М А З М У Н У

№ п/п

Токтом

Токтом датасы

Кыска мазмуну

1.

№ 8-1

14.12.2021

 Айылдык кеңештин 2017-жылдын 21-декабрындагы "Айыл аймагынын  2018-2022- жылдарга карата социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн

 стратегиялык программасын бекитүү тууралуу" № 8-1 токтомуна  өзгөртүүлөрдү толуктоолорду киргизүү жөнүндө

2.

№ 8-2

14.12.2021

 Кеңеш айыл аймагындагы Шаңкол айылынын тургуну

 Камбар уулу Нурмаматтын арызын кароо тууралуу.

3.

№ 8-3

14.12.2021

 Арбын айылындагы Арбын орто мектебинин жерине

 кичи футболдук аянтча курууга макулдук берүү тууралуу

4.

№ 8-4

14.12.2021

Айыл өкмөт башчысынын сунуштаган долбоорлорун колдоого алуу тууралуу

5.

№ 8-5

14.12.2021

 Айыл аймагындагы борбордук жана ички жолдорду кеңейтүү тууралуу

6.

№ 8-6

14.12.2021

Айыл өкмөт башчысынын айыл аймагынын имамдары, айылдык кеңештин

депутаттары менен биргеликте той-маареке, каада-салттардагы ашыкча ысырапкерчиликти кыскартуу боюнча иш алып баруу  тууралуу сунушун кароо

 

 

 

 

 

1

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Кенеш айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезектеги 8 сессиясы

Т О К Т О М

14.12.2021

№ 8-1

Куу-майдан айылы

 

 Айылдык кеңештин 2017-жылдын 21-декабрындагы "Айыл аймагынын  2018-2022- жылдарга карата социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн

 стратегиялык программасын бекитүү тууралуу" № 8-1 токтомуна  өзгөртүүлөрдү толуктоолорду киргизүү жөнүндө

Айыл аймагынын 2018-2022-жылдарга карата түзүлгөн социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн стратегиялык программасына өзгөртүүлөрдү толуктоолорду киргизүү жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап КРнын 2011-жылдын 15-июлундагы "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү" № 101-мыйзамынын 3-главасынын 18-беренесинин 1-пунктуна жана 4-главасынын 31-беренесинин 2-пунктунун 3-пунктчасына ылайык Кеңеш айыл аймагынын айылдык кеңешинин сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Айылдык кеңештин 2017-жылдын 21-декабрындагы№ 8-1 токтому менен бекитилген "Айыл аймагынын 2018-2022-жылдарга карата түзүлгөн социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн стратегиялык программасы өзгөртүүлөр, толуктоолор менен бекитилсин.(тиркеме тиркелет).

2.         №1-приоритетүү " Айыл чарбасы жана өндүрүш тармагына" Ош-Исфана жолунун Кеңеш айыл өкмөтү жайгашкан жолдун жээгине киреше алып келе турган ишкана куруу;

 №4- приоритетүү "Мектеп жана мектепке чейинки билим берүү мекемелерин

 кеңейтүү" багытына: Медересе калктуу конушуна балдар бакчасын куруу, Байыш

 -Нуру балдар бакчасына ашкана куруу, Батуу айылына балдар бакчасын куруу;

 №5- приоритетүү "Саламаттыксты сактоо тармагына" : №9-үБДТну оңдот түзөө,

 Арбын ФАПтын имаратын жакшыртуу, Батуу айылына ФАП куруу, Медересе

 калктуу конушуна ФАП куруу, Дары-Булак айылындагы ФАПты оңдоп түзө

 № 6-приоритетүү " спорт" тармагына Арбын айылына кичи футболдук аянтча

 куруу иш-чаралары менен толукталсын.

3.         №9-үБДТну оңдот түзөө, Арбын ФАПтын имаратын жакшыртуу боюнча АРИС тарабынан каржылануучу долбоордун сметалык документтерин бүтүрүүгө айыл өкмөтүнүн бюджетинен акча каражаты ажыратылып берилсин

4.         Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын.

Кенеш айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

Абдырахманов О.С.            

ТИРКЕМЕ №1

 

Назад

 

 

 

 

2

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Кенеш айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезектеги 8 сессиясы

Т О К Т О М

14.12.2021

№ 8-2

Куу-майдан айылы

 

 Кеңеш айыл аймагындагы Шаңкол айылынын тургуну

 Камбар уулу Нурмаматтын арызын кароо тууралуу.

