М А З М У Н У

№ п/п

Токтом №

Токтом датасы

Кыска мазмуну

1.

№13-6

27.05.2022

"Шанкол-Сай" СПАнын менчигиндеги ирригациялык курулмалардын жалпы бөлүгүн Кеңеш айыл өкмөтүнө муниципалдык менчикке кабыл алуу жөнүндө"

2.

№13-7

27.05.2022

"Сугат суу Кенеш айыл аймагында жергиликтүү маанидеги маселе катары кабыл алуу жана башкаруу тартибин бекитүү жөнүндө"

 

 

 

 

 

1

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Кенеш айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезексиз 13 сессиясы

Т О К Т О М

Куу-майдан айылы

№13-6

27.05.2022

 

"Шанкол-Сай" СПАнын менчигиндеги ирригациялык курулмалардын жалпы бөлүгүн Кеңеш айыл өкмөтүнө муниципалдык менчикке кабыл алуу жөнүндө"

Кыргыз Республикасынын "Мүлккө болгон муниципалдык менчик жөнүндө" Мыйзамынын 2 жана 19-беренелерине, Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Мыйзамынын 27, 34-беренелерине, Кыргыз Республикасынын "Суу кодексинин" 84-беренесинин 1, 5-пунктарына ылайык Шаңкол-Сай суу пайдалануучулар ассоциациясынын мүчөлөрүнүн жалпы жыйынынын ирригациялык курулмаларды муниципалдык менчикке акысыз берүү жөнүндө чечими тууралуу Кенеш айыл өкмөтүнүн башчысы Шапиев Улукбектин сунушун угуп жана талкуулап Кенеш айылдык кеңеши

 

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         "Шаңкол-Сай" суу пайдалануучулар ассоциациясынын ирригациялык курулмаларынын жалпы бөлүгү муниципалдык менчикке кабыл алынсын.

 

2.         Кеңеш айыл өкмөтүнүн башчысы:- "Шаңкол-Сай" суу пайдалануучулары

 ассоциациясы менен биргеликте ирригациялык курулмалардын жалпы

 бөлүгүн (жер канал, жер арыктар), кабыл алуу-өткөрүп берүү актын түзсүн.

 

3.         Ирригациялык курулмаларды муниципалдык менчик реестрине камтысын.

 

4.         Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин "бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш" боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Кубанычбек уулу Мурасбекке тапшырылсын

Кенеш айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

Абдырахманов О.С.            

 

 

Назад

 

 

 

2

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Кенеш айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезексиз 13 сессиясы

Т О К Т О М

Куу-майдан айылы

№13-7

27.05.2022

 

"Сугат суу Кенеш айыл аймагында жергиликтүү маанидеги маселе катары кабыл алуу жана башкаруу тартибин бекитүү жөнүндө"

 Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Мыйзамынын 27 жана 34-беренелерине, Кыргыз Республикасынын "Суу кодексинин 16.1-беренесине ылайык Кенеш айыл өкмөтүнүн башчысы Шапиев Улукбектин дыйкандарды сугат суу менен камсыз кылууга байланыштуу чаралар боюнча сунушун угуп, Кенеш айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Кенеш айыл аймагында сугат суу жергиликтүү маанилүү маселе катары кабыл алынсын.

2.         Жергиликтүү маанидеги "тиешелүү аймакты экономикалык өнүктүрүүнү камсыз кылуу, ошондой эле инвестицияларды жана гранттарды тартуу" маселесин башкаруу тартиби (мындан ары - Тартип) дыйкандарды сугат суу менен камсыз кылуу маселелерин 1-тиркемеге ылайык киргизүү менен бекитилсин. (тиркеме тиркелет)

3.         Кенеш айыл өкмөтүнүн башчысы тартиптин бекитилген функцияларын аткаруу, кызматтарды уюштуруу жана милдеттенмелерди аткаруу бөлүгүнүн ишке ашырылуусун камсыз кылсын.

1.         Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин "бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш" боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Кубанычбек уулу Мурасбекке тапшырылсын.

Кенеш айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

Абдырахманов О.С.            

ТИРКЕМЕ №1

 

Назад