Описание: Автоматически созданный замещающий текст:  
Ноокат шаардык кеңеши 
ТОКТОМ    №1 
Ноокат шаардык кеңешинин VI чакырылышынын  кезексиз XXIV сессиясы 
Ноокат шаары                                                                                      24-ноябрь 2023-жыл 
Ноокат шаарындагы райондук маданият үйүнүн 
мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен жер аянттарын 
кайра артка кайтаруу жөнүндө 
Кыргыз ССРин 
Эл депутаттарынын Ноокат райондук советинин аткаруу 
комитетинин 1983-жылдын 26-июлундагы 8-269а сандуу чечими менен Эски Ноокат 
айылынан 600 орундуу маданият үйүн проектилөөгө жана курууга жалпы 1,2 га жер 
аянтын тандоо актысы бекитилип, 1,2 га жер аянты маданият үйүн куруу үчүн 
ажыратылып берилген. 
Бирок, ага карабастан өз убагында кызматын пайдаланып айрым мекеме 
жетекчилери Ноокат маданият үйүнө тиешелүү болгон жерлерди мыйзамсыз жеке 
жактарга берүү тууралуу токтом кабыл алып, келишимдерге барышкан.  
Атап айтканда:
 
1.Ноокат шаар депутаттардын шаардык кеңешинин алдындагы курулуш жана жерге 
жайгаштыруу комиссиясынын 25.03.2011-жылдагы отурумунун 4-1 сандуу протоколу 
түзүлүп, анын негизинде Ноокат шаар башкармасы тарабынан 28.03.2011-жылы жогоруда 
көрсөтүлгөн 1,2 га жер тилкесинин ичинен 350,0 ч.м. жер Зулпукаров Нурланбек 
Закировичге 33 сандуу токтому; 
2.2012-жылдын 23-апрелинде Ноокат шаар башкаруусу тарабынан жогорудагы 
шаардык кеңешинин протоколун бекитип берүү жөнүндө 52-сандуу токтому; 
3.2004-жылдын 8-апрелинде  Ноокат шаардык кеңешинин ХХI сессиясында ХХI-I 
сандуу токтому; 
4.Ноокат шаардык кеңешинин ХХI сессиясында ХХI-I сандуу токтомун негизинде 
2004-жылдын 15-майында Ноокат шаардык кеңешинин төрагасы тарабынан №63 сандуу 
токтому; 
5.2004-жылдын 21-июлунда аталган шаардык кеңештин 15.05.2004-жылдагы 63 сандуу 
токтому; 
6.Ноокат шаар башкаруусунун мурдагы башчысы Я.Алимжанов  тарабынан 2007-
жылдын 9-февралындагы  9 сандуу токтому; 
7.2007-жылдын 10-февралында №15а сандуу 0,18 га жер тилкесин  ижарага берүү жана 
капиталдык курууга уруксат берүү менен менчикке сатып алуу келишим түзүлгөн; 
8.Ноокат шаар башкаруусунун мурдагы башчысы Я.Алимжанов  тарабынан 2007-
жылдын 9-февралында  райондук маданият
 
үйүнө тиешелүү болгон 1,2 га. жер аянтынын 
ичинен 0,18 га жер аянты 3 кабаттуу соода борборун куруу менен кийин сатып алуу укугу 
менен ижарага берүү менен 453 600 (төрт жүз элүү үч мин алты жүз) сом акча каражатын 
төгүлгөндөн кийин жеке менчикке мамлекеттик акты берүү жөнүндө 9 сандуу токтому;

 

