М А З М У Н У

№ п/п

Токтом №

Токтом датасы

Кыска мазмуну

1.

№ 1

15.02.2022

Ноокат шаарына караштуу  А.Абдуваитов атындагы орто мектебине, "Ынтымак" толук эмес  орто  мектебине балдар үчүн спорт аянтчасын курууга, У.Салиева атындагы мектепке чейинки билим берүү мекемесин капиталдык оңдоп түзөө жана ажатакана  куруу жумуштарына   акча каражатын ажыратып  берүү жөнүндө

2.

№ 2

15.02.2022

Ноокат шаар мэриясынын жана шаар мэриясынын алдындагы түзүмдүк бөлүмдөргө Жаны-жылдык балатыны жасалгалоо үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө

3.

№ 3

15.02.2022

Ноокат шаар аймагындагы социалдык абалы начар аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөгү жана мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга жаны-жылдык белек берүү үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө

4.

№ 4

15.02.2022

Ноокат шаар аймагындагы социалдык абалы начар аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө көмүр сатып алуу үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө

1

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Ноокат шаардык Кенешинин VI чакырылышынын кезексиз XVI сессиясы

Т О К Т О М

Ноокат шаары

 Ноокат шаар мэриясынын "Дем берүүчү (үлүштүк)" гранттардын эсебинен Ноокат шаарына караштуу А.Абдуваитов атындагы орто мектебине, "Ынтымак" толук эмес орто мектебине балдар үчүн спорт аянтчасын курууга, У.Салиева атындагы мектепке чейинки билим берүү мекемесин капиталдык оңдоп түзөө жана ажатакана куруу жумуштарына акча каражатын 2023-жылдын бюджетине сунуштоо жөнүндө Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде, сессиянын отурумундагы депутаттардын сунуштарын эске алып, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 1."Дем берүүчү (үлүштүк)" гранттын эсебинен тапшырылуучу долбоорлорго өздүк салымга Ноокат шаарына караштуу А.Абдуваитов атындагы орто мектебине 700 000 (жети жүз миң) сом, "Ынтымак" толук эмес орто мектебине 377 100 (үч жүз жетимиш жети миң бир жүз) сом акча каражатын балдар үчүн спорт аянтчасын курууга, ал эми У.Салиева атындагы мектепке чейинки билим берүү мекемесин капиталдык оңдоп түзөө жана ажатакана куруу жумуштарына 300 000 (үч жүз миң) сом акча каражаты үлүштүк дем берүүчү гранттын эсебинен жасоо үчүн өздүк салымына жалпысы болуп 1 377 100 сом (бир миллион үч жүз жетимиш жети миң бир жүз) сом 2023-жылдын бюджеттин долбооруна киргизилсин.

 2. Токтомду аткаруу жагы Ноокат шаарынын мэри У.К.Турганбаевке жүктөлсүн.

 3.Бул токтомду көзөмөлдөө жагы Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Кодиралиевке тапшырылсын.

Ноокат шаардык Кенешинин  төрагасы 

Б. Мадмаров                   

Назад

2

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Ноокат шаардык Кенешинин VI чакырылышынын кезексиз XVI сессиясы

Т О К Т О М

Ноокат шаары

№ 2

15.02.2022

Ноокат шаар мэриясынын жана шаар мэриясынын алдындагы түзүмдүк бөлүмдөргө Жаны-жылдык балатыны жасалгалоо үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө

Ноокат шаар мэриясынын жана шаар мэриясынын алдындагы түзүмдүк бөлүмдөргө Жаны-жылдык балатыны жасалгалоо үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндөгү Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ноокат шаар мэриясынын 2022-жылдын бюджетинин он бир ай ичинде ашыкча түшкөн акча каражатынын эсебинен Ноокат шаар мэриясынын жана шаар мэриясынын алдындагы түзүмдүк бөлүмдөргө Жаны-жылдык балатыны жасалгалоо үчүн 345 000 ( үч жүз кырк беш миң) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.

2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Ноокат шаардык Кенешинин  төрагасы 

Б. Мадмаров                  

Назад

3

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Ноокат шаардык Кенешинин VI чакырылышынын кезексиз XVI сессиясы

Т О К Т О М

Ноокат шаары

№ 3

15.02.2022

Ноокат шаар аймагындагы социалдык абалы начар аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөгү жана мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга жаны-жылдык белек берүү үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө

Ноокат шаар аймагындагы социалдык абалы начар аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөгү жана мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга жаны-жылдык белек берүү үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндөгү Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Ноокат шаар мэриясынын 2022-жылдын бюджетинин он бир ай ичинде ашыкча түшкөн акча каражатынын эсебинен Ноокат шаар аймагындагы социалдык абалы начар аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөгү жана мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга жаны-жылдык белек берүү үчүн 165 000 ( бир жүз алтымыш беш миң) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.

2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Ноокат шаардык Кенешинин  төрагасы 

Б. Мадмаров                  

Назад

4

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Ноокат шаардык Кенешинин VI чакырылышынын кезексиз XVI сессиясы

Т О К Т О М

Ноокат шаары

№ 4

15.02.2022

Ноокат шаар аймагындагы социалдык абалы начар аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө көмүр сатып алуу үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө

Ноокат шаар аймагындагы социалдык абалы начар аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө көмүр сатып алуу үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндөгү Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ноокат шаар мэриясынын 2022-жылдын бюджетинин он бир ай ичинде ашыкча түшкөн акча каражатынын эсебинен Ноокат шаар аймагындагы социалдык абалы начар аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө көмүр сатып алуу үчүн 360 000 (үч жүз алтымыш миң) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.