М А З М У Н У

№ п/п

Токтом №

Токтом датасы

Кыска мазмуну

1.

№1

08.07.2021

Ноокат шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин  2020-жылда жана 2021-жылдын биринчи жарым жылдыгында жүргүзгөн иштери боюнча муниципалдык менчик департаментинин  директору Ж.Тиллаевдин   отчету жөнүндө

2.

№2

08.07.2021

Ноокат шаар мэриясынын алдындагы "Ноокат-Тазалык" муниципалдык ишканасынын 2021-жылдын биринчи жарым жылдыгында жүргүзгөн иштери боюнча жетекчи  Ө.Кылановдин   отчету жөнүндө

3.

№3

08.07.2021

Ноокат  шаар  мэриясынын   алдындагы "Ноокат Жарыктандыруу"  муниципиалдык ишканасынын 2020-жылдагы жана 2021-жылдын биринчи жарым жылдыгында жүргүзгөн иштери  жөнүндө отчңту

4.

№4

08.07.2021

Ноокат шаарынын  аймагындагы  "Мектепке чейинки билим берүү уюму" мекемелеринде тарбияланып жаткан балдардын санын жана ар бир бала үчүн ата-энелер тарабынан мүчөлүк акы төлөмдөрүн бекитүү жөнүндө

5.

№5

08.07.2021

Ноокат шаар мэриясынын  алдындагы "Ноокат Коммунальщик"  ачык типтеги акционердик коомунун жетекчисинин 2020-жыл ичинде  аткарган иштери жөнүндө отчету

6.

№6

08.07.2021

 "Ноокат суу каналдары" муниципалдык ишканасынын жетекчиси З.Камаловдун  2020-жылдагы жана  2021-жылдын биринчи жарым жылдыгында жүргүзгөн иштери жөнүндө отчету

1

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Ноокат шаардык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги V сессиясы

Т О К Т О М

Ноокат шаары

Ноокат шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин  2020-жылда жана 2021-жылдын биринчи жарым жылдыгында жүргүзгөн иштери боюнча муниципалдык менчик департаментинин  директору Ж.Тиллаевдин  отчетун угуп,  Ноокат шаар мэриясынын бюджетинин кирешелеринин азайышына аткарган иштери негиз болгондуктан жана Ноокат шаардык кенешинин  бюджет,  экономика,  финансы,  соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар   боюнча туруктуу  комиссиясынын берген сунушунун негизинде,  сессиянын отурумундагы депутаттардын сын пикирлери менен сунуштарын эске алып, Кыргыз Республикасынын №101  "Жергиликтүү  өз алдынча башкаруу жөнүндөгү" Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнүн  2,6-бөлүкчөлөрүнө ылайык  Ноокат шаардык кеңешинин отуруму

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Ноокат шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин  2020-жылдагы жана 2021-жылдын биринчи жарым жылдагы аткарган иштери  канааттандыраарлык эмес деп табылсын.

2.Ноокат шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин  кетирилген кемчиликтеринин алдын алуу, жоюу жана мындан кийин кайталанбоосун камсыз кылуу, мыйзамдуу талаптарды толук өз убагында жана жеткиликтуу аткаруу жагы Ноокат шаарынын мэри Ж.Нурдиновго эскертилсин.

3.Кыргыз Республикасынын Президентинин "Мамлекеттик аппаратынын санын кыскартуу жөнүндө" Жарлыгына ылайык, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жергиликтүү бюжеттик каражаттарынын эсебинен күтүлгөн бюджеттик мекемелерде жана уюмдарда  инвентаризациялоону жүргүзүү жана кызматкерлердин санын 30 пайызга чейин кыскартуу талаптарын аткарууда кызматына ылайык келбеген кызматкерлердин ишмердуулугуно карата милдеттерин жана талаптарды жеткиликтуу аткара албаган кызматкерлердин, мамлекетик жана муниципалдык кызматкерлердин этикасына каршы келген жүрүм турумдарга ээ болгон кызматкерлерди эске алып, аткаруу жагы Ноокат шаарынын мэри Ж.Нурдиновго жүктөлсүн.

