М А З М У Н У

п/п

Токтом №

Токтом датасы

Кыска мазмуну

1.

XXIV-1

30.07.2015

Ноокат  шаарынын 2015-жылдагы 6-айлык социалдык-экономикалык өнүгүү планынын аткарылышы боюнча Ноокат шаардык мэриясынын финансы-экономика бөлүмүнүн  башчысы М.Абдурасуловдын билдирүүсү жөнүндө

2.

XXIV-2

30.07.2015

Ноокат шаарынын аймагындагы А.Абдуваитов атындагы орто мектебинин  спорт аянтчасы болгон авто токтоочу жайдан ижарага берүүдөн  түшкөн акча каражаттын эсебинен  мектептин жасалгалоо иштери үчүн акча каражатын ажыратып берүү  жөнүндө

3.

XXIV-3

30.07.2015

Ноокат шаарынын аймагындагы көчөлөрдү асфальтоого акча каражатын болуштуруу жөнүндө

4.

XXIV-4

30.07.2015

Ноокат шаарынын тургундарына тиешелүү болгон үйлөрдүн багытын        өзгөртүү    жөнүндө

5.

XXIV-5

30.07.2015

Ноокат шаардык кенешинин (IV-чакырылыш)  XXII   сессиясынын  отурумунун 2015-жылдын 20-майындагы №XXII-5 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө

6.

XXIV-6

30.07.2015

Ноокат  шаар  мэриясынын чыгымдарынын  жыл ичинде  сметада бекитилген   акча каражатынан   6 айдын жыйынтыгында үнөмдөлүп калган акча каражатын  зарыл болгон чыгымдарга жылдыруу  жөнүндө

7.

XXIV-7

30.07.2015

Ноокат шаарынын Ленин көчөсүндөгү 16 батирлүү 3 даана көп кабаттуу үйлөрдү жылуулук менен камсыз кылуу максатында Оштогу райондор аралык өндүрүштүк жылуулук менен камсыздоо бирикмеси ишканасына өткөрүү жагын  убактылуу калтыруу жөнүндө

8.

XXIV-8

30.07.2015

Ноокат шаарынын аймагындагы А.Абдуваитов атындагы орто мектебинин аймагында жайгашкан Оштогу райондор аралык өндүрүштүк жылуулук менен камсыздоо бирикмеси мамлекеттик ишканасын №2-жылытуучу  от казанын шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин балансына кайтарып алуу  жөнүндө

9.

XXIV-9

30.07.2015

Ноокат шаарынын аймагындагы ички автомобиль жолдорундагы авто тыгындарды азайтуу максатында Ноокат шаарынын борбордук айлампасынын тегерегине, Кызыл-Кыя, Ош жана Мирмахмудов атындагы көчөлөрүнө атайын чектөөчү тосмолорду орнотуу жөнүндө

10.

XXIV-10

30.07.2015

Ноокат шаарынын  аймагындагы А.Абдуваитов атындагы орто мектебинин  жылытуу  от казандарын шаар мэриясынын алдындагы  муниципалдык менчик департаментинин балансына алгандыгына байланыштуу,  Ноокат шаар мэриясынын 2015-жылда жергиликтүү бюджетинда каралган акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндө

1

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Ноокат шаардык кеңешинин кезектеги IV чакырылышынын XXIV сессиясынын отуруму

Т О К Т О М

Ноокат шаары

Ноокат  шаарынын 2015-жылдагы 6-айлык социалдык-экономикалык өнүгүү планынын аткарылышы боюнча Ноокат шаардык мэриясынын финансы-экономика бөлүмүнүн  башчысы М.Абдурасуловдын билдирүүсү  жөнүндөгү  маселе шаардык кенештин  бюджет, финансы,  экономика соода маселелери  боюнча туруктуу комиссиясынын заседаниесинде  тийиштүү  мекеме уюмдардын жетекчилеринин катышуусу  менен каралгандыгынын  негизинде Ноокат шаардык кенеши отуруму

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Ноокат  шаарынын 2015-жылдагы 6-айлык социалдык-экономикалык өнүгүү планынын аткарылышы боюнча Ноокат шаардык мэриясынын финансы-экономика бөлүмүнүн  башчысы М.Абдурасуловдын билдирүүсү  эске алынсын.

