Дата публикации 25.05.2015

 

М А З М У Н У

№ п/п

Токтом №

Токтом датасы

Кыска мазмуну

1.

22-1

20.05.2015

Ноокат шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин 2014-жылда жүргүзгөн иштери жөнүндө отчету

2.

22-2

20.05.2015

Ноокат шаардык мэриясынын алдындагы АООТ “Ноокат Коммунальщик” ишканасынын тазалык боюнча аткарып жаткан иштери жөнүндө

3.

22-3

20.05.2015

Ноокат шаар мэриясынын балансасында турган №2 УДТ нүн имаратын Ноокат шаарынын калкына медициналык кызмат көрсөтүү үчүн “Медигос” УБМБна убактылуу акысыз пайдаланууга макулдук берүү жөнүндө

4.

22-4

20.05.2015

Ноокат шаар мэриясынын социалдык маселелер боюнча башкы адиси М.К.Амановдун 2014-жылдын жыйынтыгы боюнча отчету жөнүндө

5.

22-5

20.05.2015

Ноокат шаарынын тургундарына тиешелү болгон үйлөрдүн багытын өзгөртүү жөнүндө

6.

22-6

20.05.2015

Ноокат шаардык мэриясынын 2015-жылга шаардык кеңешинин атайын эсебиндеги жергиликтүү бюджетине түзөтүү киригизүү жөнүндө (тиркеме)

7.

22-7

20.05.2015

Ноокат шаарына караштуу А.Мирмахмудов атындагы көчөсүндөгү Бостон көчөсүнүн кесилишинен баштап күн чыгыш тарабына карай жайгашкан 40-метр аралыкка убактылуу автотоктом уюштуруу жөнүндө

8.

22-8

20.05.2015

Ноокат шаар мэриясында иштеген муниципалдык кызматкерлерге квартал сайын бир айлык эмгек акы өлчөмүндө сыйлык үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Ноокат шаардык кеңешинин кезектеги IV чакырылышынын XXII сессиясынын отуруму

 

Т О К Т О М

Ноокат шаары

22-1

20.05.2015

 

Ноокат шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин 2014-жылда жүргүзгөн иштери жөнүндө отчету

Ноокат шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин 2014-жылда жүргүзгөн иштери жөнүндө Ноокат шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин директору Ж.А.Нурдиновтун отчетун угуп жана муниципалдык менчик, өнөр жай, курулуш, экология жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын берген сунушун талкуулап, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Ноокат шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин директору Ж.А.Нурдиновтун 2014-жылда жүргүзгөн иштери жөнүндөгү отчету канааттандыраарлык деп табылсын.

2.Ноокат шаар аймагына тиешелүү болгон жалпы обьекттердин реестрин тактоо шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти тарабынан 6(алты) айлык мөөнөттө аткарылбаса, муниципиалдык менчик департаменти ишканасын жоюу маселеси шаардык кенештин муниципалдык менчик, өнөр жай, курулуш, экология жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясында каралсын.

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кенештин муниципалдык менчик, өнөр жай, курулуш, экология жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Ноокат шаардык кеңешинин төрагасы:-

 

 

А.Гафаров

 

 

Назад

 

 

 

 

 

 

 

 

Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Ноокат шаардык кеңешинин кезектеги IV чакырылышынын XXII сессиясынын отуруму

 

Т О К Т О М

Ноокат шаары

22-2

20.05.2015

 

Ноокат шаардык мэриясынын алдындагы АООТ “Ноокат Коммунальщик” ишканасынын тазалык боюнча аткарып жаткан иштери жөнүндө

Ноокат шаардык мэриясынын алдындагы АООТ “Ноокат Коммунальщик” ишканасынын тазалык боюнча аткарып жаткан иштери боюнча «Ноокат Коммунальщик» акционердик коомунун жетекчиси А.Кадировдин отчетун угуп жана талкуулап, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Ноокат шаардык мэриясынын алдындагы АООТ “Ноокат Коммунальщик” ишканасынын тазалык боюнча аткарып жаткан иштери жөнүндөгү «Ноокат Коммунальщик» акционердик коомунун жетекчиси А.Кадировдин отчету канааттандыраарлык деп табылсын.

2. Ноокат шаарынын аймагындагы жеке ишкерлер, мамлекеттик ишканалар, ар бир кожолук менен таштанды алып чыгарууга келишимдерди түзүүгө Ноокат шаардык мэриясынын алдындагы «Ноокат Коммунальщик» акционердик коомунун жетекчиси А.Кадировго милдеттендирилсин.

