М А З М У Н У

№ п/п

Токтом №

Токтом датасы

Кыска мазмуну

1.

№ 10-1

19.02.2022

Айыл өкмөт башчысынын 2021-жылдагы жергиликтүү бюджетти  аткаруу боюнча берген отчету жана 2021-жылдагы жергиликтүү бюджетинин ашкан калдыгын 2022-жылга карата бөлүштүрүү тууралуу

2.

№10-2

19.02.2022

Кеңеш айыл аймагындагы сугат суу агуучу арык-каналдарды тазалоого тоскоолдук жараткан бак-дарактарды алып таштоого  макулдук берүү тууралуу

3.

№10-3

19.02.2022

Арбын айылынын тургуну Атабекова Гүлбайра Калдаровнанын арызы тууралуу

 

 

 

 

 

1

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Кенеш айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезексиз 10 сессиясы

Т О К Т О М

Куу-майдан айылы

№ 10-1

19.02.2022

 

Айыл өкмөт башчысынын 2021-жылдагы жергиликтүү бюджетти  аткаруу боюнча берген отчету жана 2021-жылдагы жергиликтүү бюджетинин ашкан калдыгын 2022-жылга карата бөлүштүрүү тууралуу

 Айыл өкмөт башчысынын 2021-жылдагы жергиликтүү бюджетти аткаруу боюнча берген маалыматын жана айыл өкмөтүнүн 2021-жылдагы жергиликтүү бюджетинин ашкан калдыгын 2022-жылга карата бөлүштүрүү тууралуу "бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш" боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Кубанычбек уулу Мурасбектин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодексиинин 8-главанын 44-беренесинин 4-пунктуна жана 16-главасынын 78-беренесинин 2,3-пункттарына жана Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү" № 101-Мыйзамынын 31-статьясынын 2 пунктунун 2-пункчасына ылайык Кеңеш айыл аймагынын айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Айыл өкмөтүнүн 2021-жылдагы жергиликтүү бюджетинин аткарылышы боюнча берген отчету жактырылып, бекитилсин.(№1-тиркеме)

2.         Айыл өкмөтүнүн 2021-жылдагы жергиликтүү бюджетинин ашкан калдыгын 2022-жылга карата №2-тиркемеге ылайык бөлүштүрүлүп бекитилсин. Анын ичинен атайын каражаттын эсебинен 85,1 миң сом балдар бакчаларынын керектөөсүнө жумшалсын.

3.         Социалдык жактан колдоого муктаж турмуштук оор кырдаалдагы үй-бүлөлөрдү жана "2021-2025-жылдарга чейин улгайган адамдарды колдоо" иш чарасына карата жалгыз бой, турмуш шарты оор төмөндөгү атуулдардын арыздары канаттандырылып 30,0 миң сом акча каражаты ажыратылып берилсин. (№3-тиркеме)

4.         Айыл аймагындагы оорукананын алдына ашкана курууга 1000,0 (бир миллион) м.сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.

5.         Бөлүнгөн акчаны каржылоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысына жана ФЭБнүн башчысына милдеттендирилсин.

6.         Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин "бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш" боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Кубанычбек уулу Мурасбекке тапшырылсын.

Кенеш айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

Абдырахманов О.С.            

ТИРКЕМЕ №1

 

Назад

 

 

 

 

2

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Кенеш айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезексиз 10 сессиясы

Т О К Т О М

Куу-майдан айылы

№10-2

19.02.2022

 

Кеңеш айыл аймагындагы сугат суу агуучу арык-каналдарды тазалоого тоскоолдук жараткан бак-дарактарды алып таштоого  макулдук берүү тууралуу

Айыл өкмөтүнүн башчысынын айыл аймагындагы сугат суу агуучу арык-каналдарды тазалоого тоскоолдук жараткан бак-дарактарды алып таштоого макулдук берүү тууралуу сураныч катын угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдыча башкаруу жөнүндөгү Мыйзамынын 4-бөлүмүнүн 31-беренесинин 2-пунктунун 1,17-пунктчаларына жана айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын УСТАВынын 6-бөлүмүнүн 6.2-пунктунун 8-пунктчасына ылайык Кеңеш айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Айыл аймагындагы сугат суу агуучу арык-каналдарды тазалоого тоскоолдук жараткан бак-дарактарды алып таштоого макулдук берилсин.

 

2.         Ремонттук жана реабилитациялык иштерди жүргүзгөндө суу курулмаларынын жана каналдардын тилкесине ажыратылып берилген жерлерде өскөн бак-дарактарды алып таштоону мыйзамдын негизинде аткарууга алуу жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

 

3.         Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.

 

Кенеш айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

Абдырахманов О.С.            

 

 

Назад

 

 

3

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Кенеш айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезексиз 10 сессиясы

Т О К Т О М

Куу-майдан айылы

№10-3

19.02.2022

 

Арбын айылынын тургуну Атабекова Гүлбайра Калдаровнанын арызы тууралуу

Арбын айылынын тургуну Атабекова Гүлбайра Калдаровнанын жашап жаткан үйү союз мезгилинде чайхана болуп, кийин чайхана иштебей калганда 1998-жылы бул жерди турак-жай салуу үчүн көп балалуу Ысаковко сатылган. Азыркы учурда бул жердин багыты комерциялык боюнча өзгөрүлбөй калгандыгына байланыштуу, 1200 чарчы метр жер участогунун багытын тамарка деп өзгөртүп берүү тууралуу жазган арызын карап жана талкуулап, Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 4-бөлүмүнүн 18-беренесинин 2- пунктунун 16-пунктчасына, Ноокат райондук шаар-курулушу жана архитектура боюнча башкармалыгынын 2021-жылдын 03-февралындагы № 12/22 сандуу архитектуралык-техникалык корутундусуна таянып Кеңеш айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Арбын айылынын тургуну Атабекова Гүлбайра Калдаровнанын жашап жаткан үйүнүн 1200 чарчы метр жер участогунун максаттык багытын өзгөртүп берүүгө макулдук берилсин.

 

2.         Мыйзамдын негизинде карап, тиешелүү документтерин бүтүрүп берүү жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

 

3.         Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин жер, суу чарба, жана жаратылышты коргоо, мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, таранспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Нурматов Орозмаматка жүктөлсүн.

 

Кенеш айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

Абдырахманов О.С.            

 

 

Назад