М А З М У Н У

№ п/п

Токтом №

Токтом датасы

Кыска мазмуну

1.

№1

22.10.2021

Ноокат шаарынын 2021-жылдагы 9-айлык социалдык-экономикалык өнүгүү планынын аткарылышы боюнча Ноокат шаардык мэриясынын финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы М.Абдувахидовдун билдирүүсү жөнүндө

2.

№2

22.10.2021

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкарууларынын Союзуна 2021-жылга мүчөлүк акы төлөмүн төлөө үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө

3.

№3

22.10.2021

Ноокат шаарынын Кара-Турпак кварталына курулган ФАПтын жылытуу системасын мектептин от казанынан үзүп, өзүнчө жылытуу системасын орнотууга акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө

4.

№4

22.10.2021

Ноокат шаарынын аймагындагы Н.К.Крупская атындагы орто мектептин бир окуу бөлмөсүн эмерек менен камсыз кылүү үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө

5.

№5

22.10.2021

 "Ноокат жылуулук камсыздоо" муниципалдык ишканасынын 2021-2022-жылдык жылытүү тарифин бектип берүү жөнүндө

6.

№6

22.10.2021

Ноокат шаарынын Бостон кварталынын Жаштык көчөсүнө трансформаторду орнотуу үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө

7.

№7

22.10.2021

Ноокат шаарына караштуу "Растишка" мектепке чейинки билим берүү мекемесинин жылытуу системасынын оңдоп түзөө иштери үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө

8.

№8

22.10.2021

Ноокат шаар мэриясынын алдындагы "Ноокат-Тазалык" муниципалдык ишканасынын чарбалык иштерди жүргүзүү үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө

9.

№9

22.10.2021

Ноокат шаар мэриясынын алдындагы "Ноокат-Тазалык" муниципалдык ишканасына таштанды ташуучу үч унаа сатып алуу үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө

10.

№10

22.10.2021

Ноокат шаарында жүргүнчүлөрдү ташуу менен алектенген "Бек Нем Транс" жоопкерчилиги чектелген коомунун жол акысын 10 (он) сомдон 15 (он беш) сомго көтөрүүга макулдук берүү жөнүндө

11.

№11

22.10.2021

Ноокат шаарынын аймагындагы Х.Самиев атындагы орто мектебине курула турган очок канаа үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө

12.

№12

22.10.2021

 "Ноокат жылуулук камсыздоо" муниципалдык ишканасына көмүр сатып алуу үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө

13.

№13

22.10.2021

 "Ноокат жылуулук камсыздоо" муниципалдык ишканасынын бир жылдык электр энергиясы үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө

14.

№14

22.10.2021

 "Ноокат жылуулук камсыздоо" муниципалдык ишканасынын А.Абдуваитов атындагы орто мектебиндегы №2 жылуулук отканаасынан "Саламат" мектепгече билим берүү мекемесине жылуулук трассасын тартуу үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө

15.

№15

22.10.2021

Ноокат шаарынын борбордук көчөлөрүндөгү жарыктандырууга, электр чубалгыларына, жолго тоскоол жаратып жаткан, чирип калган, кургаган, кооптуу дарактардын бутактарын кыю, бутоого акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө

 

 

 

 

 

1

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Ноокат шаардык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы

Т О К Т О М

Ноокат шаары

№1

22.10.2021

 

Ноокат шаарынын 2021-жылдагы 9-айлык социалдык-экономикалык өнүгүү планынын аткарылышы боюнча Ноокат шаардык мэриясынын финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы М.Абдувахидовдун билдирүүсү жөнүндө

Ноокат шаарынын 2021-жылдагы 9-айлык социалдык-экономикалык өнүгүү планынын аткарылышы боюнча Ноокат шаардык мэриясынын финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы М.Абдувахидовдун билдирүүсү жөнүндөгү маселе Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, сессиянын отурумундагы депутаттардын сын пикирлери менен сунуштарын эске алып, Ноокат шаардык кенешинин отуруму

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

            1.Ноокат шаарынын 2021-жылдагы 9-айлык социалдык-экономикалык өнүгүү планынын аткарылышы боюнча Ноокат шаардык мэриясынын финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы М.Абдувахидовдун билдирүүсү эске алынсын.