Описание: Автоматически созданный замещающий текст: 9.2007-жылдын 10-февралында №15а сандуу 0,18 га жер тилкесин  ижарага берүү 
жана капиталдык курууга уруксат берүү менен менчикке сатып алуу жөнүндө келишим 
түзүлгөн. 
Кыргыз Республикасынын Президентинин 1995-жылдын 16-февралындагы УП 37 
сандуу Жарлыгынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-
жылдын                                    
9-октябрындагы 421 сандуу токтомунун, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнү
н                        
1996-жылдын 11-ноябрындагы 531 сандуу токтомунда оорукана, кино театрлар, 
санаториялар, социалдык объектилердин катарында кирип, социалдык объектилер 
менчиктештирилбейт жана сатылбайт деп көрсөтүлгөн.  
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 22-августундагы 632 сандуу 
токтому менен бекитилген Жобонун 18-пунктунун талаптарына ылайык, 
социалдык-
маданий, тиричилик объектилери
, устаканалар, гараждар, мунай базалары жана башка  
өндүрүштүк-техникалык максаттар үчүн объектилер жана ошондой эле чарбада мааниси 
бар суу чарба объектилери жана жалпы пайдалануу үлүш үчүн материалдык-техникалык 
каражаттар айыл чарбасын калкты бирдиктүү сервистик төлөө үчүн жарандардын үлүшү 
катары айылдык комитетте калтыруу керек деп көрсөтүлгөн.  
Демек, Кыргыз Республикасынын Президентинин 1995-жылдын 16-февралындагы 
УП 37 сандуу Жарлыгынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-
жылдын                          
9-октябрындагы 421 сандуу токтомунун, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-
жылдын 11-ноябрындагы 531 сандуу токтомунда оорукана, кинотеатрлар, санаториялар, 
социалдык объектилердин катарында кирип, социалдык объектилер менчиктештирилбейт 
жана сатылбайт деп көрсөтүлгөндүгүнө карабастан, Ноокат маданият үйүнүн жерлери 
мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен. 
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана 
жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 44-бер. 1-б. 
талаптарында, 
Шаардын мэриясынын чечимдери
 мэриянын атынан актыларды 
(чечимдерди) токтом жана буйрук түрүндө мэр чыгарат, эгерде актынын өзүндө башкача 
каралбаса, алар мэр кол койгон күндөн тартып күчүнө
 кирери, токтомдор Кыргыз 
Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын негизинде жана аларды аткаруу үчүн 
чыгарылары, тескемелер ыкчам, уюштуруу жана кадр маселелери боюнча чыгарылары 
жана 
чыгарылган актылар
 өзгөртүлүшү, толукталышы, 
жокко чыгарылышы
 же күчүн 
жоготту деп таанылышы 
мүмкүн деп
 так көрсөтүлгөн. 
“Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамынын 
10-бер. 1-б. талаптарында, ченемдик укуктук акт (структуралык элемент) ушул актыны 
кабыл алган орган тарабынан күчүн жоготту деп табылганда ченемдик укуктук актынын 
(структуралык элементтин) колдонулушу токтотулат деп так көрсөтүлгөн. 
Кыргыз Республикасынын
 «
Административдик иштин негиздери жана 
административдик жол-жоболор жөнүндө” Мыйзамынын 56-бер. 1-б. талаптарында, 
административдик акт, эгерде ал укук ченемдерине ылайык келсе мыйзамдуу, ал эми, 
эгерде укук ченемдерине ылайык келбесе мыйзамсыз болуп саналары белгиленген. 
Ушул эле берененин 3-б. талаптарында, даректелгенге жагымдуу болгон 
мыйзамдуу административдик акт төмөнкү учурларда жокко чыгарылышы мүмкүн,

 

Описание: Автоматически созданный замещающий текст: эгерде: 1) мыйзамдар административдик актыны жокко чыгарууга жол берсе жана бул 
жокко чыгаруу ушул административдик актыда каралса; 
2) административдик акт башка шарт менен чыгарылса жана бул шарт аткарылбаса 
же болбосо тиешелүү түрдө аткарылбаса; 
3) администрациялык орган административдик акт чыгарылган учурда болгон 
мындай административдик актыны чыгарбай коё албаган иштин иш жүзүндөгү же 
укуктук жагдайлары өзгөрүлсө. Бул учурда администрациялык орган административдик 
актыны жокко чыгаруунун мүмкүндүгү жөнүндө билген күндөн тартып үч айлык 
мөөнөттө, бирок акт күчүнө кирген күндөн тартып бир жылдын ичинде кечиктирилбестен 
жокко чыгарылышы мүмкүн. Эгерде аны күчүндө калтыруу коомдун олуттуу 
кызыкчылыктарын козгосо, административдик акт көрсөтүлгөн мөөнөттөрдү сактабастан 
жокко чыгарылышы мүмкүн деп так көрсөтүлгөн. 
 