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ноокат шаардык кенешинин муниципиалдык менчик, өнөр жай, курулуш, экология жана агрардык маселелер боюча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Ноокат шаардык кеңешинин төрагасы:-

 

 

А.Гафаров

 

 

Назад

 

 

 

 

 

 

 

Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Ноокат шаардык кеңешинин кезектеги IV чакырылышынын XXII сессиясынын отуруму

 

Т О К Т О М

Ноокат шаары

22-3

20.05.2015

 

Ноокат шаар мэриясынын балансасында турган №2 УДТ нүн имаратын Ноокат шаарынын калкына медициналык кызмат көрсөтүү үчүн “Медигос” УБМБна убактылуу акысыз пайдаланууга макулдук берүү жөнүндө

Ноокат шаарынын балансасында турган №2 УДТ нун имаратын Ноокат шаарынын калкына медициналык кызмат көрсөтүү үчүн “Медигос” УБМБ на убактылуу акысыз пайдаланууга макулдук берүү жөнүндөгү билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, спорт, туризм, жаштар жана өз алдынча башкаруу, социалдык коргоо маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде Ноокат шаардык кенеши отуруму

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Ноокат шаар мэриясынын балансасында турган №2 УДТ нун имаратын Ноокат шаарынын калкына медициналык кызмат көрсөтүү үчүн “Медигос” УБМБ на убактылуу акысыз пайдаланууга макулдук берилсин.

 

2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ноокат шаардык кенешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Ноокат шаардык кеңешинин төрагасы:-

 

 

А.Гафаров

 

 

Назад

 

 

 

 

 

 

 

Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Ноокат шаардык кеңешинин кезектеги IV чакырылышынын XXII сессиясынын отуруму

 

Т О К Т О М

Ноокат шаары

22-4

20.05.2015

 

Ноокат шаар мэриясынын социалдык маселелер боюнча башкы адиси М.К.Амановдун 2014-жылдын жыйынтыгы боюнча отчету жөнүндө

Ноокат шаар мэриясынын социалдык маселелер боюнча башкы адиси М. К. Амановдун 2014-жылдын жыйынтыгы тууралуу отчету жөнүндөгү маселени карап, шаардык кенештин билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, спорт-туризм өз алдынча башкаруу, социалдык коргоо маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде Ноокат шаардык кенеши отуруму

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Ноокат шаар мэриясынын социалдык маселелер боюнча башкы адиси М.К.Амановдун 2014-жылдын жыйынтыгы боюнча отчету канааттандыраарлык деп табылсын.

2.Ноокат шаарынын аймагындагы мектеп жана балдар бакчаларынын социалдык абалын жакшыртууда эл аралык донорлор, мамлекеттик эмес уюмдар, бардар үй-бүлөлөр менен тыгыз байланышта иш алып баруу жагы сунушталсын.

 

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ноокат шаардык кенешинин билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, спорт туризм өз алдынча башкаруу, социалдык коргоо маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын

 

Ноокат шаардык кеңешинин төрагасы:-

 

 

А.Гафаров

 

 

Назад

 

 

 

 

 

 

 

Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Ноокат шаардык кеңешинин кезектеги IV чакырылышынын XXII сессиясынын отуруму

 

Т О К Т О М

Ноокат шаары

22-5

20.05.2015

 

Ноокат шаарынын тургундарына тиешелү болгон үйлөрдүн багытын өзгөртүү жөнүндө

Ноокат шаарынын тургундарына тиешелү болгон турак-жайлардын ээлеген жер тилкесинин аянтынын ичинен багытын өзгөртүү киргизүүнү сурап жазган Ноокат шаарынын муниципалдык менчик департаментинин катын жана муниципалдык менчик, өнөр жай, курулуш, экология жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасын карап, суралган жерлердин пайдалануу багытына өзгөртүү киргизүү максатында Ноокат шаардык кеңеши отуруму

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Ноокат шаарынын К.Жакыпов көчөсүнүн №11 үйүнүн тургуну Рахманбердиева Равия Амановнага тиешелү болгон Ноокат шаарынын борбордук базарынын ичинде жайгашкан жеке менчик 11,7 чарчы метр жер аянтындагы спирт ичимдиктерин сатуучу дүкөнү азык-түлүк сатуучу дүкөн деп өзгөртүлсүн.

2.Ноокат шаарынын Жамий атындагы көчөсүнүн №32 үйүнүн тургуну Закиржанов Азимжанга тиешелүү болгон жеке менчик 600,0 чарчы метр жер аянтынын ичинен 22 чарчы метринин багыты коммерциялык соода-сатык дүкөнү деп өзгөртүлсүн.

3.Ноокат районунун Зулпуев айыл аймагынын Таштак көчөсүнүн №17 үйүнүн тургуну Мадалов Нейматка тиешелү болгон Ош көчөсүндөгү жеке менчик жалпы аянты 258,5 чарчы метр жер аянтынын ичинен 24 чарчы метринин багыты заманбап даарыкана деп өзгөртүлсүн.

