Ноокат  шаардык   кеңешинин 2020-жылдын             16-июнундагы V чакырылыш  №XXXIV сессиясынын №XXXIV-11 токтомуна №1 тиркеме:

Муниципалдык  менчикте турган жер участокторун берүү тартиби жөнүндө
ЖОБО

1. Жалпы жоболор

1. Ушул Жобо жеке жана юридикалык жактарга, ошондой эле муниципалдык жер пайдалануучуларга мамлекеттик менчикте турган жер участокторун пайдаланууга берүү тартибин аныктайт.

2. Жеке жана юридикалык жактарга, ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык жер пайдалануучуларга муниципалдык менчикте турган жер участоктору убактылуу пайдаланууга берилиши мүмкүн.

Төмөнкү категорияларда турган жер участоктору убактылуу пайдаланууга берилет: калктуу конуштардын жерлери; өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргоо жана башка багыттагы жерлер; айыл чарба багытындагы жерлер, Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлеринен, жайыттардан тышкары.

Эгерде мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин же "Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан түзүлгөн инвестициялык макулдашуунун шарттарынын негизинде жогоруда аталган категориялардагы жер участокторун убактылуу пайдаланууга берүү каралган болсо, анда мындай жер участогун берүүнүн тартиби жана шарттары эл аралык келишимде же инвестициялык макулдашууда башкача каралбаган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өзүнчө чечими менен аныкталат.

3. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун ишке ашыруу максатында муниципалдык жер пайдалануучулардын жер участокторун убактылуу пайдаланууга берүү тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү өзүнчө жобо менен аныкталат.

4. Мамлекеттик жана муниципалдык жер пайдалануучуларга мамлекеттик менчикте турган жер участоктору ушул Жобого ылайык түз берүү аркылуу берилет.

5. Жеке жана юридикалык жактарга муниципалдык менчикте турган жер участоктору ушул Жобого ылайык жер участогуна ижара келишимин бекитүү укугуна тоорук өткөрүү аркылуу берилет.

6. Муниципалдык  менчикте турган жер участоктору ижара келишиминин шарттарында төмөнкү мөөнөткө чейин берилиши мүмкүн:

- Муниципалдык жер пайдалануучулардын колдонуусунда турган жер участокторуна - беш жылга;

- үчүнчү жактардын укуктарынан эркин болгон жер участокторуна - кырк тогуз жылга.

7. Муниципалдык  жер пайдалануучунун жер участогун убактылуу пайдалануу укугун ажыратуу, аны күрөөгө коюу, субижарага берүү, ошондой эле үчүнчү жактардын укуктары менен жер участогун чектөөгө түз же кыйыр багытталган башка бүтүмдөрдү жүргүзүүгө жол берилбейт.

8.  Ноокат шаар мэриясынын жана Ноокат шаар мэриясынын алдындагы түзүмдүк бөлүмдөр,   арыз ээсинин аффилирленген жактары тоорукка катышууга укугу жок.

9. Аффилирленген адамдар болуп төмөнкүлөр таанылат:

- Ноокат шаар мэриясынын жана Ноокат шаар мэриясынын алдындагы түзүмдүк бөлүмдөрдүн кызматкерлери жана алардын жакын туугандары;

- арыз ээсинин - жеке жактын жакын туугандары;

- юридикалык жактын - тооруктун талапкеринин уюмдаштыруучулары же анын акыркы менчик ээси болуп саналган адамдар;

- тооруктун катышуучулары менен туугандык байланышы бар же тооруктун талапкеринин жетекчилери жана уюмдаштыруучулары же алардын акыркы менчик ээлери болуп саналган адамдар.

10. Ушул Жободо колдонулган негизги түшүнүктөр:

ижара берүүчү - муниципалдык менчикте турган жер участогуна ижара келишимин бекиткен муниципалдык  жер пайдалануучу, Ноокат шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти;

ижарачы - ушул Жободо белгиленген тартипте жер участогуна ижара келишимин бекиткен жеке же юридикалык жак, жеке ишкер;

аукцион - сооданын формасы, анда эң жогорку бааны сунуштаган жак жеңүүчү болуп саналат;

муниципалдык жер пайдалануучу - жер участогун мөөнөтсүз (мөөнөтүн көрсөтпөстөн) пайдаланууга алган муниципалдык менчик формасындагы мамлекеттик ишкана, мекеме;

ижара келишими - белгилүү бир акыга муниципалдык  менчикте турган жер участогун убактылуу пайдалануу жөнүндө ижара берүүчү менен ижарачынын ортосундагы келишим (макулдашуу);

арыз ээси – муниципалдык  менчикте турган жер участогун убактылуу пайдаланууга алууну каалаган жеке же юридикалык жак, жеке ишкер;

конкурс - соода предметине карата сатып алуучулардан белгилүү бир шарттарды аткаруу талап кылынган учурлардагы сооданын формасы;

жеңилдетилген типтеги обөекттер - палаткалар, күркөлөр, жарнамалык курулмалар, автомобилдик транспортту токтотмолор, парковкалар, спорттук курулмалар жана башка капиталдык эмес обөекттер;

тоорукту уюштуруучу - Ноокат шаар мэриясы жана Ноокат шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти

ижаранын баштапкы өлчөмү - жер участогуна ижара келишимин бекитүү укугуна аукцион башталган ай сайын төлөнүүчү ижара акынын баштапкы өлчөмү;

ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;

тоорук - мамлекеттик менчикте турган жер участогуна укук берүү ыкмасы. Тоорук аукцион, электрондук аукцион же конкурс түрүндө өткөрүлөт;

аукциондун кадамы - тооруктун жүрүшүндө ижаранын баштапкы өлчөмү жогорулаган үстөк. Аукциондун кадамынын көлөмү ижаранын баштапкы өлчөмүнүн 10 пайызынан кем эмес өлчөмүндө белгиленет;

электрондук аукцион - муниципалдык менчикте турган жер участогуна ижара келишимин бекитүү укугуна тооруктун түрү, анда эң жогорку бааны сунуштаган катышуучу жеңүүчү болот;

электрондук соода аянты - тоорук уюштуруу жана өткөрүү үчүн Интернет тармагына жайгаштырылган жана катталган катышуучуларга бүтүмдөр боюнча электрондук операцияларды аралыктан (өзү катышпастан) жүргүзүүгө мүмкүндүк берген маалыматтык соода системасы;

электрондук кол тамга - электрондук формадагы башка маалыматка кошулган жана (же) аны менен логикалуу байланышкан жана маалыматка кол койгон адамды аныктоо үчүн колдонулган электрондук формадагы маалымат;

кепилдик салым - торукка катышуу үчүн арыз ээси киргизүүчү торуктун уюштуруучусу белгилеген акчалай сумма.

2.Муниципалдык жер пайдалануучулардын пайдалануусунда турган жер участокторун берүү

11. муниципалдык жер пайдалануучуларда турган жер участоктору төмөнкү максаттарга убактылуу пайдаланууга берилиши мүмкүн:

1) муниципалдык -жеке өнөктөштүк долбоорлорун ишке ашыруу максатында капиталдык обөекттерди долбоорлоо, куруу жана эксплуатациялоо үчүн;

2) ушул Жобонун 4-бөлүмүнө ылайык эркин экономикалык зонанын субөекттери үчүн;

3) ижара шартында шаар куруу документтерине ылайык жеңилдетилген типтеги обөекттерди долбоорлоо, куруу жана эксплуатациялоо үчүн.

12. муниципалдык жер пайдалануучулардын колдонуусунда турган жер участокторун убактылуу пайдаланууга берүү алардын бөлүгү өз алдынча бирдикке ажыратып чыгарылган учурда гана жүргүзүлөт.

13. Эгерде муниципалдык жер пайдалануучу мамлекеттик органдын ведомстволук же аймактык бөлүмү болуп саналса, анда жер участогун убактылуу пайдаланууга жогору турган Ноокат шаар мэриясы менен макулдашуу боюнча Ноокат шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик депатаменти ижарага берет.

Эгерде муниципалдык жер пайдалануучу мамлекеттик ишкана же мекеме болуп саналса, анда жер участогун убактылуу пайдаланууга төмөнкү тейлөөчү Ноокат шаар мэриясы менен макулдашуу боюнча Ноокат шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик депатаменти ижарага берет.

- уставдык документтеринде уюштуруучу катары көрсөтүлгөн мамлекеттик ишкана же мекеме;

- мамлекеттик ишкананын же мекеменин ишин жалпы жетектеген же координациялаган;

- ведомстволук карамагында ушул сыяктуу ишкана же мекеме иштеген.

14. муниципалдык  жер пайдалануучу жер участогун убактылуу пайдаланууга берүү үчүн ушул Жобонун 1-тиркемесине ылайык формадагы өтүнмөнү тиркеп расмий кат менен ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кайрылат. Арызда муниципалдык менчикте турган жер участогунун жайгашкан жери, анын өлчөмү, болжолдонгон максаты жана аны пайдалануу мөөнөтү көрсөтүлөт. 

Арызга муниципалдык жер пайдалануучу тарабынан күбөлөндүрүлгөн муниципалдык менчикте турган жер участогуна укук белгилөөчү жана укук күбөлөндүрүүчү документтин көчүрмөсү же архитектура жана курулуш боюнча ыйгарым укуктуу органдын жеңилдетилген типтеги обьектти орнотуу мүмкүндүгү жөнүндө корутундусу, кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын маалыматы тиркелет.

15. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган мамлекеттик жер пайдалануучудан кайрылуу түшкөн күндөн тартып бир айлык мөөнөттө:

- берилген материалдарды карайт жана ижара акынын туура эсептелгенин текшерет;

- аукцион өткөрүү жөнүндө маалыматтык билдирүүнүн текстин даярдайт;

- аукциондун кадамынын жана ижара акынын өлчөмүн аныктайт;

- аукционду өткөрүү күнүн аныктайт;

- муниципалдык менчикте турган жер участогун ижарага берүү боюнча аукцион өткөрүү жөнүндө кулактандырууну өзүнүн расмий сайтына же массалык маалымат каражаттарына жарыялайт.

16. Маалыматтык билдирүүдө төмөнкүлөр көрсөтүлөт:

1) ижара берүүчүнүн аталышы;

2)муниципалдык  менчикте турган, ижарага берүү пландаштырылган жер участогу жөнүндө маалымат;

3) аукционду өткөрүү күнү, убактысы жана орду;

4) аукционго катышууга арыздарды кабыл алуу күнү, орду, башталган жана аяктаган убактысы;

5) ижаранын баштапкы өлчөмү, аукциондун кадамы;

6) ижаранын мөөнөтү;

7) кепилдик төгүмдүн өлчөмү, аны төлөө мөөнөтү жана ал которулууга тийиш болгон эсептин маалым даректери;

8) аукционго катышууга арыздын формасы жана ага тиркелген зарыл документтердин тизмеси;

9) муниципалдык  менчикте турган жер участогуна ижара келишиминин долбоору;

10) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кароосу боюнча башка маалымат.

17. Аукцион өткөрүү жөнүндө маалыматтык билдирүү аукцион өткөрүлүүчү күнгө чейин 30 календардык күндөн кечиктирилбестен Ноокат шаар мэриясынын расмий сайтына же массалык маалымат каражаттарына жайгаштырылат.

18.муниципалдык  жер пайдалануучу тоорукка катышуучу арыз ээсинин талабы боюнча муниципалдык менчикте турган жер участогунун техникалык абалын кароо максатында аны көрсөтүүнү камсыздоого тийиш.

19. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган же мамлекеттик жер пайдалануучу аукцион өткөрүлүүчү күнгө чейин 5 иш күндөн кечиктирбестен, арыз ээлерине жазуу жүзүндө билдирүү менен аукцион өткөрүүдөн баш тартууга укуктуу.

20. Аукционго катышуу үчүн арыз ээси маалыматтык билдирүүдө белгиленген мөөнөттө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга төмөнкү документтерди берет:

- муниципалдык менчикте турган жер участогуна ижара келишимин бекитүү укугуна аукционго катышууга арыз, ушул Жобонун 2-тиркемесине ылайык форма боюнча;

- кепилдик төгүмдү төлөгөндүгү жөнүндө квитанция; архитектура жана курулуш чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген жер участогунун жана обьектти жайгаштыруунун эскиздик планы;

1) жеке жактар үчүн:

- Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортунун көчүрмөсү;

2) юридикалык жактар үчүн:

- юридикалык жакты мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү;

- уставдын жана уюмдаштыруучу келишимдин көчүрмөлөрү; салык төлөөчүнүн идентификациялык номери (болсо); юридикалык жактын атынан чыгууга жана тийиштүү бүтүмдөрдү бекитүүгө ыйгарым укук берген өкүлдүн атына ишеним кат;

- эгер арыз юридикалык жактын жетекчиси (жеке аткаруу органы) тарабынан берилсе, жетекчиге ижара келишимин бекитүүгө укук берген документ, ошондой эле анын кызматтык абалын күбөлөндүргөн документ талап кылынат;

- эгер юридикалык жак тандалган коллегиалдуу аткаруучу орган тарабынан башкарылса жана ижара келишимин түзүүгө ушул органдын макулдугу жөнүндө документ талап кылынса, ижара келишимин бекитүүгө органдын макулдугун тастыктаган тийиштүү чечим талап кылынат;

- өкүлдүн ким экендигин ырастоочу документтин көчүрмөсү (аукционго катышуу үчүн каттоо учурунда түп нускасын жеке өзү берет);

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын учурдагы айда карызынын жоктугу жөнүндө маалым каты.

21. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган же муниципалдык жер пайдалануучу аукцион өткөрүүдөн баш тартканда, талапкерлер төлөгөн кепилдик төгүмдөр 10 иш күндүн ичинде кайтарылууга тийиш.

22. Эгер аукционго арыз ээсинин ыйгарым укуктуу өкүлү тийиштүү түрдө катышса, аларга арыз ээсинин атынан иш-аракеттерди жүргүзүүгө анын ыйгарым укугун тастыктаган, нотариалдык күбөлөндүрүлгөн ишеним кат берилет.

23. Ноокат шаар мэриясы тарабынан түзүлгөн аукциондук комиссия аукционду өткөрөт.

24. Аукциондук комиссия төрагадан, төраганын орун басарынан, мүчөлөрдөн жана аукциондук комиссиянын катчысынан турат. Аукциондук комиссиянын төрагасы жана катчысы болуп Ноокат шаар мэриясынын же муниципалдык менчик департаментинин өкүлдөрү дайындалат. Аукциондук комиссиянын курамы 5 адамдан кем болбойт.

Аукциондук комиссиянын төрагасы аукциондук комиссиянын ишин жетектейт, анын күн тартибин бекитет жана Аукциондук комиссиянын жыйындарында төрагалык кылат.

Аукциондук комиссиянын төрагасы болбогондо, анын функциясын Аукциондук комиссиянын төрагасынын орун басары аткарат.

Аукциондук комиссиянын катчысы аукциондук комиссия чечим кабыл алганда добуш берүү укугуна ээ эмес, Аукциондук комиссиянын жыйымдарына даярдануу жана өткөрүү боюнча иштерди аткарат, катчы комиссиянын жыйымынын протоколун жүргүзөт жана добуш берүүдө аукциондук комиссиянын мүчөлөрүнүн добушун эсептейт.

25. Аукциондук комиссия төмөнкүлөрдөн түзүлөт:

- Ноокат шаар мэриясынын же муниципалдык менчик департаментинин өкүлдөрүнөн;

- кызыкдар министрликтердин, комитеттердин жана ведомстволордун өкүлдөрүнөн;

26. Аукциондук комиссиянын мүчөлөрү, аукциондук комиссиянын ишине тоскоол болгон негиздер аныкталган учурда, аукционго катышууга өтүнмөлөрдү карап баштаганга чейин бул жөнүндө аукциондук комиссиянын төрагасына кат жүзүндө билдирүүгө милдеттүү.

Аукциондук комиссиянын мүчөсү, аукциондук комиссиянын курамындагы анын ишине тоскоол болгон негиздер аныкталганда, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими менен аукциондук комиссиянын курамынан чыгарылат.

27. Эгер аукциондук комиссиянын чыгарылган мүчөлөрүнүн саны аукциондук комиссиянын курамынын жарымын түзсө, ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аукциондук комиссияны таркатуу жана жаңы аукциондук комиссияны түзүү жөнүндө чечим кабыл алат.

28. Аукциондук комиссиянын жыйынына аукциондук комиссиянын курамынын жарымынан көбү катышса, ал мыйзамдуу болуп саналат.

Аукциондук комиссиянын чечими ачык добуш берүү менен кабыл алынат жана аукциондук комиссиянын мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.

Добуштар тең чыккан учурда аукциондук комиссиянын төрагасынын добушу чечүүчү добуш болуп саналат.

29. Аукциондук комиссиянын чечими менен макул болбогон аукциондук комиссиянын мүчөлөрү өткөрүлгөн аукциондун жыйынтыгы жөнүндөгү өзгөчө ой-пикирин протоколго тиркей алат.

3. Аукцион өткөрүүнүн тартиби

30. Аукцион өткөрүлгөн күнү, бирок арыз ээлерин каттап баштаганга чейин, аукциондук комиссия түшкөн өтүнмөлөрдүн аукцион өткөрүү тартибине жана шарттарына шайкештигин карайт.

31. Өтүнмөлөрдү кароонун жыйынтыгы боюнча аукциондук комиссия аукционго катышууга уруксат берүү же аукционго катышууга уруксат берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алат.

32. Аукционго катышууга уруксат берүү же аукционго катышууга уруксат берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим өтүнмөлөрдү кароо протоколу менен таризделет.

Өтүнмөлөрдү кароо протоколунда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:

1) катталган өтүнмөлөр;

2) арыз ээлери тарабынан чакырып алынган өтүнмөлөр;

3) аукционго катышууга уруксат берилген өтүнмөлөр;

4) баш тартуунун негиздерин көрсөтүү менен аукционго катышууга уруксат берилбеген өтүнмөлөр;

5) протоколдун датасы жана аукциондук комиссиянын мүчөлөрүнүн колу.

