Ноокат шаардык   кеңешинин 2021-жылдын                          22-октябрындагы VI чакырылыш   №VIII сессиясынын №VIII-1  токтомуна №1 тиркеме:

Урматтуу депутаттар!

Урматтуу бүгүнкү чогулуштун катышуучулары!

  -Ноокат  шаарынын 2021-жылдагы  9-айлык социалдык-экономикалык өнүгүү планынын аткарылышы боюнча  Ноокат шаардык мэриясынын финансы-экономика бөлүмүнүн   башчысы М.Абдувахидовдун билдирүүсү жөнүндө.

 

Урматтуу депутаттар!

Урматтуу бүгүнкү чогулуштун катышуучулары!

  Ноокат шаардык мэриясынын 2021-жылдын 9 (тогуз) айы үчүн  бекитилген бюджетинин  планынын киреше бөлүгү  38931.2 миң сомду түзөт.

Ал эми 9  (тогуз) ай ичинде киреше жана чыгаша боюнча такталган планы 40599.6 миң сомду  түздү. Жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгү  боюнча 9 (тогуз) айга такталган планы 40 599.6 миң сом болсо, 9 (тогуз) ай ичинде  42 561.2 миң сом  же болбосо 1961.6 миң сомго артыкча аткарылып 104,8  % болду.

1.Атап айтсак, киреше салык планы 20438,1 миң сом болсо, аткарылганы 23504,8 миң сомду тузуп, план 2993,6 миң сомго  артыкча, же 115 % ке аткарылды.

2.Бирдиктүү салык планы 298,9 миң сом болсо, аткарылганы 323,9 миң сомду түзүп, план 108,4 % ке, же 25,0 миң сомго артыкча аткарылды.

 3.Патенттен тушкон салык планы 11614,1 миң сом болсо, аткарылганы 11472,8 миң сомду түзүп  план 98,8 % ке, же 141,3 миң сомго кем аткарылды.

 4.Кыймылсыз мүлк салыгы 760,1 миң сом болсо, аткарылганы 1139,6 миң сомду түзүп, план 149,9 % ке, же 379,5 миң сомго артыкча аткарылды.

 5.Транспорт салыгы планы 1 276 миң сом болсо, аткарылганы 970,7 миң сомду түзүп, план 76 % ке, же 305,3 миң сомго аз аткарылды.

  6.Жер салыгы план 1 616 миң сом болсо аткарылганы 1691,4 миң сомду түзүп, план 104,7 % ке аткарылды, же болбосо 75,4  миң сомго көп аткарылды.

   7.Таштанды ташып чыгаруу салык планы 300,0 миң сом болсо, аткарылганы 322,4 миң сомду түзүп,план 107,5 % ке аткарылды, же 22,4 миң сомго артыкча аткарылды.

    8.Калктуу конуштагы жер салыгынын планы 222,3миң сом болсо, аткарылганы 436,0

 миң сомду түзүп, план 196,1 % га, же 213,7 миң сомго коп аткарылды.

    9.Авто токтоочу жайдан (порковкадан) планы 470,7 миң сом болсо, аткарылганы 394,9 миң сомду түзүп, план 83,9 % ке аткарылды же 83,9 миң сомго аз аткарылды.   

       10.Акы төлөнүүчү  кызматтардан түшүүчү  акы (Родителский взнос) планы 3435,0  миң сом болсо, аткарылганы 2225,4  миң сомду түзүп, план 64,8 % ке, же 1209,6 миң сомго аз аткарылды.

       2020-жылдын 9 айына  жалпы түшкөн киреше   34727,2  миң сом болсо 2021-жылдын 9 айында түшкөн жалпы киреше 42561,2 миң сом болду. 2020-жылдын 9 айына салыштырмалуу жергиликтүү бюджетке   7 834,0 миң сомго киреше  артыкча түштү.

Чыгаша болугу боюнча айтсам 2021-жылдын 1-январына калган калдык 5 040,2 миң сом, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан 2021 жылдын 9  айына такталган план 38931,2 миң сом 2021-жылдын 9 айына бекитилген план 40599,6 миң сом болуп, жалпы 9 айда  42561,2 миң сомго факт такталган.

Аткарылганы:

701 бөлүм Өзүн өзү башкаруу тармагы 85,4 % ке аткарылды

704 бөлүм Экономикалык маселелер бөлүмү 70 % ке аткарылды

702 болум Өзгөчө  кырдалдар бөлүмү   7,3% ке аткарылды

706 бөлүм Коммуналдык чарба бөлүмү 94,6 %ке аткарылды

708 бөлүм Маданият тармагы 23,4 % аткарылды

709бөлүм  Билим берүү тармагы 73,2% аткарылды

710 бөлүм  Социалдык коргоо тармагы 79,5 % аткарылды

Жалпы 81,0 % аткарылды.

Ноокат шаар мэриясынын финансы-экономика

бөлүмүнүн башчысы:                                                                         М.Абдивахидов