М А З М У Н У

п/п

Токтом

Токтом датасы

Кыска мазмуну

1.

38-1

15.08.2016

Ноокат шаарына караштуу Барын участкасына балдар бакчасын ачууга макулдук берүү жөнүндө

2.

38-2

15.08.2016

Ноокат шаарынын аймагындагы  №4 “Кара-Турпакбалдар бакчасынын 2-группа канасынын  полун алмаштыруу үчүн акча  каражатын ажыратып берүү жөнүндө

3.

38-3

15.08.2016

Ноокат шаардык мэриясынын               2016-жылга  шаардык кеңешинин атайын эсебиндеги жергиликтүү бюджетине түзөтүү киригизүү жөнүндө

4.

38-4

15.08.2016

Ноокат шаарынын аймагындагы Н.Исанов атындагы  эс алуу паркына Туркия мамлекетинин “ТИКО” компаниясы тарабинан берилген аттракцион менен тринажерлорду орнотуу үчүн акча  каражатын ажыратып берүү жөнүндө

 

 

 

 

 

1

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Ноокат шаардык кеңешинин кезектеги IV чакырылышынын XXXVIII сессиясынын заседаниясы

Т О К Т О М

Ноокат шаары

38-1

15.08.2016

 

Ноокат шаарына караштуу Барын участкасына балдар бакчасын ачууга макулдук берүү жөнүндө

Ноокат шаарына караштуу Барын участкасынын жашоочуларынын кайрылуусунун, Ноокат шаар мэриясинин  2016-жылдын 10-августундагы Ноокат шаар кеңешине жолдогон сураныч катынын негизинде Аэропорт көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйдүн ичинен Ноокат шаар мэриясынын карамагына өткөрүлүп  бериле турган  8 батирине  муниципалдык балдар бакчасын уюштуруп  ачуу жөнүндөгү Ноокат шаардык кеңешинин алдындагы  мыйзамдуулукту сактоо, мандат, депутаттык этика,  өз алдынча башкаруу, коомдук  уюмдар, дин иштери боюнча  жана муниципалдык менчик, өнөр жай, курулуш,  транспорт, энергетика, байланыш, экология суу менен камсыз кылуу жылуулук берүү жана агрардык  маселелер боюнча туруктуу  комиссияларынын кошмо жыйынынын берген сунуштарын карап чыгып, “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинин 19-бөлүгүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Ноокат шаарына караштуу Барын участкасынын Аэропорт көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйдүн Ноокат шаар мэриясынын карамагына  өткөрүлүп бериле турган 8 батирине муниципалдык балдар бакчасын уюштуруп ачууга макулдук берилсин.

2.Жаңыдан ачыла турган балдар бакчасын юридикалык каттоодон өткөрүү, тийиштүү документтерди даярдоону көзөмөлгө алуу жагы  Ноокат шаарынын мэри О.Тургунбаеге тапшырылсын.

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  жагы Ноокат шаардык кеңешинин алдындагы  мыйзамдуулукту сактоо,  мандат, депутаттык этика,  өз алдынча башкаруу, коомдук  уюмдар, дин иштери,  муниципалдык менчик, өнөр жай, курулуш,  транспорт, энергетика, байланыш, экология суу менен камсыз кылуу жылуулук берүү жана агрардык  маселелер боюнча туруктуу  комиссияларынына тапшырылсын.

Ноокат шаардык кеңешинин  төрагасы 

 

А.Гафаров

 

 

Назад

 

 

 

2

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Ноокат шаардык кеңешинин кезектеги IV чакырылышынын XXXVIII сессиясынын заседаниясы

Т О К Т О М

Ноокат шаары

38-2

15.08.2016

 

Ноокат шаарынын аймагындагы  №4 “Кара-Турпак” балдар бакчасынын 2-группа канасынын  полун алмаштыруу үчүн акча  каражатын ажыратып берүү жөнүндө

Ноокат шаарынын аймагындагы  №4 “Кара-Турпак” балдар бакчасынын 2-  группа канасынын  полун алмаштыруу үчүн акча  каражатын ажыратып берүү  жөнүндөгү Ноокат шаардык кеңешинин  бюджет,  финансы,  экономика,  соода  маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын  негизинде “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү”  Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Ноокат шаарынын аймагындагы №4 “Кара-Турпакбалдар бакчасынын 2-группа канасынын  полун алмаштыруу үчүн Ноокат шаар мэриясынын бюджетинен өткөрүлгөн тендерлерден үнөм болгон акча каражатынын эсебинен 69 500 сом акча каражаты  ажыратылып  берилсин.