33. Аукционго катышууга уруксат берүүдөн баш тартуу үчүн негиздер:

1) кабыл алуу мөөнөтү бүткөндөн кийин берилген өтүнмөлөр;

2) өтүнмөнү кайра сурап алуу жөнүндө арыз түшкөн, бирок өтүнмө арыз ээсине кайтарыла элек;

3) өтүнмөнүн мазмуну өткөрүлүп жаткан аукциондун шарттарына дал келбейт (башка жер участогу көрсөтүлгөн);

4) арыз ээси тарабынан берилген же берилген документтердин толук эмес тизмеги ушул Жободо белгиленген талаптарга жооп бербейт;

5) арыз ээси же анын өкүлү аффилирленген адам болуп саналат;

6) арыз ээсинин салыктар жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карызы бар.

34. Жер участогуна ижара келишимин бекитүү укугуна аукционго катышууга уруксат берилген арыз ээлери жана аукционго катышууга уруксат берилбеген арыз ээлери аукцион өткөрүлгөн күнү, аукциондун катышуучулары катталганга чейин кабыл алынган чечимдер жөнүндө аукциондук комиссиянын катчысына билдиришет.

Көрсөтүлгөн адамдар өтүнмөлөрдү кароо протоколу менен кол коюу аркылуу таанышат. Арыз ээси кол коюудан баш тарткан же ал болбогон учурда тийиштүү акт түзүлөт.

35. Аукцион башталганга бир саат калганда аукциондук комиссиянын катчысы аукционго катышууга уруксат берилген арыз ээлерин каттоону баштайт. Катталган арыз ээси аукциондун катышуучусу (мындан ары - катышуучу) болот жана аукциондун катышуучусунун жеке номери ыйгарылган тактачаны алат.

36. Аукциондун катышуучуларынын өкүлдөрү каттоодо төмөнкү документтерди көрсөтөт:

1) юридикалык жактардын уюмдаштыруучу документтерине ылайык юридикалык жактын атынан ишеним катсыз иштөөгө укуктуу юридикалык жактардын жетекчилери үчүн - ким экендигин ырастоочу документ;

2) жеке жактар үчүн - ким экендигин ырастоочу документ;

3) ишеним каттын негизинде иштеген катышуучулардын өкүлдөрү үчүн:

- ким экендигин ырастоочу документ;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык таризделген ишеним кат.

Ишеним катта жер участогун, аукцион өткөрүү күнүн милдеттүү көрсөтүү менен аукционго катышуу боюнча ушул адамдын ыйгарым укуктары, ошондой эле аукциондун баштапкы баасын көтөрүү укугу жана Аукциондук комиссиянын жыйынтыктоочу протоколуна кол коюусу чагылдырылууга тийиш. Аукционго катышууга ишеним каттын түп нускасы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда калат.

37. Аукцион башталганга чейин 10 мүнөт калганда катышуучуларды каттоо аяктайт.

Каттоо барагы Аукциондук комиссиянын төрагасына берилет.

38. Аукцион башталганга чейин катталбаган арыз ээси аукционго катыша албайт.

39. Тоорук процессинде катышуучу ага ыйгарылган жеке номери менен өзүнүн табличкасын гана колдонот.

Аукциондук комиссия тарабынан дайындалган аукционист аукционду өткөрөт. Аукционду баштоонун алдында аукционист аукционду өткөрүү эрежелери жана жол-жоболору менен катышуучуларды тааныштырат.

Аукционист лоттун аталышын - жер участогун, анын негизги мүнөздөмөсүн, ижаранын баштапкы өлчөмүн жана аукциондун кадамын жарыялайт.

40. Аукционист тарабынан жарыяланган ижара өлчөмү боюнча ижара келишимин бекитүүнү каалаган катышуучу өзүнүн тактачасын көтөрөт.

41. Аукционист ыйгарылган жеке номери менен тактачасын биринчи көтөргөн катышуучунун номерин атайт жана аукциондун ошол катышуучусун көрсөтөт. Андан кийин аукционист аукциондун кадамына ылайык жер участогуна ижаранын жаңы өлчөмүн жарыялайт.

42. Башка катышуучулар тарабынан сунуштар болбогондо, аукционист ижаранын жаңы өлчөмүн 3 жолу кайталайт. Эгер жер участогунун айтылган ижара өлчөмүн үчүнчү ирет кайталаганга чейин аукциондун бир дагы катышуучусу тактачасын көтөрбөсө, аукцион аяктайт.

43. Аукционист тарабынан тактачасынын жеке номери акыркы айтылган катышуучу аукциондун жеңүүчүсү болуп таанылат. Аукционист жеңген катышуучунун жеке номерин жарыялайт.

44. Аукциондун жыйынтыгы аукциондун жыйынтыгы жөнүндө протоколдо чагылдырылат, ал аукциондук комиссиянын катчысы тарабынан эки нускада түзүлүп, аукцион өткөрүлгөн күнү түздөн-түз катышкан аукциондук комиссиянын мүчөлөрү жана аукциондун жеңүүчүсү кол коюшат.

45. Аукциондун жеңүүчүсүнүн 5 иш күндүн ичинде аукциондун жыйынтыгы жөнүндө протоколго кол коюудан баш тартуусу же качуусу ижара келишимин бекитүүдөн баш тартуусу катарында каралат жана аукциондун жеңүүчүсүнө кепилдик төгүм кайтарылбайт.

46. Мамлекеттик жер пайдалануучу жана аукциондун жеңүүчүсү аукциондун жыйынтыгы жөнүндө протоколго кол коюлган күндөн тартып жети иш күндөн кечиктирбестен ижара келишимин түзүшөт.

Жеңүүчү аукциондун жыйынтыгы жөнүндө протоколго кол коюудан жана белгиленген мөөнөттө ижара келишимин түзүүдөн качкан же баш тарткан учурда ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган 2 иш күндүн ичинде экинчи орунду ээлеген (бир кадам төмөн) катышуучуга жеңишти ыйгаруу жөнүндө билдирүү жиберет, ал билдирүү келип түшкөн учурдан тартып 3 иш күндүн ичинде аукциондун жыйынтыгы жөнүндө протоколго кол коюуга тийиш.

Аукциондун жыйынтыгы жөнүндө протоколго кол коюудан жана ижара келишимин түзүүдөн баш тарткан жеңүүчүлөргө (эң чоң сумма сунуштаган, экинчи орунду ээлеген жана жеңишти ыйгаруу жөнүндө билдирүүнү алган) кепилдик төгүмү кайтарып берилбейт жана республикалык бюджетке багытталат.

Тараптар кол койгон ижара келишими үч күндүк мөөнөттө ижарага берүүчүнүн расмий каты менен ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жиберилет. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган 5 иш күндүн ичинде келип түшкөн материалдарды карайт жана төмөнкү чечимдердин бирин кабыл алат:

- ижара келишимин каттайт;

- келишим ушул Жобого шайкеш келбеген учурда ижара келишимин толуктап иштеп чыгууга кайтарып берет.

баш тартуусу же качуусу

47. Аукциондун жеңүүчүсүнүн төлөгөн кепилдик төгүмү ижара акынын эсебине кошулат.

48. Аукциондук комиссия тарабынан төмөнкү учурларда аукцион өткөн жок деп таанылат, эгер:

- бир арыз ээсине гана аукционго катышууга уруксат берилсе;

- аукционго катышуу үчүн бир гана катышуучу катталса;

- жеңүүчү аукциондун жыйынтыгы жөнүндө протоколго кол коюудан баш тартса.

Аукцион өткөн жок деп таанылган учурда аукциондук комиссия экинчи жолу аукцион өткөрүүнү жарыялоо жөнүндө чечим кабыл алат.

Аукциондун жыйынтыгы жөнүндө маалымат ал өткөрүлгөн күндөн тартып 3 күндөн кечиктирилбестен ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтына жайгаштырылууга тийиш.

4. Эркин экономикалык зоналардын жер участокторун ижаралоо маселелери

49. Эркин экономикалык зоналардын (мындан ары - ЭЭЗ) башкы дирекцияларына таандык болгон мөөнөтсүз пайдалануу укугундагы (мөөнөтүн көрсөтпөстөн) жер участоктору ЭЭЗнын субөекттерине ижара шартында берилет.

50. Жер участогун ижаралоонун тартиби жана шарттары "Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык ЭЭЗнын башкы дирекциясы менен ЭЭЗнын субөекттеринин ортосунда түзүлүүчү ЭЭЗдагы иштин шарттары жөнүндө келишим менен белгиленет.

51. Жер участогу ЭЭЗнын субьектисине 50 жылга чейинки мөөнөткө ижарага берилиши мүмкүн. Бул мөөнөт аяктагандан кийин ЭЭЗдагы иштин шарттары жөнүндө келишимдин тараптарынын макулдугу боюнча ижаранын мөөнөттөрү узартылышы мүмкүн.

52. Ижара акысынын өлчөмү, аны төлөө тартиби жана шарттары ЭЭЗны иштетүү боюнча мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу функцияларын аткарган ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча ЭЭЗнын башкы дирекциясы тарабынан аныкталат.

53. Ижарага алуучу ЭЭЗнын субъектисинин статусунан ажыраган же аны жоготкон учурда жер участогуна ижарага укугу токтотулат.

ЭЭЗнын субъектиси тарабынан жер участоктору субижарага ЭЭЗнын башка субъектисине өткөрүп берүү ЭЭЗнын башкы дирекциясы менен макулдашуу боюнча жүргүзүлөт.

