Описание: Описание: Описание: Автоматически созданный замещающий текст:  
Ноокат шаардык кеңеши 
ТОКТОМ    №1                                                 
Ноокат шаардык кеңешинин VI чакырылышынын  кезексиз XVIII  сессиясы 
Ноокат шаары                                                                                  27-март   2023-жыл                  
Ноокат шаар мэриясынын 2022-жылда 
аткарган иштери жана жергиликтүү 
бюджеттин аткарылышы тууралуу Ноокат 
шаарынын мэри У.Турганбаевдин отчету 
жөнүндө 
Ноокат шаар мэриясынын 2022-жылда аткарган иштери жана жергиликтүү 
бюджеттин аткарылышы тууралуу Ноокат шаарынын мэри У.Турганбаевдин отчету 
жөнүндө Ноокат шаардык кеңешинин депутаттарынын жана шаар тургундарынын  сын-
пикирлерин эске алып,  “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү”  Кыргыз 
Республикасынын мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2,6-бөлүкчөлөрүнө ылайык, 
Ноокат шаардык кеңешинин  отуруму
 
                               Токтом кылат: 
1.Ноокат шаарынын мэри У.Турганбаевдин 2022-жылда аткарган жумуштары 
кемчиликтерин эске алуу менен канааттандырарлык  деп табылсын. 
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кеңешинин алдындагы  
мыйзамдуулукту сактоо,  мандат, депутаттык этика,  өз алдынча башкаруу, коомдук  
уюмдар, дин иштери боюнча  туруктуу комиссиясына жүктөлсүн. 
 
                     Төрага:-                                                                              Б.Мадмаров

 

Описание: Описание: Описание: Автоматически созданный замещающий текст:  
Ноокат шаардык кеңеши 
ТОКТОМ    №2                                                 
Ноокат шаардык кеңешинин VI чакырылышынын  кезексиз XVIII  сессиясы 
Ноокат шаары                                                                                  27-март   2023-жыл                  
Ноокат шаарынын аймагын көрктөндүрүү, 
жашылдандыруу, тазалыкты сактоо боюнча 
типтүү эрежелерин бекитүү жөнүндө. 
        Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 “Жергиликтүү 
мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары 
жөнүндө”, 2002-жылдын 15-мартындагы №37 “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” 
2001-жылдын 13-ноябрындагы №89 “Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө”, 
1999-жылдын 16-июнундагы №53 “Айлана чөйрөнү коргоо жөнүндө”, мыйзамдарына 
ылайык Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 6-сентябрындагы ПЖ 
№305 “Улуттук тазалык күнү” жана 2023-2025-жылдар мезгилине тиричилик 
калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш-аракеттер 
планы жөнүндө” Жарлыгын аткарууга алуу жана Ноокат шаарынын аймагынын 
территориясын санитардык тазалоо жана көрктөндүрүү  иш-чараларды эффективдүү 
уюштуруу максатында Ноокат шаардык кеңеши 
Т О К Т О М  К Ы Л А Т: 
1.Ноокат шаарынын аймагын көрктөндүрүү, жашылдандыруу, тазалыкты сактоо 
боюнча типтүү эрежелери №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.  
2.Ушул токтом массалык  маалымат каражаттарында жарыяласын. 
3.Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын укуктук нормативдик актылар 
реестрине киргизүү үчүн Ош облустук юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн. 
4.Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Мыйзамдуулукту,  укук 
тартибин  сактоо,  өз алдынча  башкаруу,   регламент, депутаттык  этика, мандат, 
жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, коомдук уюмдар,  дин иштери  
маселелери  боюнча туруктуу комиссиясына  
жана Ноокат шаарынын мэри                    
У.К. Турганбаевке тапшырылсын. 
 
 Төрага:                                                                           Б.Мадмаров

 

Описание: Описание: Описание: Автоматически созданный замещающий текст: Ноокат шаардык кеңешинин 2023-жылдын 
27-мартындагы VI чакырылыш XVIII сессиясынын  
№XVIII-2  токтомуна
 1
-тиркеме 
Ноокат шаарынын аймагында көрктөндүрүү, жашылдандыруу, тазалыкты сактоо боюнча 
типтүү эрежелери 
 
§1. Жалпы жоболор 
  
1.
 
Ноокат шаарынын аймагында көрктөндүрүү, жашылдандыруу, тазалыкты сактоо 
боюнча типтүү эрежелери (мындан ары - Эрежелер) Кыргыз Республикасынын укук 
бузуулар жөнүндө кодексине, “Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө”, 
“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу 
органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына, “Улуттук тазалык күнү 
жана 2023-2025-жылдар мезгилине тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу 
инфраструктура түзүү боюнча иш-аракеттер планы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 
Президентинин 2022-жылдын 6-сентябрындагы №305 Жарлыгына жана калктуу 
конуштарды тышкы көрктөндүрүү жана айлана-чөйрөнү коргоонун абалына талаптарды 
аныктаган Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык 
иштелип чыккан.
 
2.
 
Эрежелер тышкы көрктөндүрүү, жашылдандыруу жаатында бирдиктүү жана 
милдеттүү талаптарды белгилейт, менчигинин түрүнө карабастан бардык юридикалык 
жана жеке жактар үчүн шаардын  аймагын тазалоонун жана тейлөөнүн тартибин 
аныктайт. 
3.
 
Ноокат шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ушул Эрежелерде 
белгиленген көрктөндүрүү маселелери менен байланышкан жергиликтүү маанидеги 
маселелерди чечүү үчүн жоопкерчиликтүү болушат.  
4.
 
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы өз ыйгарым укуктарынын чегинде 
көрктөндүрүү маселелерин аткаруу боюнча кызмат көрсөтүүчүлөрдү аныктайт.  
  
 
 
§2. Негизги түшүнүктөр жана терминдер 
  
5.
 
Ушул Жободо төмөнкүдөй түшүнүктөр жана терминдер колдонулат:  
Абонент - 
тиричилик таштандыларын чыгаруу жана жок кылуу боюнча кызматтарды 
көрсөтүүгө келишим түзгөн же түзүүгө милдеттүү жеке же юридикалык жак;  
Калктуу конуштун сырткы келбетин көрктөндүрүү 
- калктуу конуштун айланасында 
калктын жашоосу жана эс алуусу үчүн жагымдуу шарттарды түзүүнү камсыз кылуучу 
иштердин жана элементтердин топтому;  
КТТК чыгаруу 
- атайын автотранспортторго ташып жүктөө, таштанды жайларын жана 
аларга кире бериш жерлерди төгүлгөн таштандылардан тазалоо, андан ары катуу 
калдыктарды чогултуучу жайлардан жок кылуу жайларына ташып жеткирүү;  
Газон
 – жасалма жол менен түзүлгөн чөп каптаган жер тилкеси түрүндө жашылдандыруу 
элементи;  
Бекитилген аймак 
- юридикалык же жеке жактардын менчигинде, ижарасында же 
пайдалануусунда имараттар, үй чарбалары, курулуштар жана башка объекттер жайгашкан 
аймак;

 