2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат  шаардык кенешинин  бюджет,  финансы,  экономика, соода  маселелер боюнча  туруктуу  комиссиясына тапшырылсын

Ноокат шаардык кеңешинин  төрагасы 

 

А.Гафаров

 

 

Назад

 

 

 

3

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Ноокат шаардык кеңешинин кезектеги IV чакырылышынын XXXVIII сессиясынын заседаниясы

Т О К Т О М

Ноокат шаары

38-3

15.08.2016

 

Ноокат шаардык мэриясынын               2016-жылга  шаардык кеңешинин атайын эсебиндеги жергиликтүү бюджетине түзөтүү киригизүү жөнүндө

2016-жылдын март айындагы  Кыргыз Республикасы Окмотунун №138 токтомуна негиз “Ноокат жылуулук камсыздоо” ишканасы түзүлгөндүүгүнө байланыштуу бюджет каржылоодо 709-бөлүмдүн мектептердин 2224-беренесине А.Абдуваитов орто мектебине 520 000 сом көмүр каралгандыктан 709-бөлүмдүн 2224-беренеси 706-бөлүмдүн 2224-беренесине өзгөртүлүүсү жөнүндөгү Ноокат шаардык кеңешинин  бюджет,  финансы,  экономика,  соода  маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын  негизинде “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү”  Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.2016-жыл шаардык мэриясынын жергиликтүү бюджетинде 709-бөлүмдүн 2224-беренесине А.Абдуваитов орто мектебине 520 000 сом көмүр сатып алуу үчүн каралган акча каражатын 706-бөлүмдүн 2224-беренесине жылдырып берилсин.

2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы  Ноокат   шаардык  кеңешинин алдындагы     бюджет,   финансы,  экономика,  соода  маселелери  боюнча  туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Ноокат шаардык кеңешинин  төрагасы 

 

А.Гафаров

 

 

Назад

 

 

 

4

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Ноокат шаардык кеңешинин кезектеги IV чакырылышынын XXXVIII сессиясынын заседаниясы

Т О К Т О М

Ноокат шаары

38-4

15.08.2016

 

Ноокат шаарынын аймагындагы Н.Исанов атындагы  эс алуу паркына Туркия мамлекетинин “ТИКО” компаниясы тарабинан берилген аттракцион менен тринажерлорду орнотуу үчүн акча  каражатын ажыратып берүү жөнүндө

Ноокат шаарынын аймагындагы Н.Исанов атындагы  эс алуу паркына  Туркия мамлекетинин “ТИКО” компаниясы тарабинан берилген аттракцион менен тринажерлорду орнотуу үчүн акча каражатын ажыратып берүү  жөнүндөгү Ноокат шаардык кеңешинин  бюджет,  финансы,  экономика,  соода  маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын  негизинде “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин  отуруму

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Ноокат шаарынын аймагындагы Н.Исанов атындагы  эс алуу паркына  Туркия мамлекетинин “ТИКО” компаниясы тарабинан берилген аттракцион менен тринажерлорду орнотуу үчүн Ноокат шаар мэриясынын бюджетинен өткөрүлгөн тендерлерден үнөм болгон акча каражатынын эсебинен 220 000 (эки жүз жыйырма миң) сом акча каражаты  ажыратылып  берилсин.

2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат  шаардык кенешинин  бюджет,  финансы,  экономика, соода  маселелер боюнча  туруктуу  комиссиясына тапшырылсын.

Ноокат шаардык кеңешинин  төрагасы 

 

А.Гафаров

 

 

Назад