3.Ноокат  шаарынын 2015-жылдын социалдык-экономикалык өнүгүү планынын убагында аткарылышы Ноокат шаардык мэриясынын финансы-экономика бөлүмүнүн  башчысы М.Абдурасуловгө жүктөлсүн.

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  жагы  Ноокат шаардык кенешинин    бюджет,  финансы,  экономика,  соода  маселелер боюнча  туруктуу   комиссиясына тапшырылсын.

Ноокат шаардык кеңешинин  төрагасы 

А.Гафаров

Назад

2

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Ноокат шаардык кеңешинин кезектеги IV чакырылышынын XXIV сессиясынын отуруму

Т О К Т О М

Ноокат шаары

XXIV-2

30.07.2015

Ноокат шаарынын аймагындагы А.Абдуваитов атындагы орто мектебинин  спорт аянтчасы болгон авто токтоочу жайдан ижарага берүүдөн  түшкөн акча каражаттын эсебинен  мектептин жасалгалоо иштери үчүн акча каражатын ажыратып берүү  жөнүндө

Ноокат шаардык кеңешинин 2012-жылдын 30-мартындагы XXVI-V Ноокат шааардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик башкармасынын 2012-жылдын бюджетин бекитүү жөнүндөгү токтомунун №4 беренеси Ноокат шаарынын аймагындагы муниципалдык менчик мүлктөрүн сатуудан жана ижарага берүүдөн, салык эмес кирешелерден түшкөн акча-каражаттарынын 35% ти муниципалдык менчик башкармасынын ишмердигин алып барууга жумшалсын, ал эми калган 65% ти шаар мэриясынын негизги эсебине ай сайын которулсун деген беренесине негиз  Ноокат  шаардык кенешинин  бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча  туруктуу  комиссиясынын берген тактамасын карап,   Ноокат шаардык кеңешинин сессиясы отуруму

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Ноокат шаарынын аймагындагы А.Абдуваитов атындагы орто мектебинин  спорт аянтчасына тиешелүү болгон автотоктоочу жайдан ижарага берүүдө 16 айда түшкөн 200 000 сом акча каражаттын эсебинен  65% тактап айтканда 130 000  сом мектептин жасалгалоо иштерине,  35%   же болбосо 70 000 сом  муниципалдык менчик департаментинин ишмердигин алып барууга жумшалсын.

2.Ноокат шаарынын аймагындагы А.Абдуваитов атындагы орто мектебинин  спорт аянтчасына тиешелүү болгон автотоктоочу жайдын ижара акысы убагында төлөнүүсүнө көзөмөлдөө жагы  муниципалдык менчик департаментинин башкы эсепчиси Н.Абдырахмановко милдеттендирилсин.

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  жагы  Ноокат шаардык кенешинин    бюджет,  финансы,  экономика,  соода  маселелер боюнча  туруктуу   комиссиясына тапшырылсын

Ноокат шаардык кеңешинин  төрагасы 

А.Гафаров

Назад

3

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Ноокат шаардык кеңешинин кезектеги IV чакырылышынын XXIV сессиясынын отуруму

Т О К Т О М

Ноокат шаары

XXIV-3

30.07.2015

Ноокат шаарынын аймагындагы көчөлөрдү асфальтоого акча каражатын болуштуруу жөнүндө