Описание: Описание: Описание: Автоматически созданный замещающий текст: Жашылдандырылган жерлер
 - жасалма түрүндө жана табигый өсүп чыккан бак-дарак, 
бадал жана чөп өсүмдүктөрү;  
Ири көлөмдүү таштандылар
 – керектөөдөн чыккан жана көлөмүнүн чоңдугуна 
байланыштуу атайын таштанды ташуучу унаалар менен ташууга  мүмкүн болбогон үй 
тиричилик жана чарбалык иштердин калдыктары (тиричилик техникасы, эмерек ж.б.); 
Контейнер аянтчасы
 - өндүрүштүн жана үй тиричиликте керектелген буюмдардын 
калдыктарын, катуу турмуш-тиричилик калдыктарын чогултуу жана убактылуу сактоо 
үчүн керектүү сандагы контейнерлер орнотулуп, атайын жабдылган аянт;  
Таштанды
 - ар кандай калдыктар, анын ичинде катуу турмуш-тиричилик калдыктары, 
ири көлөмдүү калдыктар, керектөө жана өндүрүш калдыктары;  
Уруксат берилбеген жерге ташталган таштандылар
 – чектелген аянтта көлөмү 30 куб 
метрден ашык юридикалык же жеке жактардын ишинин жүрүшүндө пайда болгон катуу 
турмуш-тиричилик калдыктары, көлөмдүү таштандыларды, өндүрүш жана курулуш 
калдыктарын, башка калдыктарды туш келген жерге (уруксатсыз) таштоо (жерге салуу) 
же сактоо.  
Парк 
- эс алууга жана көнүл ачуучу оюн-зоок өткөрүүгө арналган жалпы пайдалануудагы 
жашылдандырылган аймак;  
Катуу турмуш-тиричилик калдыктарды чогултуу, чыгаруу жана жок кылуу боюнча 
кызматтарды көрсөтүүчү (Ноокат –Тазалык МИ) 
– катуу турмуш-тиричилик 
калдыктарды чогултуу, ташып чыгаруу, жок кылуу жана калктуу конуштун аймагын 
санитардык тазалоо боюнча Ноокат шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык ишкана.  
Курчап турган айланадагы аймак
 - юридикалык же жеке жактардын менчигинде, 
ижарага алынган же пайдаланылган жер тилкесинин, имараттын, чарбалык курулуштун 
жана башка объекттердин чек араларына периметри боюнча тикелей чектеш, ижара 
укугунан бошотулган муниципалдык аймак; 
Коомдук келишим 
(ушул Эрежелер үчүн) - кызмат көрсөтүүчү менен керектөөчүнүн 
ортосунда түзүлгөн келишим, анда кызмат көрсөтүүчү ага кайрылган ар бир адамга карата 
аткарууга милдеттүү кызматтарды көрсөтүүчүнүн милдеттери белгиленген; 
Коомдук сунуш/оферта
 (ушул Эрежелер үчүн) – кызмат көрсөтүүчүнүн сунушу, андан 
сунуш киргизген кызмат көрсөтүүчүнүн сунушта көрсөтүлгөн шарттарда келишим түзүү 
эрки байкалат; 
Аймакты санитардык жактан тазалоо
 – аймакты тазалоо, көчөдөгү таштандыларды, 
калдыктарды чогултуу; 
Көчөдөгү таштандылар
 – жолдордо, тротуарларда, эс алуучу сейил бактарда жана башка 
коомдук жайларда пайда болгон таштандылардын түрү (көчө таштандылары), алар грунт, 
кум-таш, топурак, табигый өсүүчү бак дарактардын материалдары (жыгачтар, 
өсүмдүктөрдүн калдыктары), кагаз, картон, полиэтилен, айнек, чүпүрөк, металл жана 
башка материалдардан турат. 
Катуу турмуш-тиричилик калдыктары  (мындан ары  - КТТК)
 – адамдар күнүмдүк 
турмуш-тиричилигинде колдонгон, анын ичинде тамак-аш азыктарын жасоодон, турак 
үйлөрдү, үйдүн тегерегиндеги короолорду жана жалпы эл колдонуучу жайларды 
жыйноодон, турак жайларда үй жаныбарларын жана үй канаттууларын багуудан пайда 
болгон жана ошондой эле эскирген, үйдөгү пайдаланылбай калган буюмдардын 
калдыктары.

 

Описание: Описание: Описание: Автоматически созданный замещающий текст: §3. Катуу турмуш-тиричилик калдыктарды  
 чогултуу жана чыгаруу иштерин уюштуруу 
  
6.
 
Шаарга караштуу жерде жашаган же өзүнүн ишмердүүлүгүн жүргүзгөн физикалык 
же юридикалык тараптар (абоненттер) КТТК ташып чыгаруу кызматын көрсөтүүчү менен 
КТТК ташып чыгаруу боюнча келишимдерди түзүүгө милдеттүү. 
7.
 
Жеке турак жайларда жана көп кабаттуу үйлөрдө жашаган тургундарга КР 
Жарандык кодексинин нормаларына ылайык коомдук келишимдерди же коомдук 
офертанын негизиндеги келишимдерди түзүүгө жол берилет. 
8.
 
Ноокат шаарынын аймагынын жерлеринде КТТКны төмөнкү фракциялар боюнча 
милдеттүү түрдө сорттоо жүргүзүү киргизилет: 
1)
 
Пластик бөтөлкөлөр, полиэтилен баштыктар, кагаз-картон сыяктуу кайра 
иштетүүчү калдыктар; 
2)
 
Мөмө-жемиштер, жашылчалар түрүндөгү органикалык калдыктар; 
3)
 
Калдыктар, сөөк, айнек, темир тезек буюмдары, от жаккандан чыккан күл 
сыяктуу кайра иштетилбеген таштандылар. 
9.
 
Жеке турак жайларда жашаган тургундар калдыктарды мүшөктөргө бөлүштүрүп 
иргейт.   
10.
 
Тургундар кварталдын/айылдын чогулушунда кийинки ташып чыгуу үчүн 
калдыктарды сактоочу жайларды макулдашат.  
11.
 
Кызмат көрсөтүүчү өзүнүн мүмкүнчүлүгүнө жараша тургундарды кайра 
иштетүүчү калдыктарды сорттоп салуу үчүн мүшөктөр менен камсыздайт.   
12.
 
Абонент кайра иштетилүүчү калдыктарды иргөө/сорттоо боюнча өзүнүн 
милдеттенмелерин адилеттүүлүк менен аткарган учурда, кызмат көрсөтүүчү андай кардар 
үчүн тарифтик бааны төмөндөтүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгат. 
13.
 
Көп кабаттуу үйлөрдө жашаган тургундар калдыктарды контейнерлерге 
чогултат.  
14.
 
Контейнер аянтчаларынын бети асфальтталып же бетон менен жабылып, 
кирип-чыгууга ыңгайлуу жолдун боюнда эңкейиште жайгашууга тийиш. 
15.
 
Контейнер аянтчаларынан ага жакын жайгашкан жерге таштандылар 
жайылбашы үчүн үч тарабынан тосулган тосмосу болушу керек. Контейнер аянтчаларын 
белгиленген тартипте иштелип чыккан жана макулдашылган жеке долбоорлор (эскиздер) 
боюнча жабык типтеги даярдоого жол берилет.  
16.
 
Контейнерлер дезинфекциялоочу каражаттар менен жууп тазаланып турушу 
керек. 
17.
 
Контейнер аянтчаларын тазалоо (жыйноо) үчүн жоопкерчилик 
төмөнкүлөргө жүктөлөт: 
-
 
жалпы колдонуудагы муниципалдык аймактарда жайгашкан контейнер 
аянтчалары - кызмат көрсөтүүчүгө; 
-
 
ижарадагы, ээлик кылуудагы, пайдалануудагы аймактарда жайгашкандар 
боюнча – ведомстволордо, мекеме-уюмдарда, ишканаларда жана башка чарба 
жүргүзүүчү субъекттерде, физикалык жана юридикалык тараптарда болот; 
18.
 
Таштандылар салынган мүшөктөрдү же контейнерлердеги калдыктарды 
жүктөө учурунда чачылган таштандылар үчүн жоопкерчилик кызмат көрсөтүүчүгө 
жүктөлөт.  
19.
 
Чарба ишмердүүлүгүн жүргүзүүчү мекеме-уюмдардын таштандыларын 
чогултуу жана убактылуу сактоо ошол ишканалардын ушул максат үчүн атайын 
жабдылган шаймандарынын күчү менен ишке ашырылат. 
20.
 
Таштанды салынган мүшөктөрдү чогултуучу аянттардын же  таштандылар 
салынган мүшөктөрдүн ашып-ташып жыйылып кетишине, контейнерлердеги 
таштандыларды өрттөөгө жол берилбейт. Таштандылар графиги боюнча өз убагында 
ташылып кетүүгө тийиш.

 

Описание: Описание: Описание: Автоматически созданный замещающий текст: 21.
 
