М А З М У Н У

№ п/п

Токтом №

Токтом датасы

Кыска мазмуну

1.

№1

25.08.2022

Ноокат шаардык кеңешинин регламентине толуктоо киргизүү жөнүндө

2.

№2

25.08.2022

Ноокат шаар мэриясынын 2022-жылдын биринчи жарым жылдыгында аткарган иштери жана жергиликтүү бюджеттин аткарылышы тууралуу Ноокат шаарынын мэри У.Турганбаевдин отчету жөнүндө

3.

№3

25.08.2022

Ноокат шаар мэриясынын алдындагы "Ноокат-Жылуулук" муниципалдык ишканасын жетекчиси Э.Насировдун 2022-жылдын 6 ай ичинде аткарган иштери жөнүндө маалыматы жөнүндө

4.

№4

25.08.2022

Ноокат шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин директору Ч.Самиевдин 2022-жылдын 6 ай ичинде аткарган иштери жөнүндө маалыматы жөнүндө

5.

№5

25.08.2022

Ноокат шаар мэриясынын алдындагы "Ноокат-Тазалык" муниципалдык ишканасынын жетекчиси Ө.Кылановдун 2022-жылдын 6 ай ичинде аткарган иштери тууралуу маалыматы жөнүндө

6.

№6

25.08.2022

Ноокат шаардык кеңешинин туруктуу комиссияларынын мүчөлөрүнө өзгөртүү киргизүү жөнүндө

7.

№7

25.08.2022

Ноокат шаар мэриясынын 2022-2024-жылдарга карата социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын бекитүү жөнүндө

8.

8

25.08.2022

"Ноокат жылуулук камсыздоо" муниципалдык ишканасына от казандарды оңдоп-түзөө, жылуулук менен камсыздоо каражаттарын сатып алуу үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө

9.

9

25.08.2022

"Ноокат шаарын ичүүчү суу системаларын реаблитациялоо жана саркынды суулардын системасын куруу" долбоорун ишке ашырууда Европа Реконструкциялоо жана Өнүктүрү Банкы жана Ноокат шаары ортосунда түзүлгөн кредиттик келишиминин II-беренесинин 2-чи бөлүгүнүн (g) пунктунун негизинде кредиттик каражаттарын резерв кылуу үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө

 

 

 

 

 

1

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Ноокат шаардык Кенешинин VI чакырылышынын кезексиз XIII сессиясы

Т О К Т О М

Ноокат шаары

№1

25.08.2022

 

Ноокат шаардык кеңешинин регламентине толуктоо киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү" мыйзамын жетекчиликке алып, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Ноокат шаардык кеңештин Регламентине толуктоо киргизүү менен тиркемеге ылайык бекитилсин. (Тиркелет).

2.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмдө калтырам.

Ноокат шаардык Кенешинин  төрагасы 

 

Б. Мадмаров                  

ТИРКЕМЕ №1

 

Назад

 

 

 

 

2

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Ноокат шаардык Кенешинин VI чакырылышынын кезексиз XIII сессиясы

Т О К Т О М

Ноокат шаары

№2

25.08.2022

 

Ноокат шаар мэриясынын 2022-жылдын биринчи жарым жылдыгында аткарган иштери жана жергиликтүү бюджеттин аткарылышы тууралуу Ноокат шаарынын мэри У.Турганбаевдин отчету жөнүндө

Ноокат шаар мэриясынын 2022-жылдын биринчи жарым жылдыгында аткарган иштери жана жергиликтүү бюджеттин аткарылышы тууралуу Ноокат шаарынын мэри У.Турганбаевдин отчету жөнүндө Ноокат шаардык кеңешинин депутаттарынын жана шаар тургундарынын сын-пикирлерин эске алып, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2,6-бөлүкчөлөрүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Ноокат шаарынын мэри У.Турганбаевдин 2022-жылдын биринчи жарым жылдыгында аткарган жумуштары кемчиликтери менен канааттандырарлык деп табылсын.