(Билдирүү тиркелет)

2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын

Төраганын орун басары 

 

Г.К.Дуванаева                

ТИРКЕМЕ №1

 

Назад

 

 

 

 

2

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Ноокат шаардык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы

Т О К Т О М

Ноокат шаары

№2

22.10.2021

 

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкарууларынын Союзуна 2021-жылга мүчөлүк акы төлөмүн төлөө үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө

            Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкарууларынын Союзу (мындан ары-ЖӨБ Союзу) органдары менен тыгыз кызматташууну улантуу жана ЖӨБ Союзунун Уставына ылайык 2021-жылга мүчөлүк акы төлөмүн төлөө үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2,3-бөлүктөрүнө ылайык, сессиянын отурумундагы депутаттардын сын пикирлери менен сунуштарын эске алып, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкарууларынын Союзу (мындан ары-ЖӨБ Союзу) органдары менен тыгыз кызматташууну улантуу жана ЖӨБ Союзунун Уставына ылайык ар бир жашоочуга 1 сомдон 2021-жылга мүчөлүк акы төлөмүн төлөө үчүн Ноокат шаар мэриясынын 2021-жылдын бюджетинин үнөмдөлгөн акча каражатынын эсебинен 15 400 (он беш миң төрт жүз) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.

2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына жана Ноокат шаардык мэриясынын финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы М.Абдувахидовго тапшырылсын.

Төраганын орун басары 

 

Г.К.Дуванаева                

 

 

Назад

 

 

3

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Ноокат шаардык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы

Т О К Т О М

Ноокат шаары

№3

22.10.2021

 

Ноокат шаарынын Кара-Турпак кварталына курулган ФАПтын жылытуу системасын мектептин от казанынан үзүп, өзүнчө жылытуу системасын орнотууга акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө

Ноокат шаарынын Кара-Турпак кварталына курулган ФАПтын жылытуу системасын мектептин от казанынан үзүп, өзүнчө жылытуу системасын орнотууга акча каражатын ажыратып берүү жөнүндөгү Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, сессиянын отурумундагы депутаттардын сын пикирлери менен сунуштарын эске алып, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Ноокат шаар мэриясынын 2021-жылдын бюджетинин үнөмдөлгөн акча каражатынын эсебинен Ноокат шаарынын Кара-Турпак кварталына курулган ФАПтын жылытуу системасын мектептин от казанынан үзүп, өзүнчө жылытуу системасын орнотууга 100 000 (жүз миң) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.

2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына жана Ноокат шаардык кеңешинин депутаты З.Ю.Имамовго тапшырылсын.

Төраганын орун басары 

 

Г.К.Дуванаева                

 

 

Назад

 

 

4

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Ноокат шаардык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы

Т О К Т О М

Ноокат шаары

№4

22.10.2021

 

Ноокат шаарынын аймагындагы Н.К.Крупская атындагы орто мектептин бир окуу бөлмөсүн эмерек менен камсыз кылүү үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө

Ноокат шаарынын аймагындагы Н.К.Крупская атындагы орто мектептин бир окуу бөлмөсүн эмерек менен камсыз кылүү үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндөгү Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2,3-бөлүктөрүнө ылайык, сессиянын отурумундагы депутаттардын сын пикирлери менен сунуштарын эске алып, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Ноокат шаарынын аймагындагы Н.К.Крупская атындагы орто мектептин бир окуу бөлмөсүн эмерек менен камсыз кылүү үчүн Ноокат шаар мэриясынын 2021-жылдын бюджетинин үнөмдөлгөн акча каражатынын эсебинен 122 800 (бир жүз жыйырма эки миң сегиз жүз) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.