4.Ноокат районунун Мирмахмудов айыл аймагынын Бешташ көчөсүнүн №25 үйүнүн тургуну Назарова Хапизахон Кахаровнага тиешелүү болгон Ленин көчөсүндөгү жеке менчик жалпы аянты 508 чарчы метр жер аянтынын ичинен 27 чарчы метринин багыты коммерциялык соода-сатык дүкөнү деп өзгөртүлсүн.

5.Ноокат шаарынын А.Мирмахмудов атындагы көчөсүнүн №14 үйүнүн тургуну Ахмедов Мадамин Махмуджановичке тиешелү болгон Ноокат шаарынын А.Мирмахмудов атындагы көчөсүндөгү жайгашкан менчигиндеги 200 чарчы метр жер аянтынын ичинен 150 чарчы метринин багыты заманбап эки кабаттуу коммерциялык соода-сатык дүкөнү деп өзгөртүлсүн.

6.Ноокат шаарынын Бадалов атындагы көчөсүнүн №44 үйүнүн тургуну Абдуллаев Валижонге тиешелүү болгон жеке менчик 800,0 чарчы метр турак-жайынын ичинен 30 чарчы метринин багыты, коммерциялык соода-сатык дүкөнү деп өзгөртүлсүн.

7.Ноокат шаарынын Жамий атындагы көчөсүндө жайгашкан ”Гаип Эранлар” борбордук жума окулуучу мечитинин эски бастырмаларын бузуп, ордуна элдин талабына ылайык заманбап мечит имаратын жана эскилиги жеткен ажаткананын ордуна жаңы заманбап ажаткана курууга макулдук берилсин.

8.Ноокат шаарынын К.Жакыпов атындагы көчөсүндө жайгашкан мурдагы Чебурашка, азыркы Курманжан-Датка атындагы балдар бакчасынын батыш тарабындагы 300 чарчы метр жер тилкесине эки кабаттуу кошумча имарат курууга макулдук берилсин.

9.Ноокат районунун Мирмахмудов айыл аймагынын Айбек көчөсүнүн №32 үйүнүн тургуну Мрамова Мохидилла Камаловнага менчигиндеги Ноокат шаарынын борбордук айланпасынын жанындагы “Сары-Алтын” соода борборунун түндүк тарабында жайгашкан 5,2 чарчы метр жер аянтына женил конструкциядагы убактылуу курулуш курууга макулдук берилсин.

10.Пайдалануу багытынын аталышына өзгөртүү киргизүү үчүн документтерин даярдоо Ноокат шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментине тапшырылсын.

11.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы муниципалдык менчик, өнөр жай, курулуш, экология жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын

 

Ноокат шаардык кеңешинин төрагасы:-

 

 

А.Гафаров

 

 

Назад

 

 

 

 

 

 

 

Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Ноокат шаардык кеңешинин кезектеги IV чакырылышынын XXII сессиясынын отуруму

 

Т О К Т О М

Ноокат шаары

22-6

20.05.2015

 

Ноокат шаардык мэриясынын 2015-жылга шаардык кеңешинин атайын эсебиндеги жергиликтүү бюджетине түзөтүү киригизүү жөнүндө

Ноокат шаар мэриясынын жалпы билим берүү тармагы боюнча атайын каражаттардын эсебинен мектепке чейинки мекемелердин шаардык кеңештин 2015-жылдын 27-февралындагы IV- чакырылыш XX сессиясынын отурумунун №XX-2 токтому менен каралгандан кийин беренелердин аталышы бирге кошулуп берилип калгандыгына байланыштуу Ноокат шаардык мэриясынын 2015-жылдын атайын эсебиндеги жергиликтүү бюджеттине киргизилген түзөтүүлөрдүн негизинде Ноокат шаардык кеңеши отуруму

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Ноокат шаардык мэриясынын 2015-жылга шаардык кеңешинин атайын эсебиндеги жергиликтүү бюджетине №1 тиркемеге ылайык түзөтүү киргизилсин.

 

2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ноокат шаардык кеңешинин алдындагы бюджет, финансы, экономика, соода маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Ноокат шаардык кеңешинин төрагасы:-

 

 

А.Гафаров

 

 

Назад

 

 

 

 

Ноокат шаардык кеңешинин (IV-чакырылышы) кезектеги XXII -сессиясынын №XXII -6 токтомуна №1 тиркеме

Бекитилген сумма 4 500,0 миң сом (Төрт миллион беш жүз миң сом)

Жалпы билим берүү тармагы боюнча атайын каражаттар

 

Беренелердин аталышы

 

берене

 2014-жыл

 2015-жыл

Бекитил-ген

Аткарыл-ган

Эсептел-гени

Бардыгы

I

II

 III

 IV

Атайын каражаттар 2015-жылдын башынан

 

 

 

 

159,1

 