2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кеңешинин алдындагы мыйзамдуулукту сактоо, мандат, депутаттык этика, өз алдынча башкаруу, коомдук уюмдар, дин иштери боюнча туруктуу комиссиясына жана Ноокат шаардык кенешинин төрагасынын орун басары Г.Дуванаевага милдеттендирилсин.

Ноокат шаардык Кенешинин  төрагасы 

 

Б. Мадмаров                  

 

 

Назад

 

 

3

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Ноокат шаардык Кенешинин VI чакырылышынын кезексиз XIII сессиясы

Т О К Т О М

Ноокат шаары

№3

25.08.2022

 

Ноокат шаар мэриясынын алдындагы "Ноокат-Жылуулук" муниципалдык ишканасын жетекчиси Э.Насировдун 2022-жылдын 6 ай ичинде аткарган иштери жөнүндө маалыматы жөнүндө

Ноокат шаар мэриясынын алдындагы "Ноокат-Жылуулук" муниципалдык ишканасын жетекчиси Э.Насировдун 2022-жылдын 6 ай ичинде аткарган иштери жөнүндө маалыматы жөнүндө Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын берген сунушунун негизинде, сессиянын отурумундагы депутаттардын сын пикирлери менен сунуштарын эске алып, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2,6-бөлүктөрүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

            1.Ноокат шаар мэриясынын алдындагы "Ноокат-Жылуулук" муниципалдык ишканасын жетекчиси Э.Насировдун 2022-жылдын 6 ай ичинде аткарган иштери канааттандырарлык эмес деп табылсын.

2. Ноокат шаарынын аймагындагы социалдык обөектердин, көп кабаттуу үйлөрдүн, билим берүү жана мектепке чейинки билим берүү ошондой эле мэриянын имаратын жылуулук менен камсыздоо жагын уюштуруу "Ноокат-Жылуулук" муниципалдык ишканасынына милдеттендирүү Ноокат шаарынын мэри У.Турганбаевге сунушталсын.

            3. Күз-кыш мезгилине даярдык көрүү, от казандарды оңдоп-түзөө, жылуулук менен камсыздоо каражаттарын сатып алууга бюджеттен бөлүнгөн акча каражаттарын өз мөнөөтүндө мекеменин эсептик счетуна которуп берүү жагы Ноокат шаар мэриясынын ФЭБ башчысына жүктөлсүн.

4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына жана Ноокат шаардык кеңешинин депутаты О.Ж.Тургунбаевге жүктөлсүн.

Ноокат шаардык Кенешинин  төрагасы 

 

Б. Мадмаров                  

 

 

Назад

 

 

4

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Ноокат шаардык Кенешинин VI чакырылышынын кезексиз XIII сессиясы

Т О К Т О М

Ноокат шаары

№4

25.08.2022

 

Ноокат шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин директору Ч.Самиевдин 2022-жылдын 6 ай ичинде аткарган иштери жөнүндө маалыматы жөнүндө

Ноокат шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин директору Ч.Самиевдин 2022-жылдын 6 ай ичинде аткарган иштери жөнүндө маалыматын угуп, Ноокат шаар мэриясынын бюджетинин кирешелеринин азайышына аткарган иштери негиз болгондуктан жана Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын берген сунушунун негизинде, сессиянын отурумундагы депутаттардын сын пикирлери менен сунуштарын эске алып, Кыргыз Республикасынын №101 "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү" Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2,6-бөлүкчөлөрүнө ылайык Ноокат шаардык кеңешинин отуруму

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Ноокат шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин директору Ч.Самиевдин 2022-жылдын 6 ай ичинде аткарган иштери канааттандыраарлык эмес деп табылсын.

2.Ноокат шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин директору Ч.Самиевдин кетирилген кемчиликтеринин алдын алуу, жоюу жана мындан кийин кайталанбоосун камсыз кылуу, мыйзамдуу талаптарды толук өз убагында жана жеткиликтуу аткаруу жагы Ч.Самиевге жана көзөмөлдөп аткаруу жагын Ноокат шаарынын мэри У.Турганбаевге эскертилсин.

