М А З М У Н У |
|||
№ п/п |
Токтом № |
Токтом датасы |
Кыска мазмуну |
1. |
№9-1 |
24.01.2022 |
Кеңеш айыл аймагынын жайыт
комитетинин 2022-жылга карата бюджетин бекитип берүү жөнүндө |
2. |
№9-2 |
24.01.2022 |
Айыл
аймагындагы зоналдык коэффициентин жеңилдик алуучулардын салыгынын жана айыл чарба
жерлеринин салык төлөмүнүн
базалык өлчөмүн бекитүү тууралуу |
3. |
№9-3 |
24.01.2022 |
"Кеңеш айыл өкмөтүнүн
2020-жылдагы айылдык бюджетинин аткарылышы, 2022-жылга айылдык бюджети жана
2023-2024-жылдарга бюджеттин болжолун бекитүү жөнүндө" |
4. |
№9-4 |
24.01.2022 |
Айыл өкмөтүнүн
жана айылдык кеңештин штаттык түзүмүн жана штаттык санын бекитүү
тууралуу |
|
|
|
|
1 |
||||
|
||||
|
||||
Кенеш айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезектеги 9
сессиясы |
||||
Т О К Т О
М |
||||
Куу-майдан
айылы |
24.01.2022 |
|||
|
Кеңеш айыл аймагынын жайыт комитетинин 2022-жылга карата бюджетин
бекитип берүү жөнүндө |
|||
Кеңеш айыл аймагынын жайыт комитетинин
2022-жылга карата түзүлгөн бюджетинин киреше жана чыгыша бөлүктөрүн
угуп жана талкуулап КРнын "Жергиликтүү өз алдынча
башкаруу жөнүндөгү" 2011-жылдын 15-июлундагы №
101- мыйзамынын 4-главасынын 31-беренесинин 4-пунктунун 5-пунктчасына жана
Кыргыз Республикасынын "Жайыттар жөнүндө"
мыйзамынын 4-беренесине таянып Кеңеш айыл аймагынын айылдык кеңеши
|
||||
|
ТОКТОМ КЫЛАТ: |
|
||
1. Кеңеш айыл аймагынын жайыт
комитетинин 2022-жылга карата түзүлгөн бюджетинин киреше бөлүгү
300,0 миң сомго, чыгаша бөлүгү 300,0 миң сомго
бекитилсин.(тиркеме тиркелет). 2. Инфраструктураны
жакшыртууга каралган акчага жайытка караган гана жолдорду оңдоого жумшоо жагы жайыт комитетинин төрагасы
Карыбеков Нурланга милдеттендирилсин. 3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу
жагы жайыт комитетинин төрагасы Карыбеков Нурланга жүктөлсүн. |
||||
Кенеш айылдык Кенешинин
төрагасы |
|
Абдырахманов О.С. |
||
|
||||
|
||||
2 |
||||
|
||||
|
||||
Кенеш айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезектеги 9
сессиясы |
||||
Т О К Т О
М |
||||
Куу-майдан
айылы |
24.01.2022 |
|||
|
Айыл аймагындагы зоналдык коэффициентин жеңилдик алуучулардын салыгынын жана айыл чарба
жерлеринин салык төлөмүнүн
базалык өлчөмүн бекитүү тууралуу |
|||
Айыл өкмөтүнүн кирешелер
боюнча башкы адиси А.Кадырбердиевдин айыл аймагындагы зоналдык коэффициентин,
жеңилдик алуучулардын жанаайыл чарба жерлеринин салык төлөмүнүн
базалык өлчөмүнүн салыгынын суммасын бекитип берүү
тууралуу сунушун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин
339-беренесинин 4-бөлүмүнө жана КРнын "Жергиликтүү
өз алдынча башкаруу жөнүндөгү" 2011-жылдын
15-июлундагы № 101- мыйзамынын 4-главасынын 31-беренесинин 2-пунктунун
4-пунктчасына ылайык Кеңеш айыл аймагынын айылдык кеңешинин
сессиясы |
||||
|
ТОКТОМ КЫЛАТ: |
|
||
1. Кеңеш айыл аймагында зоналдык
коэфициентК-1-1,0; К-2 -1,2; К-З -1,0 өлчөмүндө
бекитилсин. 2. Кеңеш
айыл өкмөтү боюнча 2022-жылга карата физикалык тараптардан
алынуучу тамарка салыгы 2336 кожолуктун 343,27 га жер аянтынан 355077 сом өлчөмүндө
жеңилдик берилсин. 3. Таштанды ташып чыгаруу жыйымынын
ставкасы 100 сом өлчөмүндө бекитилсин. 4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө
жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын. |
||||
Кенеш айылдык Кенешинин
