Описание: Автоматически созданный замещающий текст:  
Ноокат шаары                                            №XX-1                                  3-август   2023-жыл    
 
Ноокат шаардык кеңешинин VI чакырылышынын  кезектеги XX  сессиясынын 
Т О К Т О М У     
     Ноокат шаар мэриясынын 2023-жылдын 
биринчи жарым жылдыгында аткарган 
иштери жана жергиликтүү бюджеттин 
аткарылышы туралуу Ноокат шаарынын 
мэри Т.Ж.Тезекбаевдин отчету жөнүндө 
Ноокат шаар мэриясынын 2023-жылдын биринчи жарым жылдыгында аткарган 
иштери жана жергиликтүү бюджеттин аткарылышы туралуу Ноокат шаарынын мэри 
Т.Ж.Тезекбаевдин отчету жөнүндө Ноокат шаардык кеңешинин депутаттарынын жана 
шаар тургундарынын  сын-пикирлерин эске алып,  “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу 
жөнүндөгү”  Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2,6-
бөлүкчөлөрүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин  отуруму.
 
                               Токтом кылат: 
1.Ноокат шаарынын мэри Т.Ж.Тезекбаевдин 2023-жылдын биринчи жарым 
жылдыгында   аткарган жумуштары канааттандырарлык  деп табылсын. 
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кеңешинин алдындагы  
мыйзамдуулукту сактоо,  мандат, депутаттык этика,  өз алдынча башкаруу, коомдук  
уюмдар, дин иштери боюнча  туруктуу комиссиясына жана Ноокат шаардык кенешинин 
төрагасынын орун басары Г.Дуванаевага милдеттендирилсин. 
 
                     Төрага:-                                                                              Б.Мадмаров    
 
 
 
 
 
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ 
                           ОШ ОБЛУСУ 
                      НООКАТ РАЙОНУ  
НООКАТ ШААРДЫК КЕНЕШИ  
 
 
 
 
 
КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА 
ОШСКАЯ ОБЛАСТЬ 
НООКАТСКИЙ РАЙОН  
 НООКАТСКИЙ ГОРОДСКОЙ 
КЕНЕШ

 

Описание: Автоматически созданный замещающий текст:  
Ноокат шаары                                            №XX-2                                3-август   2023-жыл 
 
Ноокат шаардык кеңешинин VI чакырылышынын  кезектеги XX  сессиясынын 
Т О К Т О М У     
      Ноокат   шаардык мэриясынын 2024-2026-
жылдарга бюджетинин орто мөөнөттүү 
болжолу жөнүндө 
Ноокат   шаардык мэриясынын 2024-2026-жылдарга бюджетинин орто мөөнөттүү 
болжолу жөнүндөгү маселени Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин  95-
беренесин колдоого алып, 
жергиликтүү бюджеттин 
2024-2026-жылдарга орто мөөнөттүү 
болжолдуу
 
 долбоору тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилеринин катышуусунда, 
Ноокат шаардык кеңешинин  бюджет,  финансы,  экономика,  соода  маселелер боюнча  
туруктуу  комиссиясынын берген тактамасынын  негизинде  Ноокат шаардык кеңешинин  
отуруму
 
Т О К Т О М   К Ы Л А Т 
1.Ноокат   шаардык мэриясынын 2024-2026-жылдарга шаардык бюджетинин  
болжолунун негизги көрсөткүчтөрү 1-2 тиркемесин негизинде жактырылсын.  
(Тиркемелер тиркелет) 
 
2.Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Ноокат шаарынын мэри 
Т.Ж.Тезекбаевке жана Ноокат шаардык мэриясынын   финансы-экономика 
бөлүмүнүн  башчысы   М. Абдивахидовго милдеттендирилсин. 
 
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат  шаардык кенешинин  
бюджет,  экономика,  финансы,  соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана 
тышкы экономикалык байланыштар   боюнча туруктуу  комиссиясына 
тапшырылсын. 
  