 

Кеңеш айыл аймагына караштуу Шаңкол айылынын тургуну Камбар уулу Нурмаматтын үй алдындагы жер участогунан 710,0 чарчы метр жер аянтын өз каалоосу менен мечит салууга берип жаткандыгына байланыштуу, муниципалдык менчикке алууну суранып жазган арызын угуп жана талкуулап, Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 4-бөлүмүнүн 31-беренесинин 2-пунктунун 5-пунктчасына ылайык Кеңеш айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Кеңеш айыл аймагына караштуу Шаңкол айылынын тургуну Камбар уулу Нурмаматтын үй алдындагы жер участогунан 710,0 чарчы метр жер аянтын өз каалоосу менен мечит салууга берип жаткандыгына байланыштуу, айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алынсын.

 

2.Жер участогун тактап, аянтын өлчөп жана муниципалдык менчикке алуу боюнча иш-кагаздарын даярдап, тиешелүү документтерин бүтүрүү жагы жер маселелери боюнча башкы адис Бегматов Нурадилге милдеттендирилсин.

 

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин жер, суу чарба, жана жаратылышты коргоо, мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, таранспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Нурматов Орозмаматка тапшырылсын.

 

Кенеш айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

Абдырахманов О.С.            

 

 

Назад

 

 

3

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Кенеш айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезектеги 8 сессиясы

Т О К Т О М

14.12.2021

№ 8-3

Куу-майдан айылы

 

 Арбын айылындагы Арбын орто мектебинин жерине

 кичи футболдук аянтча курууга макулдук берүү тууралуу

 Арбын айылындагы Арбын орто мектебинин жерине элдин өзүнүн салымы менен кичи футболдук аянтча курууга уруксат сурап кайрылган Арбын айылынын айыл башчысынын кайрылуусун угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдыча башкаруу жөнүндөгү Мыйзамынын 4-бөлүмүнүн 31-беренесинин 2-пунктунун 5-пункутчасына ылайык Кеңеш айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Арбын айылындагы Арбын орто мектебинин аймагындагы муниципалдык менчиктеги жерине жашоочулардын өзүнүн салымы, донорлордун жана жергиликтүү бюджеттен акча каражатын ажыратуу аркылуу, мектеп окуучулары жана ата-энелер үчүн кичи футболдук аянтча курууга макулдук берилсин.

 

2.         Бардык талаптарды эске алуу менен мыйзамдын чегинде жерин карап, документештирип берүү жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

3.         Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин жер, суу чарба, жана жаратылышты коргоо, мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, таранспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Нурматов Орозмаматка тапшырылсын.

 

Кенеш айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

Абдырахманов О.С.             

 

 

Назад

 

 

4

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Кенеш айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезектеги 8 сессиясы

Т О К Т О М

14.12.2021

№ 8-4

Куу-майдан айылы

 

Айыл өкмөт башчысынын сунуштаган долбоорлорун колдоого алуу тууралуу

Айыл аймагындагы бош иштетилбей жаткан фонддун жерлерине киреше берүүчү ишканаларды куруу үчүн инвесторлорго ижарага берүүгө макулдук берүү тууралуу айыл өкмөтүнүн башчысынын суранычын угуп жана талкуулап, КРнын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү" 2011-жылдын 15-июлундагы № 101- мыйзамынын 4-главасынын 31-беренесинин 4-пунктунун 4-пунктчасына таянып Кеңеш айыл аймагынын айылдык кеңешинин сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Айыл аймагындагы бош иштетилбей жаткан фонддун жерлерине киреше берүүчү ишканаларды куруу үчүн инвесторлорго ижарага берүүгө макулдук берилсин.

 

2.         Бардык талаптарды эске алуу менен мыйзамдын чегинде иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

 

3.         Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин Жер, суу чарба, жана жаратылышты коргоо, мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, таранспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Нурматов Орозмаматка тапшырылсын.

 

Кенеш айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

Абдырахманов О.С.            

