М А З М У Н У

№ п/п

Токтом №

Токтом датасы

Кыска мазмуну

1.

№6-1

11.09.2021

Айыл аймагында күзгү-кышкы мезгилдерге даярдык көрүү тууралуу.

2.

№6-2

11.09.2021

Сарава көрүстөнүнүн иштетилбей турган жер участогуна элдердин суроо-талабы боюнча  Медересе курууга  макулдук берүү тууралуу

3.

№6-3

11.09.2021

Куу-Майдан айылындагы Ж.Нышанов атындагы орто мектебинин   жерине  спорт зал курууга  макулдук берүү тууралуу

4.

№6-4

11.09.2021

үлүш жерлердин чек арасына эгилген дарактарды алып салуу жана эгинге  түшкөн малдарды камакка алуу тууралуу

 

 

 

 

 

1

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Кенеш айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезектеги 6 сессиясы

Т О К Т О М

Куу-майдан айылы

№6-1

11.09.2021

 

Айыл аймагында күзгү-кышкы мезгилдерге даярдык көрүү тууралуу.

Айыл аймагында күзгү-кышкы мезгилдерге даярдык көрүү тууралуу Социалдык маселелер, маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо,  жаштар, спорт,  регламент, депутаттык этика жана мандат боюнча туруктуу комиссиянын төрайымы Орозмамат кызы Айганыштын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдыча башкаруу жөнүндөгү Мыйзамынын  4-бөлүмүнүн 31-беренесинин  2-пунктунун 1, 3-пункутчаларына  ылайык  Кеңеш айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Айыл аймагында күзгү-кышкы мезгилдерге даярдык көрүүнүн абалы кээ бир кемчиликтерди эске албаганда канаттандырарлык экендиги белгиленсин.

 

2.         Күзгү-кышкы мезгилдерге даярдык көрүүдөгү кемчиликтерди тез арада жоюуу жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

 

3.         Көмүр түшүрүүнү өз убагында  төгүү, Шаңкол орто мектебинин отканасынын чатырын оңдоо, Арбын орто мектебинин эски имаратынын жылытуу түтүкчөлөрүн отканага улоо, Асал-эне бала бакчасына, Шаңкол ФАПка, Куу-Майдан ФАПка  көмүркана куруу,   Арбын ФАПка печка алып берүү, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрго көмүр сатуучу пункттарды уюштуруу сыяктуу иштерди жерине барып көрүп, канчалык зарылдыгына жараша  тез арада чечүү боюнча иш-чара түзүшсүн.

 

4.         Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык  кеңештин  Социалдык маселелер, маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо,  жаштар, спорт,  регламент, депутаттык этика жана мандат  боюнча туруктуу  комиссиясынын төрайымы  Орозмамат кызы Айганышка  тапшырылсын.

 

Кенеш айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

Абдырахманов О.С              

 

 

Назад

 

 

 

2

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Кенеш айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезектеги 6 сессиясы

Т О К Т О М

Куу-майдан айылы

№6-2

11.09.2021

 

Сарава көрүстөнүнүн иштетилбей турган жер участогуна элдердин суроо-талабы боюнча  Медересе курууга  макулдук берүү тууралуу

Кеңеш айыл аймагына караштуу  Шаңкол   айылындагы  "Сарава" көрүстөнүнүн бош жаткан жерине элдердин суроо-талабына ылайык  Медересе курууга  уруксат сурап кайрылган кайрылуусун  карап жана талкуулап Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдыча башкаруу жөнүндөгү Мыйзамынын  4-бөлүмүнүн 31-беренесинин  2-пунктунун 5-пункутчасына  ылайык   жана Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө"  мыйзамынын 8,10,13-беренелерине ылайык  Кеңеш айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Кеңеш айыл аймагына караштуу  Шаңкол  айылында "Сарава" көрүстөнүнүн бош жаткан жерине элдердин суроо-талабына ылайык Медересе курууга  макулдук

            берилсин.