 
 
               Төрага                                      Б.Мадмаров 
 
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ 
                           ОШ ОБЛУСУ 
                      НООКАТ РАЙОНУ  
НООКАТ ШААРДЫК КЕНЕШИ  
 
 
 
 
 
КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА 
ОШСКАЯ ОБЛАСТЬ 
НООКАТСКИЙ РАЙОН  
 НООКАТСКИЙ ГОРОДСКОЙ 
КЕНЕШ

 

Описание: Автоматически созданный замещающий текст:        Ноокат шаардык кеңешинин 2023-
жылдын 3-августундагы VI 
чакырылыш XX сессиясынын  №XX-2  
токтомуна 1-тиркеме 
Ноокат шаар мэриясинин 2024-жылга  шаар бюджетинин болжолу (миң сом) 
 
Кирешелердин аталышы 
 
2024-жыл 
Киреше-активдер жана милдеттемелер (жер 
сатуудан) 
 
80 627,6 
Салык кирешелер  
Салык агенти төлөгөн киреше салыгы 
 
52 600,0 
Чакан ишкердиктин субъектилери үчүн бирдиктүү 
салык 
 
1 000,0 
Негизги патент 
 
16 262,0 
Кыймылсыз мүлккө салык 
 
1 095,6 
Кыймылдуу мүлккө салык 
 
1 270,0 
Жер салыгы 
 
1 950,0 
Калктуу пункттан алынуучу ижара салыгы 
 
350,0 
Таштанды төлөмү 
 
300,0 
Автопарковкадан алунуучу төлөм 
 
800,0 
Мектепке чейинки билим беруу мекемелеринен 
мүчөлүк акы 
5 000,0 
 
 
Ноокат шаардык  
кеңешинин жооптуу катчысы                                                                  М.Ярматов

 

Описание: Автоматически созданный замещающий текст: Ноокат шаардык кеңешинин 
2023-жылдын 3-августундагы VI 
чакырылыш XX сессиясынын  №XX-2  
токтомуна 2-тиркеме 
Ноокат шаар мэриясынын 2025-2026-жылдарга  шаар бюджетинин болжолу (миң 
сом) 
 
Кирешелердин аталышы 
 
2025-жыл 2026-жыл 
Киреше-активдер жана милдеттемелер (жер 
сатуудан) 
 
81 627,0 82 627,0 
Салык кирешелер   
Салык агенти төлөгөн киреше салыгы 
 
53 600,0 54 600,0 
Чакан ишкердиктин субъектилери үчүн 
бирдиктүү салык 
 
1 000,0 1 000,0 
Негизги патент 
 
16 262,0 16 262,0 
Кыймылсыз мүлккө салык 
 
1 095,6 1 095,6 
Кыймылдуу мүлккө салык 
 
1 270,0 1 270,0 
Жер салыгы 
 
1 950,0 1 950,0 
Калктуу пункттан алынуучу ижара салыгы 
 
350,0 350,0 
Таштанды төлөмү 
 
300,0 300,0 
Автопарковкадан алынуучу төлөм 
 
800,0 800,0 
Мектепке чейинки билим берүү 
мекемелеринен мүчөлүк акы 
5 000,0 5 000,0 
 
 
 
Ноокат шаардык  
кеңешинин жооптуу катчысы                                                               М.Ярматов

 

Описание: Автоматически созданный замещающий текст:  
Ноокат шаары                                             №XX-3                                 3-август   2023-жыл    
 
Ноокат шаардык кеңешинин VI чакырылышынын  кезектеги XX  сессиясынын 
Т О К Т О М У     
Ноокат шаарынын аймагындагы 
                    
Н.К. Крупская атындагы орто мектебинде (5-
кл.)  лицей-гимназия  классын ачууга 
макулдук  берүү жөнүндө 
Ноокат шаарынын аймагындагы Н.К Крупская атындагы орто мектебинде (5-кл) 
лицей-гимназия классын ачууга макулдук берүү жөнүндө Ноокат шаардык кенешинин 
мыйзамдуулукту,  укук тартибин  сактоо,  өз алдынча  башкаруу,   регламент, 
депутаттык  этика, мандат, жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, 
коомдук уюмдар,  дин иштери  маселелери  боюнча туруктуу комиссиясынын берген 
корутундусунун негизинде угуп жана талкуулап,  Ноокат шаардык кенеши
 
Т О К Т О М    К Ы Л А Т: 
1.
 
Ноокат шаарынын аймагындагы Н.К Крупская атындагы орто мектебинде (5-кл) 
лицей-гимназия классын ачууга макулдук берилсин. 
 
2.
 
Ушул токтомду массалык  маалымат каражаттарында жарыялансын жана Кыргыз 
Республикасынын укуктук нормативдик актылар реестрине киргизүү үчүн Ош 
облустук юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн. 
 
3.
 
Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Мыйзамдуулукту,  укук тартибин  
сактоо,  өз алдынча  башкаруу,   регламент, депутаттык  этика, мандат, жарандардын 
укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, коомдук уюмдар,  дин иштери  маселелери  
боюнча туруктуу комиссиясына  тапшырылсын. 
 
                        Төрага:-                                                                                      Б.Мадмаров  
 
 
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ 
                           ОШ ОБЛУСУ 
                      НООКАТ РАЙОНУ  
     НООКАТ ШААРДЫК 
КЕНЕШИ  
 
 
 
 
КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА 
ОШСКАЯ ОБЛАСТЬ 
НООКАТСКИЙ РАЙОН  
 НООКАТСКИЙ ГОРОДСКОЙ 
КЕНЕШ

 

Описание: Автоматически созданный замещающий текст:  
Ноокат шаары                                             №XX-4                                 3-август   2023-жыл    
 
Ноокат шаардык кеңешинин VI чакырылышынын  кезектеги  XX  сессиясынын 
Т О К Т О М У     
Ноокат шаар мэриясынын алдындагы 
муниципалдык менчик департаментине 
ажыратылып берилген акча каражатынын 
беренесин өзгөртүп берүү  жөнүндө 
Ноокат шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментине 
ажыратылып берилген акча каражатынын беренесин өзгөртүп берүү жөнүндөгү Ноокат 
шаардык кеңешинин бюджет,  экономика,  финансы,  соода, инвестициялар, ишкердик 
жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар   боюнча туруктуу комиссиясынын 
берген тактамасынын негизинде “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз 
Республикасынын  Мыйзамынын 31-беренесинин 2,3-бөлүктөрүнө ылайык,  Ноокат 
шаардык кеңешинин  отуруму
            
 
Т о к т о м  к ы л а т: 
1.Ноокат шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментине 
ажыратылып берилген 3111-беренесиндеги 5 145 530 (беш миллион бир жүз кырк беш 
миң беш жүз отуз) сом, жана 2215-беренесиндеги эски көрүстөндүн жерин 
трансформациялап, АПЗ алганы каралган акча каражатын төмөндөгү таблица боюнча 
№ Берене Аталышы Баасы Эскертүү 
     
1  
 
2215 
Н. Исановдун 80 жылдыгына жана 
эгемендүүлүк күнүнө карата 
даярдык көрүү үчүн 
 
 
 
150 000 
 
2215-беренесиндеги 
200 000 сом акча 
каражатынын эсебинен 
2  
2215 
А. Абдубаитов орто мектебинин 
ичиндеги эски скважинаны 
изилдөө жана смета жасоо 
иштерине 
50 000 
 
өзгөртүлүп берилсин.      
 
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ 
                           ОШ ОБЛУСУ 
                      НООКАТ РАЙОНУ  
НООКАТ ШААРДЫК КЕНЕШИ  
 
 
 
 
 
КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА 
ОШСКАЯ ОБЛАСТЬ 
НООКАТСКИЙ РАЙОН  
 НООКАТСКИЙ ГОРОДСКОЙ 
КЕНЕШ

 

Описание: Автоматически созданный замещающий текст: 2. Жылдык сметага жана сатып алуулар планына өзгөртүүлөрдү киргизүү жагы 
ФЭБ башчысы М.Абдивохидовко жүктөлсүн.    
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат  шаардык кенешинин  бюджет,  
экономика,  финансы,  соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы 
экономикалык байланыштар   боюнча туруктуу  комиссиясына тапшырылсын. 
 
 
                        Төрага:-                                                                                      Б.Мадмаров

 

Описание: Автоматически созданный замещающий текст:  
Ноокат шаары                                             №XX-5                                  3-август   2023-жыл    
 