4.Автоуналар токтоочу жайларга түзүлгөн келишимдер төлөмдөрдун кескин түрдө азайгандыктан келишимдер бир тараптуу бузулсун. Кайра келишим түзүүгө реалдуу атаандаштык шарттар түзүлүп, конкурстук негизде берилүү жагы  сунушталсын.

5.Бул токтом мыйзамдарда каралган тартипте каттоодон өткөрүлүүсү жана массалык маалымат каражаттарына жарыялануусу М.Ярматовго жүктөлсүн.

6.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  жагы Ноокат шаардык кенешинин  бюджет,  экономика,  финансы,  соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар   боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы А.Орозалиевага  жүктөлсүн.

Ноокат шаардык Кенешинин  төрагасы 

Б.Мадмаров                   

Назад

2

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Ноокат шаардык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги V сессиясы

Т О К Т О М

Ноокат шаары

№2

08.07.2021

Ноокат шаар мэриясынын алдындагы "Ноокат-Тазалык" муниципалдык ишканасынын 2021-жылдын биринчи жарым жылдыгында жүргүзгөн иштери боюнча жетекчи  Ө.Кылановдин   отчету жөнүндө

Ноокат шаар мэриясынын алдындагы "Ноокат-Тазалык" муниципалдык ишканасынын 2021-жылдын биринчи жарым жылдагы жүргүзгөн иштери боюнча жетекчи  Ө.Кылановдин   отчетун угуп,  жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын эсебинен күтүлгөн бюджеттик мекемелерде жана уюмдарда инвентаризациялоону жүргүзүүнү  жана Ноокат шаарынын  тазалыгын уюштуруу боюнча  шаардын аймагындагы  чарбалык, мамлекеттик  жана муниципалдык ишканалар менен  таштандыларды ташып чыгарууга байланышкан төлөмдөрүн  көбөйтүү максатында,   жеткиликтуу  уюштуруу  иштеринин жүргүзүү сунушталат,  Ноокат шаардык кенешинин  бюджет,  экономика,  финансы,  соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар   боюнча туруктуу  комиссиясынын берген сунушунун негизинде  сессиянын отурумундагы депутаттардын сын пикирлери менен сунуштарын эске алып, Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын №101  "Жергиликтүү  өз алдынча башкаруу жөнүндөгү" 31-беренесинин 2-бөлүгүнүн  2,6-бөлүкчөлөрүнө ылайык Ноокат шаардык кеңешинин отуруму

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Ноокат шаар мэриясынын алдындагы "Ноокат-Тазалык" муниципалдык ишканасынын  2021-жылдын биринчи жарым жылдыгында жүргүзгөн иштери боюнча аткарган иштери  канааттандыраарлык   деп табылсын.

2.Ноокат шаар мэриясынын алдындагы "Ноокат-Тазалык" муниципалдык ишканасынын кетирген кемчиликтеринин алдын алуу, жоюу жана мындан кийин кайталанбоосун камсыз кылуу, мыйзамдуу талаптарды толук өз убагында жана жеткиликтуу аткаруу жагы Ноокат шаарынын мэри Ж.Нурдиновго эскертилсин.

3.Ноокат шаар мэриясынын алдындагы "Ноокат-Тазалык" муниципалдык ишканасынын өздүк бюджеттин көбөйтүү максатында:  шаардын аймагындагы чарбалык, мамлекеттик  жана муниципалдык ишканалар менен  таштандыларды ташып чыгарууга байланышкан келишимдерди түзүү,  2021-жылдын 1 октябрына чейин  бюджетти жандандыруу жагын аткарууну   Ө.Кылановго,    сапаттуу аткарууну  камсыздоо жана тийиштүү чараларды көрүүсү Ноокат шаарынын мэри Ж.Нурдиновго жүктөлсүн

4.Бул токтом мыйзамдарда каралган тартипте каттоодон өткөрүлүүсү жана массалык маалымат каражаттарына жарыялануусу М.Ярматовго жүктөлсүн.

5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  жагы Ноокат шаардык кенешинин  бюджет,  экономика,  финансы,  соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар   боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы А.Орозалиевага  жүктөлсүн.