 2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына жана Ноокат шаардык кеңешинин депутаты И.Имаровага тапшырылсын

Төраганын орун басары 

 

Г.К.Дуванаева                

 

 

Назад

 

 

5

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Ноокат шаардык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы

Т О К Т О М

Ноокат шаары

№5

22.10.2021

 

 "Ноокат жылуулук камсыздоо" муниципалдык ишканасынын 2021-2022-жылдык жылытүү тарифин бектип берүү жөнүндө

"Ноокат жылуулук камсыздоо" муниципалдык ишканасынын бүгүнкү күндө колдонулуп келе жаткан тарифтери, авариялар көбөйүп, бардык керектүү жабдуулар кымбаттагандыгын, инфляцияныы эске алганда өзүн-өзү актабай жаткандыгына байланыштуу "Ноокат жылуулук камсыздоо" муниципалдык ишканасынын 2021-2022-жылдык жылытүү тарифин бекитип берүү жөнүндөгү муниципиалдык менчик, өнөр жай, курулуш, экология, архитектура, транспорт, агрардык маселелер жана энергетика боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасын карап чыгып, сессиянын отурумундагы депутаттардын сын пикирлери менен сунуштарын эске алып, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

            1. "Ноокат жылуулук камсыздоо" муниципалдык ишканасынын 2021-2022-жылдык жылытүү тарифи төмөндөгүчө:

2021-2022-жылдык жылытуу тарифин баасы:

Юридикалык жактар үчүн 1 г/кал. эски тариф-3056,16 сом, жаны тариф-4500,7 сом;

Ноокат шаарынын тургундарына (физикалык жактарга) 1 г/кал. эски тариф-1134,76 сом калтырылып, жогорудагы көрсөтүлгөн тарифтер 2021-жылдын 1-ноябрынан баштап колдонулсун.

2."Ноокат жылуулук камсыздоо" муниципалдык ишканасына жылытүү тарифтери Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агентигинин Ош облустук бөлүмү менен макулдашуу жагы жүктөлсүн.

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кенешинин муниципиалдык менчик, өнөр жай, курулуш, экология, архитектура, транспорт, агрардык маселелер жана энергетика боюнча туруктуу комиссиясына жана Ноокат шаардык кеңешинин депутаты О.Ж.Тургунбаевге тапшырылсын.

Төраганын орун басары 

 

Г.К.Дуванаева                

 

 

Назад

 

 

6

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Ноокат шаардык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы

Т О К Т О М

Ноокат шаары

№6

22.10.2021

 

Ноокат шаарынын Бостон кварталынын Жаштык көчөсүнө трансформаторду орнотуу үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө

Ноокат шаарынын Бостон кварталынын Жаштык көчөсүнүн №1323 трансформаторунун ордуна Т.Умиров атындагы көчөсүндөгү №755 трансформаторду, анын ордуна №400/10 трансформаторду коюп берүү үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндөгу Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2,3-бөлүктөрүнө ылайык, сессиянын отурумундагы депутаттардын сын пикирлери менен сунуштарын эске алып, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Ноокат шаарынын Бостон кварталынын Жаштык көчөсүнүн №1323 трансформаторунун ордуна Т.Умиров атындагы көчөсүндөгү №755 трансформаторду, анын ордуна №400/10 трансформаторду кою үчүн Ноокат шаар мэриясынын 2021-жылдын бюджетинин үнөмдөлгөн акча каражатынын эсебинен 400 000 (төрт жүз миң) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.

2.Уюштуруу иштерин аткаруу Ноокат шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин директору Ж.Тиллаевге жүктөлсүн.

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына жана Ноокат шаардык кеңешинин депутаты М.Х.Исаковго тапшырылсын.

