М А З М У Н У

№ п/п

Токтом №

Токтом датасы

Кыска мазмуну

1.

№ 14-1

12.08.2022

Алты айлык бюджеттин аткарылышынын абалы жана айыл өкмөтүнүн башчысынын аткарылган иштер боюнча берген маалыматы тууралуу

2.

№ 14-2

12.08.2022

Кеңеш айыл аймагынын айылдык кеңешинин иш-планын бекитүү.

3.

№ 14-3

12.08.2022

Куу-Майдан айылындагы жаңы конуштагы көчөлөрдүн аттарын алмаштыруу тууралуу

4.

№ 14-4

12.08.2022

Батуу айылындагы Айдарали-ата көчөсүнүн аталышына  толуктоо жана өзгөртүү киргизүү тууралуу

5.

№ 14-5

12.08.2022

Куу-Майдан айылынын тургуну Алым уулу Нурланбектин арызы тууралуу

6.

№ 14-6

12.08.2022

Арбын айылындагы жа?ыдан курулуп жаткан спорт залга бөлүнгөн жер аянтындагы, курулушка тоскоолдук жараткан  дарактарды алып салууга макулдук берүү тууралуу

7.

№ 14-7

12.08.2022

Дары-Булак айылындагы жа?ыдан курулуп жаткан балдар бакчасына бөлүнгөн жер аянтындагы курулушка тоскоолдук жараткан жана  Дары-Суу орто мектебинин спорттук аянтчасынын айланасындагы  тамыры казылып, кооптуу болуп калган дарактарды алып салууга макулдук берүү тууралуу

1

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Кенеш айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезектеги 14 сессиясы

Т О К Т О М

Куу-майдан айылы

№ 14-1

12.08.2022

Алты айлык бюджеттин аткарылышынын абалы жана айыл өкмөтүнүн башчысынын аткарылган иштер боюнча берген маалыматы тууралуу

Айыл өкмөтүнүн алты айлык бюджетинин аткарылышынын абалы жана өкмөт башчысынын алты ай ичинде аткарылган жумуштар боюнча берген маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү" 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123- мыйзамынын 3-главасынын 34-беренесинин 2-пунктунун 2-пунктчасына ылайык Кеңеш айыл аймагынын айылдык кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.         Айыл өкмөтүнүн башчысынын алты ай ичинде бюджеттен бекитилип берилген акча каражатын иштетүүсү начар экендиги белгиленсин жана планда көрсөтүлгөн иштерди толугу менен аткарууга алып, аткарылган иштер боюнча толук маалыматын кийинки тогуз айдын жыйынтыгы менен сессияга билдирүүсү милдеттендирилсин.

2.         Тогуз айдын жыйынтыгы менен дагы да иши начар боло турган болсо, тиешелүү чаралар көрүлөрү айыл өкмөт башчысына эскертилсин.

3.         Айылдык кеңештин 2022-жылдын 24-январындагы № 9-3 токтому менен бекитилген бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнө, кошумча түшкөн кирешени №1-тиркемеге ылайык, тактоолор жана толуктоолор киргизилсин. (тиркеме тиркелет)

4.         Аткарууга жана каржылоого алуу жагы айыл өкмөт башчысына жана ФЭБнүн башчысына тапшырылсын.

5.         Айтылган сын-пикирлер, кетирилген кемчиликтерди оңдоо боюнча кечиктирилгис чараларды көрүү менен берилген сунуш, талаптарды аткарууга алып, аткарылган иштер боюнча кийинки сессияда толук маалыматты берүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.

6.         Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Кубанычбек уулу Мурасбекке жүктөлсүн.

Кенеш айылдык Кенешинин  төрагасы 

Абдырахманов О.С.            

ТИРКЕМЕ №1

Назад

2

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Кенеш айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезектеги 14 сессиясы

Т О К Т О М

Куу-майдан айылы

№ 14-2

12.08.2022

Кеңеш айыл аймагынын айылдык кеңешинин иш-планын бекитүү.