төрагасы |
|
Абдырахманов О.С. |
||
|
|
|||
|
||||
3 |
||||
|
||||
|
||||
Кенеш айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезектеги 9
сессиясы |
||||
Т О К Т О
М |
||||
Куу-майдан
айылы |
24.01.2022 |
|||
|
"Кеңеш айыл өкмөтүнүн 2020-жылдагы
айылдык бюджетинин аткарылышы, 2022-жылга айылдык бюджети жана
2023-2024-жылдарга бюджеттин болжолун бекитүү жөнүндө" |
|||
Кеңеш айыл өкмөтүнүн
2020-жылга айылдык бюджетинин аткарылышы, 2022-жылга каралган айылдык бюджети
жана 2023-2024-жылдарга болжолун бекитүү жөнүндөгү
маселени "Кыргыз Республикасынын 2022-жылгареспубликалык бюджети жана
2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндөгү" Мыйзамынын
негизинде иштелип чыгылган долбоор тиешелүү мекеме-ишканалардын
жетекчилеринин катышуусунда депутаттардын Кеңеш айылдык кеңешинин
"бюджет,экономика,муниципалдык менчик айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик
иш жана тышкы экономикалык байланыш" боюнча туруктуу комиссиясы
тарабынан каралып чыгылган. Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү
өз алдынча башкаруу жөнүндөгү" №
101-Мыйзамынын 31-статьясынын 2 пунктунун 2-пункчасына жана Кыргыз
Республикасынын бюджеттик кодексиинин 78-беренесине ылайык Кеңеш айыл
аймагынын айылдык кеңешинин сессиясы |
||||
|
ТОКТОМ КЫЛАТ: |
|
||
1. Ноокат районунун Кеңеш айыл өкмөтүнүн
2020-жылдагы айылдык бюджеттин киреше бөлүгү 16092,6 миң
сомго, чыгаша бөлүгү 15467,0 мин сомго, пандемияга
байланыштуу чыгашанынкирешеден -625,6 миң сомго кем аткарылгандыгы № 1,
2 тиркемеге ылайык бекитилсин. 2. 2022-жылга Кеңеш
айыл өкмөтүнүн айылдык бюджетинин кирешелери жана
чыгашалары 16883,1 миң сом өлчөмүндө
бекитилип:2022-жылга айылдык бюджеттин кирешелерин түзүүчү
булактары жана чыгашалары боюнча багыттар № 3 тиркемеге ылайык бекитилсин. 3. Айылдык
бюджеттин чыгаша бөлүгү
2022-жылга түшкөн кирешелердин жана гранттардын чегинде, ошону
менен бирге биринчи кезекте корголгон беренелер боюнча (эмгек акы, соц.фондко
чегерүү, тамак-аш жана коммуналдык кызматтарга) каржылануусу
белгиленсин. 4. Кеңеш
айыл өкмөтүнүн
2023-2024-жылдарга айылдык бюджетинин болжолунун негизги көрсөткүчтөрү
№ 4,5 тиркемеге ылайык колдоого алынсын. Кирешенин болжолу 2023-жыл 17088,1
миң сомго (республикалык бюджеттен алынуучу гранттар 6199,0 миң
сом менен) жана 2024-жылга 17237,1 мин
сомго (республикалык бюджеттен алынуучу гранттар 6199,0 миң сом менен)
белгиленсин. 5. Балдар
бакчаларындагы ата-энелерден түшүүчү взностор, базар
бааларынын жогорулагандыгына байланыштуу, көбөйгөндүгүнө
жана жайыт салыгына кошумча акча түшкөндүгүнө байланыштуу 600,7 миң сом акча
каражаты кошумча каралып бекитилсин. (№ 6-тиркеме
тиркелет) 6.Социалдык жактан колдоого муктаж турмуштук
оор кырдаалдагы үй-бүлөлөрдү жана
"2021-2025-жылдарга чейин улгайган адамдарды колдоо" иш чарасына
карата тизмеде көрсөтүлгөн
атуулдарга 338,0 миң сом акча каражыты бөлүнүп
берилсин. (№ 7-тиркеме тиркелет) 7. Кеңеш айыл өкмөтүнүн
2023-2024-жылдарга айылдык бюджетинин негизги көрсөткүчтөрүнүн
болжолу жактырылсын, аларды ар бир конкреттүү мезгилде кабыл
алууда тактоо жүргүзүү
жагы белгиленсин. 8. Атайын каражаттардын
кирешесинин сметада бекитилген өлчөмүнөн ашыкча бөлүгү
толугу менен айылдык бюджеттик мекеменин каржылоосуна калаары аныкталсын.