Төраганын орун басары 

 

Г.К.Дуванаева                

 

 

Назад

 

 

7

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Ноокат шаардык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы

Т О К Т О М

Ноокат шаары

№7

22.10.2021

 

Ноокат шаарына караштуу "Растишка" мектепке чейинки билим берүү мекемесинин жылытуу системасынын оңдоп түзөө иштери үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө

Ноокат шаарына караштуу "Растишка" мектепке чейинки билим берүү мекемесинин жылытуу системасынын оңдоп түзөө иштери үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндөгү Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, сессиянын отурумундагы депутаттардын сын пикирлери менен сунуштарын эске алып, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Ноокат шаар мэриясынын 2021-жылдын бюджетинин үнөмдөлгөн акча каражатынын эсебинен "Ноокат жылуулук камсыздоо" муниципалдык ишканасына 706-бөлүмүнүн 2512 беренесине Ноокат шаарына караштуу "Растишка" мектепке чейинки билим берүү мекемесинин жылытуу системасынын оңдоп түзөө иштери үчүн 40 000 (кырк миң) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.

2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына жана Ноокат шаардык кеңешинин депутаты Г.З.Жееналиевага тапшырылсын.

Төраганын орун басары 

 

Г.К.Дуванаева                

 

 

Назад

 

 

8

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Ноокат шаардык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы

Т О К Т О М

Ноокат шаары

№8

22.10.2021

 

Ноокат шаар мэриясынын алдындагы "Ноокат-Тазалык" муниципалдык ишканасынын чарбалык иштерди жүргүзүү үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө

Ноокат шаар мэриясынын алдындагы "Ноокат-Тазалык" муниципалдык ишканасынын чарбалык иштерди жүргүзүү үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2,3-бөлүктөрүнө ылайык, сессиянын отурумундагы депутаттардын сын пикирлери менен сунуштарын эске алып, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Ноокат шаар мэриясынын алдындагы "Ноокат-Тазалык" муниципалдык ишканасынын чарбалык иштерди жүргүзүү үчүн Ноокат шаар мэриясынын 2021-жылдын бюджетинин үнөмдөлгөн акча каражатынын эсебинен 2 382 830 (эки миллион үч жүз сексен эки миң сегиз жүз отуз) сом акча каражаты 2512 беренесинин субсидия эсебине ажыратылып берилсин.

2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымынын орун басары О.Ж.Тургунбаевге тапшырылсын

Төраганын орун басары 

 

Г.К.Дуванаева                

 

 

Назад

 

 

9

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Ноокат шаардык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы

Т О К Т О М

Ноокат шаары

№9

22.10.2021

 

Ноокат шаар мэриясынын алдындагы "Ноокат-Тазалык" муниципалдык ишканасына таштанды ташуучу үч унаа сатып алуу үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө

Ноокат шаар мэриясынын алдындагы "Ноокат-Тазалык" муниципалдык ишканасына лизинг жолу менен атайын таштанды ташуучу үч унаа сатып алуу үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндөгү Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, сессиянын отурумундагы депутаттардын сын пикирлери менен сунуштарын эске алып, сессиянын отурумундагы депутаттардын сын пикирлери менен сунуштарын эске алып, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Ноокат шаар мэриясынын алдындагы "Ноокат-Тазалык" муниципалдык ишканасына лизинг жолу менен атайын таштанды ташуучу үч унаа сатып алуу үчүн 5 000 000 (беш миллион) сом, таштанды контейнерлерди жасатуу үчүн 1 000 000 (бир миллион) сом акча каражаттары Ноокат шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин 2021-жылдын бюджетинин 706-бөлүмүнүн 3112 беренесинин эсебинен Ноокат шаар мэриясынын алдындагы "Ноокат-Тазалык" муниципалдык ишканасына которуп берилсин.

2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Орозалиевага тапшырылсын.