Ошондуктан жогорудагыларды эске алуу менен 
Кыргыз ССРин 
Эл 
депутаттарынын Ноокат райондук советинин аткаруу комитетинин 1983-жылдын 26-
июлундагы 8-269а сандуу чечими менен Эски Ноокат айылынан 600 орундуу маданият 
үйүн проектилөөгө жана курууга жалпы 1,2 га жер аянтын тандоо актысы бекитилип, 1,2 
га жер аянты маданият үйүн куруу үчүн ажыратылып берилген жер аянтын толук 
калыбына келтирүү максатында Ноокат шаардык кеңешинин отуруму                                        
                                                       ТОКТОМ КЫЛАТ:                                                                       
1.Ноокат шаар депутаттардын шаардык кеңешинин алдындагы курулуш жана жерге 
жайгаштыруу комиссиясынын 25.03.2011-жылдагы отурумунун 4-1 сандуу протоколу, 
2004-жылдын 8-апрелинде  Ноокат шаардык кеңешинин ХХI сессиясында ХХI-I сандуу 
токтому, Ноокат шаардык кеңешинин ХХI сессиясында ХХI-I сандуу токтомун негизинде 
2004-жылдын 15-майында Ноокат шаардык кеңешинин төрагасы тарабынан №63 сандуу 
токтому, 2004-жылдын 21-июлунда аталган шаардык кеңештин 15.05.2004-жылдагы 63 
сандуу токтому жараксыз деп табылып жокко чыгарылсын. 
2.Ноокат шаарынын мэри Ж.Тиллаевге: Ноокат шаар депутаттардын шаардык 
кеңешинин алдындагы курулуш жана жерге жайгаштыруу комиссиясынын 25.03.2011-
жылдагы отурумунун 4-1 сандуу протоколун, анын негизинде Ноокат шаар башкармасы 
тарабынан 28.03.2011-жылы чыккан №33 сандуу токтомун, 2012-жылдын 23-апрелинде 
Ноокат шаар башкаруусу тарабынан жогорудагы шаардык кеңешинин протоколун 
бекитип берүү жөнүндө 52-сандуу токтомун,  2004-жылдын 21-июлунда аталган шаардык 
кеңештин 15.05.2004-жылдагы 63 сандуу токтомун, Ноокат шаар башкаруусунун 2007-
жылдын 9-февралындагы 9 сандуу токтомун, 2007-жылдын 10-февралында №15а сандуу 
0,18 га жер тилкесин  ижарага берүү жана капиталдык курууга уруксат берүү менен 
менчикке сатып алуу жөнүндө келишимин жокко чыгаруу жагы сунушталсын. Андан 
сырткары Ноокат шаарындагы райондук маданият үйүнө тиешелүү башка мыйзамсыз 
менчиктештирилип кеткен жер аянттарын кайра артка кайтаруу боюнча иш алып баруу 
жагы милдеттендирилсин. 
3.Токтомдун көчүрмөсү аткарууга алуу үчүн Ноокат шаарынын мэрине,  Ноокат шаардык 
мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментине  берилсин. 
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  жагы Ноокат шаардык кеңешинин 
мыйзамдуулукту, укук тартибин  сактоо,  өз алдынча  башкаруу,   регламент, депутаттык  
этика, мандат, жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, коомдук уюмдар,  
дин иштери  маселелери  боюнча комиссиясына тапшырылсын. 
Төрага                                                                                                    Б.  Мадмаров

 

