М А З М У Н У

№ п/п

Токтом №

Токтом датасы

Кыска мазмуну

1.

№11-1

09.04.2022

Айыл өкмөтүндөгү жазгы талаа жумуштарына көрүлгөн даярдык, көрктөндүрүү жашылдандыруу жана көчөлөрдү жарыктандыруунун абалы жөнүндө

2.

№11-2

09.04.2022

Куу-майдан айылындагы айыл чарбасына ыңгайсыз таштак жерге кичи ишкана куруу үчүн жер участогун "Айыл чарба багытындагы жерлери" категориясынан "Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жана башка багыттагы жерлер" категориясына которууга макулдук берүү тууралуу

3.

№11-3

09.04.2022

Кеңеш айыл аймагынын Куу-Майдан айылына келип туруктуу жашап  жаткан этникалык кыргыз Урмановдордун үй-бүлөсүнө үй салууга жер ажыратып берүүгө макулдук берүү тууралуу

4.

№11-4

09.04.2022

үй-бүлөлүк салтанаттардагы, маркумду узатуу үрп адаттарындагы  ашыкча ысырапкерчиликти кыскартуу боюнча кабыл алынган  жобону бекитүү тууралуу

5.

№11-5

09.04.2022

Шаңкол айылындагы Жаштар көчөсүнө трансформатр  орнотууга макулдук берүү тууралуу

6.

№11-6

09.04.2022

Кеңеш айыл аймагына райондук маанидеги мамлекеттик символ болгон  Флагштокту орнотуу үчүн жер участогун "Айыл чарба багытындагы  жерлери" категориясынан "Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын,  энергетиканын, коргонуунун жана башка багыттагы жерлер"  категориясына которууга макулдук берүү жөнүндө

1

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Кенеш айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезектеги 11 сессиясы

Т О К Т О М

Куу-майдан айылы

№11-1

09.04.2022

Айыл өкмөтүндөгү жазгы талаа жумуштарына көрүлгөн даярдык, көрктөндүрүү жашылдандыруу жана көчөлөрдү жарыктандыруунун абалы жөнүндө

Айыл өкмөтүнүн башчынын орун басарынын жана айылдык кеңештин жер, суу чарба, жана жаратылышты коргоо, мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, таранспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиянын төрагасынын жазгы талаа жумуштарына көрүлгөн даярдык, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу, көчөлөрдү жарыктандыруунун абалы боюнча берген маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү" 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123- мыйзамынын 3-главасынын 34-беренесинин 2-пунктунун 3-пунктчасына ылайык Кеңеш айыл аймагынын айылдык кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.         Айыл аймагындагы 2022-жылдын жазгы талаа жумуштарына даярдыктарды көрүү боюнча айыл өкмөт башчысынын жүргүзүп жаткан иштери канааттандырарлык эмес деп табылсын.

2.         Айыл аймагындагы 2022-жылдын жазгы талаа жумуштарына даярдыктарды көрүү, калкты азык-түлүк менен камсыздоо коопсуздугун жана жерди натыйжалуу пайдалануу багытында сугат суунун элге жеткирилиши, ички арыктардын ремонтунун абалы, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу, көчөлөрдү жарыктандыруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерде көптөгөн кемчиликтер бар экендиги белгиленсин.

3.         Сугат сууну пайдалануу жана арыктардын абалына көңүл буруу боюнча элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, мамлекет тарабынан төмөнкү пайызда кредит катары берилип жаткан минералдык жер семирткичтер жана күйүүчү майлар тууралуу маалыматты элге жеткирүү боюнча аткарылып жаткан иштер жетишсиз экендиги белгиленсин жана бул маселе боюнча кечиктирилгис чараларды көрүп, тиешелүү адистерге тапшырмалар берилсин.

4.         Көрктөндүрүү жана жашылдандыруу, көчөлөрдү жарыктандыруу боюнча иштерди дагы да жандандырып, айыл өкмөттүн бюджетин эле карабастан башка дагы ички, сырткы мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануу менен иш алып барууну уюштуруу колго алынсын.