Ноокат шаардык Кенешинин  төрагасы 

Б.Мадмаров                   

Назад

3

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Ноокат шаардык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги V сессиясы

Т О К Т О М

Ноокат шаары

№3

08.07.2021

Ноокат  шаар  мэриясынын   алдындагы "Ноокат Жарыктандыруу"  муниципиалдык ишканасынын 2020-жылдагы жана 2021-жылдын биринчи жарым жылдыгында жүргүзгөн иштери  жөнүндө отчңту

Ноокат  шаар  мэриясынын   алдындагы "Ноокат Жарыктандыруу"  муниципиалдык ишканасы 2017-жылы өзүн-өзү толук актаган, элге сапаттуу тейлөөнү уюштурган, чарбалык ишкана болот деген максатта түзүлгөн, бирок, тилекке каршы бүгүнкү шартта ишкана толук өзүн-өзу актабай, бюджеттик каражаттар айлык маяна, командировкалык чыгымдарына жана техникаларды кармоо жана башка чыгымдарга эле 70% жумшалган. 2017, 2018, 2019, 2020-жылдарга жана  2021-жылдын I жарым жылдыгында аткарган иштерине терең анализ жүргүзүп, жетекчиси А.Эгемберди уулунун билдирүүсүн угуп, бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар  боюнча  туруктуу  комиссиясынын берген сунушунун негизинде  сессиянын отурумундагы депутаттардын сын пикирлери менен сунуштарын эске алып, Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлудагы №101  "Жергиликтүү  өз алдынча башкаруу жөнүндөгү" Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнүн  2,6-бөлүкчөлөрүнө ылайык Ноокат шаардык кеңешинин отуруму

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1."Ноокат Жарыктандыруу"  муниципиалдык ишканасынын 2020-жылдагы 1 жылдык жана 2021-жылдын биринчи жарым жылдыгында жүргүзгөн иштери канааттандырарлык эмес деп табылсын.

 2.Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын эсебинен күтүлгөн бюджеттик мекемелерде жана уюмдарда инвентаризациялоону жүргүзүү Кыргыз Республикасынын "Бюджеттик кодексине" ылайык  жергиликтүү бюджетти эффективдүү колдонуу максатында "Ноокат Жарыктандыруу"  муниципиалдык ишканасы 2021-жылдын 1-июлунан тартып  ишмердүүлүгүн  токтотуу жана бир айлык мөөнөттө  ишкананын мүлктөрүн "Ноокат Тазалык" муниипалдык ишканасына атайын комиссия менен инвентаризациялоо жана мыйзамдарда көрсөтүлгөн тартипте өткөрүп  берүү  жана  кабыл  алуу жумуштарды аткарууну уюштуруу Ноокат шаарынын мэри Ж.Нурдиновго  милдеттендирилсин.

3."Ноокат Жарыктандыруу"  муниципиалдык ишканасынын эсебиндеги үнөмдөлгөн, 2021-жылдын II жарым жылдыгына каралган акча каражаттарын "Ноокат Тазалык" муниипалдык ишканасынын  ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө, жыл башында бекитилген чыгашаларынын жетпеген бөлүгүнө  каржылоо жагы Ноокат шаар мэриясынын ФЭБ башчысы М.Абдуваитовго   милдеттендирилсин.

4.Ноокат шаар мэриясынын алдындагы "Ноокат Жарыктандыруу"  муниципиалдык ишкананын иштеринде кетирилген кемчиликтеринин негизинде, кийинки иштеринде натыйжалуугун жогорулатуу, кетирген кемчиликтердин алдын алуу, жоюу жана мындан кийин кайталанбоосу,  мыйзамдын талаптары толук, өз убагында жана жеткиликтуу аткаруу жагын көзөмөлдөп аткартуусу  Ноокат шаарынын мэри Ж.Нурдиновго эскертилсин.