Описание: Автоматически созданный замещающий текст:  
Ноокат шаардык кеңеши 
ТОКТОМ    №2 
Ноокат шаардык кеңешинин VI чакырылышынын  кезексиз XXIV сессиясы 
Ноокат шаары                                                                                      24-ноябрь 2023-жыл 
Ноокат шаарындагы мыйзамсыз 
менчиктештирилип кеткен “Ноокат комунальщик” ААКга 
тиешелүү тиричилик объектилеринин жер аянттарын 
кайра артка кайтаруу жөнүндө 
Ноокат шаар башкаруусунун 01.08.2006-жылдагы №106-сандуу токтому менен 
административдик имараты турган 480 ч.м жер аянты
“Ноокат комунальщик” ААКга 
мөөнөтсүз пайдалануусуна  бекитип берилген. 
Ал эми “Ноокат комунальщик” ААКтын пайдалануусундагы автогараж 2000-
жылдын 26-июнундагы №1809-сатып алуу-сатуу келишими менен менчикке берилип 
кеткен. Ошондой эле жыгач устаканасы, кампа сарайы, ажаткана, кароол үйү болгон. 
Бүгүнкү күндө “Ноокат комунальщик” ААКтын иши токтотулуп, “Ноокат 
Тазалык” МИ иш жүрүзүп жатат. Бирок, тиешелүү техникаларды токтотуучу 
автостоянкасы, тейлөө сервиси жок.  
“Ноокат шаар мэриясынын алдындагы "Ноокат Коммунальщик" АК ишканасынын 
менчиктештирүү программасын бекитүү  жөнүндө Ноокат шаардык Кенешинин V 
чакырылышынын кезектеги XXXIV сессиясы 2020-жылын 16-июнундагы №16-токтому”  
КРнын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамынын талаптарын одоно бузуу 
жолу менен кабыл алынган жана токтом ошондуктан бүгүнкү күнгө чейин аткарылган 
эмес. 
Кыргыз Республикасынын Президентинин 1995-жылдын 16-февралындагы УП 37 
сандуу Жарлыгынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-
жылдын                                   
9-октябрындагы 421 сандуу токтомунун, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-
жылдын 11-ноябрындагы 531 сандуу токтомунда оорукана, кинотеатрлар, санаториялар, 
социалдык объектилердин катарында кирип, социалдык объектилер менчиктештирилбей 
жана сатылбайт деп көрсөтүлгөн. 
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 22-августундагы 632 сандуу 
токтому менен бекитилген Жобонун 18-пунктунун талаптарына ылайык, 
социалдык-
маданий, тиричилик объектилери
, устаканалар, гараждар, мунай базалары жана башка  
өндүрүштүк-техникалык максаттар үчүн объектилер жана ошондой эле чарбада мааниси 
бар суу чарба объектилери жана жалпы пайдалануу үлүш үчүн материалдык-техникалык 
каражаттар айыл чарбасын калкты бирдиктүү сервистик төлөө үчүн жарандарын үлүшү 
катары айылдык комитетте калтыруу керек деп көрсөтүлгөн. 
Демек, Кыргыз Республикасынын Президентинин 1995-жылдын 16-февралындагы УП 37 
сандуу Жарлыгынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-
жылдын               
9-октябрындагы 421 сандуу токтомунун, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-

 

Описание: Автоматически созданный замещающий текст: жылдын 11-ноябрындагы 531 сандуу токтомунда оорукана, кинотеатрлар, санаториялар, 
социалдык объектилердин катарында кирип, социалдык объектилер менчиктештирилбейт 
жана сатылбайт деп көрсөтүлгөндүгүнө карабастан, “Ноокат комунальщик” ААКтын 
жерлери мыйзамсыз менчиктештирилип, сатылып кеткен жана менчиктештирүү 
программасы кабыл алынган. 
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана 
жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 44-бер. 1-б. 
талаптарында, 
Шаардын мэриясынын чечимдери
 мэриянын атынан актыларды 
(чечимдерди) токтом жана буйрук түрүндө мэр чыгарат, эгерде актынын өзүндө башкача 
каралбаса, алар мэр кол койгон күндөн тартып күчүнө
 кирери, токтомдор Кыргыз 
Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын негизинде жана аларды аткаруу үчүн 
чыгарылары, тескемелер ыкчам, уюштуруу жана кадр маселелери боюнча чыгарылары 
жана 
чыгарылган актылар
 өзгөртүлүшү, толукталышы, 
жокко чыгарылышы
 же күчүн 
жоготту деп таанылышы 
мүмкүн деп
 так көрсөтүлгөн.
 
“Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамынын 
10-бер. 1-б. талаптарында, ченемдик укуктук акт (структуралык элемент) ушул актыны 
кабыл алган орган тарабынан күчүн жоготту деп табылганда ченемдик укуктук актынын 
(структуралык элементтин) колдонулушу токтотулат деп так көрсөтүлгөн. 
Кыргыз Республикасынын
 «
Административдик иштин негиздери жана 
административдик жол-жоболор жөнүндө” Мыйзамынын 56-бер. 1-б. талаптарында, 
административдик акт, эгерде ал укук ченемдерине ылайык келсе мыйзамдуу, ал эми, 
эгерде укук ченемдерине ылайык келбесе мыйзамсыз болуп саналары белгиленген. 
Ушул эле берененин 3-б. талаптарында, даректелгенге жагымдуу болгон 
мыйзамдуу административдик акт төмөнкү учурларда жокко чыгарылышы мүмкүн, 
эгерде: 1) мыйзамдар административдик актыны жокко чыгарууга жол берсе жана бул 
жокко чыгаруу ушул административдик актыда каралса; 
2) административдик акт башка шарт менен чыгарылса жана бул шарт аткарылбаса 
же болбосо тиешелүү түрдө аткарылбаса; 
3) администрациялык орган административдик акт чыгарылган учурда болгон 
мындай административдик актыны чыгарбай коё албаган иштин иш жүзүндөгү же 
укуктук жагдайлары өзгөрүлсө. Бул учурда администрациялык орган административдик 
актыны жокко чыгаруунун мүмкүндүгү жөнүндө билген күндөн тартып үч айлык 
мөөнөттө, бирок акт күчүнө кирген күндөн тартып бир жылдын ичинде кечиктирилбестен 
жокко чыгарылышы мүмкүн. Эгерде аны күчүндө калтыруу коомдун олуттуу 
кызыкчылыктарын козгосо, административдик акт көрсөтүлгөн мөөнөттөрдү сактабастан 
жокко чыгарылышы мүмкүн деп так көрсөтүлгөн. 
Ошондуктан жогорудагыларды эске алуу менен Ноокат шаарындагы мыйзамсыз 
менчиктештирилип кеткен социалдык-маданий, тиричилик объектилеринин жер 
аянттарын кайра артка кайтаруу, толук калыбына келтирүү максатында КРнын 
“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу 
органдары жөнүндө” Мыйзамынын  39-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык Ноокат шаардык 
кеңешинин отуруму                                        
                                                       ТОКТОМ КЫЛАТ:                                                                       
1.
 
Ноокат шаардык кенешинин 2020-жылдагы 16.06.2020-жылдагы №16-токтому 
жараксыз деп табылып жокко чыгарылсын. 
2.
 
Ноокат шаарынын мэри Ж.Тиллаевге: Ноокат шаар башкаруусунун 01.08.2006-
жылдагы №106-сандуу токтомун жараксыз деп табып, жокко чыгаруу жагы

 

Описание: Автоматически созданный замещающий текст: сунушталсын. Андан сырткары 
Ноокат 
шаарындагы “Ноокат комунальщик” 
ААКга тиешелүү башка мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен жер аянттарын 
кайра артка кайтаруу боюнча кечиктирилгис чараларды көрүү жагы 
милдеттендирилсин. 
 
3.
 
Токтомдун көчүрмөсү аткарууга алуу үчүн Ноокат шаарынын мэрине,  Ноокат 
шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментине  
берилсин. 
 
4.
 
Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  жагы Ноокат шаардык кеңешинин 
мыйзамдуулукту, укук тартибин  сактоо,  өз алдынча  башкаруу,   регламент, 
депутаттык  этика, мандат, жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын 
коргоо, коомдук уюмдар,  дин иштери  маселелери  боюнча комиссиясына 
тапшырылсын. 
 