Контейнер аянтчаларын жана контейнерлерди эксплуатациялаган жана 
тейлеген мекеме-уюмдар өз убагында ремонттоп, оңдоо иштерин жүргүзүп, 
пайдалануудан чыккан контейнерлерди алмаштыруусу керек.  
22.
 
Таштандыларды чогултуу үчүн жайлар, же контейнерлер жергиликтүү өз 
алдынча башкаруунун аткаруу органы, айыл башчылары, кварталдык комитеттер жана 
катуу турмуш-тиричилик калдыктарды
  
чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүчү менен 
макулдашуу боюнча атайын жабдылган аянтчаларга коюлат.  
23.
 
Жолдун өтүүчү бөлүгүнө, тротуарларга, газондорго, ошондой эле 
ирригациялык каналдардан 10 метрден жакын аралыкка таштанды салынган мүшөктөрдү 
коюуга жана контейнерлерди орнотууга тыюу салынат. 
24.
 
Түзүлгөн келишимдерге ылайык абоненттерден таштандыларды чыгаруу 
катуу турмуш-тиричилик калдыктарды
  
чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүчү тарабынан 
ишке ашырылат.  
25.
 
Кызмат көрсөтүүчүнүн тейлөөсүнө кирбеген юридикалык жактар 
таштандыларды өздүк автотранспорт каражаттары менен таштанды жайларына ташып 
чыгарышат.  
26.
 
Түзүлгөн келишимдерге ылайык, абоненттерден катуу турмуш-тиричилик 
калдыктарды  ташып чыгаруу үчүн төлөмдөр шаардык кеңеш бекиткен тарифке ылайык 
алынат.  
27.
 
Юридикалык жана жеке жактар 
 
катуу турмуш-тиричилик калдыктарды
  
чыгаруу жана жок кылуу боюнча кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү Ноокат шаардык 
кеңешинин ченемдик укуктук актыларына жана кызмат көрсөтүүчү менен түзүлгөн 
келишимдерге ылайык өз убагында жана толук көлөмдө төлөөгө милдеттүү. 
28.
 
27-пунктта көрсөтүлгөн талаптар аткарылбаса, Кыргыз Республикасынын 
укук бузуулар жөнүндө кодексинин ченемдерине ылайык, көрктөндүрүү эрежелерин 
бузгандыгы үчүн жоопкерчилик тартат.  
29.
 
Көлөмдүү таштандыларды (калдыктарды) чыгаруу үчүн жоопкерчилик ири 
өлчөмдөгү калдыктарга ээ болгон ишканаларга, мекемелерге жана жеке жактарга 
жүктөлөт.  
30.
 
Кыймылсыз объекттерди курууну жана (же) оңдоону жүзөгө ашыруучу жеке 
жана юридикалык жактар ишти баштоонун алдында курулуш калдыктарын чыгаруу 
боюнча келишимдерди түзүүгө, аларды өз алдынча (таштанды чыгаруу келишимине 
ылайык) же таштанды чыгаруучу кызмат көрсөтүүчү менен түзүлгөн келишим боюнча 
алып чыгууга милдеттүү.  
31.
 
Газондорду түшкөн жалбырактардан тазалоо, бак-дарактарды санитардык 
кыркуу, бак-дарактарды кыюу, тосмолорду бузуу, чөптөрдү чабуу жана башка иштердин 
натыйжасында пайда болгон таштандылар 
 
катуу турмуш-тиричилик калдыктарды 
чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүчү тарабынан жүзөгө ашырылат.  
32.
 
Муниципалдык көчөлөрдү жана аянттарды муниципалдык заказ боюнча 
тазалоонун натыйжасында пайда болгон көчө таштандыларын чыгарууну 
 
катуу турмуш-
тиричилик калдыктарды чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүчү ишке ашырат. 
33.
 
Көчөлөргө, базарларга, сейил бактарга жана башка коомдук жайларга 
таштанды челектерин орнотуу зарыл.   
34.
 
Калк массалык түрдө баруучу жайларда таштанды челектер бири-биринен 
50 метр аралыкта жайгаштырылат. Көчөлөрдө бири-биринен 100 метрге чейинки аралыкта 
болот. Таштанды челектер ар бир кире бериштеги көп кабаттуу турак жайлардын 
короолорунда болушу керек. Жүргүнчүлөрдү ташуучу коомдук транспорттун 
аялдамаларында жана мекеме-уюмдарга кире бериште таштанды челектердин саны экиден 
кем эмес болууга тийиш. 
35.
 
Таштанды челектер бекитилип берилген аймактарды тейлөөгө жооптуу жеке 
жана юридикалык жактар тарабынан өз каражаттарынын эсебинен орнотулат.

 

Описание: Описание: Описание: Автоматически созданный замещающий текст: 36.
 
Коңшу аймакка жана башка коомдук жайларга таштанды челектер 
жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын же 
 
катуу турмуш-тиричилик калдыктарды 
чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүчүнүн бюджетинин эсебинен орнотулат.  
37.
 
Таштанды челектерди тазалоо иштери 
 
катуу турмуш-тиричилик 
калдыктарды чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүчү тарабынан толтурулганына жараша, 
бирок күнүнө бир жолудан кем эмес жүргүзүлөт. Таштанды челектер алардын 
кирдегенине жараша, бирок жумасына бир жолудан кем эмес жуулат. 
38.
 
Бөлүнгөн жерге орнотулган таштанды челектерди объекттердин ээлери жана 
ижарачылары жууйт.  
39.
 
Таштандыларды уруксатсыз таштоого, өрттөөгө күнөөлүү адамдар укук 
бузуулар жөнүндө колдонуудагы мыйзамдарга ылайык жоопкерчиликке тартылат.  
40.
 
Таштандыларды уруксатсыз таштаган  адамдарды аныктоого мүмкүн 
болбогон учурда, таштандыларды жок кылуу жана уруксат берилбеген таштанды 
таштоочу жайларды рекультивациялоо Ноокат Тазалык муниципалдык ишканасы же ал 
жактан ыйгарым укук берилген адам тарабынан белгиленген тартипте, белгиленген 
мөөнөттөрдө аймактын менчик ээсинин же жерди пайдалануучунун каражаттарынын 
эсебинен жүргүзүлөт. 
41.
 
Таштандыларды жок кылуучу жайларды күтүү үчүн жоопкерчилик Ноокат 
шаар мэриясына жана таштандыларды чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүчүгө (Ноокат-
Тазалык МИ) жүктөлөт.  
 
§4. Санитардык тейлөө жана аймакты тазалоону уюштуруу  
  
42.
 
Жалпы пайдалануучу жайларды санитардык жактан тейлөө таштандыларды, 
калдыктарды үзгүлтүксүз тазалоону, кышында - карды, музду тазалоону, жолдун бөлүгүн 
жана тротуарларды кум менен себүүнү, жайында - жолдун беттерин, тротуарларды, чакан 
архитектуралык формаларды жууп, сугаруу, газондорду чабуу, жашыл аянтчаларды 
кароону камтыйт. 
43.
 
Уюмдар, чарба  жүргүзүүчү  субъекттердин менчик ээлери, турак 
жайлардын жана турак эмес жайлардын менчик ээлери өз каражаттарынын эсебинен 
бөлүнгөн, бекитилип берилген жана ага чектеш аймактарды күн сайын санитардык 
тазалоону өз алдынча жүргүзүүгө, же  болбосо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы 
менен келишими бар санитардык тазалоо кызматтарын көрсөтүүчү менен тиешелүү 
келишимди түзүүгө милдеттүү. 
44.
 
Таштандыларды сактоо кызмат көрсөтүүчү менен түзүлгөн келишимге 
ылайык жүргүзүлөт. 
45.
 
Технологиялык карталарга жана башка документтерге ылайык 
муниципалдык заказ боюнча башка коомдук аймактардын көчөлөрүн, аянттарын, сейил 
бактарын, ирригациялык тармактарын тазалоо иштерин уюштуруу жана жүргүзүү үчүн 
кызмат көрсөтүүчү жоопкерчилик тартат. 
46.
 