Айылдык бюджеттик мекемелери казыналыктын регионалдык бөлүмдөрүнөн
тышкары, мекеменин кассасы аркылуу
атайын каражаттарын чыгымдоого тыюу салынсын. 9. Атайын каражаттар казыналыктан
тышкары (бюджеттик мекемелердин кассасы аркылуу) чыгымдалган учурда Кыргыз
Республикасынын "Кыргыз Республикасынын 2022-жылга республикалык бюджети
2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндөгү"
Мыйзамынын ылайык бул каражаттын 100 пайыз республикалык бюджетке алынып
коюуулары эскертилсин. 10.
2022-жылдын 1-январына айылдык бюджетти боюнча жүгүртүлүүчү
кассалык накталай акча 50,0 мин сом суммасында белгиленсин. 11. Айыл өкмөтүнүн башчысы төмөнкүгө
укуктуу: - Ушул
токтомдун 1-беренесинде бекитилген суммалардын чегинде, эгер бул айылдык
бюджеттин киреше бөлүгүнөн азайтууга алып келбесе
ушул токтомдун тиркемелерине өзгөртүүлөрдү
киргизүүгө ; - ченемдик укуктук актылардын өзгөрүүсүнүн
негизинде жыл ичинде тактоолорду жүргүзүүгө - киреше
бөлүгүнөн белгиленген пландан ашыкча түшкөн
каражаттын эсебинен чыгаша бөлүгүнүн өлчөмүн
көбөйтүү жагын кароо; 12. 2022-жылда айылдык бюджеттин
киреше бөлүгүнүн пландарынан ашыкча аткарылышынан түшкөн
каражаттарды бөлүштүрүү жана өзгөртүү
киргизүү айылдык кеңешке ыйгарылсын. 13. Жергиликтүү
бюджеттик мекеме-ишканалардын финансалык - экономикалык негиздерин чындоо,
алардын финансылык мамлекеттик каражаттарды максаттуу, сарамжалдуу пайдалануусун камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн
башчысы жана финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы
тарабынан көзөмөлгө алынсын. 14. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк
кылуу жагы депутаттардын Кеңеш айылдык кеңешинин
бюджет,экономика,муниципалдык менчик, айыл
чарбасы,инвестиция,ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу
комиссиясынын төрагасы Кубанычбек уулу Мурасбекке тапшырылсын. |
||||
Кенеш айылдык Кенешинин
төрагасы |
|
Абдырахманов О.С. |
||
|
||||
|
||||
4 |
||||
|
||||
|
||||
Кенеш айылдык Кенешинин VII чакырылышынын
кезектеги 9 сессиясы |
||||
Т О К Т О
М |
||||
Куу-майдан
айылы |
24.01.2022 |
|||
|
Айыл өкмөтүнүн жана
айылдык кеңештин штаттык түзүмүн жана штаттык санын бекитүү
тууралуу |
|||
Айыл өкмөтүнүн жана
айылдык кеңештин штаттык түзүмүн жана штаттык санын
бекитүү тууралуу маселени угуп жана талкуулап, КРнын
"Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү"
2011-жылдын 15-июлундагы № 101- мыйзамынын 4-главасынын 31-беренесинин
13-пунктуна ылайык Кеңеш айыл аймагынын айылдык кеңешинин
сессиясы |
||||
|
ТОКТОМ КЫЛАТ: |
|
||
1. Айыл өкмөтүнүн
2022-жылга карата штаттык түзүмүнүн саны төмөндөгүдөй
болуп бекитилсин:: башчы-1, орун басар-1, жооптуу катчы-1,ФЭБнүн
башчысы-1, башкы адис-5, жетектөөчү адис-5, адис-2, айыл
башчы-7, ВУС-4, кенже тейлөөчү кызматкер-1 жана техникалык
тейлөөчү кызматкер
-2 болуп бардыгы 30 штаттык саны бекитилсин. 2. Айылдык
кеңештин 1 жооптуу катчы штаттык бирдиги бекитилсин. 3. Бекитилген
штаттын түзүмүн жана санын сактоо жагы айыл өкмөтүнө
милдеттендирилсин. 4. Токтомдун аткарылышын
көзөмөлдөө жагы бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы,
инвестиция,ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу
комиссиясынын төрагасы Кубанычбек уулу Мурасбекке тапшырылсын. |
||||
Кенеш айылдык Кенешинин
төрагасы |
|
Абдырахманов О.С. |
||
|
|
|||
|
||||