 Кеңеш айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2022-жылдын экинчи жарым жылдыгы  үчүн түзүлгөн иш-планын талкуулап, Айылдык кеңештин Регламентинин 2-бөлүмүнүн  2.2-пунктунун 2-пунктчасына, 3-бөлүмүндөгү айылдык кеңештин ишинин жалпы

 тартибине ылайык Кеңеш айыл аймагынын айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.         Кеңеш айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2022-жылдын экинчи жарым жылдыгы үчүн кабыл алган иш-пландары өзгөртүүлөр, толуктоолор менен кошо кабыл алынып, бекитилсин.(иш-план тиркелет)

2.         Иш-планда кабыл алынган маселелер тиешелүү жооптуу адамдар тарабынан өз убагында аткарууга алынсын.

3.         Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын

Кенеш айылдык Кенешинин  төрагасы 

Абдырахманов О.С.            

ТИРКЕМЕ №2

Назад

3

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Кенеш айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезектеги 14 сессиясы

Т О К Т О М

Куу-майдан айылы

№ 14-3

12.08.2022

Куу-Майдан айылындагы жаңы конуштагы көчөлөрдүн аттарын алмаштыруу тууралуу

 Куу-Майдан айылындагы жаңы конуштагы көчөлөрдүн аттарын Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагери, кызыл жылдыз орденинин ээси Гаипов Митал атанын атына алмаштыруу тууралуу жамааттардын жалпы жыйынын чечими тууралуу айыл башчы С. Мадраимовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап,, Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү" 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123- мыйзамынын 3-главасынын 34-беренесинин 2-пунктунун 7-пунктчасына таянып Кеңеш айыл аймагынын айылдык кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.         Куу-Майдан айылындагы жаңы конуштагы "Темир-терек", "Нооруз" жана"Эки-тал" көчөлөрүнүн атын Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагери, кызыл жылдыз орденинин ээси Гаипов Митал атанын атына өзгөртүү тууралуу ошол жердин жамаатынын сунушу жактырылып, бекитилсин.

2.         Аталган көчөлөргө "Гаипов Митал ата" деген көчөнүн аталышы, үйлөрдүн номерлери жазылган табличкаларды илүү жана көчөнүн инфрастуктурасын жакшыртуу, жарыктандыруу, көрктөндүрүү боюнча иштерди алып баруу менен көчөгө аты коюлган инсандын жаркын элесин түбөлүктө сактап, көчөнү үлгүлүү алдыңкы көчө кылып сактоо жагы жакын тууган-уруктарына милдеттендирилсин..

3.         Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Куу-Майдан айылынын айыл башчысы С. Мадраимовко тапшырылсын.

Кенеш айылдык Кенешинин  төрагасы 

Абдырахманов О.С.            

Назад

4

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Кенеш айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезектеги 14 сессиясы

Т О К Т О М

Куу-майдан айылы

№ 14-4

12.08.2022

Батуу айылындагы Айдарали-ата көчөсүнүн аталышына  толуктоо жана өзгөртүү киргизүү тууралуу

Батуу айылындагы Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагери Айдарали-Ата атанын атындагы көчөгө, ал инсандын фамилиясын кошуп, Раимбабаев Айдарали ата деп толуктоо, өзгөртүүлөрдү киргизип берүүнү суранган Батуу айылынын жашоочуларынын арызын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү" 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123- мыйзамынын 3-главасынын 34-беренесинин 2-пунктунун 7-пунктчасына таянып Кеңеш айыл аймагынын айылдык кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.         Батуу айылындагы Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагери Раимбабаев Айдарали атанын атындагы "Айдарали-ата" көчөсүнүн атына "Раимбабаев Айдарали-ата" деп толуктоолор, өзгөртүүлөр киргизилсин.

2.         Аты өзгөртүлүп, толукталган көчөнүн аталышын, үйлөрдүн номерлери жазылган табличкаларды илүү жана көчөнүн инфрастуктурасын жакшыртуу, жарыктандыруу, көрктөндүрүү боюнча иштерди алып баруу менен көчөгө аты коюлган инсандын жаркын элесин түбөлүктө сактап, көчөнү үлгүлүү алдыңкы көчө кылып сактоо жагы жакын тууган-уруктарына милдеттендирилсин..

3.         Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Батуу айылынын айыл башчысы Абдүрөшүт уулу Ысмайылга тапшырылсын.

Кенеш айылдык Кенешинин  төрагасы 

Абдырахманов О.С.            