Имараттардын жана курулуштардын, турак жана турак эмес жайлардын 
менчик ээлери, ижарачылары, аларга бекитилген аймактардын чегинде, чарбалык жана 
турак жай участокторун, жашыл аянтчаларды жана ирригациялык тармактарды 
үзгүлтүксүз тазалоону, күтүүнү камсыз кылууга милдеттүү, анын ичинде: 
-
 
узундугу боюнча - имараттарга, үй чарбаларына же участокторго жанаша 
турган бүткүл аймак боюнча;  
-
 
туурасы боюнча - жолдун же сквердин жүрүүчү бөлүгүн бойлото, ал эми бир 
жактуу имаратта – жүрүүчү, анын ичинде карама-каршы тротуарды кошуп, 
бөлүктүн туурасын бойлой;  
47.
 
Эгерде бир имаратта бир нече пайдалануучулар (ижарачылар) жайгашкан 
болсо, ага чектеш аймакты санитардык жактан тейлөө үчүн жоопкерчилик имараттын 
менчик ээсине жүктөлөт. Бул учурда жоопкерчилик чөйрөлөрүнүн чектерин аныктоо

 

Описание: Описание: Описание: Автоматически созданный замещающий текст: ижара келишими же имаратты бардык пайдалануучулар кол койгон келишим менен да 
аныкталышы мүмкүн.  
48.
 
Кызмат көрсөтүүчү жолдордун бөлүктөрүн, көчөлөрдү жана аянттарды, 
тротуарларды, коомдук транспорттун аялдамаларын (ижарага алынгандардан тышкары) 
жана башка муниципалдык аймактарды, анын ичинде газондордун жана ирригациялык 
тармактарды тазалоо менен кошо, ошол жерлерде туш келди чачылып калган 
таштандыларын тазалайт.  
49.
 
Кызмат көрсөтүүчү коомдук дааратканаларды күтүүнү жана тейлөөнү 
камсыз кылат.  
50.
 
Шаар мэриясы көчөдөгү убактылуу соода жайларын, соода объектилерине 
жанаша жайгашкан аймактарды (соода павильондору, курама соода борборлору, 
чатырлар, күркөлөр ж.б.) тазалоо үчүн жоопкерчиликти ушул соода объектилеринин 
ээлерине жүктөйт.  
51.
 
Узак мөөнөткө пайдаланылбай жаткан жана өздөштүрүлбөгөн аймактарды, 
имараттар бузулган жерлерди тазалоо үчүн жоопкерчилик ушул аймакка бекитилген 
жерди пайдалануучуларга же жер ээлерине жүктөлөт.  
52.
 
Көп кабаттуу үйлөрдүн чектеш аймактарынын тазалыгы үчүн турак жай 
ээлеринин кызыкчылыктарын коргогон уюмдар жооп берет.  
53.
 
Суу канализациясын (дренаждык тармакты) бүтөп коюуга, ошондой эле 
калдыктарды жана тиричилик таштандыларын суу кудуктарына төгүүгө тыюу салынат.  
 
§5. Тартипти, тазалыкты жана көрктөндүрүүнү камсыз кылуу  
  
54.
 
Юридикалык жана жеке жактар айыл өкмөттөрүнүн бүткүл аймагында, анын 
ичинде коомдук жайларда тазалыкты жана тартипти сактоого, көрктөндүрүү 
элементтеринин (жолдор, тротуарлар, газондор, кичи архитектуралык формалар, сырткы 
жарыктандыруу, ирригациялык түйүн ж.б.) бузулушуна жана зыян тартышына жол 
бербөөгө, ар кандай мүлк объектилерине кам көрүүгө милдеттүү.  
55.
 
Шаар аймагында тиричилик жана курулуш таштандыларын, өндүрүш 
калдыктарын, контейнерлерди, кыйылган бак-дарактарды, жалбырактарды, карды жалпы 
пайдаланылып жаткан жерге чыгарууга жол берилбейт.  
56.
 
Таштанды челектерин, көчө чырактарын, эстеликтерди, отургучтарды жана 
башка чакан архитектуралык формаларды бузууга жана зыян келтирүүгө тыюу салынат.  
57.
 
Ишканалардын жана жеке чарбалардын ички аймактарында, жер 
тилкелеринде таштандыларды, жалбырактарды, контейнерлерди, автоунаалардын 
дөңгөлөктөрүн, өндүрүш калдыктарын өрттөөгө, от жагууга, таштандыларды көмүүгө 
тыюу салынат.  
58.
 
Газондорго, гүлзарларга, клумбаларга, балдар аянтчаларына, ирригациялык 
жана коллектордук-дренаждык тармактарга ар кандай багыттагы объекттерди 
жайгаштырууга, ошондой эле ирригациялык тармактардын жумушчу бөлүгүн тарытуучу 
түтүктөрдү төшөөгө тыюу салынат. 
 
§6. Жашылдандыруу 
 
59.
 
Объектилерди жашылдандырууга төмөнкү иштер кирет: 
-
 
бак-дарактарды отургузуу, 
-
 
бак-дарактарды жана бадалдарды, гүлзарларды багуу боюнча иштер – жер 
кыртышын азыктандыруу, сугаруу, жумшартуу, отоо чөптөрдү тазалоо, 
өсүмдүктөрдү зыянкечтерден, илдеттерден жана отоо чөптөрдөн коргоо, 
жылуулукту сүйүүчү өсүмдүктөрдү коргоо (бардык тиешелүү жумуштарды 
аткаруу менен), жер семирткичтерди, таштандыларды жүктөө жана түшүрүү; 
куурап калган жана кулай турган дарактарды кыюу жана башкалар;

 

Описание: Описание: Описание: Автоматически созданный замещающий текст: -
 
газонду багуу боюнча жумуштар - тырмоо, жумшартуу, жер семирткичтерди 
чачуу, сугаруу, отоо чөптөрдү тазалоо, таштандыларды жана түшкөн 
жалбырактарды жыйноо, топуракка отургузуу, газондун капталындагы 
өсүмдүктөрдү кыюу, чөптөрдү чабуу, пестициддер жана гербициддер менен 
дарылоо;  
-
 
скверлерди жана бакчаларды тосуу; 
-
 
шаар, айыл жерлерин жашылдандырууга тиешелүү жана башка дагы 
жумуштарды аткаруу. 
60.
 
Жашыл аймактарды талаптагыдай күтүү жана сактоо үчүн жоопкерчилик 
төмөнкүлөргө жүктөлөт:  
-
 
Жалпы пайдалануудагы аймактарда - парктарда, скверлерде, сейил бактарда, 
көчөлөрдө – жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы аныктаган тиешелүү 
кызматтарды/иштерди аткаруучуга;  
-
 
турак жайлар жайгашкан кичи райондордогу жана квартал ичиндеги 
участоктордо - үй жана кварталдык комитеттерге, турак жай ээлеринин 
бирикмелерине, имараттарды ижарага алуучуларга жана жер участокторунун 
ээлерине;  
-
 
уюмдардын, ишканалардын жана башка юридикалык жактардын аймактарында 
ошол жердеги уюмдардын жетекчилерине; 
61.
 
Жашыл аянттардын бардык түрлөрү үчүн сугаруунун жыштыгы май айынан 
октябрды кошо алганда 7-10 күндө бир жолудан кем эмес болушу керек. 
62.
 
Жашылдандыруу объектилериндеги жашыл аянттарды сугаруу эртең менен 
саат 8.00-9.00дөн кечиктирбестен же кечинде саат 18.00-19.00дөн кийин жүргүзүлөт.  
63.
 
Кызматтарды/иштерди сунуштоочу жашыл аянтчалардын таажысын өз 
убагында кыркууну камсыз кылат.   
64.
 
Таажыны санитардык кыркуу иштерине - эскирген, илдетке чалдыккан, 
куурап калган жана бузулган бутактарды, ошондой эле таажысы ичине карай өскөн же 
бири-бирине жакын жайгашкан бутактарды алып салуу сыяктуу иштерди аткаруу 
камтылат. Санитардык кыркуу жыл сайын бүткүл вегетация мезгилинде жүргүзүлөт.  
65.
 
