М А З М У Н У

№ п/п

Токтом №

Токтом датасы

Кыска мазмуну

1.

№1

14.09.2021

2021-жылдын биринчи жарым жылдыгында Ноокат шаар мэриясынын аткарган иштери жана жергиликтүү бюджеттин аткарылышы тууралуу Ноокат шаарынын мэри Ж.Нурдиновдун отчету жөнүндө

 

 

 

 

 

1

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Ноокат шаардык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги VI сессиясы

Т О К Т О М

Ноокат шаары

№1

14.09.2021

 

2021-жылдын биринчи жарым жылдыгында Ноокат шаар мэриясынын аткарган иштери жана жергиликтүү бюджеттин аткарылышы тууралуу Ноокат шаарынын мэри Ж.Нурдиновдун отчету жөнүндө

Ноокат шаарынын мэри Ж.Нурдиновдун 2021-жылдын биринчи жарым жылдыгында аткарган иштери жана жергиликтүү бюджеттин аткарылышы тууралуу отчетунун негизинде 2017-2021-жылдардагы жергиликтүү бюджеттин негизсиз азайгандыгы жөнүндө маалыматтарды угуп жана талкуулап, Ноокат шаардык кенешинин токтомдорунун белгиленген мөөнөттө аткарылбагандыгы, мыйзамда көрсөтүлгөн тартипте 3 айлык мөөнөттө өзүнүн социалдык-экономикалык программасын бербегендиги, "Бюджеттик кодекстин" талаптарына ылайык кийинки жылга бюджеттин киреше жана чыгыша бөлүгүнүн долбоорун коомдук угууга алып чыкпагандыгы, тазалык, мыйзамсыз курулуш жана муниципалдык мүлктөрдүн, жерлердин реестри бүгүнкү күнгө чейин жоктугу тууралуу Ноокат шаардык кеңешинин депутаттарынын жана шаар тургундарынын  сын-пикирлерин эске алып,  "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү"  Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2,6-бөлүкчөлөрүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин  отуруму

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Ноокат шаарынын мэри Ж.Нурдиновдун 2021-жылдын биринчи жарым жылдыгында   аткарган жумуштары канааттандырарлык эмес  деп табылсын.

2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кеңешинин алдындагы  мыйзамдуулукту сактоо,  мандат, депутаттык этика,  өз алдынча башкаруу, коомдук  уюмдар, дин иштери боюнча  туруктуу комиссиясына жана Ноокат шаардык кенешинин төрагасынын орун басары Г.Дуванаевага милдеттендирилсин.

Ноокат шаардык Кенешинин  төрагасы 

 

Б.Мадмаров                   

 

 

Назад