М А З М У Н У

№ п/п

Токтом №

Токтом датасы

Кыска мазмуну

1.

№ 1

02.03.2022

Ноокат шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин 2021-жылда жүргүзгөн иштери боюнча муниципалдык менчик департаментинин директору Ж.Тиллаевдин отчету жөнүндө

2.

№ 2

02.03.2022

Ноокат шаар мэриясынын алдындагы "Ноокат-Тазалык" муниципалдык ишканасынын 2021-жылда жүргүзгөн иштери боюнча жетекчи Ө.Кылановдин отчету жөнүндө.

3.

№ 3

02.03.2022

"Ноокат суу каналдары" муниципалдык ишканасынын жетекчиси З.Камаловдун 2021-жылда жүргүзгөн иштери жөнүндө отчету

4.

№ 4

02.03.2022

"Ноокат жылүүлүк камсыздоо" муниципалдык ишканасынын жетекчиси Э.Насировдун 2021-жылда жүргүзгөн иштери жөнүндө отчету

5.

№ 5

02.03.2022

Ноокат шаардык мэриясынын 2021-жыл жергиликтүү бюджетинин аткарылышы тууралуу Ноокат шаардык мэриясынын финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы М. Абдивахидовдын маалыматы жөнүндө

6.

№ 6

02.03.2022

Ноокат шаар мэриясынын 2022-жылдын 1-январына карата үнөмдөлгөн акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндө

7.

№ 7

02.03.2022

"Ноокат шаарын ичүүчү суу системаларын реаблитациялоо жана саркынды суулардын системасын куруу" долбоорун ишке ашырууда Европа Реконструкциялоо жана Өнүктүрү Банкынын жана Кыргыз Республикасынын Каржы Министрлигинин талаптарына ылайык, долбоордун эсебинен курулган обөектилерди, сатып алынган атайын техникаларды жана жабдууларды күрөөгө коюга макулдук берүү жөнүндө

8.

№ 8

02.03.2022

"Райхон Ноокат" ЖЧК сынын жол акысын бекитүүгө макулдук берүү жөнүндө

9.

10

02.03.2022

Ноокат шаарындагы Т.Кулатов, О.Солтобаев атындагы көчөлөрдүн боюндагы кызыл сызыкка чыгып кеткен турак-жай, имараттарды жана арчаларды белгиленген жерлерге жылдыруу, бак-дарактарды кыюу, алуу маселеси жөнүндө

 

 

 

 

 

1

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Ноокат шаардык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги X сессиясы

Т О К Т О М

02.03.2022

№ 1

Ноокат шаары

 

Ноокат шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин 2021-жылда жүргүзгөн иштери боюнча муниципалдык менчик департаментинин директору Ж.Тиллаевдин отчету жөнүндө

Ноокат шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин 2021-жылда жүргүзгөн иштери боюнча муниципалдык менчик департаментинин директору Ж.Тиллаевдин отчетун угуп жана талкуулап, Ноокат шаар мэриясынын бюджетинин кирешелеринин азайышына аткарган иштери негиз болгондуктан жана Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын берген сунушунун негизинде, сессиянын отурумундагы депутаттардын сын пикирлери менен сунуштарын эске алып, Кыргыз Республикасынын №101 "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү" Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2,6-бөлүкчөлөрүнө ылайык Ноокат шаардык кеңешинин отуруму

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Ноокат шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин 2021-жылдагы аткарган иштери канааттандыраарлык эмес деп табылсын.

2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы А.Орозалиевага жүктөлсүн.

Ноокат шаардык Кенешинин  төрагасы 

 

Б. Мадмаров                  

 

 

Назад

 

 

 

2

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Ноокат шаардык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги X сессиясы

Т О К Т О М

02.03.2022

№ 2

Ноокат шаары

 

Ноокат шаар мэриясынын алдындагы "Ноокат-Тазалык" муниципалдык ишканасынын 2021-жылда жүргүзгөн иштери боюнча жетекчи Ө.Кылановдин отчету жөнүндө.