Түзүлүшүн келтирүү үчүн кыркуу - таажыга ылайыктуу түзүлүштү 
камсыздоо, өсүмдүктөрдүн бийиктигин тегиздөө, жол белгилеринин, светофорлордун ж.б. 
көрүнүүсүн камсыз кылуу максатында жүргүзүлөт. Бак-дарактарды жана бадалдарды 
калыптандыруу иштери бак-дарактар чаңдашып (ширелерин бөлүп чыгаруу) жаткан 
мезгилде (апрель-май) жүргүзүлбөйт.  
66.
 
Аймактарды жашылдандыруу аларды курулуш материалдарынын 
калдыктарынан, таштандылардан тазалоодон, жер астындагы коммуникацияларды жана 
курулмаларды төшөөдөн, жолдорду, өтмөлөрдү, тротуарларды төшөөдөн, аянтчаларды 
жана тосмолорду иретке келтиргенден кийин жүргүзүлөт.  
67.
 
Өсүшү начар бак-дарактарды жана бадалдарды, таажысы бузулган (бир 
жактуу, жалпак ж.б.), жаракалары бар, ошондой эле зыянкечтерден жана илдеттерден 
жабыркаган бак-дарактарды отургузууга тыюу салынат.  
68.
 
Шаар аймагынын чегинде жайгашкан бардык жашыл зоналар менчигинин 
түрүнө карабастан бирдиктүү жашыл фондду түзөт жана коргоого алынат.  
69.
 
Менчигинин түрүнө карабастан, аймагында жашыл аянтчалары бар 
юридикалык жана жеке жактарга, ишканалардын, уюмдардын жана мекемелердин 
жетекчилерине милдеттендирилет; жана ошондой эле жашыл аянтчаларды талаптагыдай 
күтүү жана сактоо жоопкерчилигин алгандар төмөнкүлөрдү камсыздашат:  
-
 
иштеп жаткан жашыл аянттардын бузулбай жана жок кылынбай толук 
сакталышына, ошондой эле өсүмдүктөрдү зыянкечтерден, илдеттерден жана 
отоо чөптөрдөн коргоону камсыз кылууга; 
-
 
жашыл зоналарды өз убагында квалификациялуу күтүүнү жана 
реконструкциялоону (капиталдык оңдоону), анын ичинде бул иштерди

 

Описание: Описание: Описание: Автоматически созданный замещающий текст: аткарууга жашылдандыруу боюнча адистештирилген ишканаларды тартуу 
жолу менен камсыз кылуу;  
-
 
жашыл зоналар өскөн аймактардын тиричилик жана өндүрүш калдыктары, 
курулуш калдыктары, канализация сыяктуу өсүмдүктөргө зыяндуу башка 
заттар менен булганышына жол бербөө;  
-
 
жайында жана кургакчылыкта газондорду, гүлзарларды, бак-дарактарды жана 
бадалдарды сугаруу;  
-
 
газондорду тебелеп кетүүгө жана аларга курулуш материалдарын, кумдарды, 
калдыктарды, кар, муз сыныктарын жана башкаларды сактоого жол бербөөгө;  
-
 
жаңы бак-дарактарды жана бадалдарды отургузуу, жолдордун тармагын 
өзгөртүү менен кайра куруу жана техниканы жайгаштыруу иштери 
агротехникалык шарттарды так сактоо менен белгиленген тартипте 
макулдашылган долбоорлор боюнча гана жүргүзүлүүгө тийиш;  
-
 
багуу жана оңдоо процессинде жүргүзүлгөн бак-дарактарды жана бадалдарды 
кыюу жана кайра отургузуу иштери бардык учурларда ушул Эрежелердин 
талаптарына ылайык жүзөгө ашырылат; 
70.
 
Жашылдандырылган аймактарда төмөнкүлөр тыюу салынат: 
-
 
жашыл аянтчаларды кыюуга же жок кылууга уруксат берилген учурларын 
кошпогондо, жашыл аянтчаларды бузууга жана жок кылууга;  
-
 
тиешелүү кызматтардын макулдугу жок бак-дарактарды, бадалдарды өз 
алдынча кыюуга жана отургузууга, огороддорду жана газондорду иретке 
келтирүүгө;  
-
 
бакчанын жана парктын жолдорун тазалоодон алынган таза кардан тышкары, 
таштандыларды, карларды жана муздарды төгүүчү жайларды уюштурууга; 
-
 
калдыктарды жана башка булганган заттарды газондорго төгүүгө;  
-
 
жалбырактарды күйгүзүүгө, жапырт жалбырак түшүү мезгилинде аларды 
арыктарга шыпырып салууга, алар менен бак-дарактарды жана бадалдарды 
көмүп салууга (аларды көчө бойлой жайылып кетпеши үчүн үймөктөргө 
чогултуу, компост салуу үчүн атайын бөлүнгөн жерлерге алып салуу же 
таштанды жайларына алып баруу максатка ылайыктуу); 
-
 
от жагууга жана өрт коопсуздугунун эрежелерин бузууга;  
-
 
бак-дарактарга мыктарды кагууга, бак-дарактарга зыян келтирүүчү илгичтерди, 
көрнөк-жарнактарды, кулактандырууларды, мамлекеттик номурларды, 
белгилерди, электр зымдарын, лампалардын электр гирляндаларын, туу 
гирляндаларын чаптоого, тикенек зымдарды жана башка тосмолорду тосууга;  
-
 
дарактардан шире, чайыр алууга, кабыгын кесип, оюктарды, жазууларды 
жасоого жана башка механикалык зыян келтирүүгө;  
-
 
белгиленген эрежелер боюнча макулдашуусуз инженердик 
коммуникацияларды төшөө үчүн казуу иштерин жүргүзүүгө;  
-
 
газондордо жана жашыл мейкиндиктери бар башка аянттарда транспорт 
каражаттарын өткөрүү жана токтотууга;  
-
 
гүлдөрдү үзүп, дарактардын жана бадалдардын бутактарын сындырууга;  
71.
 
 
Жашыл аймактарды жаңыдан куруу, реконструкциялоо, калыбына келтирүү 
боюнча бардык иштер шаар мэриясы же ал ыйгарым укук берген уюм менен белгиленген 
тартипте макулдашылып, иштелип чыккан жана бекитилген долбоордук документтерге 
ылайык жүргүзүлүүгө тийиш.  
 
§7. Тышкы жарыктандыруу  
 
72.
 
 Муниципалдык менчиктеги тышкы жарыктандыруу тармактарын тейлөө 
жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан дайындалган кызмат 
көрсөтүүчү/подрядчы тарабынан жүргүзүлөт.

 

Описание: Описание: Описание: Автоматически созданный замещающий текст: 73.
 
 Жарык берүүчү тармактарды эксплуатациялоо Кыргыз Республикасынын 
Өкмөтүнүн 2012-жылдын 22-августундагы № 155 токтомун менен бекитилген электр 
энергиясын пайдалануу эрежелери менен жөнгө салынат.  
74.
 
 Тышкы жарыктандырууну күйгүзүү жана өчүрүү жергиликтүү өз алдынча 
башкаруунун аткаруу органы тарабынан иштелип чыккан жана бекитилген графиктер 
боюнча жүргүзүлөт.  
75.
 
 Жергиликтүү бийлик коомдук жайларда иштебей турган көчө 
чырактарынын санына жол берилген ченемди белгилейт. 
76.
 
 Металл мамылар жана тышкы жарыктандыруунун башка элементтери таза, 
дат басылбашы жана зарыл болгон учурда сырдалышы керек, бирок үч жылда бир 
жолудан кем болбоого тийиш. 
77.
 
 Жеке жана юридикалык жактар өздөрүнө берилген аймактарда орнотулган 
же сатып алынган тышкы жарыктандыруунун элементтерин жабдууга жана жакшы абалда 
кармап турууга милдеттүү. 
78.
 
 Сырткы жарыктандыруунун жана майрамдык иллюминациянын жаңыдан 
киргизилген элементтерин жайгаштыруу жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу 
органы менен макулдашылат. 
 