 
 
      Төрага                                                                                                                Б.  Мадмаров

 

Описание: Автоматически созданный замещающий текст:  
Ноокат шаардык кеңеши 
ТОКТОМ    №1 
Ноокат шаардык кеңешинин VI чакырылышынын  кезексиз XXV сессиясы 
Ноокат шаары                                                                                      29-ноябрь 2023-
жыл                 
 
 Ноокат шаар мэриясынын 2023-жыл үчүн 
бюджетине өзгөртүү, толуктоо киргизүү менен гранттарды 
каржылоодон түшкөн каражатын Муниципалдык менчик 
департаментине бөлүштүрүү жөнүндө 
 Республикалык бюджеттен бирдиктүү салыктын ордуна компенсация 
түрүндө (гранттарды каржылоодон) түшкөн каражатын Муниципалдык менчик 
департаментине бөлүштүрүүгө байланыштуу Ноокат шаар мэриясынын 2023-жыл үчүн 
бюджетине өзгөртүү, толуктоо киргизүү жөнүндөгү  маселе Ноокат шаардык кеңешинин  
бюджет,  финансы,  экономика,  соода  маселелер боюнча  туруктуу  комиссиясынын 
берген тактамасынын негизинде “
Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана 
жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө
” Кыргыз Республикасынын 
Мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, сессиянын отурумундагы 
депутаттардын сын пикирлери менен сунуштарын эске алып,  Ноокат шаардык 
кеңешинин  отуруму   
                                          Т О К Т О М     К Ы Л А Т :
 
 1.2023-жылда Республикалык бюджеттен бирдиктүү салыктын ордуна 
компенсация түрүндө (гранттарды каржылоодон) түшкөн 7 729 100 (жети миллион жети 
жүз жыйырма тогуз миң бир жүз) сом акча каражатынын ичинен Муниципалдык менчик 
департаментине Ноокат шаар мэриясынын 2023-жыл үчүн бюджетине өзгөртүү, толуктоо 
киргизүү менен  3112  (Спец) атайын техника  сатып алуу үчүн   5 500 000 сом, стольба 
сатып алып, орнотуу иштери  146 100 (бир жүз кырк алты миң бир жүз) сом, жалпысы 
болуп 5 646 100 сом (беш миллион алты  жүз кырк алты миң жүз) сом  бөлүштүрүлүп 
бекитилсин.                                                                                      
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат  шаардык кеңешинин  бюджет,  
экономика, финансы,  соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы 
экономикалык байланыштар   боюнча туруктуу    комиссиясына тапшырылсын.  
 
Төрага                                                                                                                  Б.  Мадмаров

 

Описание: Автоматически созданный замещающий текст:  
Ноокат шаардык кеңеши 
ТОКТОМ    №2 
Ноокат шаардык кеңешинин VI чакырылышынын  кезексиз XXV сессиясы 
Ноокат шаары                                                                                      29-ноябрь 2023-
жыл                 
 
 Ноокат шаар мэриясынын 2023-жыл үчүн 
бюджетине өзгөртүү, толуктоо киргизүү менен гранттарды 
каржылоодон түшкөн каражатын “Ноокат Жылуулук” 
муниципалдык ишканасына бөлүштүрүү жөнүндө 
 Республикалык бюджеттен бирдиктүү салыктын ордуна компенсация 
түрүндө (гранттарды каржылоодон) түшкөн каражатын “Ноокат Жылуулук” 
муниципалдык ишканасына бөлүштүрүүгө байланыштуу Ноокат шаар мэриясынын 2023-
жыл үчүн бюджетине өзгөртүү, толуктоо киргизүү жөнүндөгү  маселе Ноокат шаардык 
кеңешинин  бюджет,  финансы,  экономика,  соода  маселелер боюнча  туруктуу  
комиссиясынын берген тактамасынын негизинде “
Жергиликтүү мамлекеттик 
администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө
” Кыргыз 
Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, сессиянын 
отурумундагы депутаттардын сын пикирлери менен сунуштарын эске алып,  Ноокат 
шаардык кеңешинин  отуруму   
                                          Т О К Т О М     К Ы Л А Т :
 