 

2.         Кеңеш айыл аймагына караштуу  Шаңкол  айылында "Сарава" көрүстөнүнүн бош жаткан жерине  Медересе куруунун  мыйзамдуулугун  карап,  тиешелүү документтерин бүтүрүп берүү жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

 

3.         Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин   Жер, суу чарба, жана жаратылышты коргоо,  мыйзамдуулукту,  укук  тартибин  сактоо,  жарандардын  укугун  жана  кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш,  таранспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Нурматов Орозмаматка тапшырылсын.

Кенеш айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

Абдырахманов О.С             

 

 

Назад

 

 

3

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Кенеш айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезектеги 6 сессиясы

Т О К Т О М

Куу-майдан айылы

№6-3

11.09.2021

 

Куу-Майдан айылындагы Ж.Нышанов атындагы орто мектебинин   жерине  спорт зал курууга  макулдук берүү тууралуу

Куу-Майдан айылындагы Ж.Нышанов атындагы орто мектебинин жерине  элдин өзүнүн салымы менен заманбап спорт зал курууга  уруксат сурап кайрылган Куу-Майдан айылынын айыл башчысынын кайрылуусун  угуп  жана талкуулап Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдыча башкаруу жөнүндөгү Мыйзамынын  4-бөлүмүнүн 31-беренесинин  2-пунктунун 5-пункутчасына  ылайык   Кеңеш айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Куу-Майдан айылындагы Ж.Нышанов атындагы орто мектебинин жерине  элдин өзүнүн салымы менен заманбап спорт зал курууга  макулдук  берилсин.

 

2.         Мыйзамдын чегинде жерин карап, документештирип берүү жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

3.         Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  жагы айылдык кеңештин  Жер, суу чарба, жана жаратылышты коргоо,  мыйзамдуулукту,  укук  тартибин  сактоо,  жарандардын  укугун  жана  кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш,  таранспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Нурматов Орозмаматка тапшырылсын.

Кенеш айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

Абдырахманов О.С             

 

 

Назад

 

 

4

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Кенеш айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезектеги 6 сессиясы

Т О К Т О М

Куу-майдан айылы

№6-4

11.09.2021

 

үлүш жерлердин чек арасына эгилген дарактарды алып салуу жана эгинге  түшкөн малдарды камакка алуу тууралуу

Айыл өкмөтүнүн башчысынын  айыл аймагында жашаган атуулдардын суранычы боюнча кээ бир атуулдар үлүш жерлердин чек арасына ар кандай дарактарды  эгип алган , натыйжада эгиндин түщүмдүүлүгү начарлап, экономикалык зыян тартып жаткандыгы тууралуу,  эгиндер бышып жетилген мезгилде эгинге түшкөн малдарды  камака алуу тууралуу сураныч  катын угуп  жана талкуулап Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдыча башкаруу жөнүндөгү Мыйзамынын  4-бөлүмүнүн 31-беренесинин  2-пунктунун  1,17-пунктчаларына  жана  айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын УСТАВынын  6-бөлүмүнүн   6.2-пунктунун 8-пунктчасына ылайык   Кеңеш айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Айыл аймагында жашаган атуулдардын  үлүш жерлеринин чек арасына ар кандай дарактарды  эгүүгө тыюуу салынсын жана эгилген дарактарды тез арада  алып салуу жагы жер ээсинен талап кылынсын.

 

2.         Талапты аткарбаган атуулга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында көрсөтүлгөн чаралар көрүлөрү эскертилсин.

 

3.         Эгинге түшкөн ээси жок малдарды ээси табылганга чейин камап багуу үчүн кеткен жем-чөбүнүн акысына күнүнө бир пресс чөптүн баасынын өлчөмүндө ар бир камалган мал үчүн кароолго төлөө  малдын ээсине жүктөлсүн.

 

4.         Токтомду аткарууга алуу жагы ар бир айылдын айыл башчыларына милдеттендирилсин.

 

5.         Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнө  тапшырылсын.

 

Кенеш айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

Абдырахманов О.С             

 

 

Назад