Ноокат шаар мэриясынын алдындагы ”Ноокат-Тазалык” муниципалдык ишканасынын 2021-жылда жүргүзгөн иштери боюнча жетекчи  Ө.Кылановдын   отчетун угуп жана талкуулап, төмөндөгү кемчиликтер белгиленди:

  1.2021-жылын 1-январынан ”Ноокат Тазалык” муниципалдык ишканасы Ноокат шаарынын аймагында тазалыкты камсыздоо боюнча мэрия менен келишимдин негизинде жумушун баштаган, бирок ушул мезгилге чейин муниципалдык менчикте баланста турган техникаларды, “Ноокат комунальщик” ишканасынын атында турган таштанды төгүүчү жайды, имаратты өткөрүү тууралуу аракеттерди, сунуштарды, чараларды өз убагында көргөн эмес;

2.Таштандыларды ташып чыгаруу, жок кылуу боюнча ишин жөнгө салган атайын жобосу жок. Жеке жана юридикалык жактарга таштандыга жыйымдарга калькуляциянын негизинде тарифтерди иштеп чыгып, бекитүү үчүн сунуштай элек, ишканынын бүгүнкү күндө кызмат көрсөтүүдөн алган жыйымдарынын мыйзамдуулугу суроо жаратат. Анкени конкретүү тарификациясы жок;

4.Таштанды ташуу жана жок кылуу боюнча экологиядан урукат кагаздарын бүгүнкү күнгө чейин ала элек;

3.Шаардын аймагында тазалыкты  уюштурууда, шаардын аймагындагы кожолуктар менен коммерциялык багыттагы мекемелер менен түзүлгөн келишимдердин саны жана төлөмдөрү өсүш берген эмес. Мекеменин өздүк кирешесин көбөйтүү жумуштары аткарылган эмес;

4.Ишканынын жол картасы, таштандыларды ташып чыгаруунун так графиги жок. Тактап айтканда ишти уюштурууда, өткөрүп берилген техникаларды эффектифдүү пайдалануу, материалдык жоопкерчиликти жүктөө жагы жолго коюлган эмес;

5.Жылдык чыгашасын жана кирешесин бекиттирбестен, жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн акча каражаттарды  максаттуу пайдаланган эмес. Штаттык бирдиктерди  мыйзамсыз көбөйтүп, типтүү түзүмү шаардык кенеш тарабынан бекитилбестен эмгек акылары  мыйзамсыз берилген;

6.”Ноокат Тазалык” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Ө.Кылановдун              2021-жылдын 6 айлык, 9 айлык жана жылдын жыйынтыгы боюнча өз милдеттерин жеткиликтүү өз деңгелинде жүргүзүлбөгөн;

  Ноокат шаардык кенешинин  бюджет,  экономика,  финансы,  соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар   боюнча туруктуу  комиссиясынын берген сунушунун негизинде,  сессиянын отурумундагы депутаттардын сын пикирлери менен сунуштарын эске алып, Кыргыз Республикасынын №101  “Жергиликтүү  өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнүн  2,6-бөлүкчөлөрүнө ылайык  Ноокат шаардык кеңешинин отуруму

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Ноокат шаар мэриясынын алдындагы "Ноокат-Тазалык" муниципалдык ишканасынын 2021-жылда жүргүзгөн иштери боюнча аткарган иштери канааттандыраарлык эмес деп табылсын.

2.Ноокат шаарынын мэри У.К.Турганбаевке "Ноокат Тазалык" муниципалдык ишканасынын жетекчиси Ө.Кылановту ээлеген кызматынан четтетуу жагы сунушталсын.

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ноокат шаардык кенешинин төрагасынын орунбасары Г.К.Дуваневага жүктөлсүн.