 1.2023-жылда Республикалык бюджеттен бирдиктүү салыктын ордуна 
компенсация түрүндө (гранттарды каржылоодон) түшкөн 7 729 100 (жети миллион жети 
жүз жыйырма тогуз миң бир жүз) сом акча каражатынын ичинен “Ноокат Жылуулук” 
муниципалдык ишканасына Ноокат шаар мэриясынын 2023-жыл үчүн бюджетине 
өзгөртүү, толуктоо киргизүү менен   
2222 Генератор сатып алуу үчүн 
100 000  
2221 Ноокат райондук сотунун имаратына линия 
тартып баруу 
105 000  
2222 Насос сатып алуу үчүн 
320 000  
2221 №42 көп кабаттуу үйгө жылуулук линиясын 
тартып баруу жумуштарына 
200 000  
2221 Ноокат шаарынын Ленин көчөсүнүн  батыш 
тарабындагы мамлекеттик мекемелерге 
жылуулук линиясын тартып баруу 
жумуштарына  
                                              
465 000 
 
2215 Билим берүү мекемелеринен шлаг ташып

 

Описание: Автоматически созданный замещающий текст: чыгып кетүү 
200 000 
 
Жалпысы болуп 1 390 000  (бир миллион үч  жүз токсон миң) сом  бөлүштүрүлүп 
бекитилсин.                                                                                      
 
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат  шаардык кеңешинин  бюджет,  
экономика, финансы,  соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы 
экономикалык байланыштар   боюнча туруктуу    комиссиясына тапшырылсын.  
 
Төрага                                                                                                                  Б.  Мадмаров

 

Описание: Автоматически созданный замещающий текст:  
Ноокат шаардык кеңеши 
ТОКТОМ    №3 
Ноокат шаардык кеңешинин VI чакырылышынын  кезексиз XXV сессиясы 
Ноокат шаары                                                                                      29-ноябрь 2023-
жыл                 
 
 Ноокат шаар мэриясынын 2023-жыл үчүн 
бюджетине өзгөртүү, толуктоо киргизүү менен гранттарды 
каржылоодон түшкөн каражатын “Ноокат Тазалык” 
муниципалдык ишканасына бөлүштүрүү жөнүндө 
 Республикалык бюджеттен бирдиктүү салыктын ордуна компенсация 
түрүндө (гранттарды каржылоодон) түшкөн каражатын “Ноокат Тазалык” муниципалдык 
ишканасына бөлүштүрүүгө байланыштуу Ноокат шаар мэриясынын 2023-жыл үчүн 
бюджетине өзгөртүү, толуктоо киргизүү жөнүндөгү  маселе Ноокат шаардык кеңешинин  
бюджет,  финансы,  экономика,  соода  маселелер боюнча  туруктуу  комиссиясынын 
берген тактамасынын негизинде “
Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана 
жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө
” Кыргыз Республикасынын 
Мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, сессиянын отурумундагы 
депутаттардын сын пикирлери менен сунуштарын эске алып,  Ноокат шаардык 
кеңешинин  отуруму   
                                          Т О К Т О М     К Ы Л А Т :
 
 1.2023-жылда Республикалык бюджеттен бирдиктүү салыктын ордуна 
компенсация түрүндө (гранттарды каржылоодон) түшкөн 7 729 100 (жети миллион жети 
жүз жыйырма тогуз миң бир жүз) сом акча каражатынын ичинен “Ноокат Тазалык” 
муниципалдык ишканасына Ноокат шаар мэриясынын 2023-жыл үчүн бюджетине 
төмөндөгүдөй өзгөртүү, толуктоо киргизүү менен   
2222 Кышка карата борбордук көчөлөргө  себүү 
үчүн туз сатып алуу 
                  
100 000                        
 
2222 Кызматкерлерге атайын кийим сатып  алуу 
100 000  
Жалпысы болуп 200 000  (эки жүз миң) сом  бөлүштүрүлүп бекитилсин.
                                                                                     
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат  шаардык кеңешинин  бюджет,  
экономика, финансы,  соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы 
экономикалык байланыштар   боюнча туруктуу    комиссиясына тапшырылсын.  
Төрага                                                                                                                  Б.  Мадмаров

 

Описание: Автоматически созданный замещающий текст:  
Ноокат шаардык кеңеши 
ТОКТОМ    №4 
Ноокат шаардык кеңешинин VI чакырылышынын  кезексиз XXV сессиясы 
Ноокат шаары                                                                                      29-ноябрь 2023-
жыл                 
 