Ноокат шаардык кеңешинин  IV чакырылышынын XX  сессиясынын отурумунун 2015-жылдын 27-февралындагы  №XX-3 токтому менен Ноокат  шаар  мэриясынын  алдындагы  муниципиалдык менчик    департаментинин 2015-жылга  шаардык мэриясынын атайын эсебиндеги бюджетин бекитүү  жөнүндөгү  Ноокат шаар мэриясынын аймагындагы  К.Жакыпов, Тапвалдыев,  көчөлөрүн, Таштак  кварталындагы  көп кабаттуу үйлөрдүн (Ленин, Эргешов, С.Алимбаев)  жолдорун өздүк  салым менен асфальттоого 3000,0 сом ажыратылган акча каражатын  бөлүштүрүп берүү жөнүндөгү №1 тиркемесинин негизинде Ноокат шаар кеңеши отуруму

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.К.Жакыпов атындагы көчөсүнүн асфальттоо үчүн (900 метр)-1 514 687 сом;

2.Ноокат шаар мэриясынын аймагындагы Тапвалдиев атындагы көчөсүн асфальттоо үчүн (444 метр)-767 124 сом;

3.Таштак  кварталындагы  көп кабаттуу үйлөрдүн (Ленин, Эргешов, С.Алимбаев)  көчөлөрүн асфальттоо үчүн-648 630 сом;

Бардыгы болуп 2 930 441 (эки миллион тогуз жуз отуз миң торт жуз кырк бир) сом;

4.Жогорудагы аткарыла турган жумуштарга смета даярдап бергени үчүн 29 304 сом ажыратылып берилсин.

5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  жагы Ноокат шаардык кеңешинин  бюджет,  финансы,  экономика,  соода  маселелер боюнча  туруктуу   комиссиясына тапшырылсын

Ноокат шаардык кеңешинин  төрагасы 

А.Гафаров

Назад

4

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Ноокат шаардык кеңешинин кезектеги IV чакырылышынын XXIV сессиясынын отуруму

Т О К Т О М

Ноокат шаары

XXIV-4

30.07.2015

Ноокат шаарынын тургундарына тиешелүү болгон үйлөрдүн багытын        өзгөртүү    жөнүндө

Ноокат шаарынын тургундарына тиешелүү болгон турак-жайлардын ээлеген жер тилкесинин аянтынын ичинен багытына өзгөртүү киргизүүнү сурап жазган Ноокат шаарынын муниципалдык менчик  департаментинин катын жана муниципалдык  менчик,  өнөр жай,  курулуш,  экология жана агрардык  маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасын карап,  суралган жерлердин пайдалануу багытына өзгөртүү киргизүү максатында Ноокат шаардык кеңеши отуруму

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Ноокат районунун Шанкол айылынын Сулайманов атындагы көчөсүнүн №15 үйүнүн тургуну Зайиров Мансур Өмүрзаковичке тиешелүү болгон Ноокат шаарынын А.Мирмахмудов атындагы көчөсүндөгү жайгашкан өзүнүн жеке менчигиндеги 143,34 чарчы метр жеке менчик жер аянтына эки кабаттуу дүкөн курууга макулдук берилсин.

2.Пайдалануу багытынын аталышына   өзгөртүү киргизүү үчүн документтерин даярдоо  Ноокат шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментине тапшырылсын.

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы муниципалдык  менчик,  өнөр жай,  курулуш,  экология жана агрардык  маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.    

Ноокат шаардык кеңешинин  төрагасы 

А.Гафаров

Назад

5

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Ноокат шаардык кеңешинин кезектеги IV чакырылышынын XXIV сессиясынын отуруму

Т О К Т О М

Ноокат шаары

XXIV-5

30.07.2015

Ноокат шаардык кенешинин (IV-чакырылыш)  XXII   сессиясынын  отурумунун 2015-жылдын 20-майындагы №XXII-5 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө

Ноокат шаарынын тургундарына тиешелүү болгон жеке менчик турак-жайларына тиешелүү жер тилкесинин аянтынын ичинен белгилүү аянтына багытын өзгөртүү киргизип берүүнү суранып жазган билдирүү катынын, Ноокат шаарынын муниципалдык менчик  департаментинин катын жана муниципалдык  менчик,  өнөр жай,  курулуш,  экология жана агрардык  маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасын карап чыгып, Ноокат шаардык кеңешинин (IV-чакырылыш)  XXII   сессиясынын  отурумунун 2015-жылдын 20-майындагы №XXII-5 токтомунда багытына өзгөртүү киргизүү каралган жер аянттары туура эмес көрсөтүлүп калгандыктан, токтомго өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү максатында Ноокат шаардык кеңешинин отуруму

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Ноокат шаардык кеңешинин (IV-чакырылыш)  XXII   сессиясынын  отурумунун 2015-жылдын 20-майындагы №XXII-5 токтомуна жана Ноокат шаардык кенешинин (IV-чакырылыш)  XXIII   сессиясынын  отурумунун 2015-жылдын 16-июнундагы №XXIII-3 токтомуна өзгөртүүлөр киргизилсин.

2.Ноокат шаарынын Жамий атындагы көчөсүнүн №32 үйүнүн тургуну Закиржанов Азимжанга тиешелүү болгон жеке менчик 600,0 чарчы метр жер аянтынын ичинен 22 чарчы метринин багыты техникалык кызмат көрсөтүү жана 16 чарчы метринин багыты коммерциялык соода-сатык дүкөнү  деп  өзгөртүлсүн.

3.Пайдалануу багытынын аталышына   өзгөртүү киргизүү үчүн тиешелүү документтерин даярдоо жагы, Ноокат шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментине тапшырылсын.

4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы муниципалдык  менчик,  өнөр жай,  курулуш,  экология жана агрардык  маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын

Ноокат шаардык кеңешинин  төрагасы 

А.Гафаров

Назад

6

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Ноокат шаардык кеңешинин кезектеги IV чакырылышынын XXIV сессиясынын отуруму

Т О К Т О М

Ноокат шаары

XXIV-6

30.07.2015

Ноокат  шаар  мэриясынын чыгымдарынын  жыл ичинде  сметада бекитилген   акча каражатынан   6 айдын жыйынтыгында үнөмдөлүп калган акча каражатын  зарыл болгон чыгымдарга жылдыруу  жөнүндө

Ноокат  шаар  мэриясынын чыгымдарынын  жыл ичинде  сметада бекитилген   акча каражатынан   6 айдын жыйынтыгында үнөмдөлүп, иштетилбей калган акча каражатын зарыл болгон чыгымдарга жылдыруу  жөнүндөгү Ноокат  шаардык кенешинин  бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча  туруктуу  комиссиясынын берген тактамасын карап,   Ноокат шаардык кеңешинин сессиясы отуруму

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Ноокат  шаар  мэриясынын чыгымдарынын  жыл ичинде  сметада бекитилген   акча каражатынан   6 айдын жыйынтыгында үнөм болгон 706 бөлүмдүн 3111 беренесинен 594,9 миң сом, 709 бөлүмдүн 3111 беренесинен 800 000 сом, 2224 беренесинен 442,1 миң сом жалпысы  1 837,0 миң сом акча каражатын  зарыл болгон төмөндөгү чыгымдарга ажыратылып берилсин:

-2215-Ноокат шаарына караштуу бардык билим берүү мекемелериндеги, шаар мэриясынын имаратындагы КТПларды техникалык лабораториядан өткөрүү үчүн-110,0 миң сом;

-2222-Ноокат шаарына караштуу Н. Исанов атындагы эс алуу паркын көрктөндүрүүгө алып келинген көчөттөр үчүн-72,6 миң сом;

-3112-Ноокат шаар мэриясынын ашканасына эмеректерди сатып алуу үчүн-100,0 миң сом;

-2221-”Балапан” балдар бакчасына (Балдарды коргоо уюмунун жардамы менен) жазылып жаткан долбоорго  өздүк салым үчүн-70,0 миң сом;