Ноокат шаардык Кенешинин  төрагасы 

 

Б. Мадмаров                  

 

 

Назад

 

 

3

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Ноокат шаардык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги X сессиясы

Т О К Т О М

02.03.2022

№ 3

Ноокат шаары

 

"Ноокат суу каналдары" муниципалдык ишканасынын жетекчиси З.Камаловдун 2021-жылда жүргүзгөн иштери жөнүндө отчету

 "Ноокат суу канал" муниципалдык ишканасынын жетекчиси З.Камаловдун 2021-жылда жүргүзгөн иштери жөнүндө отчетун угуп жана талкуулап, бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын берген сунушунун негизинде сессиянын отурумундагы депутаттардын сын пикирлери менен сунуштарын эске алып, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2,6-бөлүктөрүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

            1."Ноокат суу канал" муниципалдык ишканасынын жетекчиси З.Камаловдун 2021-жылда жүргүзгөн иштери жөнүндө отчету канааттандыраарлык деп табылсын.

2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы А.Орозалиевага жүктөлсүн.

Ноокат шаардык Кенешинин  төрагасы 

 

Б. Мадмаров                  

 

 

Назад

 

 

4

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Ноокат шаардык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги X сессиясы

Т О К Т О М

02.03.2022

№ 4

Ноокат шаары

 

"Ноокат жылүүлүк камсыздоо" муниципалдык ишканасынын жетекчиси Э.Насировдун 2021-жылда жүргүзгөн иштери жөнүндө отчету

 "Ноокат жылүүлүк камсыздоо" муниципалдык ишканасынын жетекчиси Э.Насировдун 2021-жылда жүргүзгөн иштери жөнүндө отчетун угуп жана талкуулап, бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын берген сунушунун негизинде сессиянын отурумундагы депутаттардын сын пикирлери менен сунуштарын эске алып, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2,6-бөлүктөрүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

            1."Ноокат жылүүлүк камсыздоо" муниципалдык ишканасынын жетекчиси Э.Насировдун 2021-жылда жүргүзгөн иштери жөнүндөгү отчету жумуштарындагы айрым кемчиликтерди эске алып, канааттандыраарлык деп табылсын.

2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы А.Орозалиевага жүктөлсүн.

Ноокат шаардык Кенешинин  төрагасы 

 

Б. Мадмаров                  

 

 

Назад

 

 

5

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Ноокат шаардык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги X сессиясы

Т О К Т О М

02.03.2022

№ 5

Ноокат шаары

 

Ноокат шаардык мэриясынын 2021-жыл жергиликтүү бюджетинин аткарылышы тууралуу Ноокат шаардык мэриясынын финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы М. Абдивахидовдын маалыматы жөнүндө

Ноокат шаардык мэриясынын 2021-жыл жергиликтүү бюджетинин аткарылышы тууралуу Ноокат шаардык мэриясынын финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы М. Абдивахидовдын маалыматын угуп жана талкуулап, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2,6-бөлүкчөлөрүнө ылайык, бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын берген сунушунун негизинде сессиянын отурумундагы депутаттардын сын пикирлери менен сунуштарын эске алып, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Ноокат шаардык мэриясынын 2021-жыл жергиликтүү бюджетинин аткарылышы тууралуу Ноокат шаардык мэриясынын финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы М. Абдивахидовдын маалыматы жактырылсын.

2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына жана Ноокат шаардык кеңешинин депутаты О.Тургунбаевке тапшырылсын.

Ноокат шаардык Кенешинин  төрагасы 

 

Б. Мадмаров                  

 

 

Назад

 

 

6

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Ноокат шаардык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги X сессиясы

Т О К Т О М

02.03.2022

№ 6

Ноокат шаары

 

Ноокат шаар мэриясынын 2022-жылдын 1-январына карата үнөмдөлгөн акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндө

            Ноокат шаар мэриясынын 2022-жылдын 1-январына карата үнөмдөлгөн   акча каражатын Ноокат шаардык мэриясынын сунуштарына негиз Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2,3-бөлүктөрүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Ноокат рай ПЗ ЦГЭН ишканасына- 6 184 (алты миң бир жүз сексен төрт) сом;

2.РЭС (электр энергияга) мэрия ишканасына-176 102 (бир жүз жетимиш алты миң бир жүз эки) сом;

