М А З М У Н У

№ п/п

Токтом

Токтом датасы

Кыска мазмуну

1.

№15

15.06.2019

Ноокат районундагы Жаңы-Ноокат айыл ѳкмѳтүнүн 2019-жылдын  15-июнь         Жаңы-Ноокат айыл аймагынын тургундарын турак жай менен камсыз кылуу боюнча Программасы тууралуу  № 143 буйругун  бекитүү  жѳнүндѳ

 

 

 

 

 

1

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Жаңы-Ноокат  айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезектеги 27 сессиясы

Т О К Т О М

Жаңы-ноокат айылы

№15

15.06.2019

 

 Ноокат районундагы Жаңы-Ноокат айыл ѳкмѳтүнүн 2019-жылдын  15-июнь         Жаңы-Ноокат айыл аймагынын тургундарын турак жай менен камсыз кылуу боюнча Программасы тууралуу  № 143 буйругун  бекитүү  жѳнүндѳ

Айыл тургундарын жер участок менен камсыз кылуу үчүн 2019-жылы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтү, Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин депутаттары жана жергиликтүү жамааттын катышуусу менен Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 30-майындагы «Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө» Мыйзамынын 9-беренесинин 7-пунктуна жана 12-беренесинин 3-пунктуна ылайык, жергиликтүү аймактын шартынын негизинде даярдалган турак жай куруу үчүн жер участокторун ажыратуу, турак жайга муктаж болгон үй- бүлөлөргө жер участокторун бөлүп берүү маселелерин чечүү максатында Жаңы-Ноокат айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.                       Жаңы-Ноокат айыл аймагынын тургундарын турак жай менен камсыз кылуу боюнча Программа жана аталган Программаны аткаруу боюнча Иш чаралар 1-жана 2-тиркемелерге ылайык бекитилсин.

2.                       Бекитилген иш-чараларды өз убагында аткарылышын камсыз кылуу жагы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн жер адисине жана айыл башчыларына жүктөлсүн.

3.                      Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык  кеңештин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Жаңы-Ноокат  айылдык  төрагасы 

 

А. Имамов                    

ТИРКЕМЕ №1

 

Назад