Ноокат шаардык кеңешинин VI чакырылышынын  кезектеги XX  сессиясынын 
Т О К Т О М У     
Ноокат   шаарында жеке турак жай үй куруу 
үчүн берилүүчү жер участогуна чекти 
аныктоо  жөнүндө 
Ноокат   шаарында жеке турак жай үй куруу үчүн берилүүчү жер участогуна чекти 
аныктоо  жөнүндөгү маселени Кыргыз Республикасынын Жер кодексине,  Кыргыз 
Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз 
алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына жана КРнын Өкмөтүнүн 2005-
жылдын 6-майындагы “Жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун берүүнүн 
тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” №177 токтомуна ылайык, Ноокат шаардык 
кеңешинин  муниципиалдык  менчик,  өнөржай,  курулуш,  экология,  архитектура,  
транспорт,  агрардык  маселелер  жана энергетика боюнча  туруктуу комиссиясынын 
берген тактамасынын  негизинде  Ноокат шаардык кеңешинин  отуруму 
Т О К Т О М   К Ы Л А Т 
1.Ноокат   шаарында жарандардын жашап жаткан турак жайын мыйзамдаштыруу 
жана жеке турак жай үй куруу үчүн жер участогун бекитип берүү Ноокат шаарынын 
башкы планына, калктуу конуштардын башкы схемасына ылайык берилсин жана жер 
участогун бекитип берүү чеги 6 (алты) сотых деп бекитилсин. 
2.Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Ноокат шаарынын мэрине 
милдеттендирилсин. 
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө муниципиалдык  менчик,  өнөржай,  
курулуш,  экология,  архитектура,  транспорт,  агрардык  маселелер  жана энергетика 
туруктуу  комиссиясына жана Ноокат шаардык кеңешинин депутаты Т.Т.Кадирбаевке 
тапшырылсын. 
  
                Төрага                                            Б.Мадмаров 
 
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ 
                           ОШ ОБЛУСУ 
                      НООКАТ РАЙОНУ  
НООКАТ ШААРДЫК
                   
КЕНЕШИ  
 
 
 
 
 
КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА 
ОШСКАЯ ОБЛАСТЬ 
НООКАТСКИЙ РАЙОН  
НООКАТСКИЙ ГОРОДСКОЙ 
КЕНЕШ

 

Описание: Автоматически созданный замещающий текст:  
Ноокат шаары                                             №XX-6                        3-август   2023-жыл    
 
Ноокат шаардык кеңешинин VI чакырылышынын  кезектеги XX  сессиясынын 
Т О К Т О М У    
Ноокат шаарындагы убактылуу автоунаа токтоочу 
жайлардын реестрин кайрадан бекитүү жөнүндө.
 
 
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 14-мартындагы 
“Автомобиль жолдорунун жээгиндеги жерлерге (жол тилкесиндеги жана жол боюндагы 
тилкедеги жерлерде) жол боюндагы тейлөө объекттерин (анын ичинде сооданы) 
мыйзамсыз жайгаштырууну алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча чаралар жөнүндө” №56 
Жарлыгын аткарууга алуу максатында Ноокат шаар мэриясынын  айрым унаа токтоочу 
жайлар бир багыттуу жол кыймылы киргизилгендигине байланыштуу  токтотмолорго 
болгон төлөмдөр жергиликтүү бюджетке түшпөй калгандыктан, аталган убактылуу унаа 
токтоочу жайлардын жокко чыккандыгын эске алуу менен ижарага берилген убактылуу 
унаа токтоочу жайлардын реестрин кайрадан бекитип берүү жөнүндө муниципиалдык  
менчик,  өнөржай,  курулуш,  экология,  архитектура,  транспорт,  агрардык  маселелер  
жана энергетика туруктуу  комиссиясын сунушунун негизинде,   Ноокат шаардык 
кеңешинин  отуруму 
 
Т О К Т О М   К Ы Л А Т 
1. Ноокат   шаарында унаа токтоочу жайлардын тизмеси №1-тиркемеге ылайык 
бекитилсин. 
2.
 
Реестрге кирбей калган унаа токтоочу жайлар менен болгон келишимдер бир 
тараптуу жокко чыгарылсын жана бюджетке түшпөй калган каражаттар жылдык планды 
өзгөртпөстөн эске алынсын. 
3. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Ноокат шаарынын мэрине 
милдеттендирилсин. 
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө муниципиалдык  менчик,  өнөржай,  
курулуш,  экология,  архитектура,  транспорт,  агрардык  маселелер  жана энергетика 
туруктуу  комиссиясына жана Ноокат шаардык кеңешинин депутаты Т.Т.Кадирбаевке 
тапшырылсын. 
  