3."Ноокат Жылуулук" (электр энергияга) муниципалдык ишканасына-447 000 (төрт жүз кырк жети миң) сом;

4."Ноокат Тазалык" (электр энергияга) (Жарыктандыруу) муниципалдык ишканасына- 304 700 (үч жүз төрт миң жети жүз) сом;

5.Госрегистр ишканасына-32 536 (отуз эки миң беш жүз алты) сом;

6.ОсОО "Азимут" ишканасына-11 559 (он бир миң беш жүз элүү тогуз) сом;

7.Н.К.Крупская атындагы орто мектебинин Гос экспертизасы-146 926 (бир жүз кырк алты миң тогуз жүз жыйырма алты) сом;

8."Ноокат Суу-канал" Муниципалдык ишканасынын суу эсептегичтери үчүн-165 542 (бир жүз алтымыш беш миң беш жүз кырк эки) сом;

9"Ноокат Тазалык" муниципалдык ишканасына урналарды алуу үчүн-1000 000 (бир миллион) сом;

10.Сатнур ишканасына-551 000 (беш жүз элүү бир миң) сом;

11.Социалдык коргоого-60 000 (алтымыш миң) сом;

12.Ноокат райондук сотунун 2022-жылдын 21-январындагы чыгарылган чечимин аткарууга-139 620 (бир жүз отуз тогуз миң алты жүз жыйырма) сом;

13.Ноокат шаарынын аймагындагы А.Абдуллаев жана Х.Самиев атындагы орто мектептердин көмүрү үчүн 110 000 (жүз он миң) сом;

14.Ноокат райондук өнүктүрүү фондуна тапшырылган долбоорлорго өздүк салым үчүн 2 659 447 (эки миллион алты жүз элүү тогуз миң төрт жүз кырк жети) сом;

15.Көрктөндүрүү, жашылдандыруу боюнча атайын сынактын акчалай байге фондусуна жана диплом, атайын төш белги, лента, жарнамалык көрнөк чыгымдары үчүн-100 000 (жүз миң) сом;

16.Ноокат шаарынын аймагындагы стратегиялык обөектилерге видео козөмөл кою, электрондук технологияларды орнотуу жана керектүү аппаратуралар менен камсыз кылуу үчүн 200 000 (эки жүз миң) сом;

17.Ноокат шаарындагы Т.Кулатов, О.Солтобаев атындагы көчөлөрдүн боюндагы кызыл сызыкка чыгып кеткен турак-жай, имараттарды жана арчаларды белгиленген жерлерге жылдыруу бак-дарактарды кыю, бутоо жана көрктөндүрүү иштери үчүн 555 853 (беш жүз элүү беш миң сегиз жүз элүү үч) сом;

18.Аскердык окуу-машыгууга 100 000 (жүз миң) сом;

- Жалпысы -6 766 469 (алты миллион жети жүз алтымыш алты миң төрт жүз алтымыш тогуз) сом акча каражаттары ажыратылып берилсин.

2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына жана Ноокат шаардык кеңешинин депутаты О.Тургунбаевке тапшырылсын.

 

Ноокат шаардык Кенешинин  төрагасы 

 

Б. Мадмаров                  

 

 

Назад

 

 

7

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Ноокат шаардык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги X сессиясы

Т О К Т О М

02.03.2022

№ 7

Ноокат шаары

 

"Ноокат шаарын ичүүчү суу системаларын реаблитациялоо жана саркынды суулардын системасын куруу" долбоорун ишке ашырууда Европа Реконструкциялоо жана Өнүктүрү Банкынын жана Кыргыз Республикасынын Каржы Министрлигинин талаптарына ылайык, долбоордун эсебинен курулган обөектилерди, сатып алынган атайын техникаларды жана жабдууларды күрөөгө коюга макулдук берүү жөнүндө

