Ноокат шаардык   кеңешинин 2022-жылдын                          29-июундагы VI чакырылыш   №XII сессиясынын №XII-1 токтомуна №1 тиркеме:

Ноокат шаарынын аймагында калктуу конуштарда үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын, ырым-жырымдарын өткөрүүнүн тартиби жөнүндө  жобо

1. Жалпы жоболор:

2.Жобону иштеп чыгуунун, кабыл алуунун (бекитүүнүн) жана күчүнө киргизүүнүн тартиби

3. үй-бүлөлүк салтанаттарды өткөрүүнүн тартиби

4. Маркумду эскерүү ырым-жырымдарын өткөрүүнүн тартиби

5. үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү ырым-жырымдарын өткөрүүнү иретке келтирүүчү, көзөмөлдөөчү комиссиялар жана кызмат адамдары

5.1. Жергиликтүү комиссия

5.2. Жобонун талаптарын бузгандык үчүн жоопкерчилик.

1. Жалпы жоболор

1.1. Бул Жобо «Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы ПЖ № 54 Жарлыгына ылайык, жергиликтүү калктын өзгөчөлүгүн жана салтын эске алып иштелип чыгылган, жергиликтүү жамааттын жыйынында кабыл алынган эрежелерди камтыйт.

1.2. Жобонун максаты: райондо, райондук маанидеги шаарларда, айылдарда жана башка калктуу конуштарда коомдук өнүгүүнүн  муктаждыктарын эске алуу менен элдин жашоо турмушундагы улуттук каада-салттарды, үй-бүлөлүк үрп -адаттарды, этностук ырым-жырымдарды жана коомдо жаңыдан пайда болуп жаткан майрамдык салтанаттарды тартипке келтирүү, үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү ырым-жырымдарын өткөрүүдө  убаракерчиликке,  сөөк ээсин мажбурлоого, өзүн көрсөтүүгө умтулууга, башка адамдардын социалдык абалын тоготпоого, ашыкча ысырапкерчиликке, элдин салт-санаасын, үрп-адатын тоготпоого жол бербөө, ата салтына жат терс жөрөлгөлөрдүн күндөлүк турмушта жайылышына бөгөт коюу, элибиздин нукура салт-санаасын жана ырым-жырымдарын кеңири пропагандалоо жана жайылтуу болуп эсептелет.

2.Жобону иштеп чыгуунун, кабыл алуунун (бекитүүнүн) жана күчүнө киргизүүнүн тартиби:

2.1.Шаар аймагында, райондук маанидеги шаарда үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын, ырым-жырымдарын өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жобону (мындан ары – жобо)  иштеп чыгуу үчүн, шаардын мэринин буйругу менен курамы, мэриянын кызматкерлеринен, жергиликтүү кеңештин депутаттарынан, ардагерлердин жана аялдар кеңештеринин, жаштардын өкүлдөрүнөн, аксакалдар сотунун, диний жана өкмөттүк эмес уюмдардын, жергиликтүү коомчулуктун өкүлдөрүнөн турган жумушчу тобу түзүлөт.

2.2.Ушул Типтүү жобонун негизинде жумушчу тобу тарабынан иштелип чыккан жобонун долбоору шаардык жыйындарда талкууланат, жалпыга тааныштыруу үчүн такталарга илинет, мэриянын, жергиликтүү мамлекеттик администрациянын сайттарына жайгаштырылат. Келип түшкөн сунуштар эске алынып жобонун долбооруна киргизилет. Иштелип чыккан жобо жергиликтүү кеңештин     сессиясында бекитилет.                                                                                                 2.3.Жобону бекитүү жөнүндө жергиликтүү кеңештин токтому белгиленген тартипте жергиликтүү кеңештин            сайтына        жарыяланат.                                                                                                                                          2.4.Жобо ага кызыккан жарандарга шаардын мэриясы, жергиликтүү кеңеш тарабынан токтоосуз тааныштырылат.

