М А З М У Н У

№ п/п

Токтом №

Токтом датасы

Кыска мазмуну

1.

№1

24.01.2021

Ноокат шаардык мэриясынын 2020-жылдагы жергиликтүү бюджетинин аткарылышы жана 2022-жылга шаардык мэриясынын жергиликтүү бюджети жана 2023-2024-жылдарга бюджеттин болжолун бекитүү жөнүндө

2.

№2

24.01.2021

Ноокат шаардык мэриясынын 2020-жылдагы атайын эсебиндеги жергиликтүү бюджетинин аткарылышы жана 2022-жылга шаардык мэриясынын атайын эсебиндеги жергиликтүү бюджетин бекитүү жөнүндө

3.

№3

24.01.2021

Ноокат шаарынын башкы планын кабыл алуу жана бекитүү жөнүндө

4.

№4

24.01.2021

Ноокат шаарынын Кара-Турпак кварталына курулган ФАПты мөөнөтсүз пайдаланууга Ноокат аймактык ооруканасынын пайдалануусуна өткөрүп берүү жөнүндө

5.

№5

24.01.2021

Ноокат шаардык кеңешинин 2021-жылдын 22-октябрындагы VI чакырылышынын VIII сессиясынын №9 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө

6.

№6

24.01.2021

Ноокат шаардык кеңешинин 2021-жылдын 22-октябрындагы VI чакырылышынын VIII сессиясынын №10 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө

7.

№7

24.01.2021

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча аймактык бөлүнүшү тарабынан Ноокат шаарынын 2019-жылдын 1-январынан 2020-жылдын 31-декабрына чейин аудит жүргүзүлгөн жыйынтыгы жөнүндө

8.

№8

24.01.2021

Ноокат шаардык кеңешинин 2022-жылга түзүлгөн иш-планын бекитүү жөнүндө

9.

№9

24.01.2021

Ноокат шаар мэриясынын, Ноокат шаардык кеңешинин, муниципиалдык менчик Департаментинин кызматкерлеринин байланыш каражаттарын аныктоо жөнүндө

 

 

 

 

 

1

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Ноокат шаардык Кенешинин VI чакырылышынын кезексиз IX сессиясы

Т О К Т О М

Ноокат шаары

№1

24.01.2021

 

Ноокат шаардык мэриясынын 2020-жылдагы жергиликтүү бюджетинин аткарылышы жана 2022-жылга шаардык мэриясынын жергиликтүү бюджети жана 2023-2024-жылдарга бюджеттин болжолун бекитүү жөнүндө

 Ноокат шаардык мэриясынын 2020-жылга шаардык бюджетинин аткарылышы, 2022-жылга каралган жергиликтүү бюджетинин жана 2023-2024-жылдарга болжолун бекитүү жөнүндөгү маселени "Кыргыз Республикасынын 2022-жылга республикалык бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндөгү" Мыйзамынын негизинде иштелип чыгылган Долбоор тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилеринин катышуусунда Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан каралып чыгылган.

Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндөгү" Мыйзамынын 27-статьясынын 5 пунктуна ылайык Ноокат шаардык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.2022-жылга Ноокат шаардык мэриясынын жергиликтүү бюджетинин кирешелеринин планы 59 791,6 миң сом жана чыгашалары планы 59 791,6 миң сом болгон. Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан авто унаа токтоочу жайдан алынуучу салыктын планы 600,0 миң сом болсо ага жана 624,0 миң сом кошулуп, Ноокат шаарынын аймагындагы авто унаалар токточу жайлардан толона турган төлөмдөрдүн кирешелери 2022-жыл ичинде 1 224,0 миң сом түшушү пландаштырылды. Ыктыярдүү патентөө салыгы 14 850,0 миң сом болуп, ага Ноокат шаарында жүргүнчүлөрдү ташуу менен алектенген Ноокат-Бишкек, Ноокат-Ош, Ноокат Кызыл-Кыя, "Бек Нем Транс" жоопкерчилиги чектелген коомунун жана башка Ноокат шаарынан айылдык аймактарга авто унаалары менен каттап, элге кызмат көрсөткөн ишкерлердын эсебинен 1 800,0 миң сом ыктыярдуу патент төлөмдөрү кошулуп, 16 млн 650 миң сом пландаштырылды. Жогорудагы тастыкталган пландаштырууларды негизинде 2022-жылга Ноокат шаардык мэриясынын жергиликтүү бюджетинин кирешелери 62 млн 215 миң 600 сом жана чыгашалары 62 млн 215 миң 600 сом бекитилсин.