159,1

 

 

Жыл ичинде түшкөн төлөмдор бардыгы

 

3500

4863,3

4500

4500

1125

1125

1125

1125

Анын ичинен

 

 

 

 

 

 

 

 

Ата-энелер аркылуу берилүүчү толомдор (мектеп)

 

 

 

 

 

 

 

 

Ата-энелер аркылуу берилүүчү толомдор (бала бакча)

 

3500

4863,3

4500

4500

1125

1125

1125

1125

Бардыгы

 

3500

4863,3

4500

4659,1

1125

1284,1

1125

1125

Чыгаша

 

3468

4831,3

4500

4659,1

1125

1284,1

1125

1125

Байланыш

2212

 

 

24,7

24,7

6,1

6,1

6,1

6,4

Эмеректер

2222

 

 

231,0

231,0

47,6

100,8

37,5

45,1

Тамак-аш

2218

3468

4831,3

3840

3999,1

990

1017

1000

992,1

Капитальдык ремонт

22211

 

 

78,8

78,8

 

78,8

 

Башка чыгымдар

2215

32

32

325,5

325,5

81,3

81,4

81,4

81,4

Жыйынтыгы

 

3500

4863,3

4500

4659,1

1125

1284,1

1125

1125

 

Ноокат шаарынын мери:- О.Ж.Тургунбаев

Финансы экономика

 бөлүмүнүн башчысы:- М.К.Абдурасулов

 

 

 

 

 

Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Ноокат шаардык кеңешинин кезектеги IV чакырылышынын XXII сессиясынын отуруму

 

Т О К Т О М

Ноокат шаары

22-7

20.05.2015

 

Ноокат шаарына караштуу А.Мирмахмудов атындагы көчөсүндөгү Бостон көчөсүнүн кесилишинен баштап күн чыгыш тарабына карай жайгашкан 40-метр аралыкка убактылуу автотоктом уюштуруу жөнүндө

Ноокат шаарына караштуу А.Мирмахмудов атындагы көчөсүндөгү Бостон көчөсүнүн кесилишинен баштап күн чыгыш тарабына карай жайгашкан 40-метр аралыкка убактылуу автотоктом уюштуруу жөнундө Ноокат шаардык кеңешинин муниципиалдык менчик, өнөр жай, курулуш, транспорт, энергетика, байланыш, экология суу менен камсыз кылуу жылуулук берүү жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасын карап, Ноокат шаардык кеңеши отуруму

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Ноокат шаарына караштуу А.Мирмахмудов атындагы көчөсүндөгү Бостон көчөсүнүн кесилишинен баштап күн чыгыш тарабына карай жайгашкан 40-метр аралыкка убактылуу автотоктом уюштуруулусуна макулдук берилсин.

2.Тийиштүү документтерди даярдоо Ноокат шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментине тапшырылсын.

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ноокат шаардык кеңешинин муниципиалдык менчик, өнөр жай, курулуш, транспорт, энергетика, байланыш, экология суу менен камсыз кылуу жылуулук берүү жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын

 

Ноокат шаардык кеңешинин төрагасы:-

 

 

А.Гафаров

 

 

Назад

 

 

 

 

 

 

 

Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Ноокат шаардык кеңешинин кезектеги IV чакырылышынын XXII сессиясынын отуруму

 

Т О К Т О М

Ноокат шаары

22-8

20.05.2015

 

Ноокат шаар мэриясында иштеген муниципалдык кызматкерлерге квартал сайын бир айлык эмгек акы өлчөмүндө сыйлык үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө

Ноокат шаар мэриясында иштеген муниципалдык кызматкерлерге квартал сайын бир айлык эмгек акы өлчөмүндө сыйлык үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө Ноокат шаардык кенешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасын карап Ноокат шаардык кеңешинин отуруму

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Кыргыз Республикасынын Муниципалдык кызмат жөнүндөгү мыйзамынын 17-беренесинде өз кызмат милдеттерин ак ниет менен аткаргандыгы, узак мөөнөт жана кынтыксыз иштегендиги жана башка коомдук иштерге активдүү катышкандыгы үчүн Ноокат шаар мэриясында иштеген муниципалдык кызматкерлерге жана келишимдин негизинде иштеген кызматкерге квартал сайын бир айлык эмгек акы өлчөмүндө сыйлык акча каражатын ажыратып берүүгө макулдук берилсин.

2.Ноокат шаар мэриясында иштеген муниципалдык кызматкерлерге жана келишимдин негизинде иштеген кызматкерге акча каражаты I-кварталга билим берүү тармагындагы 3111 беренеден берилсин.

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ноокат шаардык кеңешинин алдындагы бюджет, финансы, экономика, соода маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Ноокат шаардык кеңешинин төрагасы:-

 

 

А.Гафаров

 

 

Назад