М А З М У Н У |
|||
№ п/п |
Токтом № |
Токтом датасы |
Кыска мазмуну |
1. |
№12-1 |
22.04.2022 |
Ноокат райондук прокуратурасынын
2022-жылдын 15-апрелиндеги № 11/451-22 сандуу каршылык билдирүү
катын аткарууга алуу тууралуу |
2. |
№12-2 |
22.04.2022 |
Арбын
айылындагы эски мечиттин имаратын
энелер мектебине берүүгө макулдук берүү
тууралуу |
3. |
№12-3 |
22.04.2022 |
Ош-Исфана жолунун боюндагы иштетилбей
жаткан айыл чарбасына жараксыз жерлердин багытын өзгөртүүгө
макулдук берүү тууралуу |
|
|
|
|
1 |
||||
|
||||
|
||||
Кенеш айылдык Кенешинин VII чакырылышынын
кезексиз 12 сессиясы |
||||
Т О К Т О
М |
||||
Куу-майдан
айылы |
22.04.2022 |
|||
|
Ноокат райондук прокуратурасынын 2022-жылдын
15-апрелиндеги № 11/451-22 сандуу каршылык билдирүү катын
аткарууга алуу тууралуу |
|||
Ноокат райондук прокуратурасынын 2022-жылдын
15-апрелиндеги № 11/451-22 сандуу "2021-жылдын 14-декабрындагы Кеңеш
айылдык кеңешинин (7-чакырылышы) кезексиз сегизинчи сессиясында кабыл
алынган 8-5 сандуу токтомуна карата каршылык билдирүү катын угуп
жана талкуулап Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү
мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдыча
башкаруу жөнүндөгү" 2021-жылдын 20-октябрындагы
№ 123-мыйзамынын 3-бөлүмүнүн 34-беренесинин
2-пунктунун 8-пунктчасына таянып Кеңеш айылдык кеңеши |
||||
|
ТОКТОМ КЫЛАТ: |
|
||
1. Ноокат
райондук прокуратурасынын 2022-жылдын 15-апрелиндеги № 11/451-22 сандуу
каршылык билдирүү катында көрсөтүлгөн
талап аткарууга алынсын. 2. "2021-жылдын
14-декабрындагы Кеңеш айылдык кеңешинин (7-чакырылышы) кезексиз
сегизинчи сессиясында кабыл алынган
8-5 сандуу токтому жокко чыгарылсын.(токтом тиркелет) 3. Токтомдун аткарылышын
көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин жер, суу
чарба, жана жаратылышты коргоо, мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо,
жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, таранспорт жана экология боюнча
туруктуу комиссиянын төрагасы Нурматов Орозмаматка жүктөлсүн. |
||||
Кенеш айылдык Кенешинин
төрагасы |
|
Абдырахманов О.С. |
||
|
|
|||
|
||||
2 |
||||
|
||||
|
||||
Кенеш айылдык Кенешинин VII чакырылышынын
кезексиз 12 сессиясы |
||||
Т О К Т О
М |
||||
Куу-майдан
айылы |
22.04.2022 |
|||
|
Арбын айылындагы эски мечиттин имаратын энелер мектебине берүүгө
макулдук берүү тууралуу |
|||
Арбын
айылындагы эски мечиттин имаратын "Энелер мектебине" берүүгө
макулдук берүү тууралуу Арбын айылынын аялдар жамаатынын сураныч
катын угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү
мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдыча
башкаруу жөнүндөгү" 2021-жылдын 20-октябрындагы
№ 123-мыйзамынын 3-бөлүмүнүн 34-беренесинин
2-пунктунун 5-пунктчасына таянып Кеңеш айылдык кеңеши |
||||
|
ТОКТОМ КЫЛАТ: |
|
||
1. Арбын
айылындагы бош жаткан эски мечиттин имараты жери менен кошо муниципалдык
менчикке алынсын. 2. Бош
жаткан эски мечиттин имаратын Арбын айылындагы аялдар жамааты тарабынан
уюшулган "Энелер мектебине" берүүгө макулдук
берилсин. 3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө
жагы айылдык кеңештин социалдык маселелер, маданият, билим берүү,
саламаттыкты сактоо, жаштар, спорт, регламент, депутаттык этика жана мандат
боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Орозмамат кызы Айганышка
тапшырылсын. |
||||
Кенеш айылдык Кенешинин
төрагасы |
|
Абдырахманов О.С. |
||
|
|
|||
|
||||
3 |
||||
|
||||
|
||||
Кенеш айылдык Кенешинин VII чакырылышынын
кезексиз 12 сессиясы |
||||
Т О К Т О
М |
||||
Куу-майдан
айылы |
22.04.2022 |
|||
|
Ош-Исфана жолунун боюндагы иштетилбей жаткан
айыл чарбасына жараксыз жерлердин багытын өзгөртүүгө
макулдук берүү тууралуу |
|||
Кеңеш
айыл аймагынын Ош-Исфана жолунун боюндагы иштетилбей жаткан айыл чарбасына
жараксыз жерлердин багытын өзгөртүүгө макулдук
берүү тууралуу айыл өкмөт башчысынын сураныч катын
угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү
мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча
башкаруу жөнүндөгү" 2021-жылдын 20-октябрындагы
№ 123- мыйзамынын 3-главасынын 34-беренесинин 1-пунктуна ылайык, Кеңеш
айылдык кеңеши |
||||
|
ТОКТОМ КЫЛАТ: |
|
||
1. Кеңеш
айыл аймагынын Ош-Исфана жолунун боюндагы иштетилбей жаткан айыл чарбасына
жараксыз жерлердин багытын өзгөртүүгө макулдук
берилсин. 2. Мыйзам
чегинде жерлерди тактап, аткарууга алуу жагы айыл өкмөтүнүн
башчысына милдеттендирилсин. 3. Токтомдун аткарылышын
көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин жер, суу
чарба, жана жаратылышты коргоо, мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо,
жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, таранспорт
жана экология боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Нурматов Орозмаматка жүктөлсүн. |
||||
Кенеш айылдык Кенешинин
төрагасы |
|
Абдырахманов О.С. |
||
|
|
|||
|
||||