2.2022-жылга шаардык бюджеттин кирешелерин түзүүчү булактары жана чыгашалары боюнча багыттар №1 тиркемеге ылайык аныкталсын. Шаардык бюджеттин чыгаша бөлүгү 2022-жылга түшкөн кирешелердин жана гранттардын чегинде, ошону менен бирге биринчи кезекте корголгон беренелер боюнча (эмгек акы, соц.фондко чегерүү, тамак-аш жана коммуналдык кызматтарга) каржылануусу белгиленсин.

3.Ноокат шаардык мэриясынын 2023-2024-жылдарга шаардык бюджетинин болжолунун негизги көрсөткүчтөрү № 2, 3 тиркемеге ылайык колдоого алынсын.

Кирешенин болжолу 2023-жылга 63625,6 миң сомго жана 2024-жылга 62 227,6 миң сомго белгиленсин.

Ноокат шаардык мэриясынын 2022-2023-жылдарга шаардык бюджетинин негизги көрсөткүчтөрүнүн болжолу жактырылсын, аларды ар бир конкреттүү мезгилде кабыл алууда тактоо жүргүзүү жагы белгиленет.

4.Атайын каражаттардын кирешесинин сметада бекитилген өлчөмүнөн ашыкча акча бөлүгү толугу менен шаардык бюджеттик мекеменин каржылоосуна калары аныкталсын.

5.Шаардык бюджеттик мекмелери казыналыктын регионалдык бөлүмдөрүнөн тышкары, мекеменин кассасы аркылуу атайын каражаттарын чыгымдоого тыюу салынсын.

Атайын каражаттар казыналыктан тышкары (бюджеттик мекемелердин

кассасы аркылуу) чыгымдалган учурда Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын 2022-жылга республикалык бюджети 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндөгү" Мыйзамынын 14-беренесинин 2-пунктуна ылайык бул каражаттын 100 пайызы республикалык бюджетке алынып коюлары эскертилсин.

6.Ноокат шаар мэриясынын 2020-жылдагы шаардык бюджеттин бекитилген киреше бөлүгү 64127,6 миң сомго, такталган планы 46472,3 миң сомго, аткарылышы 48198,6 миң сомго же кирешенин 1726,3 миң сомго коп аткарылгандыгы № 4,5 тиркемеге ылайык белгиленсин.

7.Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Ноокат шаардык Кенешинин  төрагасы 

 

Б. Мадмаров                  

ТИРКЕМЕ №1

 

Назад

 

 

 

 

2

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Ноокат шаардык Кенешинин VI чакырылышынын кезексиз IX сессиясы

Т О К Т О М

Ноокат шаары

№2

24.01.2021

 

Ноокат шаардык мэриясынын 2020-жылдагы атайын эсебиндеги жергиликтүү бюджетинин аткарылышы жана 2022-жылга шаардык мэриясынын атайын эсебиндеги жергиликтүү бюджетин бекитүү жөнүндө

Ноокат шаардык мэриясынын 2020-жылдагы атайын эсебиндеги жергиликтүү бюджетинин аткарылышы жана 2022-жылдын атайын эсебиндеги жергиликтүү бюджети жөнүндөгү маселени Кыргыз Республикасынын 2021-жылга Республиканын атайын эсебиндеги жергиликтүү бюджети жөнүндөгү мыйзамдын негизинде Ноокат шаардык мэриясынын 2022-жыл үчүн иштеп чыгылган атайын эсебиндеги жергиликтүү бюджеттин долбоорун Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан киргизилген түзөтүүлөрдүн негизинде Ноокат шаардык кеңеши отуруму

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.2022-жылга Ноокат шаардык мэриясынын атайын эсебиндеги жергиликтүү бюджеттин кирешелери жана чыгашалары боюнча 5 000,0 миң сом эсебинде бекитилсин.