54. Жер участогу ЭЭЗнын субъектисине ижарага ЭЭЗдагы иштин шарттары жөнүндө келишим түзүүгө берилген арызга тиркелүүчү бизнес-планды ишке ашыруу, ЭЭЗдагы иштин шарттары жөнүндө келишимге ылайык чарба ишин жүргүзүү максатында капиталдык объектилерди жана жеңилдетилген типтеги объекттерди долбоорлоо, куруу жана эксплуатациялоо үчүн берилет.

55. Эгерде ЭЭЗдагы иштин шарттары жөнүндө келишимде башкача каралбаса, анда ижара мөөнөтү аяктагандан кийин ижарага алынган жер участогунда ЭЭЗнын субъектиси тарабынан тургузулган капиталдык объекттер жана анын баардык ажырагыс жакшыртуулары менен бирге башкы дирекциясынын менчигине акысыз өткөрүп берилет.

5. Үчүнчү жактардын укуктарынан эркин болгон жер участогун мамлекеттик же муниципалдык жер пайдалануучуларга мөөнөтсүз (мөөнөтүн көрсөтпөстөн) пайдаланууга берүү тартиби

56. Берилүүчү жер участогунун жайгашкан жери боюнча жергиликтүү мамлекеттик администрация тарабынан үчүнчү жактардын укуктарынан эркин болгон жер участоктору мамлекеттик жана муниципалдык жер пайдалануучуларга берилет.

57. Жергиликтүү мамлекеттик администрация тарабынан Райондук комиссия түзүлөт, анын курамына төмөнкүлөрдүн өкүлдөрү кирет: жергиликтүү мамлекеттик администрациянын, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын (берилүүчү жер участогу жайгашкан жер боюнча), кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, архитектура жана курулуш, курчап турган чөйрөнү коргоо, өзгөчө кырдаалдар, экологиялык жана техникалык коопсуздукту камсыздоо, саламаттыкты сактоо, энергетика, салык маселелерин жөнгө салуучу аймактык мамлекеттик органдын.

Райондук комиссиянын төрагасы болуп жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысынын кураторлук кылган орун басары саналат.

58. Райондук комиссиянын жеке курамы жана анын ишинин регламенти жергиликтүү мамлекеттик администрация тарабынан бекитилет. Райондук комиссия Райондук комиссиянын мүчөлөрүнүн жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмес мүчөлөрү жыйынга катышканда чечим кабыл алууга укуктуу. Райондук комиссиянын чечими жөнөкөй көпчүлүк добуш менен кабыл алынат. Добуштар тең чыкканда Райондук комиссиянын төрагасынын добушу чечүүчү болуп саналат.

59. Райондук комиссиямын жыйыны катчы тарабынан протоколдонот жана Райондук комиссиянын жыйынга катышкан бардык катышуучулары тарабынан кол коюлат.

60. Жер участогун мөөнөтсүз (мөөнөтүн көрсөтпөстөн) пайдаланууга алуу үчүн мамлекеттик же муниципалдык уюм жер участогу жайгашкан жер боюнча жергиликтүү мамлекеттик администрацияга арыз жиберет, анда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:

- жер участогун пайдалануунун максаты;

- каржылоо булагы;

- жер участогунун болжолдуу өлчөмү жана жайгашкан жери;

- курулуш куруу үчүн жер участогу зарыл болгондо коммуникациялардын жана инфратүзүм обөекттеринин болушу жөнүндө шарттар.

61. Жергиликтүү мамлекеттик администрация 2 жумалык мөөнөттө кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, архитектура жана курулуш, курчап турган чөйрөнү коргоо, өзгөчө кырдаалдар, экологиялык жана техникалык коопсуздукту камсыздоо, саламаттыкты сактоо, энергетика, салык маселелерин жөнгө салуучу аймактык мамлекеттик органдан, ошондой эле жер казынасын пайдалануу, маданият маселелерин жөнгө салуучу мамлекеттик органдардан жер участогу жөнүндөгү зарыл маалыматты сурайт.

62. Жергиликтүү мамлекеттик администрация арызды тиркелген документтери жана ушул Жобонун 60 жана 61-пункттарында көрсөтүлгөн органдардын корутундулары менен райондук комиссиянын кароосуна берет.

63. Райондук комиссия документтери менен түшкөн арызды 30 күндүн ичинде карайт жана оң же терс корутунду чыгарат жана жергиликтүү мамлекеттик администрацияга берет.

64. Жергиликтүү мамлекеттик администрация Райондук комиссиянын корутундусу түшкөн күндөн тартып бир жумалык мөөнөттө мамлекеттик же муниципалдык жер пайдалануучуга жер участогун берүү же болбосо мамлекеттик же муниципалдык жер пайдалануучуга жер участогун берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алат.

Мамлекеттик же муниципалдык жер пайдалануучу жер участогуна укук каттоо үчүн мыйзамдардын талаптарына ылайык жер участогу жайгашкан жер боюнча кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча аймактык органына кайрылат.

6. Үчүнчү жактардын укуктарынан эркин болгон жер участогун ижара шартында убактылуу пайдаланууга берүү тартиби

65. Мамлекеттик менчикте турган, үчүнчү жактардын укуктарынан эркин болгон жер участоктору жер участогунун аймактык таандыгы боюнча жергиликтүү мамлекеттик администрация тарабынан конкурс өткөрүү аркылуу жеке жана юридикалык жактарга берилет.

66. Жер участогун убактылуу пайдаланууга алуу үчүн жеке жана юридикалык жактар жер участогунун аймактык таандыгы боюнча жергиликтүү мамлекеттик администрацияга кайрылат.

Кайрылууда жер участогун пайдалануунун максаты, жер участогунун болжолдуу өлчөмү жана жайгашкан жери, каржылоо булагы, пайдалануунун болжолдуу мөөнөтү көрсөтүлөт.

67. Жергиликтүү мамлекеттик администрация кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, архитектура жана курулуш, курчап турган чөйрөнү коргоо, өзгөчө кырдаалдар, экологиялык жана техникалык коопсуздукту камсыздоо, саламаттыкты сактоо, энергетика, салык маселелерин жөнгө салуучу аймактык мамлекеттик органдан, ошондой эле жер казынасын пайдалануу, маданият маселелерин жөнгө салуучу мамлекеттик органдардан алардын компетенциясынын чегинде суралган жер участогун берүү мүмкүндүгү же мүмкүн эместиги жөнүндө корутундусу менен зарыл маалыматты сурайт, алар өздөрүнүн корутундусун эки жумалык мөөнөттө беришет.

Мында ушул пункттун биринчи абзацында көрсөтүлгөн корутундуларды алуу үчүн финансылык чыгымдарды жер участогун убактылуу пайдалануу укугуна конкурстун жеңүүчүсү төлөйт.

68. Мамлекеттик максаттар үчүн каралган, мамлекеттик менчикте турган жер участоктору жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүк органы менен белгиленген тартипте макулдашуу боюнча жеке жана юридикалык жактарга берилиши мүмкүн.

69. Жергиликтүү мамлекеттик администрация ушул Жобонун 71-72-пункттарында көрсөтүлгөн документтер менен арызды Райондук комиссияга жиберет.

70. Жергиликтүү мамлекеттик администрация ар бир жер участогу боюнча төмөнкүлөрдү камтыган маалыматтык билдирүүнү түзөт:

- мамлекеттик менчикте турган жер участогунун планынын көчүрмөсүн, ага тиркелген материалдары менен;

- жер участогун пайдалангандыгы үчүн ижара акынын өлчөмүн;

- конкурстун шарттарын;

- кепилдик төгүмдүн (шертпулдун) өлчөмүн, конкурстун катышуучуларынын аны төлөө мөөнөтүн жана тартибин, ал которулууга тийиш болгон эсептин маалымдаректерин;

- мамлекеттик менчикте турган жер участогунун ижара келишиминин долбоорун;

- конкурсту өткөрүү күнүн;

- конкурска катышууга арыздарды кабыл алуу күнүн, ордун, башталган жана аяктаган убактысын;

- мамлекеттик менчикте турган жер участогуна ижара мөөнөтүн, конкурстун жеңүүчүсү менен;

- жергиликтүү мамлекеттик администрациянын кароосу боюнча башка маалыматтарды.

71. Жергиликтүү мамлекеттик администрация конкурс өткөрүлгөнгө чейин 30 иш күндөн кем эмес убакта жалпыга маалымдоо каражаттарына (ЖМК) жана жергиликтүү мамлекеттик администрациянын расмий сайтына конкурс өткөрүү жөнүндө кабарлама жарыялоого милдеттүү.

Кабарлама толук маалымат алуу үчүн тооруктун убактысы, орду жана формасы, анын предмети, ижара акынын суммасы, анын ичинен тоорукка катышууга арыздарды кабыл алуунун аяктаган мөөнөтү жөнүндө, кепилдик төгүмдүн (шертпулдун) суммасы которулууга тийиш болгон банктын маалымдаректери, конкурстун шарттары, тоорукту уюштуруучунун өкүлүнүн байланыш маалыматтары жөнүндө маалыматтарды камтууга тийиш.