Төраганын орун басары 

 

Г.К.Дуванаева                

 

 

Назад

 

 

10

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Ноокат шаардык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы

Т О К Т О М

Ноокат шаары

№10

22.10.2021

 

Ноокат шаарында жүргүнчүлөрдү ташуу менен алектенген "Бек Нем Транс" жоопкерчилиги чектелген коомунун жол акысын 10 (он) сомдон 15 (он беш) сомго көтөрүүга макулдук берүү жөнүндө

Ноокат шаарында жүргүнчүлөрдү ташуу менен алектеген "Бек Нем Транс" жоопкерчилиги чектелген коомунун катындагы күйүүчү майдын жана унаа тетиктердин баасы өсүп кеткендигине байланыштуу жол акысын 10 (он) сомдон 15 (он беш) сомго көтөрүү жөнүндөгү Ноокат шаардык кенешинин муниципиалдык менчик, өнөр жай, курулуш, экология, архитектура, транспорт, агрардык маселелер жана энергетика боюнча туруктуу комиссиясын берген тактамасынын негизинде сессиянын отурумундагы депутаттардын сын пикирлери менен сунуштарын эске алып, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Ноокат шаарында жүргүнчүлөрдү ташуу менен алектенген "Бек Нем Транс" жоопкерчилиги чектелген коомунун жол акысын 10 (он) сомдон 15 (он беш) сомго көтөрүүга макулдук берилсин.

2."Бек Нем Транс" жоопкерчилиги чектелген коомунун жол акысы 2021-жылдын 1-ноябрынан баштап колдонулсун.

3.Ноокат шаарында жүргүнчүлөрдү ташуу менен алектенген "Бек Нем Транс" жоопкерчилиги чектелген коомунун жол акысы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агентигинин Ош облустук бөлүмү менен макулдашуу жагы жүктөлсүн.

4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кенешинин муниципиалдык менчик, өнөр жай, курулуш, экология, архитектура, транспорт, агрардык маселелер жана энергетика боюнча туруктуу комиссиясына жана Ноокат шаардык кеңешинин депутаты О.Ж.Тургунбаевге тапшырылсын

Төраганын орун басары 

 

Г.К.Дуванаева                

 

 

Назад

 

 

11

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Ноокат шаардык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы

Т О К Т О М

Ноокат шаары

№11

22.10.2021

 

Ноокат шаарынын аймагындагы Х.Самиев атындагы орто мектебине курула турган очок канаа үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө

Ноокат шаарынын аймагындагы Х.Самиев атындагы орто мектебине 2021-2022 окуу жылына күз-кыш мезгилине карата ыссык тамакты үзлүктүксүз үюштүрүү үчүн курула турган очок канаа үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндөгү Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, сессиянын отурумундагы депутаттардын сын пикирлери менен сунуштарын эске алып, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Ноокат шаарынын аймагындагы Х.Самиев атындагы орто мектебине курула турган очок канаа үчүн Ноокат шаар мэриясынын 2021-жылдын бюджетинин үнөмдөлгөн акча каражатынын эсебинен 32 800 (отуз эки миң сегиз жүз) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.

2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына жана Ноокат шаардык кеңешинин депутаты Т.Т.Кадирбаевге тапшырылсын.

Төраганын орун басары 

 

Г.К.Дуванаева                

 

 

Назад

 

 

12

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Ноокат шаардык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы

Т О К Т О М

Ноокат шаары

№12

22.10.2021

 

 "Ноокат жылуулук камсыздоо" муниципалдык ишканасына көмүр сатып алуу үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө

"Ноокат жылуулук камсыздоо" муниципалдык ишканасына көмүр сатып алуу үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндөгү Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесине ылайык, сессиянын отурумундагы депутаттардын сын пикирлери менен сунуштарын эске алып, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1."Ноокат жылуулук камсыздоо" муниципалдык ишканасынын 709-бөлүмүнүн 2231-беренесинен 1 500 000 (бир миллион беш жүз миң) сом, "Ноокат жылуулук камсыздоо" муниципалдык ишканасына көмүр сатып алуу үчүн 1 500 000 (бир миллион беш жүз миң) сом акча каражаты 706-бөлүмүнүн 2224-беренесине которулуп, жылдырылып берилсин.

2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымынын орун басары О.Ж.Тургунбаевге тапшырылсын.

