М А З М У Н У

№ п/п

Токтом №

Токтом датасы

Кыска мазмуну

1.

№1

01.07.2021

Ноокат шаар мэриясынын алдындагы  "Ноокат-Жылуулук" муниципалдык ишканасын 2021-2022-жылдарга күз-кыш мезгилине  жылуулук менен камсыздоону сапаттуу уюштууруу жөнүндө

 

 

 

 

 

1

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Ноокат шаардык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги IV сессиясы

Т О К Т О М

Ноокат шаары

№1

01.07.2021

 

Ноокат шаар мэриясынын алдындагы  "Ноокат-Жылуулук" муниципалдык ишканасын 2021-2022-жылдарга күз-кыш мезгилине  жылуулук менен камсыздоону сапаттуу уюштууруу жөнүндө

Ноокат  шаар  мэриясынын   алдындагы "Ноокат-Жылуулук" муниципалдык ишканасы 2017-2018, 2018-2019, 2019-2020-жылдарда  жылуулук менен камсыздоо иштери талаптагыдай жүрбөй, аткарган жумуштары "канааттандырардык эмес" деп жетекчилери жумуштан четтетилген. Жаңы жетекчи келгенде гана 2020-жылдын 20-ноябрынан 2021-жылдын 15-мартына чейин жылуулук менен камсыздоо сапаттуу жүргүзүлгөн. "Ноокат-Жылуулук" муниципалдык ишканасынын жетекчиси Э.Насировдун жана шаар тургундарынын билдирүүсүн, сунуштарын угуп жана талкуулап, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү"  Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2,6-бөлүктөрүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

            1. "Ноокат-Жылуулук" муниципалдык ишканасынын 2020-2021 жылдардын күз-кыш мезгилиндеги жылуулук менен камсыздоонү уюштуруу иштери канааттандырарлык  деп табылсын.

2. Ноокат шаарынын аймагындагы социалдык обөектердин, көп кабаттуу үйлөрдүн,   билим берүү жана мектепке чейинки билим берүү ошондой эле мэриянын имаратын  жылуулук менен камсыздоо жагын уюштуруу  "Ноокат-Жылуулук" муниципалдык ишканасынына милдеттендирүү Ноокат шаарынын мэри Ж.Нурдиновго сунушталсын.

 3. Күз-кыш мезгилине даярдык көрүү, от казандарды оңдоп-түзөө, жылуулук менен камсыздоо каражаттарын сатып алууга бюджеттен бөлүнгөн акча каражаттарын өз мөнөөтүндө мекеменин эсептик счетуна которуп берүү жагы Ноокат шаар мэриясынын ФЭБ  башчысына жүктөлсүн.

4. 2020-2021-жылдар күз-кыш мезгилине жылуулук менен камсыздоого байланышкан жумуштарды тез арада уюштуруу жоопкерчилиги "Ноокат-Жылуулук" муниципалдык ишканасынын  жетекчиси Э.Насировго милдеттендирүү сунушталсын.

5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ноокат шаардык кенешинин   муниципиалдык  менчик,  өнөр жай,  курулуш,  экология, архитектура, транспорт,  агрардык  маселелер жана энергетика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Ноокат шаардык Кенешинин  төрагасы 

 

Б.Мадмаров                   

 

 

Назад