3. үй-бүлөлүк салтанаттарды өткөрүүнүн тартиби:

3.1.үй-бүлөлүк салтанаттарга бешик той, тушоо кесүү той, балдарды сүннөткө отургузуу, нике (үйлөнүү) той, куда тосуу, кыз узатуу, юбилейлик жаштарды белгилөө, кичи жана чоң ажы сапарынан келгенде учурашуу маараке салтанаттары кирет.                                                                                                                                                        3.2. үй- бүлөлүк салтанаттар шаар калктуу конуштарда калыптанып калган жергиликтүү эрежелер жана тартип боюнча, киргизилген чектөөлөрдү жана тыюуларды бекем сактоо менен өткөрүлөт.

3.3. үйлөнүү той өз ыктыярлары менен эки тараптын (кудалар) эсебинен 200 адамга чейинки “Банкеттик кече” же конок тосуу менен “Салттуу той” формасында өткөрүлөт жана ысырапкерчиликке жол берилбейт. үйлөнүү тоюунда ири бир баш бодо мал же бир жылкы союуга уруксат берилет. Бирок, ашыкча сый дасторкондорду уюштурууга тыюу салынат. Меймандарга себет тартылбайт, тойго да себет көтөрүп келүүгө тыюу салынат.                                                                                                                              3.4. Кудалашуудан баштап үйлөнүү тойго байланышкан бардык иш-чараларда (каада-салттарда) эки жаштын ата-энесинин өз ара макулдашуусу менен белгиленип өткөрүлүп, эки тараптын туугандарына, конокторуна, сый кийимдерди жана идиш-аяктарды берүүгө тыюу салынат. Кыз жигитке жана алардын ата-энелерине гана сый кийимдерди, белектерди, берүүгө уруксат берилет, кыздын калыңы, кызга сеп берүү эки жаштын ата-энесинин макулдашуусу менен жүргүзүлөт. Бирок кыздын калыңы максимум 150 миң сомго чейин, 4 союш, 100 кг (2 таңгак) пахтадан ашырылбайт. Кызга сеп берүүдө ашыкча жууркан-төшөк берилбейт (6 көрпө, 6 төшөк, 10 жакандоз, 2 одеол, 8 жуп жаздык) турмуш-тиричиликке керектүү зарыл буюмдар гана берилет.

3.5. Тойдон кийинки салттык отко кирүү, кыз көрдү, төркүлөтүү, бешик той сыяктуу кечелер өз ыктыярлары менен эки куданын үй-бүлөсүнүн арасында 12 кишиден ашпаган адамдын катышуусунда өткөрүлөт.

Ашыкча ысырапкерчиликке жол берилбейт.                                                                                                                          3.6. Кыз узатууда 10-15 тен ашык түрдүү кийим кече берүүгө, күйөө баласын 40 күн багууга, ар майрам сайын күйөө балага баалуу белектерди берүүгө тыюу салынат.

3.7. Кыз тарапка бата той алып барганда 12 адам, күйөө жолдоштор 10 дон ашпоосу керек.                                                                                                                                                         3.8. Жарандык абалдын актыларын каттоо органдарында никени мамлекеттик каттоодон өткөрүү салтанатында 3 төн ашуун транспортту колдонууга тыюу салынат.               

3.9. Жашы жете элек кыздарга молдо тарабынан нике кыюуга тыюу салынат.  Расмий молдолорго гана он сегизге чыккан ЖААК бөлүмүнө нике күбөлүгүн алууга арыз мене кайрылган эки жашка нике кыюуга уруксат берилет.

3.10. Кыз узатуу той ашыкча ысырапкерчиликсиз үйдө туугандарын, айылын чакыруу менен өткөрүлөт.                                                                                                                                               

3.11. Кичи жана чоң ажы сапарынан келгенде учурашуу элдик жалпы тойго айландырылбай чакырылгандардын жана жакын туугандарынын гана катышуусунда ашыкча чыгымдарсыз өткөрүлөт. Себет көтөрүп келүү, нан- пакет, белектер, жайнамаз, жоолук, тесбү, топу калпак, материалдар берилбейт, таркатылбайт.