 3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына жана Ноокат шаардык кеңешинин депутаты О.Ж.Тургунбаевге жүктөлсүн.

Ноокат шаардык Кенешинин  төрагасы 

 

Б. Мадмаров                   

 

 

Назад

 

 

5

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Ноокат шаардык Кенешинин VI чакырылышынын кезексиз XIII сессиясы

Т О К Т О М

Ноокат шаары

№5

25.08.2022

 

Ноокат шаар мэриясынын алдындагы "Ноокат-Тазалык" муниципалдык ишканасынын жетекчиси Ө.Кылановдун 2022-жылдын 6 ай ичинде аткарган иштери тууралуу маалыматы жөнүндө

Ноокат шаар мэриясынын алдындагы "Ноокат-Тазалык" муниципалдык ишканасынын жетекчиси Ө.Кылановдун 2022-жылдын биринчи жарым жылдагы жүргүзгөн иштери боюнча отчетун угуп, жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын эсебинен күтүлгөн бюджеттик мекемелерде жана уюмдарда инвентаризациялоону жүргүзүүнү жана Ноокат шаарынын тазалыгын уюштуруу боюнча шаардын аймагындагы чарбалык, мамлекеттик жана муниципалдык ишканалар менен таштандыларды ташып чыгарууга байланышкан төлөмдөрүн көбөйтүү максатында, жеткиликтуу уюштуруу иштеринин жүргүзүү сунушталат, Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын берген сунушунун негизинде сессиянын отурумундагы депутаттардын сын пикирлери менен сунуштарын эске алып, Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын №101 "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү" 31-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2,6-бөлүкчөлөрүнө ылайык Ноокат шаардык кеңешинин отуруму

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Ноокат шаар мэриясынын алдындагы "Ноокат-Тазалык" муниципалдык ишканасынын директору Ө.Кылановдун 2022-жылдын биринчи жарым жылдыгында аткарган иштеринин кемчиликтери менен канааттандыраарлык деп табылсын.

2.Ноокат шаар мэриясынын алдындагы "Ноокат-Тазалык" муниципалдык ишканасынын директору Ө.Кылановдун кетирген кемчиликтеринин алдын алуу, жоюу жана мындан кийин кайталанбоосун камсыз кылуу, мыйзамдуу талаптарды толук өз убагында жана жеткиликтуу аткаруу жагы "Ноокат-Тазалык" муниципалдык ишканасынын директору Ө.Кылановго жана көзөмөлдөп аткаруусу Ноокат шаарынын мэри У.Турганбаевге эскертилсин.

3.Ноокат шаар мэриясынын алдындагы "Ноокат-Тазалык" муниципалдык ишканасынын өздүк бюджеттин көбөйтүү максатында: шаардын аймагындагы чарбалык, мамлекеттик жана муниципалдык ишканалар менен таштандыларды ташып чыгарууга байланышкан келишимдерди түзүү, 2022-жылдын 1-октябрына чейин бюджетти жандандыруу жагын аткарууну Ө.Кылановго, сапаттуу аткарууну камсыздоо жана тийиштүү чараларды көрүүсү Ноокат шаарынын мэри У.Турганбаевге жүктөлсүн

4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына жана Ноокат шаардык кеңешинин депутаты О.Ж.Тургунбаевге жүктөлсүн.

Ноокат шаардык Кенешинин  төрагасы 

 

Б. Мадмаров                   

 

 

Назад

 

 

6

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Ноокат шаардык Кенешинин VI чакырылышынын кезексиз XIII сессиясы

Т О К Т О М

Ноокат шаары

№6

25.08.2022

 

Ноокат шаардык кеңешинин туруктуу комиссияларынын мүчөлөрүнө өзгөртүү киргизүү жөнүндө

 Жогорудагы маселени угуп жана талкуулап, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

 1.Ноокат шаардык кеңешинин туруктуу комиссиялары төмөндөгү составда бекитилсин:

I .Мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, өз алдынча башкаруу, регламент, депутаттык этика, мандат, жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, коомдук уюмдар, дин иштери маселелери боюнча:

 -Айтматов Бектемир Бекташович -комиссиянын төрагасы

 -Жееналиева Галина Закировна -комиссиянын төрагасынын орун басары

Мүчөлөрү:

 -Имамов Зиедилло Юлдашваевич

 -Нурманбетов Султангазы

 -Ураимов Набижон Зикирияевич

II. Бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча :

 -Кодиралиев Абдилвохоп Абдилахатович -комиссиянын төрагасы.