                Төрага                                            Б.Мадмаров 
 
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ 
ОШ ОБЛУСУ 
НООКАТ РАЙОНУ 
   НООКАТ ШААРДЫК 
                
КЕНЕШИ 
 
 
 
 
 
КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА 
ОШСКАЯ ОБЛАСТЬ 
НООКАТСКИЙ РАЙОН  
 НООКАТСКИЙ ГОРОДСКОЙ 
КЕНЕШ

 

Описание: Автоматически созданный замещающий текст: Ноокат шаардык кеңешинин 2023-
жылдын 3-августундагы VI чакырылыш XX 
сессиясынын  №XX-6  токтомуна 1-тиркеме 
Ноокат шаарындагы убактылуу автоунаа токтоочу 
Жайлардын реестри 
  
№
Муниципалдык 
автоунаа токтоочу 
жайлардын менчик 
ээлери 
Автоунаа токтоочу 
жайлардын жайгашкан 
дареги 
Аянты 
кв.м 
Акы төлөнүүчү унаа 
токтотмолордун 
баалары 
1
.
ММД 
Ноокат шаарынын 
Ленин көчөсүнүн 
А.Абдубаитов 
мектебинин эски 
стадиону 
400 
чарчы 
метр 
Айына: 
57 000 сом 
2
.
ММД 
Ноокат шаарынын 
Мирмахмудов көчөсүндө 
жайгашкан Ноокат-
Кыргыз-Ата авто 
стоянкасы 
180 
чарчы 
метр 
Айына: 
10 000 сом 
3
ММД 
Ноокат шаарынын 
Бостон кварталынын 
Шаар маалла көчөсү 
170 
чарчы 
метр 
        Айына: 
10 000 сом 
4
ММД 
Ноокат шаарынын 
Ленин көчөсүнун күн 
чыгыш тарабында 
жайгашкан афганец 
магазинден тартып 
жылулук ишканасына 
кирген эшигине чейин  
540 
чарчы 
метр 
        Айына: 
36 500 сом 
 
 
   Ноокат шаардык кеңешинин  
жооптуу катчысы:                                                                       
М.Ярматов

 

Описание: Автоматически созданный замещающий текст:  
Ноокат шаары                                             №XX-7                                 3-август   2023-жыл    
 
Ноокат шаардык кеңешинин VI чакырылышынын  кезектеги XX  сессиясынын 
Т О К Т О М У  
Ноокат шаарынын аймагында “Автомобиль 
жолдорунун жээгиндеги мыйзамсыз жайгаштырууну 
алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча чаралар 
жөнүндө жана жерлерди өзүм билемдик менен 
мыйзамсыз ээлеп алуу фактыларын алдын алуу 
жана болтурбоо боюнча комплекстүү иш-
чараларынын планы жөнүндө” 
 
Ноокат шаарынын аймагында “Автомобиль жолдорунун жээгиндеги мыйзамсыз 
жайгаштырууну алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча чаралар жөнүндө жана жерлерди 
өзүм билемдик менен мыйзамсыз ээлеп алуу фактыларын алдын алуу жана болтурбоо 
боюнча комплекстүү иш-чараларынын планы жөнүндөгү” маселени Ноокат шаардык 
кеңешинин  муниципиалдык  менчик,  өнөржай,  курулуш,  экология,  архитектура,  
транспорт,  агрардык  маселелер  жана энергетика боюнча  туруктуу комиссиясынын 
берген тактамасынын  негизинде  Ноокат шаардык кеңешинин  отуруму 
Т О К Т О М   К Ы Л А Т 
1.Ноокат шаарынын аймагында “Автомобиль жолдорунун жээгиндеги мыйзамсыз 
жайгаштырууну алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча чаралар жөнүндө жана жерлерди 
өзүм билемдик менен мыйзамсыз ээлеп алуу фактыларын алдын алуу жана болтурбоо 
боюнча комплекстүү иш-чараларынын планы бекитилсин.        (Тиркеме тиркелет) 
2.Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Ноокат шаарынын мэрине 
милдеттендирилсин. 
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө муниципиалдык  менчик,  өнөржай,  
курулуш,  экология,  архитектура,  транспорт,  агрардык  маселелер  жана энергетика 
туруктуу  комиссиясына жана Ноокат шаардык кеңешинин депутаты Х.Маткосимовко 
тапшырылсын. 
  
