М А З М У Н У

№ п/п

Токтом

Токтом датасы

Кыска мазмуну

1.

XXXI-1

28.01.2020

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын    Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча аймактык бөлүнүшү тарабынан  Ноокат шаарынын  2017-жылдын 1-январынан 2018-жылдын 31-декабрына чейин аудит жүргүзүлгөн жыйынтыгы жөнүндө

2.

XXXI-2

28.01.2020

Кыргыз  Республикасынын шайлоо жөнүндөгү кодексинин  негизинде  Ноокат шаардык кеңешинин аймагындагы №5392-Барын,  №5398-Бостон,  №5399-Крупская, №5452-Кара Турпак, №5565  Таштак  шайлоо участкаларынын комиссияларынын резервдик курамын бекитүү жөнүндө

1

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Ноокат шаардык Кенешинин V чакырылышынын кезексиз XXXI сессиясы

Т О К Т О М

Ноокат шаары

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча аймактык бөлүнүшү тарабынан  Ноокат шаарынын  2017-жылдын 1-январынан 2018-жылдын 31-декабрына чейин аудит жүргүзүлүп, анын жыйынтыгы чыгарылып, аудит жыйынтыгынын негизинде Ноокат шаар мэриясынын жергиликтүү бюджетинин аткарылышы боюнча бир топ финансылык кемчилдиктерге жол коюлгандыгы көрсөтүлгөн. Катта жазылган кемчилдиктерди жоюу  максатында,  Ноокат шаардык кенешинин бюджет,  экономика,  финансы,  соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар   боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун угуп жана талкуулап, Ноокат шаардык кенешинин отуруму

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Кыргыз Республикасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустук Эсептөө палатасынын территориалдык башкармалыгы тарабынан 2017-жылдын 1-январынан 2018-жылдын 31-декабрына чейин аудит жүргүзгөн жыйынтыгы   Ноокат шаардык мэриясы тарабынан аткарууга алынсын.

                        2.Ноокат шаар мэриясынын отчет-учет иштерин алып барууда Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин 2017-жылдын 29-июнундагы "Мамлекеттик башкаруу секторунда бухгалртердик эсепти жана финансалык отчетторду жүргүзүү боюнча Жобосун бекитүү жөнүндөгү" №97-Б буйругун жетекчиликке алуу, жергиликтүү бюджетинин аткарылышында финансылык кемчилдиктерге жол бербөө, аудит көрсөткөн кемчилдиктерди жоюу менен тиешелүү беренелерге акча каражаттарды максатсыз пайдаланбоо, бухгалтердик дебитордук жана кредитордук эсептөөлөр туура жүргүзүлүшү, бухгалтердик эсептерди так жана сапаттуу жүргүзүү Ноокат шаардык мэриясынын ФЭБ башчысы М. Абдивахидовго милдеттендирилсин.

            3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ноокат шаардык кеңешинин бюджет,  экономика,  финансы,  соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар   боюнча туруктуу  комиссиясына тапшырылсын.

Ноокат шаардык Кенешинин  төрагасы 

А.Гафаров                    

Назад

2

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Ноокат шаардык Кенешинин V чакырылышынын кезексиз XXXI сессиясы

Т О К Т О М

Ноокат шаары

XXXI-2

28.01.2020

Кыргыз  Республикасынын шайлоо жөнүндөгү кодексинин  негизинде  Ноокат шаардык кеңешинин аймагындагы №5392-Барын,  №5398-Бостон,  №5399-Крупская, №5452-Кара Турпак, №5565  Таштак  шайлоо участкаларынын комиссияларынын резервдик курамын бекитүү жөнүндө

Кыргыз  Республикасынын шайлоо жөнүндөгү кодексине ылайык, коомдук бирикмелерден,  эмгек  коллективдеринен жана  шайлоочулардын жашаган жери боюнча  чогулуштардын  протоколдорун карап чыгып   Ноокат шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Кыргыз Республикасынын шайлоо жөнүндөгү кодексинин  негизинде №5392-Барын, №5398-Бостон,  №5399-Крупская,  №5452-Кара-Турпак, №5565-Таштак    шайлоо    участкаларынын комиссияларынын резервдик курамы бекитилсин.

            (№5392-Барын, №1,  №5398-Бостон, №2, №5399-Крупская,  №3, №5452-Кара-Турпак №4, №5565  Таштак  №5 тизмелери  тиркелет.)

2.№392-Барын, №398-Бостон,  №399-Крупская,  №452-Кара-Турпак, №5565  Таштак  шайлоо участкаларынын комиссияларынын резервдик курамдарын бекитип берүү жагы  Ноокат аймактык  шайлоо комиссиясына сунушталсын.

Ноокат шаардык Кенешинин  төрагасы 

А.Гафаров                    

ТИРКЕМЕ №1

Назад