Кара-Таш, Н.Исанов атындагы жана А.Мирмахмудов атындагы айыл аймагынын эли менен жолугушуу өткөрдү
2022-жылдын 25-февралы. Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Д.Иманалиев райондун укук коргоо органдары жана мекеме-ишканалардын жетекчилери менен биргеликте Кара-Таш, Н.Исанов атындагы жана А.Мирмахмудов атындагы айыл аймагынын эли менен жолугушуу өткөрдү. Жыйында айыл өкмөт башчылары 2021-жылда аткарылган иштери жана 2022-жылга карата милдеттери боюнча маалыматтар берилди. Айыл аймагынын тургундары тарабынан айтылган сунуш пикирлерине жана көйгөйлүү маселелерине жооп берилип, тийиштүү мекеме-ишканалардын жетекчилерине чечүү үчүн тапшырмалар берилди.