 "Ноокат шаарын суу ичүүчү системаларын реаблитациялоо жана саркынды суулардын системасын куруу" долбоорун ишке ашырууда Европа Реконструкциялоо жана Өнүктүрү Банкынын жана Кыргыз Республикасынын Каржы Министрлигинин талаптарына ылайык, долбоордун эсебинен курулган обөектилерди, сатып алынган атайын техникаларды жана жабдууларды күрөөгө коюга макулдук берүү жөнүндөгү Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын берген сунушунун негизинде сессиянын отурумундагы депутаттардын сын пикирлери менен сунуштарын эске алып, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1."Ноокат шаарын ичүүчү суу системаларын реаблитациялоо жана саркынды суулардын системасын куруу" долбоорун ишке ашырууда Европа Реконструкциялоо жана Өнүктүрү Банкынын жана Кыргыз Республикасынын Каржы Министрлигинин талаптарына ылайык, долбоордун эсебинен курулган обөектилерди, сатып алынган атайын техникаларды жана жабдууларды күрөөгө коюга макулдук берилсин.

2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы А.Орозалиевага жүктөлсүн.

Ноокат шаардык Кенешинин  төрагасы 

 

Б. Мадмаров                  

 

 

Назад

 

 

8

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Ноокат шаардык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги X сессиясы

Т О К Т О М

02.03.2022

№ 8

Ноокат шаары

 

"Райхон Ноокат" ЖЧК сынын жол акысын бекитүүгө макулдук берүү жөнүндө

"Райхон Ноокат" ЖЧК сынын жол акысын бекитүүгө макулдук берүү жөнүндөгү муниципиалдык менчик, өнөр жай, курулуш, экология, архитектура, транспорт, агрардык маселелер жана энергетика боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасын карап чыгып, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1."Райхон Ноокат" ЖЧК сынын калкты тейлөөдөгү күндүзгү жана түнкү отургузуу үчүн (пасадка) -25 сом, жол акысын 30 сомдон километрине белгилөөгө макулдук берилсин.

2."Райхон Ноокат" ЖЧК сынын кызмат акы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агентигинин Ош облустук бөлүмү менен макулдашуу жагы жүктөлсүн.

 3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы муниципиалдык менчик, өнөр жай, курулуш, экология, архитектура, транспорт, агрардык маселелер жана энергетика боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Х.А. Маткосимовга тапшырылсын.

Ноокат шаардык Кенешинин  төрагасы 

 

Б. Мадмаров                  

 

 

Назад

 

 

 

9

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Ноокат шаардык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги X сессиясы

Т О К Т О М

02.03.2022

№ 10

Ноокат шаары

 

Ноокат шаарындагы Т.Кулатов, О.Солтобаев атындагы көчөлөрдүн боюндагы кызыл сызыкка чыгып кеткен турак-жай, имараттарды жана арчаларды белгиленген жерлерге жылдыруу, бак-дарактарды кыюу, алуу маселеси жөнүндө

 "Ош-Исфана" эл аралык маанидеги жолдорду кенейтүү иштери башталгандыгына байланыштуу Ноокат шаарындагы Т.Кулатов, О.Солтобаев атындагы көчөлөрдүн боюндагы кызыл сызыкка чыгып кеткен турак-жай, имараттарды жана арчаларды белгиленген жерлерге жылдыруу, бак-дарактарды кыюу, алуу жөнүндөгу маселеге макулдук берүү жөнүндөгү Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын берген сунушунун негизинде, сессиянын отурумундагы депутаттардын сын пикирлери менен сунуштарын эске алып, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1."Ош-Исфана эл аралык маанидеги жолдорду кенейтүү иштери башталгандыгына байланыштуу Ноокат шаарындагы Т.Кулатов, О.Солтобаев атындагы көчөлөрдүн боюндагы кызыл сызыкка чыгып кеткен турак-жай, имараттарды жана арчаларды белгиленген жерлерге жылдыруу, бак-дарактарды кыюу, алууга макулдук берилсин.

2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына жана Ноокат шаарынын депутаты Т.Р. Маманазаровго жүктөлсүн.

 

Ноокат шаардык Кенешинин  төрагасы 

 

Б. Мадмаров                  

 

 

Назад