 -Тургунбаев Омурбек Жоробаевич -комиссия төрайымынын орун басары

Мүчөлөрү:

 -Маманазаров Турсумамат Розалиевич

 -Абдибаитов Нурсултан Алымкулович

 -Арапова Гульбара Ураимжановна

III. Билим берүү, саламаттыкты сактоо, жаштар иштери, спорт, маданият, туризм, социалдык маселелер боюнча:

 -Имарова Ирсалат-комиссиянын төрагасы.

 - Орозалиева Айгуль Батырбековна-комиссиянын төрагасынын орун басары

Мүчөлөрү:

 -Асанова Насиба Акимовна

 -Тажибаева Айлархан Юлдашевна

IV .Муниципиалдык менчик, өнөржай, курулуш, экология, архитектура, транспорт, агрардык маселелер жана энергетика боюнча:

 -Маткосимов Хокимжон Абдилхакович -комиссиянын төрагасы.

 -Кадирбаев Турдумахамат Турсункулович -комиссиянын төрагасынын орун басары

Мүчөлөрү:

 -Тайлаков Акрамжон Маматкурбанович

 -Гафаров Абдрахман Мамадумарович

2.Токтомду аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө аламын.

Ноокат шаардык Кенешинин  төрагасы 

 

Б. Мадмаров                  

 

 

Назад

 

 

7

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Ноокат шаардык Кенешинин VI чакырылышынын кезексиз XIII сессиясы

Т О К Т О М

Ноокат шаары

№7

25.08.2022

 

Ноокат шаар мэриясынын 2022-2024-жылдарга карата социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын бекитүү жөнүндө

 Шаардын экономикасын көтөрүү жана калктын жашоо шартын жакшыртуу, көйгөйлүү маселелерин чечүү максатында шаардын аймактарына инвестицияларды тартуу багытында Ноокат шаар мэриясынын 2022-2024-жылдарга карата социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын бекитүү жөнүндө Ноокат шаардык мэриясынын сунушунун негизинде Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясы жана Ноокат шаардык кеңешинин алдындагы мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, өз алдынча башкаруу, регламент, депутаттык этика, мандат, жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, коомдук уюмдар, дин иштери маселелери боюнча туруктуу комиссияларынын кошмо жыйынынын берген тактамасын карап чыгып, сессиянын отурумундагы депутаттардын сын пикирлери менен сунуштарын, Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү", "КР Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндөгү", КР Жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча ченемдик укуктук актыларынын 4-главасындагы Жергиликтүү кенештердин ишинин уюштуруучулук-укуктук негиздери боюнча 31-беренесинин 3-пунктуна ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин регламентинин талаптарын эске алып, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Ноокат шаар мэриясынын 2022-2024-жылдарга карата социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасы каталары менен кемчиликтерин эске алып, бекитилсин. Келтирилген каталары жоюлуп, кемчиликтерди четтетип, Ноокат шаардык кеңеши тарабынан кабыл алынган 2022-жылдын 04-мартындагы №1-сандуу токтомунун кортунду бөлүгүндөгү №1-п., №3-п., №16-п., №17-п., №18-п., №21-п. көрсөтүлгөн, аткарылбастан созулуп келе жаткан (Ленин, Ханкелдиев, Т.Камалов, А.Лутфуллаев жана С.Алимбаев атындагы көчөлөрдүн тротуарлардын ачуу, оңдоо, асфальтоо иш чаралары) иш чараларды Ноокат шаардык мэриясы тарабынан 2022-2024-ж.ж социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасына киргизип, өз мөөнөтүндө аткаруу жагы Ноокат шаарынын мэрине жүктөлсүн.