72. Конкурска катышуу үчүн арыз ээси маалыматтык билдирүүдө белгиленген мөөнөттө жергиликтүү мамлекеттик администрацияга төмөнкүдөй документтерди берет:

- мамлекеттик менчикте турган жер участогуна ижара келишимин бекитүү укугуна конкурска катышууга арыз, ушул Жобонун 2-тиркемесине ылайык форма боюнча;

- кепилдик төгүмдү төлөгөндүгү жөнүндө квитанция;

- архитектура жана курулуш маселелерин жөнгө салуучу ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген жер участогунун жана обөектти жайгаштыруунун эскиздик планы;

1) жеке жактар үч үн:

- Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортунун көчүрмөсү;

2) юридикалык жактар үчүн:

- уюмдун толук аталышын жана жайгашкан жерин көрсөтүү менен маалым кат (юридикалык дареги, телефон жана башка маалымдаректер);

- юридикалык жакты мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү;

- уставдын жана уюмдаштыруучу келишимдин көчүрмөлөрү;

- салык төлөөчүнүн идентификациялык номеринин көчүрмөсү (болсо);

- юридикалык жактын атынан чыгууга жана тийиштүү бүтүмдөрдү бекитүүгө ыйгарым укук берген өкүлдүн атына ишеним кат;

- эгер юридикалык жактын жетекчиси (жеке аткаруучу орган) тарабынан арыз берилсе, жетекчиге ижара келишимин бекитүүгө укук берген документ, ошондой эле анын кызматтык абалын күбөлөндүргөн документ талап кылынат;

- эгер юридикалык жак тандалган коллегиалдуу аткаруучу орган тарабынан башкарылса жана ижара келишимин бекитүүгө ушул органдын макулдугу жөнүндө документ талап кылынса, ижара келишимин бекитүүгө органдын макулдугун тастыктаган тийиштүү чечим талап кылынат;

- өкүлдүн ким экендигин ырастоочу документтин көчүрмөсү (конкурска катышуу үчүн каттоодо түп нускасын жеке өзү көрсөтөт);

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын учурдагы айда карызы жоктугу жөнүндө маалым каты.

73. Конкурстун катышуучуларын каттоо конкурс башталганга чейин 1 саат мурда башталат. Райондук комиссиянын катчысы мөөнөтүндө берилген өтүнмөлөрдү кабыл алууда конкурстук документтер салынып, тиркелген конверттер менен өтүнмөлөрдү кабыл алуу жөнүндө маалымдаманы катышуучуларга берет жана жазуулары, белгилери жок кабыл алынган конверттерди мөөр менен күбөлөндүрөт.

Арыз ээси тарабынан берилген документтери менен кабыл алынган конверттер райондук комиссиянын катчысында сакталат.

74. Белгиленген мөөнөттөн кечигип берилген арыздар конкурска катышууга кабыл алынбайт.

75. Арыз ээсин конкурска катышуудан четтетүү жөнүндө чечим райондук комиссия тарабынан төмөнкү учурларда кабыл алынат:

- эгер арыз ээси конкурстук документтердин пакетин белгиленген талаптарды бузуу менен тариздесе;

- эгер катышуучу жөнүндө маалыматтарда туура эмес маалыматтар камтылса;

- эгер өтүнмөлөрдү кабыл алуу мөөнөтү бүткөндө өтүнмө берилсе;

- эгер арыздын мазмуну өткөрүлүүчү конкурстун шарттарына туура келбесе (башка жер участогу көрсөтүлсө);

- эгер арыз ээси тарабынан документтердин толук эмес тизмеги берилсе же болбосо берилген документтер ушул Жободо белгиленген талаптарга жооп бербесе;

- эгер арыз ээси же анын өкүлү аффилирленген адам болуп саналса;

- эгер катышуучунун салыктар жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карызы болсо.

76. Жергиликтүү мамлекеттик администрация конкурс өткөрүлгөнгө чейин 20 иш күндөн кечиктирбестен конкурс өткөрүүдөн баш тартууга укуктуу, бул жөнүндө Райондук комиссиянын протоколу түзүлүп, конкурс өткөрүүдөн баш тартуунун себеби көрсөтүлөт. Конкурс өткөрүүдөн баш тартылган учурда жергиликтүү мамлекеттик администрация жалпыга маалымдоо каражаттарына жана жергиликтүү мамлекеттик администрациянын расмий сайтына конкурс өткөрүүдөн баш тартуунун себебин көрсөтүү менен маалымат жайгаштырат.

Конкурска катышуу үчүн алынган кепилдик төгүмү конкурстун жыйынтыктары жөнүндө протоколго кол коюлган учурдан тартып 10 иш күндүн ичинде жеңүүчүдөн тышкары, бардык катышуучуларга кайтарып берилет.

7. Конкурс өткөрүү тартиби

77. Маалыматтык билдирүүдө көрсөтүлгөн конкурстун шарттарына шайкеш келген конкурстук сунуш конкурстун арыз ээси тарабынан маалыматтык билдирүүдө белгиленген убактан кечиктирбестен, конкурс өткөрүлүүчү күнү Райондук комиссиянын жыйынына бекитилген конвертте берилет.

Бир жер участогу боюнча бир катышуучудан бир гана конкурстук сунуш берилиши мүмкүн.

Конкурстук сунуштарды ачуу конкурстук сунуштарды кабыл алуу аяктагандан кийин жана конкурстун катышуучуларынын же алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн катышуусунда түздөн-түз жүргүзүлөт.

Райондук комиссия түшкөн конкурстук сунуштарды кезеги менен ачат, конкурстун катышуучусунун номерин, анын аты-жөнүн же аталышын, конкурстун катышуучусу сунуштаган негизги конкурстук шарттарды (ижара акынын өлчөмүн кошкондо) жарыялайт, конкурстук сунуштарды ачуунун жыйынтыгын протоколго белгилейт жана түшкөн конкурстук сунуштарды баалоого киришет.

Конкурстук сунуштарды баалоо конкурстук сунуштар ачылган күнү конкурстук документте белгиленген критерийлер боюнча жүргүзүлөт.

Конкурстук сунуштарды баалоо үчүн кошумча убакыт талап кылынган учурда, конкурс өткөрүү мөөнөтү Райондук комиссия тарабынан 3 иш күндөн ашык эмес мөөнөткө узартылышы мүмкүн, бул жөнүндө конкурстук сунуштарды ачуунун жыйынтыгы жөнүндө протоколго тийиштүү жазуу киргизилип, Райондук комиссиянын мүчөлөрү жана комиссиянын жыйынына катышкан конкурстун катышуучулары кол коюшат.

Берилген өтүнмөлөрдү баалоонун жүрүшүндө райондук комиссия конкурстун катышуучуларына өздөрүнүн конкурстук сунуштарынын түшүндүрмөсү үчүн кайрылууга укуктуу.

Ижара акынын өлчөмүн өзгөртүүнү кошуп алганда, конкурстун катышуучусу сунуштаган конкурстук шарттарды маңызы боюнча өзгөртүүгө же аны менен райондук комиссиянын ортосунда конкурстук сунуш боюнча сүйлөшүүлөргө жол берилбейт.

Райондук комиссия маалыматтык билдирүүдө жана ушул Жободо көрсөтүлгөн талаптарга шайкеш келбеген конкурстук сунушту кабыл албайт.

Конкурстук сунуштарды баалоонун жыйынтыгында райондук комиссия тарабынан маңызы боюнча эн, мыкты шарттарды сунуштаган конкурстун жеңүүчүсү аныкталат, конкурс өткөрүүнүн жыйынтыгы жөнүндө протокол түзүлөт, ага райондук комиссиянын төрагасы, райондук комиссиянын жыйынына катышкан мүчөлөрү жана конкурстун жеңүүчүсү кол коюшат.

Конкурстун жеңүүчүсүнүн конкурстун жыйынтыгы жөнүндө протоколго кол коюудан баш тартуусу же качуусу ижара келишимин түзүүдөн баш тартуу катарында каралат жана кепилдик төгүм конкурстун жеңүүчүсүнө кайтарылбайт. Эгерде жеңүүчү конкурстун жыйынтыгы жөнүндө протоколго кол коюудан баш тартса, райондук комиссия тарабынан конкурс өткөн жок деп таанылат.

Конкурс өткөн жок деп таанылган учурда райондук комиссия экинчи жолу конкурс өткөрүү жөнүндө чечим кабыл алат.

Конкурс өткөн жок деп төмөнкүдөй учурларда таанылат, эгерде:

- конкурска катышууга билдирүү келип түшпөсө;

- бардык арыз ээлерин конкурска катышууга уруксат берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынса;

- конкурска катышууга бир билдирүү келип түшсө;

- жеңип чыккан катышуучулар протоколго кол коюудан баш тартса.

Конкурстун жыйынтыгы жөнүндө маалымат конкурс өткөрүлгөн күндөн тартып 7 иш күндөн кечиктирбей жергиликтүү мамлекеттик администрациянын расмий сайтына жайгаштырылууга тийиш.

Төлөнгөн кепилдик төгүм конкурстун жеңүүчүсүнүн ижара акысынын эсебине киргизилет.

78. Жергиликтүү мамлекеттик администрация конкурсту өткөрүүнүн жыйынтыгы жөнүндө райондук комиссиянын протоколуна ылайык жер участогун убактылуу (мөөнөттүү) пайдаланууга берүү жөнүндө чечим кабыл алат жана конкурстун жеңүүчүсү менен келишим түзүүнүн зарылдыгы жөнүндө тапшырма берет.

8. Электрондук аукцион өткөрүү тартиби

79. Электрондук аукцион ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими менен бекитилген тартипте өткөрүлөт.