§8. Эрежелерди бузгандыгы үчүн юридикалык жактардын, кызмат адамдарынын жана 
жарандардын жоопкерчилиги  
  
79.
 
Ушул Эрежелерди бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын 
колдонуудагы мыйзамдарына жана башка ченемдик укуктук актыларына ылайык 
тартиптик, жарандык жоопкерчилик белгиленет. 
80.
 
Бул Көрктөндүрүү эрежелерин бузууга күнөөлүү юридикалык жана жеке 
жактар  Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексинин 114-беренесинин 
1-пунктуна ылайык жоопкерчиликке тартылышат.  
81.
 
Таштандыларды белгиленбеген жерлерде чыгарган, өрттөгөн юридикалык 
жана жеке жактар  Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексинин 115-
беренесине ылайык жоопкерчилик тартат. 
82.
 
Юридикалык жана жеке жактар көп батирлүү турак жайлардын жалпы 
пайдалануучу жайларындагы санитардык жактан тейлөө эрежелерин бузгандыгы үчүн 
Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексинин 110-беренесине ылайык 
жоопкерчилик тартышат. 
83.
 
Укук бузуулар жөнүндө иштерди кароого ыйгарым укуктуу жергиликтүү өз 
алдынча башкаруу органдарынын атайын комиссиялары белгиленген тартипти 
бузгандарга Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодесине ылайык жаза 
чараларын көрөт.  
84.
 
Укук бузуулар боюнча комиссиянын иши Кыргыз Республикасынын 
Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү жобо менен жөнгө салынат.  
 
 Ноокат шаардык кеңешинин  
 жооптуу катчысы:                                                                                             М.Ярматов

 

Описание: Описание: Описание: Автоматически созданный замещающий текст:  
Ноокат шаардык кеңеши 
ТОКТОМ    №3                                                 
Ноокат шаардык кеңешинин VI чакырылышынын  кезексиз XVIII  сессиясы 
Ноокат шаары                                                                                  27-март   2023-жыл                  
Ноокат шаарынын аймагында “Жергиликтүү 
маанидеги маселелерди чечүүнүн типтүү 
жобосун бекитүү жөнүндө”. 
        Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин алдындагы мамлекеттик 
кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик 
агенттигинин “Жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүнүн типтүү жобосун бекитүү 
жөнүндө” 2022-жылдын 17-ноябрындагы № 681 буйругун жетекчиликке  жана аткарууга 
алуу, шаардын аймагында жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүнүн типтүү жобосун 
бекитүү максатында  Ноокат шаардык кеңеши 
Т О К Т О М  К Ы Л А Т: 
1.Ноокат  шаардын аймагында жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүнүн 
типтүү жобосу №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.  
2.Ушул токтом массалык  маалымат каражаттарында жарыяласын. 
3.Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын укуктук нормативдик актылар 
реестрине киргизүү үчүн Ош облустук юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн. 
4.Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Мыйзамдуулукту,  укук 
тартибин  сактоо,  өз алдынча  башкаруу,   регламент, депутаттык  этика, мандат, 
жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, коомдук уюмдар,  дин иштери  
маселелери  боюнча туруктуу 
комиссиясына  жана Ноокат шаарынын мэри                    
У.К. Турганбаевке тапшырылсын. 
 
 Төрага:                                                                           Б.Мадмаров

 

Описание: Описание: Описание: Автоматически созданный замещающий текст: Ноокат шаардык кеңешинин 2023-жылдын 
27-мартындагы VI чакырылыш XVIII 
сессиясынын  №XVIII-3  токтомуна
 1
-тиркеме 
Ноокат шаарында жергиликтүү 
маанидеги маселелерди башкаруунун                          
Типтүү тартиби 
§1. Жалпы жоболор жана терминдер     
 
1.
 
Жергиликтүү маанидеги маселелерди башкаруунун бул типтүү тартиби  
(мындан ары - Типтүү тартип) жергиликтүү маанидеги маселелерди башкаруунун 
тартибин бекитүү боюнча жергиликтүү кеңештердин компетенциясын аныктоочу 
“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу 
органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27, 34-беренелеринин 2-
пунктунун 1-бөлүгүнүн талаптарына ылайык иштелип чыккан. 
2.
 
Типтүү тартип Ноокат шаар мэриясына өзүнүн компетенциясынын чегинде 
жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө карата талаптарды белгилейт. 
3.
 
Бул Типтүү тартипте төмөнкү терминдер колдонулат: 
Жергиликтүү маанидеги маселелер
–Ноокат шаар мэриясы жана алардын кызмат 
адамдары тарабынан, ошондой эле жарандардын түздөн-түз эркин билдирүү жолу менен 
чечилүүчү тиешелүү аймактагы калктын турмуш-тиричилик аракеттерин камсыз кылуу 
маселелери; 
Компетенция
 - мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу 
органынын юридикалык жактан белгиленген укуктар менен милдеттердин жыйындысы; 
Көзөмөл
 - ыйгарым укуктуу орган тарабынан учурдагы кырдаалдын толуктугуна, 
аткаруучуга жүктөлгөн тапшырманын аткарылышынын сапатына, белгиленген 
көрсөткүчтөргө же кабыл алынган стандарттарга ылайык келүүсүнө баа берүү процесси; 
Мониторинг жана баалоо
 - башкаруу субъектине башкарылуучу объектке 
эффективдүү таасир көрсөтүү максатында белгилүү бир объекттин ишине таасир этүүчү 
маалыматтарды системалуу чогултуу, сактоо, иштетүү, талдоо жана баалоо процесси; 
Милдеттенме
–Ноокат шаар мэриясынын керектөөчүлөргө (юридикалык же 
физикалык жактарга) белгилүү бир сумманы кызмат көрсөтүүлөр/товарлар, жумуштар, 
жөлөкпулдар, компенсациялар жана башка акчалай төлөм түрүндө төлөп берүү же Ноокат 
шаар мэриясынын материалдык-техникалык камсыздоо маселелерин, келишим 
милдеттенмелеринин, ченемдик укуктук актыларды аткаруунун алкагында чечүү; 
Уюштуруу 
- жергиликтүү маанидеги жана берилген мамлекеттик ыйгарым 
укуктардагы маселелерди чечүүдө натыйжаларга жетишүүгө багытталган Ноокат шаар 
мэриясынын уюштуруучулук-укуктук, уюштуруу-техникалык чараларынын жана 
тескөөчүлүк иш-аракеттеринин комплекси; 
Ыйгарым укук
 - мамлекеттик бийлик органдарынын же Ноокат шаар мэриясынын 
белгилүү бир ишти жүзөгө ашыруу үчүн ага жүктөлгөн функцияларды аткарууга 
багытталган Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган укугу; 
Ноокат шаар мэриясынын башкаруу функциясы
 – бул уюмдардын, 
ишканалардын жана шаар мэриясынын өзүнө жүктөлгөн ыйгарым укуктардын чегинде 
жергиликтүү маанидеги маселени чечүү боюнча уюштуруучулук-укуктук, 
уюштуруучулук-техникалык, уюштуруучулук-тескөөчүлүк шарттарды түзүүгө 
байланышкан типтүү маселелерди чечүүдөн турган (пландаштыруу, жөнгө салуу,

 

Описание: Описание: Описание: Автоматически созданный замещающий текст: контролдоо), Ноокат шаар мэриясынын туруктуу, циклдик түрдө кайталанып турган 
аракеттери; 
Башкаруу
 - уюмдун максатына же конкреттүү маселени чечүүгө багытталган 
Ноокат шаар мэриясы тарабынан божомолдоо (прогноздоо), пландаштыруу, уюштуруу, 
мотивациялоо, координациялоо жана контролдоо процесси; 
Кызмат
 - юридикалык жана жеке жактардын коомдук жыргалчылыкка 
муктаждыктарын канааттандырууга, алардын конституциялык укуктарын жана коом 
алдындагы милдеттерин ишке ашырууга багытталган Ноокат шаар мэриясынын иш-
аракети. 
 
§2. Типтүү тартипти даярдоо жана ишке ашыруу этаптары  
 
4.
 
