантка жөнөтүлгөн долбоолордун өздүк
салымдары үчүн жергиликтүү бюджеттен акча каражатын бөлүп
берүү тууралуу |
|||
Түрткү берүүчү
грантка жөнөтүлгөн долбоолордун өздүк
салымдары үчүн жергиликтүү
бюджеттен акча каражатын бөлүп берүү тууралуу айыл өкмөтүнүн
башчысынын сунушун угуп жана талкуулап, КРнын "Жергиликтүү
өз алдынча башкаруу жөнүндөгү" 2011-жылдын
15-июлундагы № 101- мыйзамынын
4-главасынын 31-беренесинин
2-пунктунун 2-пунктчасына жана Кыргыз Республикасынын бюджеттик
кодексиинин 51-беренесинин 1-пунктунун 3-пункчасына таянып
Кеңеш айыл аймагынын айылдык кеңешинин сессиясы |
||||
|
ТОКТОМ КЫЛАТ: |
|
||
1. Түрткү
берүүчү грантка жөнөтүлгөн
долбоолордун өздүк салымдары
үчүн 2022-жылдын жергиликтүү бюджетинен акча каражаты каралып берилсин. 2. Өздүк
салым үчүн керектелүүчү акча каражатын 2022-жылдын бюджетине киргизүү
жагы айыл өкмөт башчысына жана ФЭБнүн башчысына милдеттендирилсин. 3. Токтомдун аткарылышын
көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет, экономика, муниципалдык
менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык
байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын
төрагасы Кубанычбек уулу Мурасбекке тапшырылсын. |
||||
Кенеш айылдык Кенешинин
төрагасы |
|
Абдырахманов О.С. |
||
|
|
|||
|
||||
6 |
||||
|
||||
|
||||
Кенеш айылдык Кенешинин VII чакырылышынын
кезектеги 5 сессиясы |
||||
Т О К Т О
М |
||||
Куу-майдан
айылы |
06.08.2021 |
|||
|
Ак-чабуу орто мектебине кичи футболдук аянтча
курууга өздүк салым үчүн акча каражатын бөлүп берүү тууралуу |
|||
Түрткү берүүчү
грантка жөнөтүлгөн Ак-чабуу орто мектебине кичи
футболдук аянтча куруу боюнча долбоордун өздүк салымы үчүн акча каражаты ажыратып
берүү тууралуу долбоордун жетекчиси М.Пирмановдун
сунушун угуп жана талкуулап, КРнын
"Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү"
2011-жылдын 15-июлундагы № 101- мыйзамынын
4-главасынын 31-беренесинин
2-пунктунун 2-пунктчасына жана
Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодексиинин
51-беренесинин 1-пунктунун
3-пункчасына таянып Кеңеш айыл аймагынын айылдык кеңешинин
сессиясы |
||||
|
ТОКТОМ КЫЛАТ: |
|
||
1. Түрткү
берүүчү грантка жөнөтүлгөн Ак-чабуу
орто мектебине кичи футболдук аянтча куруу боюнча долбоордун өздүк
салымы үчүн 899.259 (сегиз жүз токсон тогуз миң
эки жүз элүү тогуз) сом
акча каражаты каралып берилсин.
2. Өздүк
салым үчүн керектелүүчү акча каражатын таап иштетүү жагы долбоордун
жетекчиси М.Пирмановко
милдеттендирилсин. 3. Токтомдун аткарылышын
көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет, экономика,
муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы
экономикалык байланыш боюнча
туруктуу комиссиясынын төрагасы Кубанычбек уулу Мурасбекке тапшырылсын. |
||||
Кенеш айылдык Кенешинин
төрагасы |
|
Абдырахманов О.С. |
||
|
|
|||
|
||||