М А З М У Н У

№ п/п

Токтом №

Токтом датасы

Кыска мазмуну

1.

№7-1

29.10.2021

Айыл өкмөтүнүн 2021-жылдагы жергиликтүү бюджетинин  9-айлыктын жыйынтыгы боюнча кошумча тактоолор жана  толуктоолор тууралуу

2.

№7-2

29.10.2021

Ноокат-Шаңкол каттамынын жол акысын көтөрүү жөнүндө

 

 

 

 

 

1

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Кенеш айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезектеги 7 сессиясы

Т О К Т О М

Куу-майдан айылы

№7-1

29.10.2021

 

Айыл өкмөтүнүн 2021-жылдагы жергиликтүү бюджетинин  9-айлыктын жыйынтыгы боюнча кошумча тактоолор жана  толуктоолор тууралуу

Айыл өкмөтүнүн 2021-жылдагы жергиликтүү бюджетинин 9-айлыктын жыйынтыгы боюнча аткарылбай калган кирешелер жана чыгашалар боюнча тактоолор жана толуктоолор тууралуу "бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш" боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Кубанычбек уулу Мурасбектин жана айыл өкмөттүн ФЭБнүн башчысы А.Мадраимовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодексиинин 21-главасынын 109-беренесинин 1,4-пунктуна жана 115-беренесинин 4-пункттуна жана КРнын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндөгү" мыйзамынын 4-главасынын 31-беренесинин 2-пунктунун 2-пункчасына ылайык Кеңеш айыл аймагынын айылдык кеңеши

 

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Айыл өкмөтүнүн 2021-жылдагы жергиликтүү бюджетин 9 айлык планынын аткарылышы белгиленсин.

 

2.         Айыл өкмөтүнүн 2021-жылдагы жергиликтүү бюджетинин 9-айлыктын жыйынтыгы боюнча 2020-жылдын 28-декабрындагы № 27-2-токтомуна кошумча тактоолор жана толуктоолор № 1,2-тиркемелерге ылайык киргизилип, бекитилсин. (тиркеме тиркелет)

 

3.         Бекитилген тактоолор жана толуктоолорду аткарууга алуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысына жана ФЭБнүн башчысына милдеттендирилсин.

 

1.         Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Кубанычбек уулу Мурасбекке тапшырылсын.

Кенеш айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

Абдырахманов О.С.            

ТИРКЕМЕ №1

 

Назад

 

 

 

 

2

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Кенеш айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезектеги 7 сессиясы

Т О К Т О М

Куу-майдан айылы

№7-2

29.10.2021

 

Ноокат-Шаңкол каттамынын жол акысын көтөрүү жөнүндө

 Ноокат-Шаңкол каттамы боюнча каттап жаткан автовустардын жүргүнчүлөрдөн алган жол каттам акысын күйүүчү майдын кымбаттап кеткендигине байланыштуу, көтөрүп берүү тууралуу суранган айдоочулардын арызын жана элдин пикирин эске алуу менен КРнын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндөгү" мыйзамынын 4-главасынын 31-беренесинин 14-пунктуна ылайык Кеңеш айыл аймагынын айылдык кеңешинин сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Ноокат-Шаңкол каттамы боюнча каттап жаткан автобустардын айдоочуларынын күйүүчү майдын кымбаттап кеткендигине байланыштуу, жүргүнчүлөрдөн алынуучу жол каттам акысын көтөрүп берүү тууралуу суранган арызы боюнча элдин пикири эске алынсын.

 

2.         Ноокат-Арбын-Шаңкол айылына чейинки жол каттамында каттаган автобустардын айдоочуларынын жүргүнчүлөрдөн алган жол каттам акысы 25 сом деп бекитилсин.

 

3.         Дары-Булак айылындагы Чардана мечитине чейинки аралыктагы жолдун өтө начар абалын эске алуу менен каттаган автобустардын айдоочуларынын жүргүнчүлөрдөн алган жол каттам акысы 30 сомго көтөрүлсүн.

 

4.         Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кеңеш айылдык кеңешинин жер, суу чарба, жана жаратылышты коргоо, мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, таранспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Нурматов Орозмаматка милдеттендирилсин.

Кенеш айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

Абдырахманов О.С.            

 

 

Назад