 

2.Ноокат шаардык мэриясынынжергиликтүү бюджетин чыгашалары боюнча багыттар №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.

 

3.Ноокат шаардык мэриясынын 2020-жылдагы жергиликтүү бюджетинин кирешелер бөлүгү 1 096,4 миң сомго, чыгаша бөлүгү 421,1 миң сомго аткарылгандыгы бекитилсин.

4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Ноокат шаардык Кенешинин  төрагасы 

 

Б. Мадмаров                  

ТИРКЕМЕ №2

 

Назад

 

 

 

3

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Ноокат шаардык Кенешинин VI чакырылышынын кезексиз IX сессиясы

Т О К Т О М

Ноокат шаары

№3

24.01.2021

 

Ноокат шаарынын башкы планын кабыл алуу жана бекитүү жөнүндө

Ноокат шаарынын башкы планы иштеп чыгуу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-2025-жылдарга Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарынын башкы пландарын иштеп чыгуу боюнча программасын бекитүү жөнүндөгү 2017-жылдын 17-августундагы №490-токтомун аткарууга алуу максатында, Шаар куруу жана архитектура мамлекеттик долборлоо институту тарабынан Ноокат шаарынын 2040-жылдарга чейинки башкы планы иштелип бүткөндүгүнө байланыштуу Ноокат шар кеңешинин муниципиалдык менчик, өнөр жай, курулуш, экология, архитектура, транспорт, агрардык маселелер жана энергетика боюнча туруктуу комиссиясын берген тактамасынын негизинде сессиянын отурумундагы депутаттардын сын пикирлери менен сунуштарын эске алып, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Ноокат шаарынын башкы планы кабыл алынсын жана бекитилсин.

2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кенешинин муниципиалдык менчик, өнөр жай, курулуш, экология, архитектура, транспорт, агрардык маселелер жана энергетика боюнча туруктуу комиссиясына жана Ноокат шаардык кеңешинин депутаты Т.Т.Кадирбаевке тапшырылсын.

Ноокат шаардык Кенешинин  төрагасы 

 

Б. Мадмаров                  

 

 

Назад

 

 

4

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Ноокат шаардык Кенешинин VI чакырылышынын кезексиз IX сессиясы

Т О К Т О М

Ноокат шаары

№4

24.01.2021

 

Ноокат шаарынын Кара-Турпак кварталына курулган ФАПты мөөнөтсүз пайдаланууга Ноокат аймактык ооруканасынын пайдалануусуна өткөрүп берүү жөнүндө

Ноокат шаарынын Кара-Турпак кварталына курулган ФАПты мөөнөтсүз пайдаланууга Ноокат аймактык ооруканасынын пайдалануусуна өткөрүп берүү жөнүндөгү Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде, сессиянын отурумундагы депутаттардын сын пикирлери менен сунуштарын эске алып, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Ноокат шаарынын Кара-Турпак кварталына курулган ФАПты мөөнөтсүз пайдаланууга Ноокат аймактык ооруканасынын пайдалануусуна өткөрүп берүүга макулдук берилсин.

2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына жана Ноокат шаардык кеңешинин депутаты И.Имаровага тапшырылсын

Ноокат шаардык Кенешинин  төрагасы 

 

Б. Мадмаров                  

 

 

Назад

 

 

5

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Ноокат шаардык Кенешинин VI чакырылышынын кезексиз IX сессиясы

Т О К Т О М

Ноокат шаары

№5

24.01.2021

 

Ноокат шаардык кеңешинин 2021-жылдын 22-октябрындагы VI чакырылышынын VIII сессиясынын №9 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө

Ноокат шаардык кеңешинин 2021-жылдын 22-октябрындагы VI чакырылышынын VIII сессиясынын №9 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, сессиянын отурумундагы депутаттардын сын пикирлери менен сунуштарын эске алып, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Ноокат шаар мэриясынын алдындагы "Ноокат-Тазалык" муниципалдык ишканасына лизинг жолу менен атайын 3 (үч) техника сатып алууга макулдук берилсин, анын ичинде таштанды ташуучу эки унаа, бир суу чачуучу атайын техника сатып алуу үчүн 5 000 000 (беш миллион) сом, таштанды контейнерлерди жасатуу үчүн 1 000 000 (бир миллион) сом акча каражаттары Ноокат шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин 2021-жылдын бюджетинин 706-бөлүмүнүн 3112 беренесинин эсебинен Ноокат шаар мэриясынын алдындагы "Ноокат-Тазалык" муниципалдык ишканасына которуп берилсин.

