М А З М У Н У

№ п/п

Токтом

Токтом датасы

Кыска мазмуну

1.

№1

04.03.2022

Ноокат шаар мэриясынын алдындагы муниципиалдык менчик департаментине 3111 беренесине каралган акча каражаттарын бөлүштүрүү жөнүндө

2.

№ 2

04.03.2022

Ноокат шаар мэриясынын аймагында мыйзамсыз көчө соодасын жана жарандардын, транспорт каражаттарын, бардык автобекеттердеги автоунаалардын каттамдарын иретке келтирүү, анын ичинде шаардын ичиндеги такси каттамдарын азайтуу, чектоо жана бөгөт коюу жөнүндө

 

 

 

 

 

1

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Ноокат шаардык Кенешинин VI чакырылышынын кезексиз XI сессиясы

Т О К Т О М

04.03.2022

№1

Ноокат шаары

 

Ноокат шаар мэриясынын алдындагы муниципиалдык менчик департаментине 3111 беренесине каралган акча каражаттарын бөлүштүрүү жөнүндө

Ноокат шаардык кеңешинин 2022-жылдын 24-январындагы №1 токтомуна тиркелген тиркемеге негиз Ноокат шаардык мэриясынын бюджетинин 2022-жылга бөлүштүрүү боюнча 3111 беренесинин Ноокат шаар мэриясынын алдындагы муниципиалдык менчик департаментине каралган 22 953 200 (жыйырма эки миллион тогуз жүз элүү үч) сом акча каражатынан 18 241 859 (он сегиз миллион эки жүз кырк бир миң сегиз жүз элүү тогуз) сом акча каражатын, сунушталган жумуштарды аткаруу үчүн Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2,3-бөлүктөрүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Ноокат шаарынын Ленин жана Хонкелдиев атындагы көчөлөрүнүн эки тарабына тротуар ачуу үчүн –4 280 836  (төрт миллион эки жүз сексен миң сегиз жүз отуз алты) сом; 

2.Ноокат шаарынын Б.Абдыраимов атындагы көчөсүнүн бир тарабына тротуар ачуу үчүн -2 350 952 (эки миллион үч  жүз элүү миң тогуз жүз элүү эки) сом;

3.Ноокат шаарынын аймагындагы Таштак участкасынын Хонкелдиев атындагы көчөсүнүн асфальттоо үчүн 1 706 023  (бир миллион жети жүз алты миң жыйырма үч) сом;

4.Ноокат шаарынын аймагындагы А.Абдуллаев атындагы орто мектебинин жаны имаратын куруу проект сметасы  үчүн  500 000 (беш жүз миң) сом;

5.“Гладиатор” клубунун спортчусу Х.Якубовдун Дагестан Республикасына (РФ) мелдешке кетип жаткандыгына  байланыштуу 100 000 (жүз миң) сом; (Мелдешке барып келгендыгы жөнүндө тийиштуу документтерди көрсөтсө)

6.Ноокат шаар мэриясынын алдындагы тосмону жылдырып, автопарковканы кеңейтүү үчүн  – 190 237  (бир жүз токсон миң эки жүз отуз жети) сом;

7.Ноокат шаар мэриясынын тазалык-душ бөлмөсүн толук ишке киргизүү  үчүн кошумча жумуштарына-36 411 (отуз алты миң төрт жүз он бир) сом;

8.Ноокат шаарындагы Кара-Турпак кварталынын Кара-Турпак көчөсүнө шагыл төшөо   үчүн-150 000 (бир жүз элуу миң) сом; 

9.Ноокат шаарындагы Кара-Турпак кварталындагы Уста-Жоро атындагы көчөсүнө электр мамычасын орнотуп, электр зимдарын тартуу үчүн-50 400 (элүү миң төрт жүз) сом; 

10.“Ноокат жылуулук камсыздоо” муниципалдык ишканасынын 2021-2022-жылдардагы күз-кыш мезгилине карата жагылган көмүрдүн күл кесегин ташып чыгаруу жана тосмолордун куруу үчүн  228 000 (эки жүз жыйырма сегиз миң) сом;

11.“Ноокат жылуулук камсыздоо” муниципалдык ишканасынын №2 жылуулук отканасынан чарбалык субьектилерге линия тартуу үчүн 200 000 (эки жүз миң) сом;

12.Ленин атындагы көчөсүнүн №1,№2,№3 көп кабатуу үйлөргө          линия тартуу үчүн 400 000 (төрт жүз миң) сом;

13.Ноокат шаарынын аймагындагы айлампанын күн чыгыш тарабында жайгашкан Афганистан согуш ардагерлеринин аянтчасын реконструкция кылуу үчүн  3 000 000 (үч миллион) сом каралсын жана түзүлгөн проект сметага негиз каражат жумшалсын;

