М А З М У Н У

№ п/п

Токтом №

Токтом датасы

Кыска мазмуну

1.

№ 15-1

14.09.2022

 Жергиликтүү курултайларга делегаттарды шайлоо боюнча  чогулуштарды жана жыйындарды өткөрүү жөнүндө

2.

№ 15-2

14.09.2022

Кеңеш айылдык кеңешин мамлекеттик каттоодон өткөрүү жөнүндө

 

 

 

 

 

1

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Кенеш айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезексиз 15 сессиясы

Т О К Т О М

Куу-майдан айылы

№ 15-1

14.09.2022

 

 Жергиликтүү курултайларга делегаттарды шайлоо боюнча  чогулуштарды жана жыйындарды өткөрүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 15-августундагы №284 "Элдик Курултайды чакыруу жөнүндө" Жарлыгы менен аныкталган 2022-жылдын 25-ноябрында өтүүчү биринчи Элдик Курултайга Кеңеш айыл аймагынан делегаттарды шайлоону уюштуруу жана өткөрүү максатында, Биринчи Элдик Курултайды өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин 2022-жылдын 9-сентябрындагы

№ 2 чечимине негиз, Кеңеш айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Кеңеш айыл аймагында Элдик курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча жергиликтүү курултайы айыл өкмөтүнүн маданият үйүндө 2022-жылдын 5-ноябрь күнү саат 10-00 дө өткөрүлсүн.

2.         Кеңеш айыл аймагынан Жергиликтүү курултайга айылдын жашоочуларынын санына жараша делегаттардын нормасы 100 болуп бекитилсин. (№1-тиркеме тиркелет)

3.         Жергиликтүү курултайга делегаттарды шайлоо боюнча жергиликтүү жамааттын чогулуштарын жана жыйындарын өткөрүү графиги тиркемеге ылайык бекитилсин. (№2-тиркеме тиркелет)

4.         Жергиликтүү курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу тобунун курамы тиркемеге ылайык бекитилсин (мындан ары - Жумушчу топ). (№ 3-тиркеме тиркелет)

5.         Чогулуштарды жана жыйындарды айылдын, чогулуш өткөрүлүп жаткан аймагында өткөрүүгө жооптуу болуп тиркемеге ылайык айылдык кеңешинин депутаттары бекитилсин. (№4-тиркеме тиркелет)

6.         Ар бир айылдын айыл башчысы айылдын чогулушун уюштурууга көмөк көрсөтүүгө милдеттендирилсин.

7.         Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин социалдык маселелер, маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо, жаштар, спорт, регламент, депутаттык этика жана мандат боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Орозмамат кызы Айганышка тапшырылсын.

Кенеш айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

Абдырахманов О.С.            

ТИРКЕМЕ №1

 

Назад

 

 

 

 

2

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Кенеш айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезексиз 15 сессиясы

Т О К Т О М

Куу-майдан айылы

№ 15-2

14.09.2022

 

Кеңеш айылдык кеңешин мамлекеттик каттоодон өткөрүү жөнүндө

Кеңеш айылдык кеңешин мамлекеттик каттоодон өткөрүү тууралуу маселени угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү" 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123- мыйзамынын 3-главасынын 34-беренесинин 2-пунктунун 17-пунктчасына жана КРнын Юридикалык жактарды филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө мыйзамынын 11-беренесине ылайык Кеңеш айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Кеңеш айылдык кеңеши юридикалык жак катары түзүлсүн жана төмөндөгүдөй аталсын: толук аталышы мамлекеттик тилде "Кеңеш айылдык кеңеши" мекемеси; расмий тилде учреждение "Кеңешский айылный кеңеш"; кыскартылган аталышы: мамлекеттик тилде "Кеңеш а/к м-е; расмий тилде У-е "Кеңешский а/к".

2.         "Кеңеш айылдык кеңеши" мекемесинин аткаруучу органы болуп айылдык кеңештин төрагасы эсептелсин.

3.         "Кеңеш айылдык кеңеши" мекемесинин юридикалык дареги (жайгашкан жери): Кыргыз Республикасы, Ош облусу, Ноокат району, Кеңеш айыл аймагы, Байыш айылы, Жолдошали-ата көчөсү, 23.

4.         "Кеңеш айылдык кеңеши" мекемесин юридикалык жак катары мамлекеттик каттоодон өткөрүү жагы айылдык кеңештин төрагасы Абдырахманов Орозбек Сулаймановичке жүктөлсүн.

 

Кенеш айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

Абдырахманов О.С.            

 

 

Назад