Ноокат шаар мэриясынын 2023-жыл үчүн бюджетине өзгөртүү, 
толуктоо киргизүү менен гранттарды каржылоодон түшкөн 
каражатын Ноокат шаар мэриясына бөлүштүрүү жөнүндө 
 Республикалык бюджеттен бирдиктүү салыктын ордуна компенсация 
түрүндө (гранттарды каржылоодон) түшкөн каражатын Ноокат шаар мэриясына 
бөлүштүрүүгө байланыштуу Ноокат шаар мэриясынын 2023-жыл үчүн бюджетине 
өзгөртүү, толуктоо киргизүү жөнүндөгү  маселе Ноокат шаардык кеңешинин  бюджет,  
финансы,  экономика,  соода  маселелер боюнча  туруктуу  комиссиясынын берген 
тактамасынын негизинде “
Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана 
жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө
” Кыргыз Республикасынын 
Мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, сессиянын отурумундагы 
депутаттардын сын пикирлери менен сунуштарын эске алып,  Ноокат шаардык 
кеңешинин  отуруму   
                                          Т О К Т О М     К Ы Л А Т :
 
 1.2023-жылда Республикалык бюджеттен бирдиктүү салыктын ордуна 
компенсация түрүндө (гранттарды каржылоодон) түшкөн 7 729 100 (жети миллион жети 
жүз жыйырма тогуз миң бир жүз) сом акча каражатынын ичинен Ноокат шаар мэриясына 
Ноокат шаар мэриясынын 2023-жыл үчүн бюджетине өзгөртүү, толуктоо киргизүү менен  
Ноокат шаардык милиция  бөлүмчөсүн
ө  
жабдыктарды сатып алуу (боди-камеры) 
300 000 сом 
Союз МСУ мүчөлүк акы 77 000 сом 
А.Абдуллаев  орто мектебинин от казанын 
ремонттоо 
                          
116 000 сом 
Жалпысы болуп 493 000 сом (төрт жүз токсон үч миң) сом  бөлүштүрүлүп бекитилсин.
                                                                                     
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат  шаардык кеңешинин  бюджет,  
экономика, финансы,  соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы 
экономикалык байланыштар   боюнча туруктуу    комиссиясына тапшырылсын.  
 
Төрага                                                                                                                  
Б.  Мадмаров

 

Описание: Автоматически созданный замещающий текст:  
Ноокат шаардык кеңеши 
ТОКТОМ    №5 
Ноокат шаардык кеңешинин VI чакырылышынын  кезексиз XXV сессиясы 
Ноокат шаары                                                                                      29-ноябрь 2023-
жыл                 
Ноокат шаарынын аймагындагы айрым социалдык 
обьектилерди, балдар жана спорт аянтчаларын курууга, 
2024-жылга дем берүүчү гранттан
 к
олдоо алууга өздүк 
салым үчүн тиешелүү акча каражаттарын жергиликтүү 
бюджеттин эсебинен кароого макулдук берүү жөнүндө 
Ноокат шаарынын аймагындагы айрым социалдык обьектилерди, балдар жана 
спорт аянтчаларын курууга, 2024-жылга гранттык колдоо алууга өздүк салым үчүн 
тиешелүү акча каражаттарын жергиликтүү бюджеттин эсебинен кароого макулдук берүү 
жөнүндөгү Ноокат  шаардык кеңешинин  бюджет,  экономика,  финансы,  соода, 
инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча 
туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде “
Жергиликтүү мамлекеттик 
администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө
” Кыргыз 
Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, сессиянын 
отурумундагы депутаттардын сын пикирлери менен сунуштарын эске алып,  Ноокат 
шаардык кеңешинин  отуруму   
ТОКТОМ КЫЛАТ: 
 1.Ноокат шаарынын аймагындагы айрым социалдык обьектилерди, балдар жана 
спорт аянтчаларын курууга, 2024-жылга дем берүүчү гранттан колдоо алууга өздүк салым 
үчүн тиешелүү акча каражаттарын жергиликтүү бюджеттин эсебинен кароого макулдук 
берилсин. 
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  жагы Ноокат  шаардык кеңешинин  
бюджет,  экономика,  финансы,  соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы 
экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын. 
 
 
Төрага                                                                                                                  Б.  Мадмаров