3.12. Сүннөт той бир күндө жакын туугандарынын арасында эки жашар музоо же бир майда жандык союп өткөрүлөт. Сүннөткө жаткырылган балага майда кымбат эмес белектерди берсе болот.  Коно берүүгө, бир күн мурда куда сыйлоого чек коюлат.

3.13. Юбилейлик жаштарды белгилөө жакын туугандар арасында ашыкча чыгымдарсыз үй-бүлөлүк майрам катары белгилөөгө уруксат берилет.                                                       

4.Маркумду эскерүү ырым-жырымдарын өткөрүүнүн тартиби                                                  

4.1. Маркумду эскерүү ырым-жырымдары шаардын аймагында, башка калктуу конуштарда калыптанып калган жергиликтүү эрежелер жана тартип боюнча киргизилген чектөөлөрдү жана тыюуларды бекем сактоо менен өткөрүлөт.

4.2. Маркум чыккан (азалуу) үйдө алгачкы үч күн ичинде эч кандай жандык союлбайт, келгендерге    дасторкон          жайылып,     тамак-аш      берилбейт.                                                               4.3. Сөөк коюу жана аза күтүү ырым-жырымына ири бодо мал, жылкы союуга тыюу салынат.                                                                                                                                                             4.4. Маркумга атап үчтүк, бейшембилик, кырктык, жылдык, айттыгын белгилөөгө жана дасторкон даярдоого, союш жетелеп барып, чай ичирди кылууга тыюу салынат.

4.5. Сөөк коюуда жана аза күтүүдө кийит кийгизүүгө (баш кийим, чепкен, көйнөк.), маркум өткөн жерде кандайдыр бир кездемени кичинекей бөлүкчөлөргө айрып, "жыртыш" таратып берүүгө, майда-барат буюмдарды (чыны, табак, дастаркон, самын, жип, чачык, бет аарчы, чай, акча) таратууга тыюу салынат.                                                                                  

4.6. Кабырдын үстүнө күмбөз жана башка нерселерди тургузуу шариятта жок нерсе болгондуктан тыюу салынат.                                                                                                                                    4.7. Аза күндөрү бүткөндөн кийин сөөк чыккан үйдө атайын бир күндү белгилебей ошол үйдүн экономикалык абалына жараша, карыз албастан бир жолу кайрымдуулук иретинде (ихсан) куран окутууга уруксат берилет.

4.8. үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү ырым-жырымдарын өткөрүүнү иретке келтирүүчү, көзөмөлдөөчү комиссиялар жана кызмат адамдары Жобого ылайык үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү ырым-жырымдарын өткөрүүнү иретке келтирүүчү, көзөмөлдөөчү органдарга жана кызмат адамдарына, райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким, райондук маанидеги шаардын мэри, райондук комиссия, райондук маанидеги шаардын комиссиясы жана жергиликтүү комиссия кирет.

5. Жобонун талаптарын бузгандык үчүн жоопкерчилик

Шаардын аймагындагы үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү ырым-жырымдарын өткөрүү боюнча жобонун талабын бузгандык үчүн Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексинде, жергиликтүү жамааттын уставында  шаардын ички мыйзамдарында жана эрежелеринде каралган (элдик курултай, айылдык жана шаардык жыйындар, жергиликтүү кеңеш тарабынан кабыл алынган) айып акчасы 50 000 сомдон, 100 000 сомго чейин жазаларынын өлчөмдөрү, салынган айыптарды төлөө мөөнөтү жана тартиби каралат.

 

 

Ноокат шаар кеңешинин

жооптуу катчысы:                                                                     М.Ярматов