-2222-Ноокат соода базарынын Сары-Алтын универмагы жана Борбордук айлампанын аралыгындагы жолдорун бойлогон арыктарды (латокторду) оңдоп түзөө үчүн-30,0 миң сом;

-2222-Барын кварталындагы А.Бадалов көчөсүндөгү асфальт жолдорун бойлогон арыктарды (латокторду) оңдоп түзөө үчүн-30,0 миң сом;

-2215-”Ноокат Коммунальщик” ачык типтеги акционердик коомунун көрнөк жасалгалоо иштерин жасатуу үчүн-150,0 миң сом;

-2721-Ноокат шаарында жашаган кургак учук жана башка ооруулар менен ооруган жарандарды колдоо үчүн-45,0 миң сом;

-2222-Ноокат шаарына караштуу Н.Исанов атындагы эс алуу паркында жайгашкан Улуу-Ата Мекендик согуштун катышуучуларына  арналган өчпөс  оттун айланасын тазалап, сырдоого даярдоо үчүн жана сырдоого, парктын ичиндеги отургучтарды, бееедкаларды жана аларга керектелүүчү эмеректерды сатып алуу үчүн-22,7 миң сом;

-2222-Ноокат шаарынын аймагындагы №1 Жаштык көчөсүнө шагал төгүүп, оңдоо үчүн-50,0 миң сом;

-3111-Ноокат шаарынын аймагындагы Н.Крупская атындагы орто мектептин сырткы дубалын тунуке менен каптоо үчүн-100,0 миң сом;

-2215-Ноокат шаар мэриясынын имаратын жылытуучу отканасынын  курулушун көзөмөлдөөчү техадзор үчүн-12,3 миң сом;

-2218-№3 “Балапан” балдар бакчасына жаңы группа ачуу үчүн-60,0 миң сом;

-3112-Ноокат шаарынын аймагындагы Партсьезд көчөсүнө 400 КВТ КТП сатып алуу үчүн мэрия тарабынан наркынан 50%тин  төлөөгө-80,0 миң сом;

-2215-Ноокат шаарынын аймагында Ноокат райондук шаар куруу башкармалыгы  тарабынан  аталган  обьекттерге даярдалган  АПШ, ИПШны  алуу үчүн-230,4 миң сом;

-3112-Ноокат шаарынын аймагындагы А.Абдуваитов атындагы орто мектебине коюлган трансформаторго мамыча (столба) сатып алуу жана орнотуу үчүн-12.0 миң сом;

-2222-Таштак кварталына электр чубалгыларын жанылоо үчүн-30,0 миң сом;

-2222-Жаш-Куч спорт мектебине электр чубалгыларын ондоо үчүн-10,0 миң сом;

Бардыгы:-                                                                           1 215,0 миң сом

2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат  шаардык кенешинин  бюджет,  финансы,  экономика, соода  маселелер боюнча  туруктуу  комиссиясына тапшырылсын. 

Ноокат шаардык кеңешинин  төрагасы 

А.Гафаров

Назад

7

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Ноокат шаардык кеңешинин кезектеги IV чакырылышынын XXIV сессиясынын отуруму

Т О К Т О М

Ноокат шаары

XXIV-7

30.07.2015

Ноокат шаарынын Ленин көчөсүндөгү 16 батирлүү 3 даана көп кабаттуу үйлөрдү жылуулук менен камсыз кылуу максатында Оштогу райондор аралык өндүрүштүк жылуулук менен камсыздоо бирикмеси ишканасына өткөрүү жагын  убактылуу калтыруу жөнүндө