Типтүү тартип жергиликтүү маанидеги маселени чечүү боюнча Ноокат шаар 
мэриясынын төмөнкү иш-аракеттерин камтыйт: 
1)
 
Жергиликтүү маанидеги маселелерди пландаштыруу, 
2)
 
Жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү процессин уюштуруу жана жүзөгө 
ашыруу, 
3)
 
Жергиликтүү маанидеги маселелердин чечилишине мониторинг, баалоо жана 
контролдоо жүргүзүү. 
5.
 
Жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча милдеттерди жана 
чараларды пландаштыруу жергиликтүү жамааттын социалдык-экономикалык өнүктүрүү 
программаларын, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын, ошондой эле 
анын мекемелеринин жана ишканаларынын жылдык иш пландарын иштеп чыгуу 
алкагында ишке ашырылат. 
6.
 
Жергиликтүү маанидеги өзүнчө маселени чечүүнү уюштуруу өзүнө жергиликтүү 
маанидеги маселени чечүү боюнча функцияларды, кызмат көрсөтүүлөрдү, 
милдеттенмелерди иштеп чыгуу жана белгилөө боюнча иш-аракеттерди камтыйт. 
7.
 
Функциялардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн, милдеттердин тизмесин түзүү үчүн 
жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы төмөнкүдөй ырааттуу иш-чараларды жүзөгө 
ашырат: 
№1 кадам. 
Ноокат шаар мэриясы жергиликтүү маанидеги тиешелүү маселени чечүү боюнча 
жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жүктөлгөн функциялардын, 
кызматтардын, милдеттердин бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына талдоо 
жүргүзүлөт.
 
№2 кадам. 
Ноокат шаар мэриясы талдоолордун жыйынтыгынын негизинде жергиликтүү өз 
алдынча башкаруу органынын болгон ыйгарым укуктарына жана анын материалдык жана 
финансылык мүмкүнчүлүктөрүнө ылайык келген функциялар, кызматтар/иштер, 
милдеттенмелер тандалып алынат. 
№3 кадам. 
Ноокат шаар мэриясы жергиликтүү маанидеги тиешелүү маселени чечүүнүн 
планын иштеп чыгат. Жергиликтүү маанидеги бул маселени чечүү үчүн зарыл болгон 
функциялар, кызматтар, милдеттер Пландан бөлүнүп белгиленет. 
№4 кадам.

 

Описание: Описание: Описание: Автоматически созданный замещающий текст: Ноокат шаар мэриясы жергиликтүү маанидеги тиешелүү маселени чечүү боюнча 
функциялардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн, милдеттердин тизмесин бекитүү үчүн 
жергиликтүү кеңештин токтомунун долбоорун иштеп чыгат. 
№5 кадам. 
Жергиликтүү кеңештин регламентине ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин 
токтомунун долбоору жергиликтүү коомчулукка кеңири маалымат берүү менен коомдук 
талкуудан өтөт. 
№6 кадам.  
Ноокат шаардык кеңеши жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча иш-
милдеттердин, кызмат көрсөтүүлөрдүн, милдеттердин тизмесин бекитүү үчүн 
жергиликтүү кеңештин токтомун кабыл алат (жергиликтүү кеңештин типтүү токтомунун 
формасы 1-тиркемеде, жергиликтүү кеңештин токтомунун үлгүлөрү 2,3-тиркемелеринде 
келтирилген). 
8.
 
Ноокат шаар мэриясы жергиликтүү маанидеги тиешелүү маселени чечүү боюнча 
тараптардын аракеттерин координациялоо жөнүндө чечим кабыл алат, ал төмөнкү 
чараларды камтыйт: 
-
 
жергиликтүү маанидеги маселени чечүү боюнча милдеттерди, чараларды жана 
кызмат адамдарынын ортосунда жоопкерчиликти бөлүштүрүү; 
-
 
кызмат көрсөтүүчүнү, иштерди аткаруу үчүн подрядчыны тандоо/дайындоо жол-
жобосун/процедурасын жүргүзүү; 
-
 
көрсөтүлгөн кызматтын баасын аныктоо (зарыл болгон учурда); 
-
 
жарандардын айрым категорияларын кызмат көрсөтүүлөр үчүн акы төлөөдөн 
жарым-жартылай же толук бошотуу боюнча компенсациялык чараларды белгилөө 
(зарыл болгон учурда); 
-
 
жергиликтүү маанидеги маселени чечүүдө каржылоо жана материалдык колдоо 
булактарын аныктоо; 
-
 
жергиликтүү маанидеги тиешелүү маселени чечүүгө байланышкан башка чаралар. 
9.
 
Ушул Типтүү эрежелеринин 8-пунктунда көрсөтүлгөн чаралар Ноокат шаардык 
кеңеши тарабынан бекитилүүчү ченемдик укуктук акт түрүндө, ошондой эле Ноокат шаар 
мэриясынын чечимдеринин негизинде көрүлүшү мүмкүн. 
§3. Жарандардын жергиликтүү маанидеги маселелерди талкуулоо жана башкаруу 
процесстерине катышуусу 
 
10.
 
Бул Типтүү тартиптин эрежелерин ишке ашыруунун бардык этаптарында 
жергиликтүү жамаат жергиликтүү маанидеги тиешелүү маселени чечүү боюнча 
милдеттерди жана чараларды талкуулоого кеңири тартылат. 
11.
 
Шаардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жергиликтүү 
жамаатка жергиликтүү маанидеги тиешелүү маселеге карата аткарылып жаткан милдеттер 
жана чаралар жөнүндө кеңири маалымат берет. Аны маалыматтык такталарды 
пайдалануу, шаардын веб-сайтына, социалдык тармактарга жана маалымат берүүнүн 
башка ыкмаларын колдонуу аркылуу жүзөгө ашырат. 
12.
 
Жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча демилгелөө, 
милдеттерди жана иш-чараларды талкуулоо процесстерине жарандарды тартуу 
максатында шаардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жарандардын 
демилгелүү топторун, ошондой эле жергиликтүү маанидеги тиешелүү маселени чечүү

 

Описание: Описание: Описание: Автоматически созданный замещающий текст: үчүн шаардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жумушчу топторун түзүү 
сунушталат. 
13.
 
Ноокат шаар мэриясы жергиликтүү жамааттын, коммерциялык эмес 
уюмдардын өкүлдөрүн тартуу менен жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү 
процессине мониторинг жүргүзүү жана баалоо системасын иштеп чыгат жана бекитет. 
14.
 
Мониторингдин жана баалоонун натыйжалары Ноокат шаардык кеңеши 
тарабынан өз жыйналыштарында каралат. 
 
Ноокат шаардык кеңешинин  
 жооптуу катчысы:                                                                                             М.Ярматов

 

 

 

Описание: Описание: Описание: Автоматически созданный замещающий текст:  
Ноокат шаардык кеңеши 
ТОКТОМ    №5                                                 
Ноокат шаардык кеңешинин VI чакырылышынын  кезексиз XVIII  сессиясы 
Ноокат шаары                                                                                  27-март   2023-жыл                  
Ноокат шаарынын аймагындагы мекеме-
ишканалардын керектөөчү электр энергиясы 
үчүн чыгымдарды республикалык бюджеттен 
каржылоо  жөнүндө. 
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 11-март 2022-жылдагы 
“Жергиликтүү бюджеттеринде каржылоодо турган мекемелердин керектөөчү электр 
энергиясы үчүн чыгымдарын  республикалык бюджеттен каржылоо” жөнүндөгү жобону 
бекитүү боюнча №126 токтомун ишке ашыруу максатында  Ноокат шаардык кенеши 
ТОКТОМ КЫЛАТ: 
1.Ноокат шаарынын аймагындагы мекеме-ишканалардын керектөөчү электр 
энергиясы үчүн чыгымдарды  республикалык бюджеттен каржылоого макулдук берилсин. 
2.Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Ноокат  шаарынын мэри 
У.К.Турганбаевке, Ноокат шаардык мэриясынын   финансы-экономика бөлүмүнүн  
башчысы  М. Абдивахидовго милдеттендирилсин. 
3.Токтомдун аткарылышын жетекчиликке алуу  Ноокат  шаардык кенешинин  
бюджет,  экономика,  финансы,  соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы 
экономикалык байланыштар   боюнча туруктуу  комиссиясына жүктөлсүн.  
 