2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына жана Ноокат шаардык кеңешинин депутаты О.Ж.Тургунбаевке тапшырылсын.

Ноокат шаардык Кенешинин  төрагасы 

 

Б. Мадмаров                  

 

 

Назад

 

 

6

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Ноокат шаардык Кенешинин VI чакырылышынын кезексиз IX сессиясы

Т О К Т О М

Ноокат шаары

№6

24.01.2021

 

Ноокат шаардык кеңешинин 2021-жылдын 22-октябрындагы VI чакырылышынын VIII сессиясынын №10 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө

Ноокат шаардык кеңешинин 2021-жылдын 22-октябрындагы VI чакырылышынын VIII сессиясынын №10 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү Ноокат шаардык кенешинин муниципиалдык менчик, өнөр жай, курулуш, экология, архитектура, транспорт, агрардык маселелер жана энергетика боюнча туруктуу комиссиясын берген тактамасынын негизинде сессиянын отурумундагы депутаттардын сын пикирлери менен сунуштарын эске алып, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Ноокат шаарында жүргүнчүлөрдү ташуу менен алектенген "Бек Нем Транс" жоопкерчилиги чектелген коомунун жол акысын 10 (он) сомдон 15 (он беш) сомго көтөрүлсүн жана төмөндөгү толуктоолор киргизилсин:

-1-11 класска чейинки мектеп окуучуларына 5 (беш) сом;

-1-2-3 группадагы майыптыгы бар жарандарга 10 (он) сом төлөм киргизилип, жеңилдик берилсин.

2."Бек Нем Транс" жоопкерчилиги чектелген коомунун жол акысы 2021-жылдын 1-ноябрынан баштап колдонулсун.

3.Ноокат шаарында жүргүнчүлөрдү ташуу менен алектенген "Бек Нем Транс" жоопкерчилиги чектелген коомунун жол акысы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агентигинин Ош облустук бөлүмү менен макулдашуу жагы жүктөлсүн.

4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кенешинин муниципиалдык менчик, өнөр жай, курулуш, экология, архитектура, транспорт, агрардык маселелер жана энергетика боюнча туруктуу комиссиясына жана Ноокат шаардык кеңешинин депутаты О.Ж.Тургунбаевге тапшырылсын.

Ноокат шаардык Кенешинин  төрагасы 

 

Б. Мадмаров                  

 

 

Назад

 

 

7

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Ноокат шаардык Кенешинин VI чакырылышынын кезексиз IX сессиясы

Т О К Т О М

Ноокат шаары

№7

24.01.2021

 

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча аймактык бөлүнүшү тарабынан Ноокат шаарынын 2019-жылдын 1-январынан 2020-жылдын 31-декабрына чейин аудит жүргүзүлгөн жыйынтыгы жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча аймактык бөлүнүшү тарабынан Ноокат шаарынын 2019-жылдын 1-январынан 2020-жылдын 31-декабрына чейин аудит жүргүзүлүп, анын жыйынтыгы чыгарылып, аудит жыйынтыгынын негизинде Ноокат шаар мэриясынын жергиликтүү бюджетинин аткарылышы боюнча бир топ финансылык кемчилдиктерге жол коюлгандыгы көрсөтүлгөн. Катта жазылган кемчилдиктерди жоюу максатында, Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун угуп жана талкуулап, сессиянын отурумундагы депутаттардын сын пикирлери менен сунуштарын эске алып, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Кыргыз Республикасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустук Эсептөө палатасынын территориалдык башкармалыгы тарабынан 2019-жылдын 1-январынан 2020-жылдын 31-декабрына чейин аудит жүргүзгөн жыйынтыгы Ноокат шаардык мэриясы тарабынан аткарууга алынсын.