Назад

5

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Кенеш айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезектеги 14 сессиясы

Т О К Т О М

Куу-майдан айылы

№ 14-5

12.08.2022

Куу-Майдан айылынын тургуну Алым уулу Нурланбектин арызы тууралуу

 Куу-Майдан айылынын тургуну Алым уулу Нурланбектин жашап жаткан үйүнүн токтому райондук архивден чыкпай жаткандыгына байланыштуу, жашап жаткан үйүн мыйзамдаштыруу тууралуу жазган арызын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү" 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123- мыйзамынын 3-главасынын 34-беренесинин 2-пунктунун 14-пунктчасына таянып Кеңеш айыл аймагынын айылдык кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.         Куу-Майдан айылынын тургуну Алым уулу Нурланбектин жашап жаткан үйүнүн токтому райондук архивден чыкпай жаткандыгына байланыштуу, жашап жаткан үйүн мыйзамдын негизинде карап, документтештирип берүү жагы айыл өкмөтүнүн жер адисине тапшырылсын.

2.         Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.

Кенеш айылдык Кенешинин  төрагасы 

Абдырахманов О.С.            

Назад

6

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Кенеш айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезектеги 14 сессиясы

Т О К Т О М

Куу-майдан айылы

№ 14-6

12.08.2022

Арбын айылындагы жа?ыдан курулуп жаткан спорт залга бөлүнгөн жер аянтындагы, курулушка тоскоолдук жараткан  дарактарды алып салууга макулдук берүү тууралуу

 Арбын айылындагы жа?ыдан курулуп жаткан спорт залга бөлүнгөн жер аянтындагы, курулушка тоскоолдук жараткан дарактарды алып салууга макулдук берүү тууралуу Арбын айылынын жамаатынын суранычын угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдыча башкаруу жөнүндөгү" 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123-мыйзамынын 3-бөлүмүнүн 34-беренесинин 2-пунктунун 5-пунктчасына таянып Кеңеш айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.         Арбын айылындагы жа?ыдан курулуп жаткан спорт залга бөлүнгөн жер аянтындагы, курулушка тоскоолдук жараткан дарактарды тиешелүү органдардын уруксаты менен алып салууга макулдук берилсин.

2.         Мыйзамдын чегинде иш алып баруу жагы демилгелчи топко жүктөлсүн.

3.         Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин жер, суу чарба, жана жаратылышты коргоо, мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, таранспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Нурматов Орозмаматка тапшырылсын.

Кенеш айылдык Кенешинин  төрагасы 

Абдырахманов О.С.            

Назад

7

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Кенеш айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезектеги 14 сессиясы

Т О К Т О М

Куу-майдан айылы

№ 14-7

12.08.2022

Дары-Булак айылындагы жа?ыдан курулуп жаткан балдар бакчасына бөлүнгөн жер аянтындагы курулушка тоскоолдук жараткан жана  Дары-Суу орто мектебинин спорттук аянтчасынын айланасындагы  тамыры казылып, кооптуу болуп калган дарактарды алып салууга макулдук берүү тууралуу

 Дары-Булак айылындагы жа?ыдан курулуп жаткан балдар бакчасына бөлүнгөн жер аянтындагы курулушка тоскоолдук жараткан жана Дары-Суу орто мектебинин спорттук аянтчасынын айланасындагы тамыры казылып, кооптуу болуп калган дарактарды алып салууга макулдук берүү тууралуу Дары-Суу орто мектебинин жамаатынын суранычын угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдыча башкаруу жөнүндөгү" 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123-мыйзамынын 3-бөлүмүнүн 34-беренесинин 2-пунктунун 5-пунктчасына таянып Кеңеш айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.         Дары-Булак айылындагы жа?ыдан курулуп жаткан балдар бакчасына бөлүнгөн

 жер аянтындагы курулушка тоскоолдук жараткан жана Дары-Суу орто

 мектебинин спорттук аянтчасынын айланасындагы тамыры казылып, кооптуу

 болуп калган дарактарды тиешелүү органдардын уруксаты менен алып

 салууга макулдук берилсин.

2.         Алынган дарактарды мыйзамдын чегинде Дары-Суу орто мектебинин чириген, жарактан чыккан полдоруна иштетүүгө уруксат берилсин.