 

 

Назад

 

 

5

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Кенеш айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезектеги 8 сессиясы

Т О К Т О М

14.12.2021

№ 8-5

Куу-майдан айылы

 

 Айыл аймагындагы борбордук жана ички жолдорду кеңейтүү тууралуу

 Айыл өкмөтүнүн башчысынын айыл аймагындагы борбордук жана ички жолдорду кеңейтүү тууралуу койгон маселесин угуп жана талкуулап, КРнын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү" 2011-жылдын 15-июлундагы № 101- мыйзамынын 4-главасынын 31-беренесинин 2-пунктунун 1-пунктчасына таянып Кеңеш айыл аймагынын айылдык кеңешинин сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Айыл өкмөтүнүн башчысынын айыл аймагындагы борбордук жана ички жолдорду кеңейтүү тууралуу койгон маселеси колдоого алынсын.

 

2.         Ар бир депутатка өзүнүн шайлоо округундагы шайлоочуларына жолдорду кеңейтүү боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жагы тапшырылсын.

 

3.         Жолдорду кеңейтүү иштерин жүргүзүүдө кызыл сызыктан чыгып кетип, мыйзамдын талабына каршы чыккандарга чара көрүлөрү эскертилсин.

 

4.         Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин жер, суу чарба, жана жаратылышты коргоо, мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, таранспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Нурматов Орозмаматка тапшырылсын.

Кенеш айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

Абдырахманов О.С.            

 

 

Назад

 

 

6

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Кенеш айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезектеги 8 сессиясы

Т О К Т О М

14.12.2021

№ 8-6

Куу-майдан айылы

 

Айыл өкмөт башчысынын айыл аймагынын имамдары, айылдык кеңештин депутаттары менен биргеликте той-маареке, каада-салттардагы ашыкча ысырапкерчиликти кыскартуу боюнча иш алып баруу  тууралуу сунушун кароо

 Айыл аймагындагы имамдардын ар кандай той-мааракелердеги, маркумдуу узатуу салттарындагы ашыкча ысырапкерчиликти кыскартуу жана андагы баш аламандыкты бир тартипке салуу тууралуу койгон маселелерин угуп жана талкуулап, КРнын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү" 2011-жылдын 15-июлундагы № 101- мыйзамынын 4-главасынын 31-беренесинин 2-пунктунун 15-пунктчасына таянып Кеңеш айыл аймагынын айылдык кеңешинин сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Айыл аймагында жашаган жарандар тарабынан өткөрүлүүчү ар кандай той-маарекелердин убактысына төмөндөгүдөй чектөөлөр киргизилсин:

 той-маарекелерге баруунун убактысы эркектер үчүн эрте менен багымдат

 намазынан кийин эки саатка чейинки убакыт, андан кийин аялдар үчүн 2 саат

 убакыт белгиленип, түшкө чейин бүтүрүү жагы айыл тургундарына жеткирилсин.

2.         Маркумду узатуу азасы үч күнгө белгиленсин жана эч кандай ысырапкерчилик жасалбасын, идиш-аяк ж.б.нерселерди алууга тыюуу салынсын.

3.         Кырктык, жылдык өткөрүү кыскартылсын, анын ордуна шартына карап жалпыга пайда алып келүүчү сооп иштери жасалсын.

4.         Ар кандай той-маарекелерди, маркумду акыркы сапарга узатуу салттарын кандай өткөрүү керектиги боюнча атайын эрежелерди иштеп чыгуу жагы айыл аймагындагы имамдарга тапшырылсын.

5.         Ар бир айылдын айыл башчысына ошол айылдын имамынан, аксакалдарынан, активистеринен, депутаттарынан, аялдардан турган, курамы 7 ден кем эмес каада-салт, маарекелерди жана үй-бүлөлүк чыр-чатактарды жолго салууну көзөмөлдөөчү комиссияны түзүү жагы милдеттендирилсин.

6.         Айылдардагы өткөрүлүүчү той- мааркелерге,үй-бүлөлүк чыр-чатактарга көзөмөл кылуу жана элдерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жагы комиссиянын мүчөлөрүнө жүктөлсүн.

7.         Мектептерде ата-энелердин жыйналыштарын уюштуруп берүү жагы мектеп жетекчилерине, аялдар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жагы айылдык кеңештин аял депутаттарына тапшырылсын.

8.         Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин социалдык маселелер, маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо, жаштар, спорт, регламент, депутаттык этика жана мандат боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Орозмамат кызы Айганышка жүктөлсүн.

 

Кенеш айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

Абдырахманов О.С.            

 

 

Назад