Дата публикации 18.06.2015

 

М А З М У Н У

№ п/п

Токтом №

Токтом датасы

Кыска мазмуну

1.

23-1

16.06.2015

Ноокат шаардык мэриясынын киреше бөлүмүнүн башчысы М.К.Салиевдин аткарган иштери тууралуу отчету жөнүндө

2.

23-2

16.06.2015

Шаардын аймагындагы жер-жерлерде жыйындар өтүүчү жайларга (залдар, стадиондор, аянтчалар ж.б.) аренда акысын берүү жөнүндө

3.

23-3

16.06.2015

Ноокат шаарынын тургундарына тиешелү болгон үйлөрдүн багытын өзгөртүү жөнүндө

4.

23-4

16.06.2015

Ноокат шаарынын аймагындагы А.Алланазаров, Х.Абдумаликов, А.Толонов, Аэропорт жана Т Умиров атындагы көчөлөрүнүн жолдорун асфальтоого Мамлекеттик экспертиза департаментинин Түштүк филиалына иш кагаздарына экспертиза жүргүзүү үчүн акча каражатын ажыратып беруу жөнүндө

 

 

 

 

 

 

 

Жалпы токтом 4, тиркемелери 0

 

 

 

 

 

Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Ноокат шаардык кеңешинин кезектеги IV чакырылышынын XXIII сессиясынын отуруму

 

Т О К Т О М

Ноокат шаары

23-1

16.06.2015

 

Ноокат шаардык мэриясынын киреше бөлүмүнүн башчысы М.К.Салиевдин аткарган иштери тууралуу отчету жөнүндө

Ноокат шаардык мэриясынын киреше бөлүмүнүн башчысы М.К.Салиевдин аткарган иштери тууралуу отчету жөнүндөгү маселе шаардык кенештин бюджет, финансы, экономика соода маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын берген сунушунун негизинде Ноокат шаардык кенеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.      Ноокат шаардык мэриясынын киреше бөлүмүнүн башчысы М.К.Салиевдин аткарган иштери тууралуу отчету эске алынсын.

 

2.       Ноокат шаардык кеңешинин бюджеттин киреше жана чыгашалары боюнча жылдык пландын толугу менен аткарылышы Ноокат шаар мэриясынын финансы-экономика бөлүмүнө жана салык кызматкерлерине милдеттендирилсин.

 

3.      Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ноокат шаардык кенешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Ноокат шаардык кеңешинин төрагасы:-

 

 

А.Гафаров

 

 

Назад

 

 

 

 

 

 

 

Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Ноокат шаардык кеңешинин кезектеги IV чакырылышынын XXIII сессиясынын отуруму

 

Т О К Т О М

Ноокат шаары

23-2

16.06.2015

 

Шаардын аймагындагы жер-жерлерде жыйындар өтүүчү жайларга (залдар, стадиондор, аянтчалар ж.б.) аренда акысын берүү жөнүндө

2015-жылдын күз айларында өтүүчү шайлоолорго байланыштуу, ар кандай партиялардын жыйындары өткөрүлүүсүнө шаардын аймагындагы жер-жерлерде жыйындар өтүүчү жайларга (залдар, стадиондор, аянтчалар ж.б.) аренда акысын берүү жөнүндөгү маселе шаардык кенештин бюджет, финансы, экономика соода маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын берген сунушунун негизинде Ноокат шаардык кенеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.2015-жылдын күз айларында өтүүчү шайлоолорго байланыштуу, ар кандай партиялардын жыйындары өткөрүлүүсүнө шаардын аймагындагы жер-жерлерде жыйындар өтүүчү жайларга (залдар, стадиондор, аянтчалар ж.б.) аренда акысы, түзүлгөн келишимдин негизинде мыйзам чегинде берилсин.

