Жаңы спорт зал ачылды!
Бүгүн 2022-жылдын 2-март күнү районубузда Т.Зулпуев атындагы айыл аймагынын Жатан айылында Ибрагим уулу Ысмайыл атындагы орто мектебинин спорт залы бүткөрүлүп пайдаланууга берилди.
Спорт зал республикалык бюджеттин эсебинен курулуп, ачылуу аземине Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Д.Иманалиев, айыл өкмөт башчылары жана айыл тургундары катышышты.
Аким Д.Иманалиев спорт залдын бүткөрүлүшүнө салым кошкон жергиликтүү тургундарга, айыл өкмөтүнө, куруучуларга, жеке ишкерлерге ыраазычылык айтып, балдарга спорт менен жаш кезден машыгып, областтык, республикалык жана эл аралык мелдештерде мыкты ийгиликтерди камсыз кылууга жетишерине ишенерин билдирди.