Кеңеш айылдык  кеңешинин (7-чакырылышы) кезектеги

                                        11-сессиясынын № 11-4-токтомуна  тиркеме.

                                            

Кеӊеш айыл аймагында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нуркожоевич Жапаровдун 2022-жылдын 24-февралындагы «Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө» №54 Жарлыгы талкууланган жыйында кабыл алынган  Жобо.

                                             Маркумду  узатуу боюнча

  Маркумду  узатууда  ар  бир  айылда  бирдей,  шарыятта көрсөтүлгөндү  гана  аткарууну  колго  алуу  зарыл.  Ал  үчүн  имамдар  ,  шарыят  жолун  билген  илимдүү  адамдар, ар  кимиси  билгенин  кылбай бир  пикирдүү  болуп  элге  жол  көрсөтүп  өздөрү  ошону  көзөмөлдөшү  керек.  Динди  терең  түшүнгөн  аалымдар  ысырапкерчилик  жөнүндө  көп  айтып түшүндүрүү керек. 

-Маркум таслим болгон күнү жандык  союулбай эле эт алып  алыс жууктан келгендер үчүн кошунанын үйүндө бышырылып чай берилсин. Кошуналар 1-2 күн тейлеп, жардам берсин.

-Жакын тууганы болгон аялдардан башка аялдар тажия күнү батаага келбесин.

-үчтүк, бейшембилик, кырктык кылынбасын.

-Тууган уругу менен бир жумадан кийин белгилеп куран окутуп коюу керек.

-Маркум жан таслим болгон күнү эч кандай жыртыш, чачык, идиш аяк, нан. кант. берилбесин. Жылдыгында тууган уругу менен бир жандык союп куран окутуп койсо болот. Көк кийүү, ак кийүүдө  сарпайлашууга жол берилбесин.

-Ким жардам бергиси келсе акчалай жардам берсин аз болсо да колдон келишинче

-Эгерде кимде ким көзү өткөн атасыбы, энесинеби жакшылык кылам десе ошолордун атынан жол оңдосун, мусапырларга жардам берсин, суу чыгарсын, көпүрө салсын, бала бакча салсын.  үчүлүк,  экономикасын көтөрүүгө жардам берсин.

-Навайчынын чөнтөгүн толтуруп акчаларды чачпай нан алмай жок болсун. Дасторконго  керектүү гана өлчөмдө нан, кант коюлса жеп батаасын берип гана кетсе

-Ушул иштерге мечит имамдарын толук тартуу керек.

-Кыргызстан муфтияты маркумду узатуу боюнча республика боюнча бирдей жобо иштеп берсе,  имамдар ошону аткарса.

-Имамдар айт намаздарда, жан кудайыларда  элге керектүү сөздөрдү айтып элди ыйманга чакырса. Имамдар билимдүү болуп,  элге  туура  багыт  берсе. 

 

                 Тойлор,   жакшылыктар  боюнча

- Сүннөт той бир күндөн ашпасын, конок берилбесин. Тойду улуттук оюндар менен өткөрүп кыргыздын каада   

    –салтын калыбына келтирүү керек. Сарпайлашууга ыксыз жол берилбесин.

- Бешик той, бешик жасалгасы, бөбөккө, апасына, бир сыйра кийим даярдалса. Тойго баруучулардын саны алты адамдан ашпоо керек. Манеж, бир килем,2 төшөк, оюнчуктар берилсе.

-үйлөнүү той. Той бир күндөн ашпасын. Эки кудаанын макулдашуусу менен эки жаштын тиричилигине керек болуучу гана үй эмеректерин  алып берсе(Кир жуугуч, муздаткыч жана башка)

-куда сыйда беш түрдүү  тамактан ашырылбасын

-Батаа той берилбесин.

-Нике күбөлүгү той күнү берилсе.

-Молдо нике күбөлүгүсүз нике кыйбасын.

-Кыздын  үйүндө ЗАГС сыйлоо жок болсун.

- күйө чакырыкта   беш  түрдүү тамактан ашпасын.

-Тойго чакырылгандар  (жалпысы жүздөн ашпаса)

-Тойго кыз, жигит улуттук кийим кийип чыксын.

-Той түнкү саат 11:00 дөн ашпасын.

-Элге той берүүдө ашыкча чыгым кылган бадам, мисте жана башкалар уюм туудуларга коюлгандары жок кылынсын. Себет жок болсун, тууганы жардам бергиси келсе акчалай жардам берсин.

-Нан алынбасын, жалгыз табак жана башкалар жок болсун.

-Тойлор кафе, ресторандарда эмез өз үйүндө өткөрүлсүн.

-жобонун талабын бузгандарга мыйзамдын негизинде жазалоо каралсын.