2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ноокат шаардык кенешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Ноокат шаардык кеңешинин төрагасы:-

 

 

А.Гафаров

 

 

Назад

 

 

 

 

 

 

 

Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Ноокат шаардык кеңешинин кезектеги IV чакырылышынын XXIII сессиясынын отуруму

 

Т О К Т О М

Ноокат шаары

23-3

16.06.2015

 

Ноокат шаарынын тургундарына тиешелү болгон үйлөрдүн багытын өзгөртүү жөнүндө

Ноокат шаарынын тургундарына тиешелү болгон турак-жайлардын ээлеген жер тилкесинин аянтынын ичинен багытын өзгөртүү киргизүүнү сурап жазган Ноокат шаарынын муниципалдык менчик департаментинин катын жана муниципалдык менчик, өнөр жай, курулуш, экология жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасын карап, суралган жерлердин пайдалануу багытына өзгөртүү киргизүү максатында Ноокат шаардык кеңеши отуруму

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Ноокат шаарынын Жамий атындагы көчөсүнүн №32 үйүнүн тургуну Закиржанов Азимжанга тиешелүү болгон жеке менчик 600,0 чарчы метр жер аянтынын ичинен 22 чарчы метринин багыты техникалык кызмат көрсөтүү жана 16 чарчы метринин багыты коммерциялык соода-сатык дүкөнү деп өзгөртүлсүн.

2.Ноокат шаарынын С.Калбеков атындагы көчөсүнүн №71 үйүнүн тургуну Колдошев Хабибилло Алижановичке тиешелү болгон Ноокат шаарынын Лутфуллаев атындагы көчөсүндөгү жайгашкан менчигиндеги 1018 чарчы метр жеке менчик турак-жайынын жер аянтынын ичинен 60 чарчы метринин багыты коммерциялык соода-сатык дүкөнү, 458 чарчы метр жер тилкесин курулуш материалдарын сатуучу жай деп өзгөртүлсүн.

3.Ноокат шаарынын С.Алимбаев атындагы көчөсүнүн №44-11 үйүнүн тургуну Каканова Тумарга тиешелү болгон Ноокат шаарынын борбордук айлампасынын түштүк тарабындагы жеке менчигиндеги 128 чарчы метр жер тилкесиндеги курулушунун багытын элге медициналык кызмат көрсөтүү үчүн медициналык борбору деп өзгөртүлсүн.

 

4.Ноокат шаарынын Ош көчөсүндө жайгашкан Уркуя Салиева атындагы балдар бакчасынын имаратынын түндүк-батыш тарабындагы 24,2 чарчы метр аянтына кошумча курулуш курууга макулдук берилсин.

5.Пайдалануу багытынын аталышына өзгөртүү киргизүү үчүн документтерин даярдоо Ноокат шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментине тапшырылсын.

6.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы муниципалдык менчик, өнөр жай, курулуш, экология жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын

Ноокат шаардык кеңешинин төрагасы:-

 

 

А.Гафаров

 

 

Назад

 

 

 

 

 

 

 

Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Ноокат шаардык кеңешинин кезектеги IV чакырылышынын XXIII сессиясынын отуруму

 

Т О К Т О М

Ноокат шаары

23-4

16.06.2015

 

Ноокат шаарынын аймагындагы А.Алланазаров, Х.Абдумаликов, А.Толонов, Аэропорт жана Т Умиров атындагы көчөлөрүнүн жолдорун асфальтоого Мамлекеттик экспертиза департаментинин Түштүк филиалына иш кагаздарына экспертиза жүргүзүү үчүн акча каражатын ажыратып беруу жөнүндө

Ноокат шаарынын аймагындагы А.Алланазаров, Х.Абдумаликов, А.Толонов, Аэропорт жана Т Умиров атындагы көчөлөрүнүн жолдорун асфальтоого Мамлекеттик экспертиза департаментинин Түштүк филиалынына иш кагаздарына экспертиза жүргүзүү үчүн акча каражатын ажыратып беруу жөнүндөгү маселе шаардык кенештин бюджет, финансы, экономика соода маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын берген сунушунун негизинде Ноокат шаардык кенеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Ноокат шаарынын аймагындагы А.Алланазаров, Х.Абдумаликов, А.Толонов, Аэропорт жана Т Умиров атындагы көчөлөрүнүн жолдорун асфальттоо үчүн, Мамлекеттик экспертиза департаментинин Түштүк филиалына, даярдалган проектиге (иш кагаздарына) экспертиза жүргүзүүгө жергиликтүү бюджеттин 709 бөлүмдүн 3111 беренесинен, 706 бөлүмдүн 3111 беренесине 32 400 сом көтөрүлүп, акча каражаты ажыратылып берилсин.

2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ноокат шаардык кенешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын

Ноокат шаардык кеңешинин төрагасы:-

 

 

А.Гафаров

 

 

Назад