5.         Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин жер, суу чарба, жана жаратылышты коргоо, мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, таранспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Нурматов Орозмаматка жүктөлсүн.

Кенеш айылдык Кенешинин  төрагасы 

Абдырахманов О.С.            

Назад

2

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Кенеш айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезектеги 11 сессиясы

Т О К Т О М

Куу-майдан айылы

№11-2

09.04.2022

Куу-майдан айылындагы айыл чарбасына ыңгайсыз таштак жерге кичи ишкана куруу үчүн жер участогун "Айыл чарба багытындагы жерлери" категориясынан "Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жана башка багыттагы жерлер" категориясына которууга макулдук берүү тууралуу

Куу-майдан айылындагы айыл чарбасына ыңгайсыз таштуу жайыт болуп эсептелген 0,50 га жер аянтынан кичи ишкана курууга жер ажыратып берүү тууралуу Канымет Мурзашевдин арызын канаттандыруу максатындагы айыл өкмөтүнүн башчынын сунушун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү" 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123- мыйзамынын 3-главасынын 34-беренесинин 1-пунктуна жана Ош облустук жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасынын 2022-жылдын 05-апрелиндеги № 01-8/505-07/96 сандуу катына таянып Кеңеш айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.         Куу-майдан айылындагы № 164-контурдагы айыл чарбасына ыңгайсыз таштуу жайыт болуп эсептелген 0,50 га жер аянтынан бюджетти көтөрүү, ишкердикти колдоо максатында, кичи ишкана куруу үчүн "Айыл чарба багытындагы жерлери" категориясынан "Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жана башка багыттагы жерлер" категориясына которууга макулдук берилсин.

2.         Айыл чарбасына ыңгайсыз таштуу жайыт болуп эсептелген жердин категориясын трансформациялап берүү боюнча иш-аракеттерди жана кичи ишкананын ордун мыйзамдын чегинде тактап, жерин өлчөп ажыратып берүү жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

3.         Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин жер, суу чарба, жана жаратылышты коргоо, мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, таранспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Нурматов Орозмаматка жүктөлсүн.

Кенеш айылдык Кенешинин  төрагасы 

Абдырахманов О.С.            

Назад

3

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Кенеш айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезектеги 11 сессиясы

Т О К Т О М

Куу-майдан айылы

№11-3

09.04.2022

Кеңеш айыл аймагынын Куу-Майдан айылына келип туруктуу жашап  жаткан этникалык кыргыз Урмановдордун үй-бүлөсүнө үй салууга жер ажыратып берүүгө макулдук берүү тууралуу

 Кеңеш айыл аймагынын Куу-Майдан айылына келип туруктуу жашап жаткан этникалык кыргыз Урмановдордун үй-бүлөсүнө үй салууга жер ажыратып берүүгө макулдук берүү тууралуу айыл өкмөт башчысынын сунуш катын угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасына көчүп келген этникалык кыргыздарга берилүүчү мамлекеттик кепилдиктер жөнүндөгү" 2007-жылдын 26-ноябрындагы № 175-мыйзамынын 4-бөлүмүнүн 18-беренесинин ылайык Кеңеш айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.         Кеңеш айыл аймагынын Куу-Майдан айылына келип туруктуу жашап жаткан этникалык кыргыз Урмановдордун үй-бүлөсүнө үй салууга жер ажыратып берүүгө макулдук берилсин.

2.         үй курууга ылайыктуу жерди мыйзамдын негизинде таап, ажыратып берүү жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

3.         Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин жер, суу чарба, жана жаратылышты коргоо, мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, таранспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Нурматов Орозмаматка жүктөлсүн.

Кенеш айылдык Кенешинин  төрагасы 

Абдырахманов О.С.            