(Тиркеме тиркелет)

 2.Токтомдун көчүрмөсүн аткаруу жана маалымат үчүн тийиштуу тараптарга жонотулсун.

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына жана Ноокат шаардык кеңешинин депутаттары Т.Т.Кадирбаевге, Г.К. Дуванаевага жүктөлсүн.

Ноокат шаардык Кенешинин  төрагасы 

 

Б. Мадмаров                  

ТИРКЕМЕ №2

 

Назад

 

 

 

 

8

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Ноокат шаардык Кенешинин VI чакырылышынын кезексиз XIII сессиясы

Т О К Т О М

Ноокат шаары

№8

25.08.2022

 

"Ноокат жылуулук камсыздоо" муниципалдык ишканасына от казандарды оңдоп-түзөө, жылуулук менен камсыздоо каражаттарын сатып алуу үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө

"Ноокат жылуулукту камсыздоо" муниципалдык ишканасына от казандарды оңдоп-түзөө, жылуулук менен камсыздоо каражаттарын сатып алуу үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндөгү Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесине ылайык, сессиянын отурумундагы депутаттардын сын пикирлери менен сунуштарын эске алып, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Ноокат шаар мэриясынын бюджетинин жети ай ичинде ашыкча түшкөн акча каражаты эсебинен "Ноокат жылуулук камсыздоо" муниципалдык ишканасына от казандарды оңдоп-түзөө, жылуулук менен камсыздоо каражаттарын сатып алуу үчүн 1 665 700 (бир миллион алты жүз алтымыш беш миң жети жүз) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.

2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымынын орун басары О.Ж.Тургунбаевге тапшырылсын.

Ноокат шаардык Кенешинин  төрагасы 

 

Б. Мадмаров                  

 

 

Назад

 

 

9

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Ноокат шаардык Кенешинин VI чакырылышынын кезексиз XIII сессиясы

Т О К Т О М

Ноокат шаары

№9

25.08.2022

 

"Ноокат шаарын ичүүчү суу системаларын реаблитациялоо жана саркынды суулардын системасын куруу" долбоорун ишке ашырууда Европа Реконструкциялоо жана Өнүктүрү Банкы жана Ноокат шаары ортосунда түзүлгөн кредиттик келишиминин II-беренесинин 2-чи бөлүгүнүн (g) пунктунун негизинде кредиттик каражаттарын резерв кылуу үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө

 Ноокат шаар мэриясынын бюджетинин жети ай ичинде ашыкча түшкөн акча каражаты эсебинен "Ноокат шаарын ичүүчү суу системаларын реаблитациялоо жана саркынды суулардын системасын куруу" долбоорун ишке ашырууда Европа Реконструкциялоо жана Өнүктүрү Банкы жана Ноокат шаары ортосунда түзүлгөн кредиттик келишиминин II-беренесинин 2-чи бөлүгүнүн (g) пунктунун негизинде кредиттик каражаттарын резерв кылуу үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын берген сунушунун негизинде сессиянын отурумундагы депутаттардын сын пикирлери менен сунуштарын эске алып, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Ноокат шаар мэриясынын бюджетинин жети ай ичинде ашыкча түшкөн акча каражаты эсебинен "Ноокат шаарын ичүүчү суу системаларын реаблитациялоо жана саркынды суулардын системасын куруу" долбоорун ишке ашырууда Европа Реконструкциялоо жана Өнүктүрү Банкы жана Ноокат шаары ортосунда түзүлгөн кредиттик келишиминин II-беренесинин 2-чи бөлүгүнүн (g) пунктунун негизинде кредиттик каражаттарын резерв кылуу үчүн 1 000 000 (бир миллион) сом акча каражаты ажыратып берилсин.

2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына жана Ноокат шаардык кеңешинин депутаты Г.Араповага жүктөлсүн.

Ноокат шаардык Кенешинин  төрагасы 

 

Б. Мадмаров                  

 

 

Назад