14.Ноокат шаар мэриясынын алдындагы ”Ноокат-Тазалык” муниципалдык ишканасына атайын таштанды салуучу урналарды сатып алуу үчүн  300 000 (үч жүз миң) сом;                                                                                                    

15.“Ноокат шаарынын аймагындагы Х.Самиев атындагы орто мектебинин инфраструктурасын жакшыртуу”, “У.Салиева атындагы мектепгече билим берүү  мекемесине  ажаткана куруу жана ремонтто”,  “Ынтымак” толук эмес орто мектебине спорт аянтчасын куруу жумуштарына долбоордук проект-сметалык документтерин жана техникалык экспертизаларын  жасатуу үчүн 204 000 (эки жүз төрт миң) сом;

16.Ноокат шаарынын аймагындагы Кара-Турпак участкасынын Т.Камалов атындагы көчөсүнүн асфальттоо үчүн 1 860 000  (бир миллион сегиз жүз миң) сом;

17.Ноокат шаарынын аймагындагы А.Лутфуллаев атындагы Ноокат шаар мэриясынын жанындагы переулок көчөсүнүн асфальттоо үчүн 700 000  (жети жүз миң) сом;

18.Ноокат шаарынын аймагындагы С.Алимбаев атындагы көчөсү менен Х.Абдумаликов атындагы көчөсүнүн кесилишиндеги арыкка лоток орнотуу  жана асфальттоо үчүн  500 000   (беш жүз  миң) сом;

19.Ноокат шаарындагы жол чырактарды ондоп түзөө үчүн 220 000 (эки жүз жыйырма миң) сом;

20.Ноокат шаарындагы көчөлөргө, социалдык обөектердин алдына жөө жүргүнчүлөр өтүүчү өтмөк, зебра чийүү үчүн 450 000 (төрт жүз элүү миң) сом;

21.Кара-Турпак кварталындагы эски ФАПка мектепке чейинки билим берүү мекемесинин имаратин куруу үчүн долбордук сметалык документтерин даярдоо үчүн 400 000 (төрт жүз миң) сом;

22.Ноокат шаар мэриясынын имаратынын үчүнчү этажындагы бош турган залды, элдын жергиликтүү бийликке ишеничин арттыруу, ачык-айкын жана адилеттүү башкаруу максатында шаардык кеңештин сессияларын онлайн өткөрүүчү, ар түрдү жолугушуу, семинарлар жана трениндерди өткөөрүүчү заманбап конференц залга айландыруу үчүн 415 000 (төрт жүз он беш миң) сом;

- Жалпысы -18 241 859 (он сегиз миллион эки жүз кырк бир  миң сегиз жүз элүү тогуз) сом акча каражаттары ажыратып берилсин.

 

2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат  шаардык кенешинин  бюджет,  экономика,  финансы,  соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар   боюнча туруктуу  комиссиясына тапшырылсын.

Ноокат шаардык Кенешинин  төрагасы 

 

Б. Мадмаров                  

 

 

Назад

 

 

 

2

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Ноокат шаардык Кенешинин VI чакырылышынын кезексиз XI сессиясы

Т О К Т О М

04.03.2022

№ 2

Ноокат шаары

 

Ноокат шаар мэриясынын аймагында мыйзамсыз көчө соодасын жана жарандардын, транспорт каражаттарын, бардык автобекеттердеги автоунаалардын каттамдарын иретке келтирүү, анын ичинде шаардын ичиндеги такси каттамдарын азайтуу, чектоо жана бөгөт коюу жөнүндө

Ноокат шаар мэриясынын аймагында мыйзамсыз көчө соодасын жана жарандардын, транспорт каражаттарын, бардык автобекеттердеги автоунаалардын каттамдарын иретке келтирүү, анын ичинде шаардын ичиндеги такси каттамдарын азайтуу, чектоо жана бөгөт коюу жөнүндөгү Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2,3-бөлүктөрүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Ноокат шаар мэриясынын аймагында мыйзамсыз көчө соодасын жана жарандардын, транспорт каражаттарын, бардык автобекеттердеги автоунаалардын каттамдарын иретке келтирүү, анын ичинде шаардын ичиндеги такси каттамдарын азайтуу, чектоо жана бөгөт коюу боюнча Ноокат шаарындагы борбордук базардын айланасын тартипке жана иретке келтирүү боюнча Ноокат РИИБнын жана Ноокат шаар мэриясынын биргелешкен иш-чараларынын планы бекитилсин.

 

2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы муниципиалдык менчик, өнөр жай, курулуш, экология, архитектура, транспорт, агрардык маселелер жана энергетика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын

Ноокат шаардык Кенешинин  төрагасы 

 

Б. Мадмаров                   

ТИРКЕМЕ №1

 

Назад