5.Кыргыз Республикасынын Президентинин "Мамлекеттик аппаратынын санын кыскартуу жөнүндө" Жарлыгына ылайык, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жергиликтүү бюжеттик каражаттарынын эсебинен күтүлгөн бюджеттик мекемелерде жана уюмдарда  инвентаризациялоону жүргүзүү жана кызматкерлердин санын 30 пайызга чейин кыскартуу талаптарын аткарууда кызматына ылайык келбеген кызматкерлердин ишмердуулугуно карата милдеттерин жана талаптарды жеткиликтуу аткара албаган кызматкерлердин, мамлекетик жана муниципалдык кызматкерлердин этикасына каршы келген жүрүм турумдарга ээ болгон кызматкерлерди эске алып, аткаруу жагы Ноокат шаарынын мэри Ж.Нурдиновго жүктөлсүн.

6.Бул токтом мыйзамдарда каралган тартипте каттоодон өткөрүлүүсү жана массалык маалымат каражаттарына жарыялануусу М.Ярматовго жүктөлсүн.

7.Токтомду аткаруу жана уюштуруу, көзөмөлдөө жагы Ноокат шаарыдык кеңешинин төрагасынын орунбасары Г.Дуванаевага жүктөлсүн.

Ноокат шаардык Кенешинин  төрагасы 

Б.Мадмаров                   

Назад

4

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Ноокат шаардык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги V сессиясы

Т О К Т О М

Ноокат шаары

№4

08.07.2021

Ноокат шаарынын  аймагындагы  "Мектепке чейинки билим берүү уюму" мекемелеринде тарбияланып жаткан балдардын санын жана ар бир бала үчүн ата-энелер тарабынан мүчөлүк акы төлөмдөрүн бекитүү жөнүндө

Ноокат шаарынын  аймагындагы "Мектепке чейинки билим берүү уюму" мекемелеринде тарбияланып жаткан балдардын санын жана ар бир бала үчүн ата-энелер тарабынан мүчөлүк акы төлөмдөрүн  бекитүү жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап, сессиянын отурумундагы депутаттардын сын пикирлери менен сунуштарын эске алып, Ноокат шаардык кеңешинин  отуруму

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Ноокат шаарынын  аймагындагы "Мектепке чейинки билим берүү уюму" мекемелеринде  тарбияланып жаткан балдардын саны төмөндөгүчө:

- "Балапан" атындагы "Мектепке чейинки билим берүү уюму" -165  бала; 

- "У.Салиева" атындагы  "Мектепке чейинки билим берүү уюму" -210 бала;

-"Растищка" "атындагы"Мектепке чейинки билим берүү уюму" -60 бала;

-"Курманжан-Датка"  атындагы  "Мектепке чейинки билим берүү уюму" -270 бала;

- "Раяна-Нуру " атындагы "Мектепке чейинки билим берүү уюму" -120 бала бекитилсин.

2.Ноокат шаарынын  аймагындагы   мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде  тарбияланып жаткан ар бир бала үчүн ата-энелер тарабынан мүчөлүк акы  төлөмдөрү  ар бир айга 700 (жети жүз) сомдон  төлөнөөрү бекитилсин.

3.Бул токтом мыйзамдарда каралган тартипте каттоодон өткөрүлүүсү жана массалык маалымат каражаттарына жарыялануусу М.Ярматовго жүктөлсүн.

4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  жагы Ноокат шаардык кенешинин  бюджет,  экономика,  финансы,  соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар   боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы А.Орозалиевага  жүктөлсүн.

Ноокат шаардык Кенешинин  төрагасы 

Б.Мадмаров                   

Назад

5

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Ноокат шаардык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги V сессиясы

Т О К Т О М

Ноокат шаары

№5

08.07.2021

Ноокат шаар мэриясынын  алдындагы "Ноокат Коммунальщик"  ачык типтеги акционердик коомунун жетекчисинин 2020-жыл ичинде  аткарган иштери жөнүндө отчету