    Төрага                                            Б.Мадмаров 
 
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ 
                           ОШ ОБЛУСУ 
                      НООКАТ РАЙОНУ  
НООКАТ ШААРДЫК КЕНЕШИ  
 
 
 
 
 
КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА 
ОШСКАЯ ОБЛАСТЬ 
НООКАТСКИЙ РАЙОН  
 НООКАТСКИЙ ГОРОДСКОЙ 
КЕНЕШ

 

Описание: Автоматически созданный замещающий текст:  Ноокат шаардык кеңешинин 2023-жылдын 3-августундагы 
VI чакырылыш XX сессиясынын  №XX-7  токтомуна   №1-
тиркеме 
 
 
Ноокат шаарынын аймагында“Автомобиль жолдорунун жээгиндеги мыйзамсыз жайгаштырууну алдын алуу жана бөгөт коюу 
боюнча чаралар жөнүндө жана жерлерди өзүм билемдик менен мыйзамсыз ээлеп алуу фактыларын алдын алуу жана болтурбоо 
боюнча   комплекстүү иш-чараларынын планы  
 
№ Аткарылуучу иш-чаралар Аткарууга 
жооптуулар 
Аткаруу 
мөөнөтү 
Күтүлгөн натыйжа жана ЧУА 
1 
Ноокат шаарына караштуу борбордук көчөлөрдө, 
автомобиль жолдорунун жээгин мыйзамсыз 
соодагерлерди чыгарбоо жана таасир этүүчү 
чараларды көрүү.  
1.
 
Базардын ичине киргизүү; 
2.
 
Убактылуу соода кылуу үчүн “Жаш күч” спорт 
залынын алдына киргизүү. 
3.
 
Көчөт базарга киргизүү. 
Ноокат РИИБ; Ноокат 
шаардык милиция 
бөлүмчөсү;  Ноокат 
шаар мэриясы жана 
Ноокат шаар 
мэриясынын алдындагы 
ММДти. 
Ар дайым Кыргыз Республикасынын 
Президентинин 2023-жылдын  14-
мартындагы “Автомобиль жолдорунун 
жээгиндеги жерлерге (жол тилкесиндеги 
жана жол боюндагы тилкедеги 
жерлерде) жол боюндагы тейлөө 
объекттерин (анын ичинде сооданы) 
мыйзамсыз жайгаштырууну алдын алуу 
жана бөгөт коюу боюнча чаралар 
жөнүндө” ПЖ № 56 Жарлыктарын 
Ноокат шаарында аткарууга алуу 
2 
Ноокат шаарынын аймагында атайын тиешелүү 
ыйгарым укуктуу органдар, аймактык тескөөчүлөр, 
ТОС башчылар менен биргеликте рейддерди 
уюштуруу, эл арасында түшүндүрүү иштерин 
жүргүзүү.
 
Ноокат шаар мэриясы, 
ММД жана башка  
ыйгарым укуктуу 
органдар менен
 
Ар дайым Жерлерди өзүм билемдик менен 
мыйзамсыз ээлеп алуу фактыларын 
алдын алуу жана болтурбоо боюнча 
чараларды көрүү 
3 
Ноокат РИИБ, Ноокат шаар милиция бөлүмчөсү, 
Ноокат шаар мэриясы,  Ноокат шаар мэриясынын 
алдындагы ММДти менен биргеликте мыйзамсыз көчө 
соодасы боюнча иш алып баруу
 
Ноокат РИИБ; Ноокат 
шаар мэриясы, ММДти 
жана  Ноокат шаар 
милиция бөлүмчөсү.
 
Ар дайым
 
Мыйзамсыз көчө соодасын иретке 
келтирүү, коомдук тартипти сактоого 
көмөктөшүү. 
4 
Борбордук базарлардын  санитардык Ноокат райондук СЭС, Ар дайым Борбордук базарлардын  санитардык

 