                        2.Ноокат шаар мэриясынын отчет-учет иштерин алып барууда Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин 2017-жылдын 29-июнундагы "Мамлекеттик башкаруу секторунда бухгалтердик эсепти жана финансалык отчетторду жүргүзүү боюнча Жобосун бекитүү жөнүндөгү" №97-Б буйругун жетекчиликке алуу, жергиликтүү бюджетинин аткарылышында финансылык кемчилдиктерге жол бербөө, аудит көрсөткөн кемчилдиктерди жоюу менен тиешелүү беренелерге акча каражаттарды максатсыз пайдаланбоо, бухгалтердик дебитордук жана кредитордук эсептөөлөр туура жүргүзүлүшү, бухгалтердик эсептерди так жана сапаттуу жүргүзүү Ноокат шаардык мэриясынын ФЭБ башчысы М. Абдивахидовго милдеттендирилсин.

            3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына жана Ноокат шаардык кеңешинин депутаты Б.Б. Айтматовге тапшырылсын.

 

Ноокат шаардык Кенешинин  төрагасы 

 

Б. Мадмаров                  

 

 

Назад

 

 

8

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Ноокат шаардык Кенешинин VI чакырылышынын кезексиз IX сессиясы

Т О К Т О М

Ноокат шаары

№8

24.01.2021

 

Ноокат шаардык кеңешинин 2022-жылга түзүлгөн иш-планын бекитүү жөнүндө

Ноокат шаардык кеңешинин 2022-жылга түзүлгөн иш-планын угуп жана талкуулап, Ноокат шаардык кенешинин отуруму

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Ноокат шаардык кеңешинин 2022-жылга түзүлгөн иш-планы бекитилсин.

 

(План тиркелет).

 

2.Ноокат шаардык кеңешинин 2022-жылга түзүлгөн иш-планынын толук аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө аламын.

Ноокат шаардык Кенешинин  төрагасы 

 

Б. Мадмаров                  

ТИРКЕМЕ №3

 

Назад

 

 

 

9

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Ноокат шаардык Кенешинин VI чакырылышынын кезексиз IX сессиясы

Т О К Т О М

Ноокат шаары

№9

24.01.2021

 

Ноокат шаар мэриясынын, Ноокат шаардык кеңешинин, муниципиалдык менчик Департаментинин кызматкерлеринин байланыш каражаттарын аныктоо жөнүндө

Ноокат шаар мэриясынын жана Ноокат шаардык кеңешинин чыгымдарын үнөмдөө максатында Ноокат шаар мэриясынын, Ноокат шаардык кеңешинин, муниципиалдык менчик Департаментинин кызматкерлерине байланыш каражаттарын аныктоо жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап, Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын берген сунушунун негизинде "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2,3 бөлүктөрүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Ноокат шаар мэриясынын,Ноокат шаардык кеңешинин, Муниципиалдык менчик Департаментинин чыгымдарын үнөмдөө максатында Ноокат шаар мэриясынын, Ноокат шаардык кеңешинин кызматкерлерине байланыш кызматтары үчүн ай сайын Ноокат шаар мэриясынын 2022-жылдын бюджетинин 2212-беренесинин эсебинен Ноокат шаар мэриясына 7530 сом, муниципалдык менчик департаментине 3000 сом, Ноокат шаардык кеңешине 2000 сом төмөнкүчө бөлүнүп берилсин.

 -Ноокат шаар мэриясына:

 -Ноокат шаарынын мэрине-500 бирдик;

-Вице-мэрине-500 бирдик;

-Аппарат жетекчисине-500 бирдик;

-ФЭБ башчысына-380 бирдиктен;

-Башкы адистерге-380 бирдиктен;

-Калган 7 муниципалдык кызматкерлерге-250 бирдиктен;

- Муниципалдык менчик департаментине:

- Жалпы кызматкерлерге- 3000 бирдик;

-Ноокат шаардык кеңешине:

 -Ноокат шаардык кеңешинин төрагасына-500 бирдик;

 -Жооптуу катчысына-380 бирдик;

 -Башкы адиске-250 бирдик;

 -Жетектөөчү адиске-250 бирдик.

2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын

Ноокат шаардык Кенешинин  төрагасы 

 

Б. Мадмаров                  

 

 

Назад