Ноокат шаар мэриясынын  алдындагы  "Ноокат Коммунальщик"  ачык типтеги акционердик коомунун жетекчиси Н.Абдрахмановдун 2020-жыл ичинде аткарган иштери боюнча отчетун  угуп жана 2017, 2018, 2019, 2020-жылдарда аткарган иштерине бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар  боюнча  туруктуу комиссиясы терең анализ жүргүзүп, "Ноокат Коммунальщик" мекемеси элге сапаттууу тейлоону жана чарбалык иштерди уюштурууда бир төп мүчүлүштүктөргө жол бергендиктен  жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын эсебинен күтүлгөн бюджеттик мекемелерде жана уюмдарда инвентаризациялоону жүргүзүү негизинде Ноокат шаар мэрияси менен "Ноокат Коммунальщик" мекемеси ортосундагы шаардын тазалыгын уюштурууга байланышкан эки тараптуу түзулгөн келишимдер менен иш алып баруу жагын токтотуу сунушталат. Сессиянын отурумундагы депутаттардын сын пикирлери менен сунуштарын эске алып, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү"  Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2,6-бөлүктөрүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму

ТОКТОМ КЫЛАТ:

            1."Ноокат Коммунальщик" АК ишканасынын  2020-жыл ичинде аткарган иштери  канааттандыраарлык эмес деп табылсын.

            2.Ноокат шаар мэрияси менен "Ноокат Коммунальщик" мекемеси ортосундагы шаардын тазалыгын уюштурууга байланышкан эки тараптуу түзулгөн келишимдер менен иш алып баруу жагын токтотуу Ноокат шаарынын мэри Ж.Нурдиновко сунушталсын.

3.Ноокат шаар мэриясынын алдындагы "Ноокат Коммунальщик" АК ишканасынын менчиктештирүү программасын бекитүү  жөнүндөгү Ноокат шаардык кеңешинин 2020-жылдын  16-июнундагы №16  токтомун сот аркалуу жокко чыгаруу жана  жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын эсебинен күтүлгөн бюджеттик мекемелерде жана уюмдарда инвентаризациялоону жүргүзүп,   мүлктөрун толук   "Ноокат Тазалык" ишканасына откоруп беруу жана кабыл алуу жумуштарын уюштуруу жагын көзөмөлдөө Ноокат шаарынын мэри Ж.Нурдиновго милдеттендирилсин.. 

4.Бул токтом мыйзамдарда каралган тартипте каттоодон өткөрүлүүсү жана массалык маалымат каражаттарына жарыялануусу М.Ярматовго жүктөлсүн.

5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  жагы Ноокат шаардык кенешинин  бюджет,  экономика,  финансы,  соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар   боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы А.Орозалиевага  жүктөлсүн.

Ноокат шаардык Кенешинин  төрагасы 

Б.Мадмаров                   

Назад

6

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Ноокат шаардык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги V сессиясы

Т О К Т О М

Ноокат шаары

№6

08.07.2021

 "Ноокат суу каналдары" муниципалдык ишканасынын жетекчиси З.Камаловдун  2020-жылдагы жана  2021-жылдын биринчи жарым жылдыгында жүргүзгөн иштери жөнүндө отчету

  "Ноокат суу канал" муниципалдык ишканасынын жетекчиси З.Камаловдун  2020-жылдагы  жана  2021-жылдын биринчи жарым жылдыгында жүргүзгөн иштери жөнүндө отчетун  угуп жана талкуулап, бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар  боюнча  туруктуу  комиссиясынын берген сунушунун негизинде сессиянын отурумундагы депутаттардын сын пикирлери менен сунуштарын эске алып, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү"  Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2,6-бөлүктөрүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму

ТОКТОМ КЫЛАТ:

            1."Ноокат суу канал" муниципалдык ишканасынын жетекчиси З.Камаловдун  2020-жылдагы жана  2021-жылдын биринчи жарым жылдыгында жүргүзгөн иштери жөнүндө отчету канааттандыраарлык деп табылсын.

2.Бул токтом мыйзамдарда каралган тартипте каттоодон өткөрүлүүсү жана массалык маалымат каражаттарына жарыялануусу М.Ярматовго жүктөлсүн.

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  жагы Ноокат шаардык кенешинин  бюджет,  экономика,  финансы,  соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар   боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы А.Орозалиевага  жүктөлсүн.

Ноокат шаардык Кенешинин  төрагасы 

Б.Мадмаров                   

Назад