Описание: Автоматически созданный замещающий текст: эпидемологиялык абалын, тазалыгын жакшыртуу  Ноокат РИИБ, “Ноокат 
базар” кооперативи; 
Ноокат шаар мэриясы, 
“Ноокат Тазалык” МИ 
эпидемологиялык абалын, тазалыгын 
жакшыртуу 
5 
Борбордук базарга жана борбордук көчөлөргө өрт 
коопсуздугу боюнча машыгууларды өткөрүү, өрт 
өчүрүүчү унаага тоскоолдук жараткан ар кандай 
тосмолорду алдыруу, бузуу 
НРМА; РЖК 
башчылары, Ноокат 
шаар мэриясы, 
Мирмахмудов  а/ө; 
Ноокат базар 
Кооперативи; Ош 
областтык АКК 
башкармалыгы; Ноокат 
райондук СЭС; Ноокат 
РИИБ; Ноокат 
архитектура 
шааркурулуш 
башкармалыгы; Ноокат 
РЭТ; Ноокат райондук 
ӨКБ. 
Ар жума 
сайын  
Өрт коопсуздугунун алдын алуу 
6 
Борбордук базардын ичиндеги баш аламан электр 
чубалгыларын иретке келтирүү; Базар ичиндеги баш 
аламан электр чубалгыларын өрт коопсуздугун алдын 
алуу максатында менчигинин түрүнө карабай 
мыйзамсыз токту пайдаланып жаткандар боюнча 
чараларды көрүү;  Борбордук базарлардагы эски, 
кооптуу электр 
стольбаларынын 
жана   зымдарынын 
алмаштыруу. Тиешелүү уруксат кагаздары жок 
мыйзамсыз курулуштарга электр энергиясын  
киргизүүнү токтотуу 
Ноокат РЭТ, Ноокат 
РИИБ; Ноокат шаар 
мэриясы; Ноокат 
райондук Өзгөчө 
кырдаалдар 
башкармалыгы 
Ар жума 
сайын  
Борбордук базарды иретке келтирүү 
7 
Ноокат шаарындагы баардык коомдук тамактануучу 
жайларга санитардык-эпидемологиялык талаптардын 
сактоосун эскертүү; Жол боюндагы сатылып жаткан 
мөмө-жемиш жана май-куруттар боюнча санитардык 
Ноокат райондук СЭС; 
Ноокат шаар мэриясы,  
Ноокат РИИБу.  
Ар жума 
сайын  
Борбордук базарды иретке келтирүү

 

Описание: Автоматически созданный замещающий текст: көзөмөлдөрдү күчөтүү 
8 
Ноокат шаарынын аймактарындагы көрнөк-
жарнактарды иретке келтирүү, эскилиги жеткен, 
тиешелүү уруксат кагазы жокторун алып салуу. 
НРМА, Ноокат шаар 
мэриясы, Мамлекеттик 
тил боюнча улуттук 
комиссия 
Ар жума 
сайын 
Тиешелүү калктуу конуштун аймагында 
жарнакты мыйзамдарда белгиленген 
тартипте жайгаштыруу 
9 
Жер участогун, анын максаттуу багыты боюнча  
пайдалануусун көзөмөлдөө, табылган фактылар 
боюнча таасир этүү чараларын көрүү  
Ноокат шаар мэриясы, 
ММД ж.б ыйгарым 
укуктуу органдар менен 
Ар жума 
сайын 
Жер пайдалануу эрежелерин белгилөө 
жана шаар куруу менен архитектуранын 
ченемдерин жана эрежелерин сактоону 
камсыз кылуу; Жер участогу анын 
максаттуу багытын бузуунун алдын алуу 
 
Ноокат шаардык кеңешинин 2017-жылдын 22-
декабрындагы  “Ноокат шаардык мэриясынын 
алдындагы   муниципиалдык менчик департаментинин 
шаар аймагындагы пайдаланган муниципалдык 
жерлер  боюнча түзүлгөн зоналарынын  
коэффициенттерин  бекитүү жөнүндө” №22-токтомуна 
ылайык, жергиликтүү бюджеттин көлөмүн көтөрүү 
максатында Кыргыз Республикасынын жол 
мыйзамдарынын талаптарын бузуу менен түзүлгөн 
автомобиль жолдорунун жээгиндеги жерлерге (жол 
тилкесиндеги жана жол боюндагы тилкедеги 
жерлерге) жол боюндагы тейлөө объекттерин, анын 
ичинде сооданы мыйзамсыз уюштуруунун жана 
жайгаштыруунун кооптуулугуна өзгөчө таасир 
этпеген айрым ишкердик субьектерге жана башка 
сезондук соода-сатыктардын айрым түрлөрүнө 
уруксат берүү   
Ноокат шаар мэриясы, 
ММД 
Ар дайым Жергиликтүү бюджеттин киреше 
булактарын көбөйтүү, көмүскө 
экономиканы ачыкка алып чыгуу 
10 
Жерлерди өзүм билемдик менен ээлеп алууга жол 
берилбестиги жөнүндө жана мындай  укукка каршы 
аракеттер үчүн жарандык , административдик  жана 
кылмыш жаза жоопкерчилиги жөнүндө  жарандардын 
арасында түшүндүрүү иштерин системалуу  түрдө 
жүргүзүү 
Ноокат РИИБ; Ноокат 
шаар мэриясы, ММДти 
жана  Ноокат шаар 
милиция бөлүмчөсү. 
Күн сайын Жер пайдалануу эрежелерин белгилөө 
жана шаар куруу менен архитектуранын 
ченемдерин жана эрежелерин сактоону 
камсыз кылуу;  Кызыл, сары 
сызыктардын өлчөмүн сактоо