9. Жер участогуна ижара келишимин түзүү, өзгөртүү жана бузуу тартиби

80. Ижара берүүчү жана ижарачы мамлекеттик менчиктеги жер участогуна Типтүү ижара келишими менен аныкталган шарттарда ушул Жобонун 3-тиркемесине ылайык ижара келишимин түзөт.

81. Тараптар ижара келишиминде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка кошумча шарттарды карай алышат.

82. Ижара келишиминин шарттарына өзгөртүүлөр жана толуктоолор тараптардын колдонулуп жаткан ижара келишимине кошумча макулдашууну түзүү жолу менен киргизилет. Торук өткөргөн ыйгарым укуктуу орган жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан кошумча макулдашуу катталган учурдан тартып тараптардын милдеттенмелери өзгөрдү деп саналат.

83. Өздөрүнүн милдеттерин талаптагыдай аткарышкан ижара берүүчү жана ижарачы ижара келишиминин мөөнөтү аяктаганга чейин бир айдан кечиктирбей колдонуудагы ижара келишимине тараптардын кошумча макулдашуусун түзүп, андан ары торук өткөргөн ыйгарым укуктуу органда макулдашып жана каттап, ижара келишиминин мөөнөтүн узарта алышат.

84. Төмөнкү учурларда ижара келишими токтотулат:

- келишимди колдонуу мөөнөтүнүн акыркы күнү аяктаганда, эгерде ошол мезгил ичинде келишим узартылбаса;

- ижара берүүчүнүн жана ижарачынын өз ара макулдашуусу боюнча келишим бузулган учурда;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келишим сот тарабынан мөөнөтүнөн мурда бузулган учурда;

- ижара берүүчү-юридикалык жак жоюлганда;

- ижара берүүчү болуп саналган жеке адам каза болгон учурда, ал аракетке жөндөмсүз, аракетке жөндөмү чектелүү же дайынсыз жоголду деп таанылса.

85. Тараптардын макулдашуусу боюнча ижара келишими бузулган күндөн тартып 3 иш күндүн ичинде ижара берүүчү Торук өткөргөн ыйгарым укуктуу органга, ошондой эле кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча ыйгарым укуктуу органга ижара келишимин бузуу жөнүндө макулдашууну тиркөө менен билдирүү жиберүүгө милдеттүү.

86. Ижара келишими ижара берүүчүнүн талабы боюнча сот тарабынан төмөнкү учурларда мөөнөтүнөн мурда бузулушу мүмкүн:

- ижарачы жер участогун ижара келишиминин шарттарын бузуу менен же жер участогун максаттуу эмес багытта пайдаланса;

- ижарачы жер участогун субижарага берсе же үчүнчү жактардын укуктары менен жер участогун чектөөгө түз же кыйыр багытталган бүтүмдөрдү жасаган учурда;

- ижарачы ижара келишиминде белгиленген мөөнөт аяктагандан кийин ижара акысын катары менен эки жолу төлөбөсө;

- ижарачы обөектти белгиленген архитектуралык, шаар куруу, техникалык, экологиялык, санитардык жана башка атайын ченемдерди жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптарды бузуу менен орнотсо жана иштетсе;

- ижарачы ижара берүүчүнүн ишине тоскоолдук кылса же анын иши ижара берүүчү үчүн терс финансылык, өндүрүштүк, техникалык жана экологиялык кесепеттерге алып келсе.

87. Ижарачынын талабы боюнча ижара келишими сот тарабынан төмөнкү учурларда мөөнөтүнөн мурда бузулушу мүмкүн:

- ижара берүүчү жер участогун пайдаланууга бербесе же келишимдин шарттарына ылайык аны пайдаланууга жана обөектти орнотууга тоскоолдук кылса;

- ижарачыга берилген жер участогу пайдаланууга тоскоолдук жараткан мүнөздөмөлөргө ээ болсо, ал ижара келишимин түзүүдө ижара берүүчү менен сүйлөшүлбөгөн, ижарачыга күн мурунтан белгилүү болбогон жана келишимди түзүүдө жер участогун кароо учурунда билинбеген;

- ижара берүүчү жооптуу болбогон кырдаалдарга байланыштуу обөектти орнотууга же иштетүүгө мүмкүн болбосо.

88. Ижара келишимин мөөнөтүнөн мурда бузууну демилгелөө үчүн бир тарап экинчи тарапка келишимдик милдеттенмелерди аткаруунун же жол берген бузууларды 15 иш күндүн ичинде жоюунун зарылдыгы жөнүндө кагаз жүзүндө эскертүү жиберет.

89. Бир тарап же тиешелүү ыйгарым укуктуу орган келишимди мөөнөтүнөн мурда бузуу жөнүндө талапты төмөнкү учурларда сотко бериши мүмкүн:

- эскертүүдө көрсөтүлгөн мөөнөттө ижара келишимин бузуу сунушуна экинчи тараптан баш тартуу алгандан кийин же 30 күндүн ичинде эскертүүгө жооп албагандан кийин;

- экинчи тараптан келишимдик милдеттенмелер аткарылбаганда же кагаз жүзүндө эскертүү алгандан кийин 30 күндүн ичинде жол берген бузуулар жоюлбаган учурда.

90. Ижара келишимин токтотуу ижарачыны ижара акы боюнча карызды, туумдарды жана айыптарды төлөөдөн бошотпойт.

91. Мамлекеттик жер пайдалануучу же жергиликтүү мамлекеттик администрация менен ижара келишими токтотулганда ижарачы бир айлык мөөнөттө жеңилдетилген типтеги обөектти ижарачынын эсебинен бузуу боюнча чара көрөт.

Ижара келишими токтотулган учурда ижарага берүүчү бир айлык мөөнөттүн ичинде ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга же жергиликтүү мамлекеттик администрацияга тиешелүү маалымат берүү менен ижара обөектисин өзүнүн карамагына кайтарып алуу жана аны пайдалануу боюнча чараларды көрүүгө тийиш.

92. Ижара берүүчүнүн жер участогун өткөрүп берүүсү жана ижарачынын аны кабыл алуусу тараптар түзгөн өткөрүү актысы боюнча жүргүзүлөт.

93. Ижара келишиминин аракети токтотулганда да жер участогун кабыл алуу-өткөрүп берүү актысы түзүлөт.

10. Жер участогун пайдалануу үчүн ижара акы

94. Ижара акы жергиликтүү мамлекеттик администрация же ыйгарым укуктуу орган тарабынан аныкталган эсепке так суммада белгиленген төлөмдөр түрүндө ай сайын төлөнөт. Эксплуатациялоо чыгымдары, салыктык жана башка мыйзамдарда каралган башка төлөмдөр ижара акысына кирбейт.

95. Ижарачыда ижара акысын төлөө боюнча милдет ижара келишиминде көрсөтүлгөн күндөн тартып пайда болот.

96. Жер участокторун ижарага берүүдөн түшкөн каражаттар Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине жана салыктык эмес төлөмдөр жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бөлүштүрүлөт.

97. Баштапкы ижара акынын өлчөмү мамлекеттик мүлктү башкаруу саясатын иштеп чыгуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилген нускамага ылайык аныкталат.

98. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө макулдашууну түзүүдө жеке өнөктөшкө мамлекеттик экономикалык колдоо көрсөтүү менен жер участогун пайдалангандыгы үчүн ижара акынын жеңилдетилген өлчөмүн белгилөө жөнүндө шарт каралышы мүмкүн.

99. Жер участогун жеңилдетилген негизде ижарага берүү анын шарттарынын бири болуп саналган мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө макулдашууда ижара акынын өлчөмү, аны төлөө тартиби жана мөөнөтү көрсөтүлүүгө тийиш.

100. Ижара келишими боюнча милдеттенмелер аткарылбаса же талаптагыдай аткарылбаса, тараптар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчилик тартышат.

Ушул Жобонун шарттарын бузгандыгы үчүн уюмдун - мамлекеттик жер пайдалануучунун жана жергиликтүү мамлекеттик администрациянын жетекчиси жеке жоопкерчилик тартат.

Ижара келишими боюнча өзүнүн милдеттенмелерин аткарбаган же талаптагыдай аткарбаган күнөөлүү тарап башка тарапка келтирилген материалдык зыянды жана башка бардык чыгымдарды калыбына келтирүүгө милдеттүү.

Тартиптик, администрациялык жана жазык жоопкерчилигине тартуу күнөөлүү жактарды келтирилген зыяндын ордун толтуруу милдетинен бошотпойт.