  
                        Төрага:-                                                                                      Б.Мадмаров

 

Описание: Описание: Описание: Автоматически созданный замещающий текст:

 

Описание: Описание: Описание: Автоматически созданный замещающий текст:                                     
Ноокат шаар мэриясындагы мекеме ишканалар жана мэриянын 2023-жылга керектөөчү электр энергиясы
 
 
№ Шаарды аталышы 
Меке-
мелер-
дин 
саны 
Жылдык керектөө Анын ичинде кварталдар 
Лимит 
 кВт. С 
миң сом 
1 2 3 4 
Лимит 
кВт. С 
 
ми
ң сом 
лимит 
кВт. С 
миң сом
 
лимит 
кВт. С 
миң сом
 
лимит 
кВт. С 
миң сом
 
1
 
Ноокат шаары 1
 
26,6
 
67,251
 
11,7
 
29,601
 
1,8
 
4,55
 
3,8
 
9,6
 
9,3
 
23,5
 
2
 
Крупская атындагы 
орто мектеби 1
 
130
 
328,9
 
54,4
 
137,632
 
10,8
 
27,324
 
10,8
 
27,324
 
54
 
136,62
 
3
 
А.Абдуваитов 
атындагы орто 
мектеби 1
 
65,5
 
165,715
 
24,9
 
62,997
 
7,9
 
19,987
 
8,2
 
20,746
 
24,5
 
61,985
 
4
 
 Х. Самиев 
атындагы орто 
мектеби 1
 
190
 
480,7
 
76,1
 
192,533
 
19
 
48,07
 
18,9
 
47,817
 
76
 
192,28
 
5
 
А.Абдуллаев 
атындагы орто 
мектеби 1
 
160
 
404,8
 
70
 
177,1
 
12
 
30,36
 
12
 
30,36
 
66
 
166,98
 
6
 
Ынтымак мектеби 1
 
27,7
 
70,081
 
11,7
 
29,601
 
1,8
 
4,554
 
3,8
 
9,614
 
10,4
 
26,312
 
                                     Ноокат шаардык кеңешинин 2023-жылдын 27-мартындагы  VI чакырылыш    
XVIII сессиясынын  №XVIII-5  токтомуна
 1
-тиркеме

 

Описание: Описание: Описание: Автоматически созданный замещающий текст: 7
 
Интернат 1
 
28,5
 
72,105
 
10,5
 
26,565
 
3
 
7,59
 
4
 
10,12
 
11
 
27,83
 
8
 
К Датка атындагы 
мектепкече билим 
берүү мекемесы 1
 
65
 
164,45
 
24,9
 
62,997
 
7,9
 
19,987
 
8,2
 
20,746
 
24
 
60,72
 
9
 
  У Салиева 
атындагы 
мектепкече билим 
берүү мекемеси 1
 
63,9
 
161,667
 
22,8
 
57,684
 
9,4
 
23,782
 
7,7
 
19,481
 
24
 
60,72
 
10
 
Саламат атындагы 
мектепкече билим 
берүү мекемеси 1
 
59,8
 
151,294
 
24,9
 
62,997
 
7,9
 
19,987
 
3
 
7,59
 
24
 
60,72
 
11
 
Растишка 
мектепкече билим 
берүү мекемеси 1
 
24,7
 
62,491
 
7,1
 
17,963
 
5,4
 
13,662
 
5,4
 
13,662
 
6,8
 
17,204
 
12
 
Спорт мектеби 1
 
36,8
 
93,104
 
12,9
 
32,637
 
5,6
 
14,168
 
5,4
 
13,662
 
12,9
 
32,637
 
Бардыгы 12
 
878,5
 
2222,56
 
351,9
 
890,307
 
92,5
 
234,021
 
91,2
 
230,722 342,9
 
867,508
 
 
Ноокат шаардык кеңешинин  
 жооптуу катчысы:                                                                                                                                                                               М.Ярматов

 

Описание: Описание: Описание: C:\Users\496D~1.RDP\AppData\Local\Temp\2\msohtmlclip1\02\clip_image058.png

 

Описание: Описание: Описание: Автоматически созданный замещающий текст:  
Ноокат шаардык кеңеши 
ТОКТОМ    №6                                                 
Ноокат шаардык кеңешинин VI чакырылышынын  кезексиз XVIII  сессиясы 
Ноокат шаары                                                                                  27-март   2023-жыл                  
     Ноокат   шаардык кеңешинин 2023-
жылдын            
27-январындагы VI чакырылышынын  кезектеги 
XVII  сессиясынын №6 токтомуна өзгөртүү-түзөтүү 
киргизүү жөнүндө. 
      Кыргыз Республикасынын салыктык эмес кирешелер жөнүндөгү кодексинин 74-75-76-
беренесинин жана тийиштүү укуктук-ченемдик актыларынын негизинде  Ноокат шаар 
мэриясынын аймагындагы юридикалык, жеке ишкердик, жеке ишкердик жүргүзгөн 
тараптар жана кожолуктардын таштандыларын чыгаруу үчүн жыйымдардын өлчөмү 
жөнүндөгү сунушун карап чыгып жана талкуулап, Ноокат шаардык кенешинин  отуруму 
 
ТОКТОМ КЫЛАТ: 
 1. Ноокат шаар мэриясынын аймагындагы ишкердик жүргүзгөн тараптарга  1м 
квадрат аянтына 10 сом  өлчөмүндө жыйымдын ставкасы бекитилсин. 
2.Ноокат шаар мэриясынын аймагындагы юридикалык жана муниципалдык 
ишканаларда иштөөчүлөрдүн санына карата алынуучу таштанды жыйымы 100 (жүз) сом 
өлчөмүндө (Кыргыз Республикасынын Салыктык эмес кирешелер жөнүндөгү кодексине 
ылайык) эсептелсин. 
3.Таштанды жыйымын жыйноону 2023-жылдын 1-апрелине чейин аяктоо Ноокат 
шаар мэриясына тапшырылсын. 
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат  шаардык кенешинин  бюджет,  
экономика,  финансы,  соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы 
экономикалык байланыштар   боюнча туруктуу  комиссиясына тапшырылсын.
 
 
 
                 Төрага                                       Б.Мадмаров

 

Описание: Описание: Описание: Автоматически созданный замещающий текст: Ноокат шаардык кеңешинин 2023-
жылдын             
27-мартындагы  VI чакырылыш    XVIII сессиясынын  
          
№XVIII-6  токтомуна
 1
-тиркеме 
 
Таштандыларды ташып чыгаруунун тарифтери 
№ Керектөөчүлөрдүн категориясы Өлчөө 
бирдиги 
Таштандыларды 
ташып чыгаруунун 
жылдык тарифи 
Эскертүү  
1 Калк  Сом  100 Ар бир үй 
бүлөөгө 
2 Мекеме-ишканалар Сом 
 
100
 
Ар бир 
жумушчуга
 
3 Автосервис ишканалары (автоунаа 
жуучу, АЗС, СТО, автоустаканалар, 
вулканизация станциялары ж.б.) 
Сом 
 
100
 
1 метр 
квадрат 10 
сом 
4 Соода-сатык (дүкөндөр, кичи дүкөндөр, 
базарлар, кичи базарлар) 
Сом 
 
100
 
1 метр 
квадрат 10 
сом 
5 Коомдук тамактануучу  жайлары 
(ашканалар) 
Сом 
 
100
 
1 метр 
квадрат 10 
сом 
6 Башка керектөөчүлөр (кызмат 
көрсөтүү, мончо ж.б.) 
Сом 
 
100
 
1 метр 
квадрат 10 
сом 
 
 
Ноокат шаардык кеңешинин  
 жооптуу катчысы:                                                                                        М.Ярматов