Ноокат шаарынын Ленин көчөсүндөгү 16 батирдүү 3 даана көп кабаттуу үйлөрдү жылуулук менен камсыз кылуу максатында Оштогу райондор аралык өндүрүштүк жылуулук менен камсыздоо бирикмеси ишканасына өткөрүп берүү жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын  Вице-Премьер-министри В.Дильдин, Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын каттарынын жана муниципалдык  менчик,  өнөр жай,  курулуш,  экология жана агрардык  маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасын карап, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2015-2016-жылдын күз-кыш  мезгилине экономиканын тармактарын жана калкты  тейлөөдө  Ноокат шаарынын Ленин көчөсүндөгү 16 батирлүү 3 даана көп кабаттуу үйлөрдүн батирлеринде ички  жылуулук  өткөрүүчү   системалардын  жоктугуна   байланыштуу  Оштогу райондор аралык өндүрүштүк жылуулук менен камсыздоо бирикмеси ишканасына өткөрүп берүү жагы  убактылуу  калтырылсын.

2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы муниципалдык  менчик,  өнөр жай,  курулуш,  экология жана агрардык  маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.    

Ноокат шаардык кеңешинин  төрагасы 

А.Гафаров

Назад

8

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Ноокат шаардык кеңешинин кезектеги IV чакырылышынын XXIV сессиясынын отуруму

Т О К Т О М

Ноокат шаары

XXIV-8

30.07.2015

Ноокат шаарынын аймагындагы А.Абдуваитов атындагы орто мектебинин аймагында жайгашкан Оштогу райондор аралык өндүрүштүк жылуулук менен камсыздоо бирикмеси мамлекеттик ишканасын №2-жылытуучу  от казанын шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин балансына кайтарып алуу  жөнүндө

Ноокат шаарынын А.Абдуваитов атындагы орто мектебинин аймагында  жайгашкан, Оштогу райондор аралык өндүрүштүк жылуулук менен камсыздоо бирикмеси мамлекеттик ишканасынын №2 отказанын, Ноокат шаарынын аймагындагы А. Абдубаитов атындагы орто мектебинин мугалимдеринин эмгек жамаатынын 2015-жылдын 25-июнундагы жалпы чогулушунун жыйынынын №2  протоколун жана ал от казандарды шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин балансасына каржылоого алуу жөнүндөгү жазган Ноокат шаар мэриясынын алдындагы  муниципалдык менчик  департаментинин катынын, Ноокат шаардык кеңешинин муниципалдык  менчик,  өнөр жай,  курулуш,  экология жана агрардык  маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасын карап,  Ноокат шаардык кеңешинин  отуруму

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Ноокат шаарынын А.Абдуваитов атындагы орто мектебинин аймагында  жайгашкан, Оштогу райондор аралык өндүрүштүк жылуулук менен камсыздоо бирикмеси мамлекеттик ишканасынын №2 отказаны Ноокат шаар мэриясынын алдындагы  муниципалдык менчик  департаментинин балансына өткөрүлүп алынсын.

2.Ноокат шаар мэриясынын алдындагы  муниципалдык менчик  департаментинин балансына өткөрүлгөн от казанынын 2015-2016 жылдарга күз- кыш мезгилине даярдык көрүү, керектүү көмүр менен камсыздоо, оңдоп түзөө иштерин жүргүзүү шаар мэриясынын алдындагы  муниципалдык менчик  департаментине жүктөлсүн.

            3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы муниципалдык  менчик,  өнөр жай,  курулуш,  экология жана агрардык  маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.    

Ноокат шаардык кеңешинин  төрагасы 

А.Гафаров

Назад

9

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Ноокат шаардык кеңешинин кезектеги IV чакырылышынын XXIV сессиясынын отуруму

Т О К Т О М

Ноокат шаары

XXIV-9

30.07.2015

Ноокат шаарынын аймагындагы ички автомобиль жолдорундагы авто тыгындарды азайтуу максатында Ноокат шаарынын борбордук айлампасынын тегерегине, Кызыл-Кыя, Ош жана Мирмахмудов атындагы көчөлөрүнө атайын чектөөчү тосмолорду орнотуу жөнүндө