Ижара келишимин түзүүдөн атайлап качуу жана мамлекеттик мүлктү ижарага өткөрүүдөн келип түшкөн кирешелер жаап-жашырылган учурда, уюмдун - мамлекеттик жер пайдалануучунун жана жергиликтүү мамлекеттик администрациянын кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.Begin_nocompare

 

 

Ноокат шаардык кеңешинин жооптуу катчысы:                                       М.Ярматов

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Муниципалдык  менчикте турган жер участокторун берүү тартиби жөнүндө

“МАКУЛДАШЫЛГАН"

Ноокат шаарынын мэри _______________Ж.Нурдинов 

20____-жылдын "___"

 

Муниципалдак жер пайдалануучунун жер участогуна ижара келишимин түзүү укугун аукционго коюу жөнүндө
ӨТҮНМӨ

 

 

Ноокат шаар мэриясына

                                                                                  Төмөнкү дарек боюнча катталган:

_________________________________________________________________

(юридикалык жактын жайгашкан жери)

муниципалдык пайдалануучу_________________________________________    

(юридикалык жактын толук аталышы, уюштуруу-укуктук формасы)

анын атынан _____________________________________________________________________________

(жетекчинин аты-жөнү жана кызматы)

жер участогуна ижара келишимин түзүү укугун аукционго коюуну суранат

_________________________________________________________________________

(обьекттин аталышы)

аянты ______________________ кв.м, төмөнкү дарек боюнча жайгашкан:

_________________________________________________________________

Жер участогунун максаттуу багыты:__________________________________

Жер участогун убактылуу пайдаланууга берүүгө болгон чектөөлөр:

_________________________________________________________________

Сунушталган ижара мөөнөтү:______________________________________________________________

(календардык айлардын же жылдардын саны көрсөтүлөт)

Мамлекеттик жер участогун ижарага берүү зарылдыгына негиздеме:

_________________________________________________________________ 

Тиркеме:

1) жер участогуна укук белгилөөчү жана укук күбөлөндүрүүчү документтин көчүрмөсү;

2) ижара акынын баштапкы өлчөмүнүн эсеби;

3) кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын маалыматы;

4) архитектура жана курулуш боюнча ыйгарым укуктуу органдын жеңилдетилген типтеги обөектти орнотуу мүмкүндүгү жөнүндө корутундусу.

Юридикалык жактын же жек жактын

аталышы, жетекчинин  аты жөнү                                                                                                                            (колу)

Датасы

М.О.

Муниципалдык  менчикте турган жер участокторун берүү тартиби жөнүндө жобого              2-тиркеме

Муниципалдык менчикте турган жер участогуна ижара келишимин түзүү укугуна тоорукка катышууга
АРЫЗ

Арыз ээси:

Жеке адамдар үчүн

Мен, ____________________________________________________________

(аты-жөнү)

_________________________________________________________________

(ким экендигин ырастоочу документ: түрү, сериясы, номери, ким тарабынан жана качан берилген)

төмөнкү дарек боюнча жашайм:_______________________________________

(шаар, айыл, көчө, үйдүн жана батирдин №)

_________________________________________________________________

(жеке ишкерлер үчүн: ишкердик жүргүзгөн жеке адамды мамлекеттик каттоо

 

Юридикалык жактар үчүн (кайра каттоо) тууралуу күбөлүктүн же патенттин реквизиттери)

Мен, __________________________________________________________

(аты-жөнү)

_________________________________________________________________

(ким экендигин ырастоочу документ: түрү, сериясы, номери, ким тарабынан жана качан берилген)

__________________________________________________________атынан

(юридикалык жактын толук аталышы, жайгашкан жери жана банктык реквизиттери)

_________________________________________________________негизинде

(бүтүм жасоого ыйгарым укукту ырастаган ишеним каттын же документтин реквизиттери)

_________________________________________________________________

(жер участогунун аталышы, анын жайгашкан жери)

мамлекеттик менчикте турган жер участогуна ижара келишимин түзүү укугуна тоорукка

катышуу ниети жөнүндө билдирем (аукцион, конкурс) (керектүүсүн чийиңиз)

Аталган жер участогун________________________________________

(пайдалануу максаты жана жеңилдетилген же капиталдык типтеги обөекттин түрү)

үчүн пайдалануу сунушталат.

Комиссия мамлекеттик менчикте турган жер участогуна ижара келишимин түзүү укугуна тоорукка (аукцион, конкурс) катышууга уруксат берген учурда белгиленген мөөнөттө тоорукка катышууга милдеттенем.

Тоорукта жеңүүчү болгон учурда аукциондун же конкурстун жыйынтыгы жөнүндө протоколго кол коюуга жана ижара келишимин түзүүгө милдеттенем.

Ушул арызга төмөнкүлөр тиркелет:

1) кепилдик төгүмдү төлөө жөнүндө квитанция;

2) архитектура жана курулуш чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген жер участогунун жана обөектти жайгаштыруунун эскиздик планы;

1) жеке адамдар үчүн:

- Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту;

2) юридикалык жактар үчүн:

- уюмдун толук аталышы жана жайгашкан жери (юридикалык дареги, телефон жана башка реквизиттер) көрсөтүлгөн маалым кат;

- юридикалык жакты мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү;

- уставдын жана уюштуруу келишиминин көчүрмөлөрү;

- салык төлөөчүнүн идентификациялык номери;

- юридикалык жактын атынан чыгууга жана тийиштүү бүтүмдөрдү жасоого ыйгарым укук берген өкүлдүн атына ишеним кат;

- эгерде юридикалык жактын жетекчиси (аткаруучу органдын жеке өзү) тарабынан арыз берилсе, жетекчиге ижара келишимин түзүүгө укук берүүчү документ, ошондой эле анын кызматтык абалын күбөлөндүрүүчү документ талап кылынат;

- эгерде юридикалык жакты шайлануучу коллегиялык аткаруучу орган башкарса жана ушул органдын ижара келишимин түзүүгө макулдугу жөнүндө документ талап кылынса, ижара келишимин түзүүгө органдын макулдугун ырастаган тиешелүү чечим талап кылынат;

- өкүлдүн ким экендигин ырастоочу документтин көчүрмөсү (түп нускасы аукционго катышуу үчүн жеке каттоодон өткөндө көрсөтүлөт);

- учурдагы айда карызы жоктугу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын маалым каттары;

Мен (биз) төмөнкүлөр менен макулмун (макулбуз):

эгерде жогоруда аталган жер участогуна өтүнмө түшпөсө же бир эле өтүнмө түшсө, аталган жер участогу аукциондон алынат;

тооруктун (аукциондун, конкурстун) жеңүүчүсү болуп таанылганда жана андан кийин тооруктун жыйынтыгы жөнүндө протоколго кол коюудан же ижара келишимин түзүүдөн баш тарткан учурда төлөнгөн кепилдик төгүмдүн суммасы кайтарылбайт жана ыйгарым укуктуу органда калат.

 

Арыз ээсинин (ыйгарым укуктуу адамдын) колу: _______________________

20___-жылдын "___" _________________..

 

Кабыл алынды:

________________________________________________________________________

(ыйгарым укуктуу органдын кызматкеринин аты-жөнү, кызматы, кабыл алынган күнү)

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Муниципалдык  менчикте турган жер участокторун берүү тартиби жөнүндө жобого               3-тиркеме

Муниципалдык менчикте турган жер участогуна
ТИПТҮҮ ИЖАРА КЕЛИШИМИ

 

 

 

 

 

Макулдашылды
(торуктун уюштуруучусу)

_________________________

 

 

20____-жылдын "___" _________

 

Мындан ары "Ижара берүүчү" деп, Ноокат шаар мэриясынын алдандагы муниципалдык менчик департаментинин директору________________________

(жетекчинин аты-жөнү)

____________________________________________________ негизинде

(мекеменин уставы, жобосу же анын ишин жөнгө салуучу документ)

иштеген жана мындан ары "Ижарачы" деп аталган

_____________________________________________________

(жеке адамдын аты-жөнүүюридикалык жактын аталышы,

келишим түзүүгө ыйгарым укук берилген өкүлдүн аты-жөнү,

ишеним каттын реквизиттери)

экинчи тараптан төмөнкүлөр жөнүндө ушул Келишимди түзүштү.

1. Жалпы шарттар

1. Ижара берүүчү ушул Келишимге тиркелген планда көрсөтүлгөн чектеги ____________дареги боюнча жайгашкан, аянты _______________________ ч.м жер участогун_________________________________________________________

(жеңилдетилген типтеги же капиталдык курулуш объекти жана анын максаттуу багыты көрсөтүлөт)

орнотуу жана иштетүү үчүн берет, ал эми Ижарачы алат.

2. Ижара мөөнөтү 20___-жылдын "___" ________ тартып "___" _________ чейин белгиленет.

3. Ижара мөөнөтү бүткөндөн кийин Келишим бузулду деп саналат. Келишимди колдонуу мөөнөтүнүн аякташы тараптардын Ижара келишими боюнча милдеттенмелеринин токтолушуна алып келет.

2. Тараптардын укуктары жана милдеттери

4. Ижара берүүчү төмөнкүлөргө укуктуу:

- Ижарачыдан ай сайын ижара акысын алууга;

- Ижарачынын келишимдик милдеттенмелерди аткаруусуна мониторинг жүргүзүүгө жана текшерүүгө;

- Ижарачыдан жер участогунда белгиленген архитектуралык, шаар куруу, техникалык, экологиялык, санитардык жана башка атайын ченемдерди жана талаптарды бузган иштерди токтотууну талап кылууга;

- Ижарачыдан анын чарбалык ишинин натыйжасында жер участогунун жана жанындагы аймактын абалын начарлатууга алып келген зыяндын ордун толтурууну талап кылууга.

5. Ижарачы төмөнкүлөргө укуктуу:

- ижарага алган жер участогунда ушул Келишимдин 1-пунктунда аталган максаттарга жана ушул Келишимдин шарттарына ылайык гана өз алдынча чарба ишин жүргүзүүгө;

- кабыл алуу-өткөрүп берүү актысына кол коюлгандан кийин ижарага алган жер участогун пайдаланууга;

- ушул Келишимдин шарттарына ылайык Ижара берүүчүдөн жер участогун пайдалануу жана объектти орнотуу үчүн тоскоолдуктарды жоюуну талап кылууга.