Төраганын орун басары 

 

Г.К.Дуванаева                

 

 

Назад

 

 

13

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Ноокат шаардык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы

Т О К Т О М

Ноокат шаары

№13

22.10.2021

 

 "Ноокат жылуулук камсыздоо" муниципалдык ишканасынын бир жылдык электр энергиясы үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө

"Ноокат жылуулук камсыздоо" муниципалдык ишканасынын бир жылдык электр энергиясы үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндөгү Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2,3-бөлүктөрүнө ылайык, сессиянын отурумундагы депутаттардын сын пикирлери менен сунуштарын эске алып, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1."Ноокат жылуулук камсыздоо" муниципалдык ишканасынын бир жылдык электр энергиясы үчүн Ноокат шаар мэриясынын 2021-жылдын бюджетинин 702-бөлүмүнүн 2215-беренесинен 400 000 (төрт жүз миң) сом акча каражаты которулуп, жылдырылып берилсин.

2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымынын орун басары О.Ж.Тургунбаевге тапшырылсын

Төраганын орун басары 

 

Г.К.Дуванаева                

 

 

Назад

 

 

14

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Ноокат шаардык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы

Т О К Т О М

Ноокат шаары

№14

22.10.2021

 

 "Ноокат жылуулук камсыздоо" муниципалдык ишканасынын А.Абдуваитов атындагы орто мектебиндегы №2 жылуулук отканаасынан "Саламат" мектепгече билим берүү мекемесине жылуулук трассасын тартуу үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө

            "Ноокат жылуулук камсыздоо" муниципалдык ишканасынын А.Абдуваитов атындагы орто мектебиндегы №2 жылуулук отканаасынан "Саламат" мектепгече билим берүү мекемесине жылуулук трассасын тартуу үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндөгү Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2,3-бөлүктөрүнө ылайык, сессиянын отурумундагы депутаттардын сын пикирлери менен сунуштарын эске алып, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

            1."Ноокат жылуулук камсыздоо" муниципалдык ишканасынын А.Абдуваитов атындагы орто мектебиндегы №2 жылуулук отканаасынан "Саламат" мектепгече билим берүү мекемесине жылуулук трассасын тартуу үчүн Ноокат шаар мэриясынын 2021-жылдын бюджетинин 702-бөлүмүнүн 2215-беренесинен 400 000 (төрт жүз миң) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.

2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына жана Ноокат шаардык кеңешинин депутаты Т.Р.Маманазаровго тапшырылсын.

 

Төраганын орун басары 

 

Г.К.Дуванаева                

 

 

Назад

 

 

15

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Ноокат шаардык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы

Т О К Т О М

Ноокат шаары

№15

22.10.2021

 

Ноокат шаарынын борбордук көчөлөрүндөгү жарыктандырууга, электр чубалгыларына, жолго тоскоол жаратып жаткан, чирип калган, кургаган, кооптуу дарактардын бутактарын кыю, бутоого акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө

            Ноокат шаарынын борбордук көчөлөрүндөгү жарыктандырууга, электр чубалгыларына, жолго тоскоол жаратып жаткан, чирип калган, кургаган, кооптуу дарактардын бутактарын кыю, бутоого акча каражатын ажыратып берүү жөнүндөгү Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын берген сунушунун негизинде "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык, сессиянын отурумундагы депутаттардын сын пикирлери менен сунуштарын эске алып, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

            1.Ноокат шаарынын борбордук көчөлөрүндөгү жарыктандырууга, электр чубалгыларына, жолго тоскоол жаратып жаткан, чирип калган, кургаган, кооптуу дарактардын бутактарын кыю, бутоо, үчүн Ноокат шаар мэриясынын 2021-жылдын бюджетинин үнөмдөлгөн акча каражатынын эсебинен 50 000 (элүү миң) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.

2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына жана Ноокат шаардык кеңешинин депутаты Н.А.Абдибаитовго тапшырылсын.

Төраганын орун басары 

 

Г.К.Дуванаева                 

 

 

Назад