Назад

4

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Кенеш айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезектеги 11 сессиясы

Т О К Т О М

Куу-майдан айылы

№11-4

09.04.2022

үй-бүлөлүк салтанаттардагы, маркумду узатуу үрп адаттарындагы  ашыкча ысырапкерчиликти кыскартуу боюнча кабыл алынган  жобону бекитүү тууралуу

 Айыл аймагындагы Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нуркожоевич Жапаровдун 2022-жылдын 24-февралындагы "Кыргыз Респуликасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө" № 54-Жарлыгы талкууланган жыйында кабыл алынган Жобонун долбоору тууралуу сунушту угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү" 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123- мыйзамынын 3-главасынын 34-беренесинин 2-пунктунун 13-пунктчасына ылайык Кеңеш айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.         Айыл аймагындагы Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нуркожоевич Жапаровдун 2022-жылдын 24-февралындагы "Кыргыз Респуликасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө" № 54-Жарлыгы талкууланган жыйында кабыл алынган Жобонун долбоору толуктоолор менен кабыл алынып, бекитилсин.(жобо тиркелет)

2.         Токтомду аткарууга алуу айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.

3.         Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин Социалдык маселелер, маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо, жаштар, спорт, регламент, депутаттык этика жана мандат боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Орозмамат кызы Айганышка тапшырылсын.

Кенеш айылдык Кенешинин  төрагасы 

Абдырахманов О.С.            

ТИРКЕМЕ №1

Назад

5

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Кенеш айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезектеги 11 сессиясы

Т О К Т О М

Куу-майдан айылы

№11-5

09.04.2022

Шаңкол айылындагы Жаштар көчөсүнө трансформатр  орнотууга макулдук берүү тууралуу

 Шаңкол айылындагы Жаштар көчөсүндөгү трансформатр орнотуу үчүн макулдук берүүнү суранган Шаңкол айылынын айыл башчысы А.Мамажунусовдун арызын угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү" 2021-жылдын 20-октябрындагы

 № 123- мыйзамынын 3-главасынын 34-беренесинин 2-пунктунун 1-пунктчасына ылайык Кеңеш айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.         Шаңкол айылындагы Жаштар көчөсүнө трансформатр орнотууга макулдук берилсин.

2.         Трансформатр орнотуу үчүн мыйзамдын чегинде жерин тактап, ажыратып берүү жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

3.         Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин жер, суу чарба, жана жаратылышты коргоо, мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, таранспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Нурматов Орозмаматка жүктөлсүн.

Кенеш айылдык Кенешинин  төрагасы 

Абдырахманов О.С.            

Назад

6

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Кенеш айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезектеги 11 сессиясы

Т О К Т О М

Куу-майдан айылы

№11-6

09.04.2022

Кеңеш айыл аймагына райондук маанидеги мамлекеттик символ болгон  Флагштокту орнотуу үчүн жер участогун "Айыл чарба багытындагы  жерлери" категориясынан "Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын,  энергетиканын, коргонуунун жана башка багыттагы жерлер"  категориясына которууга макулдук берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29-январындагы "Инсандын руханий адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө" №1- Жарлыгын аткаруу максатында, Кеңеш айыл аймагына райондук маанидеги мамлекеттик символ болгон Флагштокту орнотуу үчүн жер участогун ажыратып берүү жөнүндө Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын 2022-жылдын 06-апрелиндеги сунуш катын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү" 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123- мыйзамынын 3-главасынын 34-беренесинин 1-пунктуна ылайык, Кеңеш айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.         Кеңеш айыл аймагынын Ак-Терек айылындагы №586-контурундагы "Айыл чарба багытындагы жерлери"(жайыт) категориясынан жалпы 0,03 га жер аянтын райондук маанидеги мамлекеттик символ болгон Флагштокту орнотуу үчүн"Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жана башка багыттагы жерлер" категориясына которууга макулдук берилсин.

2.         Ажыратылган жер аянтын мыйзам чегинде жерин тактап, которуп берүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.