6. Ижара берүүчү төмөнкүлөргө милдеттүү:

- Ижарачыга жер участогун ушул Келишимдин талаптарына ылайык келген абалда пайдаланууга берүүгө;

- ушул Келишим макулдашылгандан кийин 10 күндүн ичинде жер участогун Ижарачыга кабыл алуу-өткөрүп берүү актысы боюнча пайдаланууга берүүгө;

- эгерде Ижарачынын чарбалык иши мыйзамдарга жана ушул Келишимдин шарттарына каршы келбесе, анын ишине кийлигишпөөгө, жер участогун пайдаланууга тоскоол болбоого;

- Ижарачынын келишимдик милдеттенмелерин аткаруусун, ошондой эле жер участогунун абалын контролдоого;

- Ижарачыга ижара акысынын өлчөмүн өзгөртүү, ушул Келишимди мөөнөтүнөн мурда бузуу жөнүндө өз убагында билдирүүгө.

7. Ижарачы төмөнкүлөргө милдеттүү:

- ушул Келишимдин шарттарына ылайык жер участогун пайдалануу үчүн кабыл алууга;

- жер участогун ушул Келишимдин 1-пунктунда аталган түз багыты боюнча гана пайдаланууга;

- жер участогун архитектуралык, шаар куруу, техникалык, экологиялык, санитардык жана башка атайын ченемдерди жана талаптарды сактоо менен пайдаланууга;

- жер участогун жана жанындагы аймакты өзүнүн эсебинен абаттоого, санитардык тазалоого, бак-дарактарды кароого;

- таштандыны жана турмуш-тиричиликтин катуу калдыктарын чыгарууга коммуналдык кызматтар менен келишим түзүүгө;

- ижара акысын өз убагында жана толук көлөмдө төлөөгө;

- Ижара берүүчүнүн жана ыйгарым укуктуу органдын өкүлдөрүнүн жер участогуна белгиленген тартипте келүүсүн камсыздоого, эскертилген мөөнөттө алардын көрсөтмөлөрүн аткарууга;

- ижарага алынган жер участогун жана орнотулган обөектти пайдалануу боюнча мамлекеттик көзөмөлдөө жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын эрежелерин жана эскертүүлөрүн өз убагында аткарууга;

- өзүнүн чарбалык ишинин натыйжасында жер участогунун абалынын начарлашына байланыштуу Ижара берүүчүгө жана чектеш жер пайдалануучуларга келтирилген зыяндын ордун толук көлөмдө толтурууга;

- ыйгарым укуктуу органдын жана Ижара берүүчүнүн талабы менен ижара обөектин пайдалануу боюнча бардык зарыл маалыматтарды берүүгө;

- уюштуруу-укуктук формасы, аталышы, жайгашкан жери жана почталык дареги (юридикалык жактар үчүн), жашаган жери боюнча каттоо дареги (жеке адамдар жана жеке ишкерлер үчүн), банктык реквизиттери өзгөргөн күндөн тартып 10 күндүн ичинде аталган өзгөрүүлөр жөнүндө Ижара берүүчүгө жазуу жүзүндө билдирүүгө;

- Келишимдин мөөнөтү бүткөндөн кийин жеңилдетилген типтеги обөектти өзүнүн эсебинен бузууга жана жер участогун Ижара берүүчүгө талаптагыдай абалда өткөрүп берүүгө.

3. Келишим боюнча төлөмдөр жана эсептер

8. Жер участогун пайдалануу үчүн ижара акынын өлчөмү 1 ч.м үчүн айына ___________ сомду түзөт. Жалпы _______________ ч.м аянттагы ижарага алынган жер участогу үчүн ижара акысы айына ___________________ сомду түзөт.

9. Кыргыз Республикасынын Салык кодексинде белгиленген тартипте Ижара берүүчү Ижарачыдан ____________________ сом суммасында жер салыгын алат.

10. Ижара акысы өз убагында төлөнбөгөн учурда Ижарачы мөөнөтү өткөн ар бир күн үчүн жалпы карыздын суммасынын 0,2 пайызы өлчөмүндө туум төлөйт.

4. Келишимдин колдонуу мөөнөтү, колдонууну өзгөртүү жана токтотуу шарттары

11. Ушул Келишим ыйгарым укуктуу органда катталган учурдан тартып күчүнө кирет.

12. Ушул Келишимге бардык өзгөртүүлөр жана толуктоолор тараптардын кошумча макулдашууга кол коюусу аркылуу жазуу жүзүндө киргизилет. Кошумча макулдашуу ыйгарым укуктуу органда катталгандан кийин күчүнө кирет.

13. Ушул Келишим төмөнкү учурларда өзүнүн аракетин токтотот:

- Келишимдин колдонуу мөөнөтүнүн акыркы күнү аяктаганда, эгерде бул мезгил ичинде келишим узартылбаса;

- Ижара берүүчүнүн жана Ижарачынын өз ара макулдашуусу боюнча Келишим бузулган учурда;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Келишим сот тарабынан мөөнөтүнөн мурда бузулган учурда;

- Ижарачы - юридикалык жак жоюлганда;

- Ижарачы болуп саналган жеке адам каза болгон учурда, ал аракетке жөндөмсүз, аракетке жөндөмү чектелүү же дайынсыз жоголду деп таанылса.

14. Ижара берүүчүнүн же ыйгарым укуктуу органдын талабы боюнча ижара келишими төмөнкү учурларда сот тарабынан мөөнөтүнөн мурда бузулушу мүмкүн:

1) Ижарачы жер участогун Ижара келишиминин шарттарын бузуу менен пайдаланса;

2) Ижарачы жер участогун субижарага берсе же үчүнчү жактардын укугу менен жер участогун чектөөгө түз же кыйыр багытталган бүтүмдөрдү жасаган учурда;

3) Ижарачы ижара келишими менен белгиленген мөөнөт аяктагандан кийин ижара акысын катары менен эки жолу төлөбөсө;

4) Ижарачы объектти белгиленген архитектуралык, шаар куруу, техникалык, экологиялык, санитардык жана башка атайын ченемдерди жана талаптарды бузуу менен орнотсо жана иштетсе;

5) Ижарачы Ижара берүүчүнүн ишине тоскоол болсо же анын иши Ижара берүүчү үчүн терс финансылык, өндүрүштүк жана техникалык кесепеттерге алып келсе.

15. Ижарачынын талабы боюнча ижара келишими төмөнкүдөй учурларда сот тарабынан мөөнөтүнөн мурда бузулушу мүмкүн:

1) Ижара берүүчү жер участогун пайдаланууга бербесе же Келишимдин шарттарына ылайык аны колдонууга жана объектти орнотууга тоскоолдук кылса;

2) Ижарачыга берилген жер участогу пайдаланууга тоскоолдук жараткан мүнөздөмөлөргө ээ болсо, ал ижара келишимин түзүүдө Ижара берүүчү менен сүйлөшүлбөгөн, Ижарачыга күн мурунтан белгилүү болбогон жана келишимди түзүүдө жер участогун кароо учурунда билинбеген;

3) Ижара берүүчү жооптуу болбогон кырдаалдарга байланыштуу обөектти орнотууга же иштетүүгө мүмкүн болбосо.

5. Тараптардын жоопкерчилиги

16. Күнөөлүү тарап экинчи тарапка келтирилген материалдык зыяндын жана ушул Келишим боюнча өзүнүн милдеттерин аткарбагандыгы же талаптагыдай эмес аткаргандыгы менен келтирилген бардык чыгымдардын ордун толтурууга милдеттүү.

17. Ушул Келишимдин талаптарын жана шарттарын түз жана көмүскө түрүндө бузган бүтүмдөр жараксыз деп саналат, ал эми аларды жасаган күнөөлүү адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликке тартылат.

18. Тартиптик, административдик жана кылмыш жоопкерчилигине тартуу күнөөлүү адамдарды келтирилген зыяндын ордун толтуруу жоопкерчилигинен бошотпойт.

6. Талаштарды чечүү тартиби

19. Тараптардын ортосундагы бардык талаштар сүйлөшүүлөр аркылуу чечилет.

20. Эгерде макулдашуу жетишилбесе, талаштар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык соттук тартипте чечилет.

7. Башка шарттар

21. Пайдалануу укугу мамлекеттик каттоодон өтпөгөн ижара келишими жараксыз деп саналат.

22. Ушул Келишимдин ажырагыс жана зарыл бөлүгү болуп саналган тиркемелери бар (ижара акынын эсеби), ага тараптар кол коюшат.

23. Ушул Келишим жазуу түрүндө түзүлөт, ага тараптар кол коюшат жана ыйгарым укуктуу орган менен макулдашылат.

24. Келишим бирдей юридикалык күчкө ээ болгон 3 нускада түзүлдү. Бир нускасы ыйгарым укуктуу органда, экинчиси - Ижара берүүчүдө калат, үчүнчүсү - Ижарачыга берилет.

Тараптардын юридикалык даректери жана банктык реквизиттери:

 

Ижара берүүчү ____________________

 

Ижарачы ____________________

                                               колу

 

                                       колу

 

 

 

М.О.

 

М.О.