Ноокат шаарынын аймагындагы ички жолдорундагы авто тыгындарды азайтуу максатында (маршруттук каттамдардан түшкөн каражаттын эсебинен) Ноокат шаарынын борбордук айлампасынын тегерегине, Кызыл-Кыя, Ош жана Мирмахмудов атындагы көчөлөрүнө атайын чектөөчү тосмолорду орнотуу жөнүндөгү жазган Ноокат шаарынын муниципалдык менчик  департаментинин катын жана муниципалдык  менчик,  өнөр жай,  курулуш,  экология жана агрардык  маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасын карап,  Ноокат шаардык кеңеши отуруму

ТОКТОМ КЫЛАТ:

             1.Ноокат шаарынын аймагындагы ички автомобиль жолдорундагы авто тыгындарды азайтуу максатында Ноокат шаарынын борбордук айлампасынын тегерегине, Кызыл-Кыя, Ош жана Мирмахмудов атындагы көчөлөрүнө атайын чектөөчү тосмолорду сатып алууга Ноокат шаар мэриясынын жергиликтүү бюджетинен үнөмдөлүп калган акча каражаттын эсебинен  439 672 сом жана ташып келип орнотууга   52 328 сом акча каражаты ажыратылып берилсин.

2.Тиешелүү мекеме-ишканалар архитектура, ДЕП-37, МАИ жана башка уюмдар менен иш-чараны аткаруу жагы макулдашылсын.

3.Ноокат шаарынын муниципалдык менчик  департаментине аткаруу жагы милдеттендирилсин.

            4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы муниципалдык  менчик,  өнөр жай,  курулуш,  экология жана агрардык  маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.    

Ноокат шаардык кеңешинин  төрагасы 

А.Гафаров

Назад

10

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Ноокат шаардык кеңешинин кезектеги IV чакырылышынын XXIV сессиясынын отуруму

Т О К Т О М

Ноокат шаары

XXIV-10

30.07.2015

Ноокат шаарынын  аймагындагы А.Абдуваитов атындагы орто мектебинин  жылытуу  от казандарын шаар мэриясынын алдындагы  муниципалдык менчик департаментинин балансына алгандыгына байланыштуу,  Ноокат шаар мэриясынын 2015-жылда жергиликтүү бюджетинда каралган акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндө

Ноокат шаарынын  аймагындагы А.Абдуваитов атындагы орто мектебинин  жылытуу  үчүн отказандарын шаар мэриясынын алдындагы    муниципалдык менчик департаментинин балансына алгандыгына байланыштуу  каржылоого 2015-жылдын    жергиликтүү бюджетинде пландаштырылган  1 320 300 сом акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндөгү жазган Ноокат шаарынын муниципалдык менчик  департаментинин жана Ноокат  шаардык кенешинин  бюджет,  финансы,  экономика, соода  маселелер боюнча  туруктуу комиссиясынын берген тактамасын карап,  Ноокат шаардык кеңешинин отуруму

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ноокат шаарынын  аймагындагы А.Абдуваитов атындагы орто мектебинин имаратын жылытуу өнөктүгүндө каржылоо үчүн жергиликтүү бюджеттен каралган 2233 статьядагы 1 320 300 сом акча каражатынын эсебинен:

-2224-Абдувоитов атындагы орто мектебине  көмүр сатып алуу үчүн 500 000 сом;

-3111-Абдувоитов атындагы орто мектебинин 2-этаж, 3-этаж жылуулук системасын ремонттоо үчүн 377 000  сом;

-3111-Ленин көчөсүндөгү көп кабаттуу  үйлөрдүн алдындагы жолдорду асфальттоо үчүн  438 900 сом;

-2215-Ленин көчөсүндөгү жолдорду асфальттоо үчүн сметасын даярдоого  4 400 сом; 

2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат  шаардык кенешинин  бюджет,  финансы,  экономика, соода  маселелер боюнча  туруктуу  комиссиясына тапшырылсын. 

Ноокат шаардык кеңешинин  төрагасы 

А.Гафаров

Назад