 

Описание: Автоматически созданный замещающий текст: 11 
Жер участокторун, чектеринин жайгашуусу жөнүндө 
маалыматтары кыймылсыз мүлктүн мамлекеттик 
кадастрына киргизилбеген капиталдык курулуш 
объекттеринин, курулмаларынын участокторун ээлеп 
алууну болтурбоо максатында жер участокторунун 
чектерин белгилөө боюнча жеринде кадастрдык иштер 
жүргүзүү (генпландын негизинде) 
Ноокат кадастр, Ноокат 
архитектура, шаар 
кенештин депутаттары, 
Ноокат шаар мэриясы, 
ММДти 
Ай сайын 
(комиссия 
менен 
биргеликте)
 
Мыйзамсыз курулуштарды алдын алуу 
жана шаардын архитектуралык көркүн 
сактоо, туш келди сооданы алдын алуу  
12 
Тиешелүү органдар тарабынан бөлүнүп же бекитилип 
берилген (жеке менчик, улуш жер) жер участогун 
жарандар же юридикалык жактар өзүм билемдик 
менен кенейтип алган фактыларды Кыргыз 
Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө Кодексине 
жана Граждандык  Кодексине ылайык ыкчам чаралар  
каралсын. 
Ноокат кадастр, Ноокат 
архитектура, шаар 
кенештин депутаттары, 
Ноокат шаар мэриясы, 
ММДти 
Ар жума 
сайын 
Жер пайдалануу эрежелерин белгилөө 
жана шаар куруу менен архитектуранын 
ченемдерин жана эрежелерин сактоону 
камсыз кылуу; Жер участогу анын 
максаттуу багытын бузуунун алдын алуу 
 
Ноокат шаардык кең
ешинин жооптуу катчысы                                                        М.Ярматов

 

Описание: Автоматически созданный замещающий текст:  
Ноокат шаары                                      №XX-8                                3-август   2023-жыл    
 
Ноокат шаардык кеңешинин VI чакырылышынын  кезектеги XX  сессиясынын 
Т О К Т О М У  
Кыргызстандын эгемендигинин 32 
жылдыгына жана тунгуч премьер-министр 
Насирдин Исановдун 80 жылдыгына карата 
өткөрүлүүчү салтанатка керектелүүчү акча 
каражаты жөнүндө 
 
Кыргызстандын эгемендигинин 32 жылдыгына жана тунгуч премьер-министр 
Насирдин Исановдун 80 жылдыгына карата өткөрүлүүчү салтанатка керектелүүчү акча 
каражаты жөнүндөгү маселени Ноокат шаардык кеңешинин  бюджет,  финансы,  
экономика,  соода  маселелер боюнча  туруктуу  комиссиясынын берген тактамасынын  
негизинде  Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 20-февралындагы 
ПЖ №30 Указына ылайык,  Ноокат шаардык кеңешинин  отуруму
 
Т О К Т О М   К Ы Л А Т 
1.Кыргызстандын эгемендигинин 32 жылдыгына жана тунгуч премьер-министр 
Насирдин Исановдун 80 жылдыгына карата өткөрүлүүчү салтанатка керектелүүчү акча 
каражаты үнөмдөлгөн акча каражаты эсебинен 708 бөлүмдүн ар түрдүү чыгымдардын 
2215-беренесине  200 000 (эки жүз миң) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.  
2.Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Ноокат шаарынын мэрине 
милдеттендирилсин. 
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кеңешинин  бюджет,  
финансы,  экономика,  соода  маселелер боюнча  туруктуу  комиссиясына жана Ноокат 
шаардык кеңешинин депутаты. Т.Р.Маманазаровко тапшырылсын. 
  
    Төрага                                            Б.Мадмаров 
 
 
 
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ 
                           ОШ ОБЛУСУ 
                      НООКАТ РАЙОНУ  
НООКАТ ШААРДЫК КЕНЕШИ  
 
 
 
 
 
КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА 
ОШСКАЯ ОБЛАСТЬ 
НООКАТСКИЙ РАЙОН  
 НООКАТСКИЙ ГОРОДСКОЙ 
КЕНЕШ